AZAN KGZ
Статистика🌟ЛАА ИЛААХА ИЛЛАЛЛАХ МУХАММАДУР РАСУЛУЛЛАХ 🌟 🕋_Хадистер. 📚 🕋_Видео суроттор. 🎥🏞 🕋_Баяндар. 🔊 🕋_Дубаалар. 🤲 🕋_Сүрөөлөр. 🌙 🕋_Жүрөкө жакын сөздөр. 💬
- Последний пост
- 21 июл.
- Последнее чтение
- 13 авг.
- Постов за неделю
- 0
- Всего постов
- 20
- Тип
- открытый
- Язык
- und
- В каталоге с
- 13 авг.
- 1/24сутки в ленте
- 36
- 1/48двое суток
- 41
- 1/72трое суток
- 44
Оценка по просмотрам недавних постов: пост набирает почти всё за первые сутки.
Посты
🔰 БУЛ ДҮЙНӨ Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим. 🌴 АЯТ: "Чындыгында, бул дүйнө - оюн, азгырык, кооздук жана өз ара мактануу, ошондой эле мал-мүлктү, бала-чаканы көбөйтүүдөн гана турат". ("Хадид"* сүрөсү; 20-аят) 🌴 ХАДИС: "Мен бул дүйнө менен бирге эмесмин. Менин бул дүйнө менен байланышым болгону бир дарактын түбүндө бир аз көлөкөлөп отурган, андан кийин ал даракты таштап, жолго түшкөн жолоочу сыяктуумун"._ 🌴 МАСЕЛЕ: «БУЛ ДҮЙНӨ ДЕГЕНИҢ!...» Аллахтын адамдарга болгон мээрими утурумдук дүйнөгө гана тиешелүү эмес. Анын мээрими өтө кең! Анын мээрими адам баласы жарык дүйнөгө келгенден көз жумганга, көз жумган соң түбөлүк жашай турган бейишке чейин уланат. Адам бардык өмүрүн ушул максатта өткөрүшү үчүн, т.а., Аллахтын мээримине бөлөнүп, бейишке баруу үчүн ал алгач өзүн тааныган соң Аллах Тааланын мына бул ажайып дүйнөдөгү Чексиз Кудуреттүүлүгүн, Чексиз Улуулугун, Чексиз Мээримдүүлүгүн, Чексиз Даанышмандыгын сезип, Жаратканды таанып билип, Анын адал жолу менен жашоого умтулушу зарыл. Бешенеге жазылган бул жазмышта бүтүндөй бул дүйнө менен чектелген материалдык өлчөмдүн пайдасына багытталган жеке кызыкчылыктарга, жалган сулуулуктарга, утурумдук кооздуктарга алданбоо керек. Бул дүйнөнү түбөлүк бактыбыз үчүн колдонуубуз зарыл. Окуяларды берген жыйынтыгына көсөмдүк менен кароо керек. Турмушта боло турган сыноолор дары сыяктуу даамы ачуу болсо да, шыпаа болот. Адамга жаман көрүнгөн окуялар анын түбөлүк бактысына себеп болоору ажеп эмес. Бу дүйнө дегенибиз, балким, кыйынчылыктар болгону менен, жыйынтыгында Жараткандын мээримине бөлөнүп, Анын ыраазылыгына татыктуу болууну үйрөткөн жер чыгаар. 📗Булагы: Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен. https://t.me/IslamKoranNashida
☘️ ТАНДАЛГАН ХАДИСТЕР ☘️ _Абу Зар ( разияллооху анху)дан риваят: "Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам): *"Албетте, жүрөгүнө ыйманды уяалаткан, (б. а., чындыкты) сүйлөткөн, ички жан дүйнөсүн (Алланы эстөө жана моюн сунуу менен) ырахаттандырган (канааттандырган). Жүрүм - турум, адеп-ахлагын оңдогон, кулагына акыйкатты (чындыкты) угуздурган, көздөрүнө (ыйман жолун) көрсөткөн адам ийгиликке (бактылуулукка) чындап жеткен болуп саналат"* -деди. (Ахмаддын " Муснады" ). 🍃☘️🍃☘️🍃☘️🍃☘️🍃☘️🍃 Жабир бин Абдулла (разияллооху анху)дан риваят: "Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын уктум: "Аллага эч кандай шерик кошпой жолуккан адам бейишке кирет. Кандайдыр бир нерсени шерик кошкон - тозоко кирет" -деди. (Муслим). 📘 Тандалган хадистер https://t.me/Juroktordunachkychy
