tgindex
Жасалма Интеллект

Жасалма Интеллект

Статистика
@azamatkikgрусский

https://ki.kg

Последний пост
19 июн.
Последнее чтение
14:51
Постов за неделю
0
Всего постов
21
Тип
открытый
Язык
русский
В каталоге с
15 авг.
Подписчики
372
+4 за 3 дн.
Сутки
+1
+0,27%
Неделя
 
Месяц
 
Просмотров на пост
900
18 постов
Вовлечённость
241,9%
к подписчикам
Постов в день
0,0
всего 21
Упоминаний
1
каналов
Охват размещения
оценка
1/24сутки в ленте
1/48двое суток
1/72трое суток

Оценка по просмотрам недавних постов: пост набирает почти всё за первые сутки.

Посты

  • Комьютерде иштөө шахмат ойногон сыяктуу. Помодоро билесинерби? Ии, ошондой ойлонсо болот. Классикалык шахмат оюнчуга биринчи 90 минута берилет, андан соң 40 жүрүштөн соң дагы 30 минута. Убакыт бүтөөрдө ар бир жүрүшкө 30 секундадан. Жумушту дагы ошентип бөлүп койсоң болот. Бир нерсени баштаганда көп фокус керек. Башкалар тоскоол болсо дагы, терең ойлонуп ишиңди жасай беришиң керек.

  • Бүгүн эртең менен суук кабар келди, классташымдын атасы жүрөгү токтоп, 63 жашында каза болуп калыптыр. Кошумча чогулттук, көңүл айттык. Ар бирөөбүздүн алдында оор кабарлар күтүп турат. Кээде, ушуну эске алып, жасай элек нерсеңди жасап ал деген түрткү болот. Аны менен бирге Акча Психологиясы курсуна даярданып, китеп окуп баштадык. Экинчи бөлүмдө жетиштүү деген жакшы түшүнүк кездешти. Өз убагында токтой билүү чоң кырсыктан сактайт. Финансылык жактан караганда киреше өскөн сайын муктаждыктар да кошо өсөт. Адам жаңы жашоо деңгээлине тез көнүп, ийгиликтерин баалабай калат. Коомдук салыштыруу. Коомдук салыштыруу. Көп учурда кымбат нерселерди алуу муктаждыктан эмес, башкаларга мактануу каалосунан келип чыгат. Айтор, айта турган сөздөр көп экен, кызыктуу болсо өзүңөр дагы бир жолу окуп койгула.

  • Бир нерсени баштагандан кийин, биринчи сыноо 3-күндөн кийин башталат. 3 деген сан абдан сырдуу, байкасаңар эки сүйлөшүп жүргөн адам 3-жылдан кийин үйлөнүшпөсө, көбүнчө бирге боло алышпайт. Негизи жаңы адат калыптанып калышы үчүн 21-күн керек, бирок ага биринчи жетиш керек. Андан кийин ал автоматтык түрдө иштеп калат, көнүмүш адат болуп. Жасалма Интеллектти дагы биз ошондой кылып программалап атабыз да, анан өз алдынча автоматтык түрдө иштеш үчүн азыркы күндө AI Agent болуп саналат. IT дүйнөсүндө жүргөндөр үчүн бул азыр чоң тема. Эми мен дагы алардан кем калбай, өзүмдүн агенттеримди жасап баштадым. Биринчи агент бул фриланс биржалардан мага ылайыктуу долбоорлорду издейт. Негизи мен биржага чыга элегиме көп жылдар өттү, анан кайра кайтып караганга шай жок. Ошондуктан бул жумушту агентке тапшырып берип атам. Күнүгө кызыктуусун таап кел деп. Экинчи агент бул шахмат турнирлерин издөө. Арсен балам шахмат ойнойт да, ага турнирлерди издемей. Эми болсо бул жумушту дагы агентке өткөзүп берип атам. Биздин аймактан кызыктуу турнирлерди таап кел деп. Аны менен бирге башкалар дагы фильтрлеп таап алсын деп платформа дагы жасап койдум https://chess24.club Ошол шахмат чөйрөсүндө жүргөндө, сүйлөшүп калганда ушундай долбоор бар деп айтып берип турганга.

