tgindex
S
@adeeeeeeeeeenрусский

Жазат экен десе эле жаза берем.

Последний пост
15 авг.
Последнее чтение
ещё не заходили
Постов за неделю
1
Всего постов
20
Тип
открытый
Язык
русский
В каталоге с
15 авг.
Подписчики
168
мало замеров
Замеров пока мало
Сутки
0
0,00%
Неделя
 
Месяц
 
Просмотров на пост
210
20 постов
Вовлечённость
125,0%
к подписчикам
Постов в день
0,1
всего 20
Упоминаний
0
каналов
Охват размещения
оценка
1/24сутки в ленте
42
1/48двое суток
48
1/72трое суток
51

Оценка по просмотрам недавних постов: пост набирает почти всё за первые сутки.

Посты

  • Маңдайында кыз турса эле “жашы жетип калды”, - деп, өзүнөн өзү билерман болуп, жетип-жетпегенин аныктоо укугун эч ким бербесе да, чыккан курагына кийлигишип, кудум ошо жаштан кийин жашоосу токтоп калчудай эмнеге турмушка чык деп таңуулай беришет? Эмнеге кыз турмушка чыкса эле ордун таап кетет деп, аны “ордуна койгулары” келе беришет? Ордун таппай калгыдай алардан орун сурап жатабы? Акыл-эстүү же эмес, окуган же окубаган, менден улуу же кичүү, алтургай, дос, курбу, теңтуш, эч айырмасы жок, маңдайымда ким турса да, мындан ары мага “ордуңду тап” дей бергенди мен дагы ордуна коем. Оозумду ачып, “ии, уу, ыкы-мыкы”, -деп ичиме жутпайм. Кускум келет анан. Чыгамбы, чыкпаймбы, мындан кимге эмне? Алардын эмнеси кетип жатат? Оозум бар деп эле эмнеге ушуну гана айтышат? Турмушка чыкса чыккандыр, үйлөнүп-жайланса жайлангандыр, бактысын тапса тапкандыр, алардын атына кубанычтамын. Деген сайын кылгым келбейт. Бул кадам мага барган сайын бир негативдей эле сезилчү болду. Аң-сезимим андай дебегени менен бара-бара ошондой эле келе берет. Муну адам өзү чечсе болбойбу? Азыркы менталдык абалымды да бул сөздөр мынча таасирлентти деп жиним келип жатат. Ойлонушум керек болгон башка маанилүү нерселер турганда, мен эмнеге муну ойлонуп, эки сыйра жинденишим керек деп жиним келип жатат. “Ок, антип айтпа, өзүң негативдүү ойлонот турбайсыңбы”, же “Сен мээңде туура эмес формулировка кылганың үчүн болбой жатат.” Дешет. Бирок мен эч кимден деле керексиз кеңеш сурабай элемин. Мунун өзүн маанилүү көрүп, бул жакка жанталашып эмнеге жазып жатам десең. “Жүрө бербей турмушка чыксаң боло”, - деген атамдын чай үстүндө айтканына жаман жиним келди. Мен муну биринчи жолу угуп турганым жок. Далай уктум. Азыр муну уккан мурдагы жылдарга караганда алда канча оор. Анан жүрө бербегенде эмне кылайын, жүрө бербейин деп эле чыкчу жерине чыгып кетейинби? Деп айткан жокмун. Ак же көк десең, айтыштың дешет. Айтпасаң, дагы дешет. Ошого жеке пикириңди билдирүү деген нерсе өмүрү кабыл алынбайт. Болгону ордуман туруп кеттим. Мурда билим алам, эки жакка чыгам, иштейм, ал-бул, азыр деле сааты эмес дечүмүн. Мен эмнеге актана берчүмүн дейм. А азыр? Чыккан жашымды бир көрсөткүч катары карагым келбейт. Жашым келди деп жанталашкым жок. Мен бири бар болгон үчүн чыкпай отурган жерим жок да акыры. А бири болгон күндө да, эмнеге мен эне-атам небере көрүп жетишиши керек деп бушайман болушум керек? Экиде бир туугандардын да “жок дегенде (ачкыч сөз - жок дегенде) бирөөң кетип, эне-атаңарды сүйүнтсөңөр боло”, - дегендеричи. Ансыз өмүрдө башка кубана турган, сүйүнө турган нерсе жоктон бешбетер. Кетсеңер боло дегендерден нан менен башпаанек сурабай элемин. Буйруган нерсе буйруйт дегеним менен, мен буйрусун деп коюп отурганым жок го? Жок экенин көрүп-туруп эле, “чык эле чык” , - дей берген болмок беле. Кайра кускум келди.