تقبّل اللّٰه منا ومنكم 🤍 Поздравляю всех с наступлением праздника ‘Ид аль-Адха!✨ Пусть Аллах примет ваши жертвоприношения, молитвы и дуа, сделанные в день ‘Арафа. Пусть этот светлый праздник принесёт в каждый дом мир, баракат, счастье и душевное спокойствие. Желаю всем крепкого здоровья, искренней радости, благополучия и чтобы рядом всегда были любимые и близкие люди. Пусть все ваши добрые намерения и мечты исполнятся по воле Аллаха 🤲🏻✨ С уважением, Aiza 🤍
https://t.me/Akyretke_daiardyk
Айт намазын откоруунун тартиби жана программасы: 06:30 07:00 - Куран окуу жана баяндамалар 07:00-07:25 - Куттуктоо жана Курман айттын пазылеттери; 07:25 07:30 - Айт намазын окуунун тартиби жана эрежелери боюнча тушундурме беруу 07:30 - Айт намазын окуу жана дуба кылуу. Программа айт намаза:* 06:30 - 07:00 - чтение Корана 07:00 - 07:25 - проповедь; 07:25 - 07:30 - о правилах и порядке совершения айт намаза 07:30 - начало Айт намаза. Праздничная молитва пройдет во всех мечетях страны т, а так же на Старой площади Г. Бишкек
☪️ АРАФАТ КҮНҮ ТУТУЛГАН ОРОЗО ЭКИ ЖЫЛДЫК КҮНӨӨЛӨРДҮН КЕЧИРИЛИШИНЕ СЕБЕП БОЛОТ Бул туурасында пайгамбарыбыз ﷺ мындай деп айткан: *“Арафат күндүн орозосу өткөн жана келерки жылдагы күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот деп Аллахтан үмүт кыламын”. (Сахих Ибну Хиббан) Бул орозо ажыга барбаган мусулмандар үчүн мустахаб болуп саналат. Ал эми ажылыкты аткарып жүргөн мусулмандар үчүн бул күнү орозо тутуу милдет эмес. Анткени пайгамбарыбыз ажылыкта Арафат күнү орозо туткан эмес. ⚠️ Мусулман бир тууганым! Арафаттын орозосун сөзсүз кармагын! Жеке эле өзүң тутпастан, үй-бүлөңдү да орозо тутууга буйругун. Анткени бул күн – улуу күн жана ал күндүн орозосу эки жылдык күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болгон күн. АРАФАТ КҮН – ДУБАЛАР КАБЫЛ БОЛО ТУРГАН КҮН Аллахтын элчиси ﷺ айтты: “Дубалардын эң жакшысы – Арафат күнү кылынган дуба”. (Тирмизи) Арафат күнүндө ар бир мусулман адам зикирлерди айтып, Аллахтан күнөөлөрүн кечирүүсүн сурап жана жакшы ой-тилектерин айтып жан дили менен дуба кылуусу керек. Анткени бул күн – дубалар, жакшы ой-тилектер, ойлогон ой-максаттар кабыл кылына турган күн. https://t.me/Akyretke_daiardyk
видео или голосовое, без подписи
27-МАЙ КУРМАН АЙТ МАЙРАМЫ 2026-жылдын 27-майы (шаршемби куну) Курман айт майрамы деп белгиленди. 26-май арапа куну, 27-май Курман айт. «Курман айт куну адам баласынын кылган амалдарынын ичинен Аллахка эн суйуктуусу - курмандык чалуу». (Имам Тирмизий риваяты) Курман айт - ислам дининдеги эн улуу майрамдардын бири болуп эсептелет. Бул кундер мусулмандардын ынтымагын бекемдеп, боорукерликти, жардамдашууну жана курмандык аркылуу Аллахка жакындоону даназалайт. Жараткан Алла Таала ар бириниздердин айт майрамыныздарды куттуу кылып, чалган курмандыгыныздарды кабыл алып, эл-жерибизге береке-тынчтык тартууласын! Курман айт майрамыныздар маарек болсун!🤲🏻🤲🏻
