Насаат
СтатистикаМотивация Таасирдүү баяндар Болгон окуялар Катталып пайдалуу маалымат алыңыз!
- Последний пост
- 24 окт. 2023 г.
- Последнее чтение
- 00:30
- Постов за неделю
- 0
- Всего постов
- 20
- Тип
- открытый
- Язык
- русский
- В каталоге с
- 16 авг.
- 1/24сутки в ленте
- —
- 1/48двое суток
- —
- 1/72трое суток
- —
Оценка по просмотрам недавних постов: пост набирает почти всё за первые сутки.
Посты
https://www.instagram.com/reel/CyxqrpaMy6j/?igshid=MzRlODBiNWFlZA== Бардык айымдар үчүн.
Өзүнө кам көрүүнү каалаган айымдар группага https://t.me/massagehanzada кириниздер. Группа жаңы ачылды.
без подписи
"Эгер сөз күмүштөн турса, а унчукпоо бул алтындан турат." Көп сүйлөгөн адам, ката сүйлөйт. https://t.me/Muazhawwa Катталып, бөлүшүп коюңуздар
Үйлөнгөндөр менен бирге отурсам,бойдок кезин тамшануу менен сүйлөдү. Бойдоктор менен отурсам үй-бүлөлүүлөрдүн жашоосуна көз артып сүйлөдү. Бай менен отурсам,бекерчилерге суктанып сүйлөдү. Кембагал менен отурсам,жокчулукту ашата сөгүп,байлыкты арзуу кылды. Билимдүү менен отурсам, караңгылыкта өткөргөн мезгилине наалыды. Билимсиз түркөй менен отурсам,илим албаганына өкүндү. Карыя менен отурсам жаштыкка,балалыкка куса болуп сүйлөдү. Наристе менен отурсам "Качан сиздердей чоң болом?" - деди. Өзүм жалгыз калганда жүрөгүмө жогорудагылар тууралу сүйлөп бердим. Жүрөгүм айтты: "Бардыгы тең жакшылыктын үстүндө.Бирок,аларда Алланын жазган тагдырына ыраазычылык жок" - деди. Алла баарыбызга топук, канаат насип этсин. Омийин! Табиятта эч нерсе өзү үчүн жашабайт; -Арык өзүндө аккан сууну ичпейт. -Дарактар өз мөмөсүнөн жебейт. -Күн өзү үчүн нур чачпайт. -Гүлдөр өзү үчүн гүлдөбөйт. Керек болсо инсандар да "Мен өзүм үчүн жашайм" - десе да,баары бир кимдир бирөөлөр алар үчүн жашоонун маңызы. Кээ бирөөлөр жашооңо белек болуп келет,кээ бирөөлөр сабак болуп...Белек болуп келген адамды абайлап,асырагын. Ал эми сабак болуп келген адамдан таалим ал. Жашооңдо кандай инсан болбосун, аны жаман көрүп,аны менен таанышканына өкүнбө. Анткени, жакшы адамдар сага бакыт алып келсе, жамандары тажрыйба берет.Алардын эң жамандары сага сабак берсе, эң жакшылары эскерүүгө айланат.
https://youtube.com/shorts/9A7jz_0mNYg?feature=share4
Күнөөдөн оолак болом деген адам, дайыма солих адамдар менен болуусу зарыл. Ким менен болсоң, анын сыпаты өтөт. Эгер кайгыга баткан адам менен отурсаң, кайгысы жугат. Эгер сүйүнүчкө бөлөнгөн адам менен бирге болсоң, сүйүнүчү сизге өтөт. Эгер капилет адамдар менен отурсаңар, капилети силерге жугат. Эгер көп зикир кылуучу солихиндер менен чогу болсоңор, капилетиңерден ойгоносуңар. Себеби булар менен отурган адам эч бактысыз болбойт! قال النبي ﷺ: «لا يشقى بهم جليسهم» Ал эми жашоосу ага баары бир болсо, ал анын чечими... https://t.me/Muazhawwa Катталып, бөлүшүп коюңуздар
без подписи
Если в человеке конфликт внутри себя, то он не может дарить людям тепло, радость и любовь.
Жамгыр жаап,күн бүркөлсө чыдасаң болот.Бирок Адамдын каш-кабагы бүркөлүп турсачы,анын жанына баргың келбейт,аны менен мамиле да кылгың келбейт.Ошон үчүн Кыргызда сөз бар: Ашың болбосо да кашың болсун.Жылмайганды үйрөнөлүчү. — Нуржигит Кадырбеков
Карангыны тилдегенден көрө бир бурчуна шам жак.