  • - Ушуларды деле түшүнбөйм. - Эмне кыласыз түшүнүп алып?

  • - Кандай экен? - Билбейм, мааниси деле жок го. - Адику эже, сөзсүз эле бардык нерсенин мааниси болуш керек деген нерсе жок. - Аа. *** - Буга кандай карайсыз? - Таң. Жакпады. - Адику эже, сөзсүз эле баары сизге жагышы керек эмес. - Бб.

  • Бир жолу Ким Намджун айткан тура. Биз силердин жашооңордо силер өзүңөрдү ар кандай сезген учурда келебиз деп. Айтканын так мындай которгонум туура эмес болушу мүмкүн, бирок берейин деген ою ушул сыяктуу. Анын сыңарындай, BTS дагы мендеги ошондой мөөнөттөрдүн биринде келген. Алардын музыкасы, альбомдору, документалдык тасмалары, интервьюларда айткандары, жасагандары же жөн гана бар болгондору мага жакшы келген. 101% адамды кайсы бир абалдан чыгаруу мүмкүн болбогондой эле, BTS мынчалык болбосо да, саамга, белгилүү бир сааттарда жашалган аркы-беркини унута турганга, өзүмдү жакшы сезгенге жардам берген. Берип да келет. Кечээ өзүмдү жакшы сезгим келди. Ошого BTS тобунун быйылкы документалдык тасмасы менен көп жылдан кийинки алгачкы концертин кайрадан көрдүм. А ага чейин күндүз альбомун кайталап укпагансып. Бул мендеги күнүмдүк ритуал. Күндө жок дегенде аталган топтун 20 ырын угуу. Алар музыкалык индустрияга гана эмес, коомдук жашоого чоң таасир беришет. Билгенге бул аябай терең, билбегенге музыкалык топ.

  • Ичиңден эптеп чыгарып бөлүшүп жатсаң, Антип кой. Минтип кой. Тигинтип кой. Ант да. Минт да. Тигинт да. Антпе. Минтпе. Тигинтпе. дей бергендерге эч нерсе айткым келбей калат. Айрыкча, “Тим эле кой, ойлонбо”, - дегенде, мен муну ойлонбой калбайм да. Мен кеңеш сурасам, анын аты бар. “Кандай ойлойсуң, бул абалда эмне кылышым керек?” - деп сурайм. Анан муну сурай электе эле угуп-укпай туруп, “сен андай бол” , “кел, мындай бол”, - дегендерге чындап эле бир нерсе бөлүшкүм келбей калды. Ооба, мен аны менен муну бөлүшпөй койсом, андан анын эч нерсеси кемип калбайт дечи. Бирок биз, адамдар, деги эле укканды билбейбиз.