🔰 КӨЗҮҢДҮ ЖУМ ДА, ЖАРАТКАНДЫ АРУУЛА. Кээде жүрөк кысылып, санаа басып кыйналганда Жаратканды аруулай баштайм. Көзүмдү жуумп, жашоо-турмушту бир азга эстен чыгарып, падышалардын Падышасы менен байланышам. Анан кадимкидей эс алып, жүрөгүм тынчтанып, жаным жай ала түшкөнүн сезем. Негизи Аллахты аруулоо ( тасбих айтуу) ыраазылыкты табуучу, бейпилдик түшүрүүчү, кубаныч тартуулоочу амал. _Касиеттүү Куранда айтылат эмеспи: " *Кеп-сөз кылгандарга сабырдуу бол, күн чыгаарда жана батаарда Жаратканды мактоо айтуу менен аруула, түн ичинде жана күндүз да аруула, ыраазы болууң ажеп эмес"*_ ( "Тоха" сүрөсү, 130-аят). _Аллах Таала пайгамбарын ( ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кыйынчылыкка кабылган кезде Өзүн аруулоого буйруган: " *Алардын кеп-сөзүнө жүрөгүң кысылып турганын билебиз, Жаратканды мактоо менен аруула жана сажда кылуучулардан бол*" ( "Хижр" сүрөсү, 97-98- аяттар)._ *Мага өтө көп адамдар санаага батып, жан дүйнөсү тарып жатканын айтып келишет,мунун себеби эмне экенин билбейм, бирок жеңүүнүн жолу ушул. Көзүмдү жумам да: "Субханналлааху ва бихамдика" деп, кайталай баштаймын. Берилүү менен, кызыгуу менен... Кайгың кубанычка айланат, жан дүйнөң эс алат.* _Мына ушул, менин тажырыйбамдан өткөн көнүгүүнү аткарып көр. Аллахты аруулаганың, Ага арыз-арманыңды айтканың. Ал ырайымдуулардын ырайымдуусу, сен Аны мактап дартыңды айтсаң, Сага жооп бербей койбойт, көйгөйүңдү чечет._ *Куранда балээден кийин тасбих айт деп канча жолу кайталанбады: " _Кеп-сөз кылгандарга сабырдуу бол, күн чыгаарда жана батаарда Жаратканды мактоо айтуу менен аруула"_ ( "Кахф" сүрөсү, 39- аят)*. Жан дүйнөң жабыркаса, аны Жаратканды аруулоо менен дарыла. Санаа басып, жүрөк кысылса, аны да Жаратканды аруулоо менен айыктыр. Капаланып кайгыга батсаң, андан да Жаратканды аруулоо аркылуу кутул. Ушинт. Ушинтсең Аллахтын каалоосу менен бактылуу болосуң 📚 Булагы: Бакыттын сырын ачтым. https://t.me/Akyretke_daiardyk
The owner of this channel has been inactive for the last 11 months. If they remain inactive for the next 18 days, they may lose their account and admin rights in this channel. The contents of the channel will remain accessible for all users.
🔰 КЕЗ-КЕЗДЕ КӨҢҮЛҮҢДҮ КӨТӨРӨ ЖҮР *Кээде азилдешип, тамашалашып кылам. Дароо көңүлүм көтөрүлүп, чыйрала түшкөнүмдү байкайм. Кабагың ачык, жүзүң жарык жүрүүгө көн. Өзүңө да, өзгөгө да катуу маамиле кылба. Пайгамбарыбыз ( ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жолдошторуна дайыма жаркын маанай менен карачу, көп учурда алар менен тамашалашчу, кээде маңдай тиштери кашкая күлүп да алчу.* _Шейхтерди, жоро-жолдошторумду тамашалап, күлдүргөн учурларым көп болот, мунум аларга да жагат, алар мени ошол үчүн да жакшы көрүшөт._ *Окуп жүргөн учурумда Курандан сабак берген Убайдуллах ал-Авгани деген устатым бар эле. Көп сүйлөбөгөн, түнт киши болчу, бирок бир күлсө бүт денеси солкулдап катуу күлчү.* _Аллах насип кылып, бир жылы устатым экөөбүз ажыда чогу болуп калдык. Жаныбызда устатыма жашташ бир карыя, анан менин курагымдагы бир жигит бар. Ажылыктын акыркы күндөрү төртөөбүз Мина өрөөнүнө түнөдүк. Түн бир оокумда устатымдын онтогонунан ойгонуп кеттик. Кан басымы түшүп кетиптир. Кайран киши калтырап-титиреп барак алдырып, керээзин жаздыра баштаса болобу. Кимге бересе, кимден аласа, кыскасы барак толду. Экөөбүз керээз жазып отурганда жаныбыздагы абышка туруп барып жанында ала жүргөн балынан чойчоктон азыраак салып, замзам суусуна чайкап устатыма сунду. Устатым калтырбай жутуп ийип жатты да, көп өтпөй мемиреп уйкуга кетти. Ал уктагандан кийин биздин