https://t.me/+cUYpm9g1opJlNmU0
https://youtu.be/PFPbs-XsPLE
https://youtu.be/5WaVKgdVe3U
https://youtu.be/fZrhUAPRjgc
ХАДИС. ЗУЛУМДУКТУН АРАМДЫГЫ. БИСМИЛЛААХИР РАХМААНИР РАХИИМ. (ырайымдуу боорукер Алланын аты менен баштаймын) Абу Зарр ал – Гиффаари (рози Аллаху анху)нун айтымында: Алланын Элчиси тарабынан берилген риваятта анын Раббы (Алла Таала) айткан экен: «О, менин пенделерим! Зулумдукту мен өзүмө да силерге да арам кылдым, андыктан бир-бирине зулумдук кылбагыла! О, менин пенделерим! Мен түз жолго салгандан башкаларыңар баарың адашкансыңар ошондуктан менден (гана) туура жол сурангыла, ошондо мен силерди туура жолго саламын. О, пенделерим! Мен тоюндургандан башкаңар бүт баарыңар ачкасыңар, ошондуктан Менден азык сурагыла, ошондо мен силерди азыктандырам. Оо, пенделерим! Мен кийиндиргенден бөлөгүңөр баарың жылаңачсыңар, ошондуктан менден кийим сурагыла, ошондо мен силерди кийиндиремин. О, менин пенделерим, силер күндүр- түндүр күнөөгө батасыңар. Мен бардык күнөөлөрдү кечиремин, анда Менден (гана) кечирим тилегиле, Мен силерди кечиремин. О, менин пенделерим! Силерге Мага зыян келтиргидей эч кандай зыяндын түрүн кыла албайсыңар жана Мага пайда кылгыдай эч кандай пайда да келтире албайсыңар. О, менин пенделерим! Силердин алгачкыңар болсун же акыркыңар болсун, инсаныңар же жиндериңер болсун силер баштан – аяк бардыгыңар араңардагы эң бир таза, эң ыймандуу бирөөнүн жүрөгүндөй тап-таза ыймандуу болсоңор да ал Менин Падышалыгымды (мүлкүмдү) эч кандай өлчөмдө көбөйтө албайт. О, Менин пенделерим! Силердин алгачкыңар болсун же акыркыңар болсун, инсаныңар болсун же жиндериңер болсун, силердин бардыгыңар тең баштан-аяк араңардагы эң ыплас бирөөнүн жүрөгүндөй болсоңор да ал Менин Падышалыгымды (мүлкүмдү) эч кемите албайт. О, Менин пенделерим! Силердин алгачкыңар же акыркыңар болсун, инсаныңар же жиндериңер болсун бардыгыңар баштан –аяк бир жерге чогулуп алып тилек тилеп Мага кайрылсаңар, а Мен болсо ар бириңе эмне тилегиңер болсо да ошонун баарын берсем- бул, Менин колумдагыны: ийнени деңизге малгандай гана (деңизге малып кайра алганда ийнеге жуккан тамчы суудай гана) кемите алат. О, менин пенделерим! Мен силердин эмне кылганыңардын баарын көрүп –билип турамын, жана ошонуңарга жараша, ар кимиңерге өз энчиңерди беремин. Ошондуктан ким жакшылык тапса-(акыретте Бейишке кирсе) ал Алланы мактасын, ал эми ким андан башканы тапса ал өзүн-өзү гана күнөөлөсүн!
https://youtube.com/shorts/gLP6cq4mUsE?feature=share
https://youtu.be/d8YxBr9E5XM
«ХУМАЗА (Гыйбатчы) » сүрөсү Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен وَيْلٌ لِكُلِّ هُمَزَةٍ لُمَزَةٍ 1.Тили жана кыймыл-аракети менен гыйбат (башкалардын түзүлүшүндөгү жана мүнөзүндөгү кемчиликтерди айтып же туурап көргөзүп көзү жокто жамандоо) кылуучуга азап болсун! الَّذِي جَمَعَ مَالًا وَعَدَّدَهُ 2.Ал мал-дүйнө топтоп, аны санады. يَحْسَبُ أَنَّ مَالَهُ أَخْلَدَهُ 3.Топтогон мал-дүйнөсү аны түбөлүктүү кылат деп ойлойт. كَلَّا ۖ لَيُنْبَذَنَّ فِي الْحُطَمَةِ 4.Жок! (Андай болбойт) ал сөзсүз “быркыратуучуга” (тозокко) ыргытылат. وَمَا أَدْرَاكَ مَا الْحُطَمَةُ 5.“Быркыратуучу” эмне экенин билесиңби? نَارُ اللَّهِ الْمُوقَدَةُ 6.Ал Аллахтын жагылган оту الَّتِي تَطَّلِعُ عَلَى الْأَفْئِدَةِ 7.Ал (денени көзөп өтүп) жүрөктөргө чейин жетет. إِنَّهَا عَلَيْهِمْ مُؤْصَدَةٌ 8.Албетте, ал алардын үстүнө жабылат(Чыга алышпайт). فِي عَمَدٍ مُمَدَّدَةٍ 9.Тартылган устундардын ичинде (болушат).
Намаз - диндин тиреги! (хадис) Намаз - Бейиштин ачкычы! Аллах Куранда минтип буюрат: «Мени эстөө үчүн намаз оку!» (Тоха сүрөсү, 14-аят) Өтө маанилүү ишиңер - бул намаз. Ким аны үзбөй окуса, анда ал өз динин коргогон болот. Ал эми ким намаз окубаса, анда ал өз динин ураткан болот. Пайгамбарыбыз Мухаммад с.а.в өзүнүн куттуу хадистеринин биринде: «Намаз - бул көзүмдүн нуру» деген. «Намаз адамды ыплас иштерден, күнөөлөрдөн оолак кармайт». (Анкабут сүрөсү, 45-аят) Намазды толук аткаргыла! «О, ыйман келтиргендер! Сабырдуулук жана намаз менен жардам сурагыла!» (Бакара сүрөсү, 2/153) https://t.me/aydionasaat/598