  • Мен бул текстти жазууну канчалык эңсеп, жылдар бою ушул учурду күткөм десем? Убагында басып бараткан жолдо жетейин деп калганда артка кайтышыма ар түрдүү фактор таасир этти. Кайра ошол эле жолго ортолоп калган жерден эмес, тээ башына баруу, басканды кайрадан үйрөнүү, эмненин каякта экенин үйрөнүшүм керек болгон процессти кайрадан өткөрүү, баарын башынан баштоо оңой болбосо да, бирок жыйынтыгы алда канча жагымдуу болду. Анткени мен өз жолумдан эч качан баш тарткан жокмун. Ар бирибиз баскан жол ар башка десем өтө эле баналдуу болорун билем. Менин академиялык жолумдагы магистратура баскычы эч кимдикине окшободу. Окшош болушунун кажети жок экенин билсем дагы, бул жолдун аягына чейин баруу мен үчүн өзгөчө маанилүү экенин Кудайдын куттуу күнү сездим. Чаалыккан ар бир мүнөттө бул мени шыктандырды. Ушул сапарда шашпай, жакшы көрүү менен арада бир чочулоо сезими жаралса да, ишенимдүү бастым. Диссертациянын баш сөзүндө жазганымдай, алгач аталган процессти ийгиликтүү жыйынтыктоону насип кылган Аллахка шүгүр. Илимий жетекчини тандоо өмүрлүк жолдошту тандоодон да маанилүү деген азил-чыны аралаш жазууну окуганым бар:) “Maturity is when you realise that choosing a Supervisor is more important than choosing a life partner”, - деп коюптур бири желеде. Анын бул айтканына толугу менен кошулам, себеби академиялык жолдо илимий жетекчинин орду өзгөчө маанилүү экенин жакшы билем. Бир окутуучунун, дегеле, илим жолундагы адамдын үлгүсү катары илимий жетекчинин да кандай болушу керектигин эң сонун көрсөткөн урматтуу илимий жетекчим, Доц.док. Ниязи Айхан агайым. Жазган макалалары, илимий иштери менен суктандырды, мага ар бир жолугушууда мотивация берип, колдоду, бул жолду жакшы көрүү менен басышыма түрткү болуп, билими жана тажрыйбалары менен жол көрсөттү. Ошондой эле илимий ишимдин туура багытта аткарылышы үчүн бардык аракетин көрдү, күнү-түнү дебей суроолорума жооп берип, ар бир жолу жибергенимде оңдоп-түзөтүүлөрүн кызыл менен белгилеп, пайдалуу сунуш-пикирлерин айтып жатты. Ошол эле учурда агайдын кызыктуу комментарийлери менен илимий ишимдин капталына жазып койгону сонун болчу. Аларды окуп, анан жазууну уланткан мага дем берип жатты. Жолумдун каякка барарын билбейм, бирок бул жол аябай сонун. Бул жолго аттанышыма салым кошкон, “экинчи шанс” деп атаган, басып баратканда колумдан жетелеген, жанымда чогуу баскан, колдоосун аябаган үй-бүлөмө, илимий жетекчим баштаган окутуучуларга жана жакын дос-санаалаштарыма ыраазычылык билдирем. Анан, албетте, аягына чейин барып, акыры магистр академиялык даражасын алган өзүмө рахмат!

  • Түркиянын Болу шаарындагы Абант Иззет Байсал университетинин “Абант маданий изилдөөлөр” журналында (AKAR) кыргыз тили тууралуу илимий макалам жарыяланды. Журналистика магистратура программасынын алкагында бир семестр медиадагы тексттердин анализи деген сабак алдым. Магистратурада абдан жакшы көрүп, кызыгуу менен окуган бул сабакта медиадагы тексттерди анализдегенди үйрөнүп, алгачкы жолу илимий макала жазууга кадам таштап, эл аралык симпозиумда баяндама жасадым. Илимий макала жазууга кызыктырып, анын жол-жобосун үйрөтүп, билими, убактысы жана баалуу кеңештери менен бөлүшкөн, бул жолдун ар дайым эле татаал эместигин айтып, шыктандырган, башынан аягына чейин көзөмөлдөгөн агайым, Доц.док Эрдоган Акманга ыраазычылык билдирем. Ошондой эле түрк тилинде илимий иш жазууну, адабий булактарды окуп, түшүнүүнү, баяндама жасашыма салвм кошкон, мындан 10 жыл мурун түрк тилин үйрөткөн эжейим, Док. Гөкжан Челикке чоң рахмат! Академиялык жолдо сизди жолуктурбасам эч качан түркчө жаза албайт болчумун.