да көңүлүбүз тынчып, кайра уйкуга кирдик._ *Эртеси жанымдагы жигитке:* - _Кечинде мен да кудум тиги аксакалдай керээзимди жаза баштайын , сен берки аксакалдын балын замзамга чайкап,_ - дедим. *Убадалашкандай түн бир оокумда онтолоп ордуман туруп, үстүмө үйрүлө түшүп, ал-абалымды сурап жаткан шеригимен кагаз алып "керээзимди " жазганга кириштим. Карыялар иш төркүнүн түшүнбөй, аңырая бизди тиктешет. Шеригим дароо замзамга бал чайкап келди. Кагазды ага карматтым да, балды калтырбвй жуттум. Карасам, тиги экөө дагы эле таңданып отурат. Устатыма:* - _Түнүчүндө кантип бал ичиштин амалын сизден башка жан билбейт деп ойлодуңуз беле? - десем, иштин жайын ошондо араң түшүнгөн экөө ыкшып жыгылышты._ *Устатым адатынча бүт денеси солкулдап күлүп жатты. Бул түнү төртөөбүз тең көңүлүбүз көтөрүлүп, ырахаттанып уктадык.* Жашоодо азил-тамаша кылууну да унутпа. Көтөрүңкү көңүл, жарык жүз менен дүр. 📚 Булагы: Бакыттын сырын ачтым https://t.me/Akyretke_daiardyk
🚀 Көпчүлүк билбей жаткан мүмкүнчүлүк! Трейдинг аркылуу акча табууну башта! 💸 ❗️ Күн сайын сигналдар ❗️ Текшерилген стратегиялар ❗️ Башталгычтар үчүн толук жардам 💰 Көптөр буга чейин акча таба баштады — сен да башта!🔥 👉🏻Азыр кир: https://t.me/axrorinvest01 🚀 Возможность, о которой знают не все! Начни зарабатывать на трейдинге уже сейчас! 💸 ❗️ Ежедневные сигналы ❗️ Проверенные стратегии ❗️ Поддержка для новичков 💰 Многие уже зарабатывают — теперь твоя очередь! 🚀 Переходи: [https://t.me/axrorinvest01] 🚀 Hamma bilmaydigan imkoniyat! Treyding orqali pul ishlashni hoziroq boshlang! 💸 ❗️ Har kuni signallar ❗️ Sinovdan o‘tgan strategiyalar ❗️ Yangi boshlovchilar uchun yordam 💰 Ko‘pchilik allaqachon daromad qilmoqda — siz ham boshlang! 👉🏻 Kiring: https://t.me/axrorinvest01
https://t.me/Akyretke_daiardyk
Посланник Аллаха, ﷺ сказал: “Как можно чаще произноси слова “нет силы и мощи ни у кого, кроме Аллаха /ля хауля ва ля къуввата илля би-Ллях/”, ибо они относятся к числу сокровищ рая». Шейх аль-Албани назвал хадис достоверным. См. «Сахих аль-джами’ ас-сагъир» 1205 Рай, это место само по себе, уже сокровище, дворцы в нем из кирпичей золота и серебра, которые не возможно представить себе даже в самых богатых наших фантазиях. Однако, тот кто будет произносить часто эти слова, в Раю увидит что-то, чему он обрадуется так сильно, как бы он обрадовался бы сокровищу в этом мире.. и радость в этом мире не сравнится с радостью в том.. О Аллах! Сделай нас из числа много поминающих Тебя.. О Аллах, сделай нас из обитателей Рая, по Твоей милости. https://t.me/Akyretke_daiardyk
видео или голосовое, без подписи
https://t.me/Akyretke_daiardyk
видео или голосовое, без подписи
видео или голосовое, без подписи
https://t.me/Akyretke_daiardyk
⸻ Пусть благословенный праздник Ид аль-Фитр наполнит ваш дом радостью, светом и гармонией! Пусть Всевышний примет все ваши посты, молитвы и добрые дела, совершённые в месяц Рамадан. Желаю крепкого здоровья, душевного спокойствия, благополучия и изобилия вам и вашим близким. Пусть в сердце всегда живут вера, надежда и любовь, а каждый день будет наполнен счастьем и добром. Ид мубарак! 🌙✨ Eid muborak 🩷🎊🎉 💖https://t.me/Akyretke_daiardyk