  • «Whenever you look at the sky, just know that I might be looking at it too, from my side of the world, smiling because you exist. You make me feel less alone.» 16.05.26

  • Рембошум, эми мен сени өмүр бою сагынам. Ошол күнү жүрөгүмдүн бир бөлүгү кудум сени менен кеткен сыяктуу болгон десем, азыр сезип жаткандарымды жеткирген боломбу, билбейм. Бир билгеним, азыр үйгө келүү - сенин эркелеп тосуп алганыңа, менин “Рембом, жаным”, - дебей, жок экениңди көргөн боштукту сезүү дегенди билдирет. Мен кааласам да, каалабасам да, эркимден тышкары уяңды караганым караган. Кудайдын куттуу күнү. Көздөрүм эми жок экениңди билгени менен, кайра-кайра карай берет. Анткени үйгө келер замат же үйдөн короого чыкканда биринчи сени көрчүмүн да, жаңыртып “Рембом, жаным, алтыным”, - деп жыргап чакыра берчүмүн да. Кеткениңе 55 күн болду. Сенсиз бакча мурдагыдай сезилбейт. Уяңдын ордуна атам көчөт отургузду. А марттын 20сынан бери сен жөнүндө жаза албадым. Жазып баштап улантпадым. Сен кетер күнү түшүмдө көрдүм. Түшүмдө сени алып кеткен унаанын артынан жетпей калдым деп өңгүрөп ыйлам алгам. Түшүмдө көрдүм дегениме жан ишенбеди. А мага баары бир эмеспи. Бул бир белги беле деп ойлонгом, ошентип жакында сенин кете турганыңа ишене баштадым. Сен кеткени 4 күндөн кийин кайра түшүмдө көрдүм. Бул жолкусунда кетип жатканыңды айттың. Мага бактылуудай сезилдиң. Күлүп жатканыңды көрдүм. Эртеси жеңил ойгондум. Кээде түнкүсүн уктай албай жатканда сенин ал жакта кандай жүргөнүңдү ойлоном. Анан азыр сенде баары жакшы болсо керек деп үмүттөнөм. Иттин жашы менен эсептегенде 23кө чыкты дешет. А негизи 7 жыл жашадың. 5-июнда мен сенин туулган күнүңдү белгилечүмүн. Эфтаназия. Адамдар келгиче суу бердим. Карап турдум. Сен да мени карап жаткандай сездим. Бирок жаның ушундай кейип турган. Азыр эстесем мен алтургай коштошпоптурмун. Ыраа көрбөдүмбү, билбейм. Мен сага коштошподум деп өкүндүм. Бирок кыя албадым. Адамдар келишти. Жанатан жаның кейип турган жаның чоочун караанды көргөндө жан далбастып качтың. Акыркы ирет үрдүң. Анан үзүлдүң. Заматта алып кетишти. Терезеден карап турдум, анан ичимде килейген боштук калды. Грузиядан келгенимде сен мурдагыдай эркелебей калгандай сезилдиң. Маанайың жок болчу. Бир-эки күндө маанайың жайына келсе керек деп ойлодум. Жаныңа барып сагынганымды айтып, эзилип турдум. Сен дагы ойноп баштадың. Көп жылдан бери биринчи жолу менден узак калганыңды эстегенимде жаман болуп жүрдүм. Таарынып калдыбы деп улам көзүн карап коем. Көп өтпөй бир жумада ооруп калдың. Мен сага акыркы жолу дары алдым. Аягына чейин ичпедиң. 1 ай жейт деп алып келген тамакты да акырына жетпедиң. Сатып алып жатканда жыргап жегениңди элестеткем. Бирок жакшы көрүп жегениңди да демейдегидей заматта арыдан бери кылбадың. Түгөнгөн жок. Мага сүйүүгө, мээримге толгон жарык маанай бергениңе рахмат. Сени менен өткөн ар бир ирмем мен үчүн ар дайым баалуу. Эң көп сени ээрчитип алып тоого чыкканда ар нерседен кобурап бергенимди, анан сенин жанымда айткандарымды түшүнүп жаткандай түр көрсөтүп укканыңды сагынам. Анан тоодон чуркап түшөбүз. Мен түшкүчө сен 101 жолу чыгып кайра түшкөнгө үлгүрөсүң. Акактап жетип келесиң. Анан суу кечебиз. Жоготуп алгандан аярлап сактаган таяк менен ойнойсуң. Бир аз ойноп, кайра таштайсың. Мен бул учурларда сенин жөн гана жашоомдо болгонуңа аябай бактылуу болот элем. Муну ойлоп коюу деле мени бактылуу сездирте берчү. Сени жакшы көрүү жашоомду өзгөрттү. Сени жоготуу да ошондой. Мен сени ар дайым жакшы көрөм, Рембом🤍

  • Мен кийин эч качан, бирок эч качан эч кимди турмушка чык же үйлөн деп таңуулабайм. Көп нерсе жазайын деп, бирок эч нерсе жаза албай койдум. Алтургай, жазсам дагы ошол таңуулоону кайра жашачудай сезилип, өзүмдү аягандагым окшойт.

  • bring Heeseung back!

  • 💔😭 https://youtu.be/WIiuW6R2wiE?si=LbumRbTTJSfQFlyS

  • Мен негизи бирөөлөрдү абайлап жакшы көрүшүм керек. Ачкыч сөз - бирөөлөрдү. Бирөөнү дагы эмес. Түгөнгүр, болгон төрт сырымды төрт мүнөттүн ичинде төрт саат мурун жолуккан бирине эмнеге айтып сала берем. Ичимде калса эмне чукулайбы. Жок, эмнеге дейм да.

  • Үйдө бир оокаттын орду жоголсо атамдан сурайбыз. Эмнени качан кайсы жерге койгонун билет. “Ой аны атаңдан башка ким билмек эле?” - дейт апам. Менин ажыкысым кармаганда карагандан эригип атамдан сурай калам. Анан аны тапкыча ал да башкага алаксыбайт. Бүгүн мен таппай жатканды атам тапты. Азыр сааттарымды оңдоп жатканын көрүп, бул моментти жүрөгүмө эле эмес, биякка да жылуу сактап койгум келди.

  • Бири мага белек бергенде ыңгайсыз болот экем. Мунун кайсы бир илимде мындай себеби бардыр дей көрбөгүлө. Бир нерсеге байланыштуу болуп чыгуусун каалабайм. Бир билгеним кубанганымды жакшы көрсөтө албайм. Болбосо ичимден өлллллллө бактылуу болом. Көңүлү көңүлүмдү кубантты деп. Анан кудум бир формуласы бардай, а мен ага дал келгенин кое албай жаткандай жетиштүү рахмат айтпай калдым деп эле бушайман боло бермейим бар. Ошондон уламбы, билбейм, белек бергенди көбүрөөк жакшы көрөм. Анда ыңгайсыз болбойм. Эки эсе бактылуу болом. Анда деле жарытып бир нерсе айтып бербей, түптүз эле узата салам. Бирок алганда эмоцияларымды жеткире албай калгандай эле акырын уялып алам. Маңдайында да ача албай, бирок жүрөгүм өкүрүп жаткан болот. Бактылуу болупчу. А ошол сезимдер эмнегедир кебетеме чыга бербейт. Көп күндөр, айлар, жылдар өтсө да караганда, колдонгондо ошол алган күндөгүдөй эле бактылуу болом, жыргайм. Азыр буюмдарды жыйнаштырып жатып, жылуулук берген адамдардын белектерин көрүп булар оюма келди.

  • - Айдөң, дүкөндөмүн. Бозо алайынбы? - Ии, макул, бирок 1ди эле алыңыз. Эртең “Шоро” алып келет, буйрутма берип койдум. - Экөөбүзгө бирөө жетмек беле. Экини алайын. - Аа, мейли. Атам экөөбүздүн бозого болгон сүйүүбүз чексиз.

  • Турдун акыркы концертинде мемберлердин ыйлаганын көрүп кошо 2 куплет жашыдым.

  • без подписи

  • Кыялдарыңар болсо минус кылгыла.

  • без подписи