  • «Адамга эң кыйыны - күн сайын Адам болуу» деп биздин улуу мекендешибиз Чынгыз Айтматов айткандай, жаңы учуп бара жаткан мотивация заманында, жаңы түшкөн жолуңду басып өтүү абдан оор сезилет. Бирок албетте ал мүмкүн. Ал үчүн атайын жөндөм керек. Ал жөндөм менен төрөлгөндөр бар, бирок аны машыктырса дагы болот. Ал тартип жөндөмү, же ички тартып, өзүн-өзү көзөмөлдөө, өзүн-өзү тартипке салуу. Билесинерби, мектепте мугалим балдарды урушат, тарбиялайт. Сабакта отуруунун атайын эрежелери бар, аны угуш керек. Уга алгандар отличник болот, калганы чырылдап укпай, сабак окушпайт. Аягы белгилүү. Жылдар өткөндөн кийин, тартипке көнгөн адамдар башкаларды үйрөтөт, ошол үчүн акча алат, ийгиликтүү болушат. Уйку. Азыркы күндө эң аз бааланган, бирок биз үчүн эң керектүү ресурс. Ал күн ичинде чоң күч берет. Ошондуктан аны дагы атайын пландап, эске алуу керек. Негизин баары эле билет, эң оңой. Эрте уктап, эрте турушуң керек. 8-саат! Ал болбосо баары бузулат, настрой, каалоо, умтулуу, арзу. Бирок бир эле жолу 8 саат уктап койбостон, көптөгөн күндөр, айлар, жылдар. Албетте жатаарда телефон чукусаң, уйку дагы жок. Эми ал жөнүндө деле өйдөдө көп айтылды. Эми бул нерсенин баары эмнеге керек? Албетте ал тартип жана энергиясы жок деле күнүмдүк окшош ишти кылып жүрө берсең болот. Бирок жаңы иш баштап атсаң же болбосо алдыңа чоң максат коюп, кызыктуу жашоо жашагың келип атса, анда чоң күч керек болот. Ошондуктан жазып кеткен эки нерсе керек. Конкреттүү мен азыр эмне кылып жатам? Кече баштаган немис маркетинде фриланс долбоорлорду издей турган агент жасап атам. Мурда кандай болчу? Күнүгө сайттарга киресиң, сага тиешелүү бөлүмдөрдү карайсың, жакканына жазасың. Ошентип күнүгө 3-4 сайт кыдырмай. Эми ал жумушта агент өзү жасайт. Албетте ал уктабайт, бирок ага тартипти жана эрежени түшүндүрүү керек (ал программалоо аркылуу). Биринчи версиясын жасап, live чыгарып койдум. Өзү 2-долбоор таап келди. Эми күнүгө иштей турган кылып үйрөтүп койдум. Мага пайдалууларын түз эле телеграм аркылуу жиберип турат. Кийинки этап, балким менин оордума сүйлөшүп, конртакт алганга аракет кылат. Бирок азырынча жетиштүү. Технология иштейт, аны B2B кылып бирөөгө сатса болот же курс кылып упаковка кылып үйрөтсө болот.

  • Ошентип, кечке иштеп, чарчап, үйгө келгенден кийин, диванга жатып алып бутту сунуп телевизордогу бир нерсени көргөндүн оордуна бир күн кечке ойлонгон ойлоруңду жазып, компьютерге отуруп иш жасагандар гана ойлогон максатына жетет. Мындайча айтканда күндүз 100% аракет кылып, анан кечинде дагы үстүнө 20% кошуу. Мына ушул жөнүндө көптөгөн китептер жазылган. Талыкпай иштөө! Макул, эл го эл, менчи. Мен эмне кылдым? Өйдөдө жазгандай, акыркы жылдары көп долбоорлорду ишке ашырдым жана жаңы дос тааныштарды таптым. Алардын бири Бакыт Абдишов менен Айдана Өмүрбаева. Албетте бул ITнин күчү! Арабызда канчадаган миң километр болсо дагы, өзүңө окшогон адамдарды табуу кандай сонун керемет. Эми жөн гана тааныш болуп калбастан, Бакыт менен бирге esal.club долбоорун баштап, ал жактан 6-жумалык Акча Психологиясы курсун иштетип атабыз. Мага дагы болсо ал кызыктуу, өзүм дагы катышам. Курс башталгычакты 2-тапшырма аткарабыз. Биринчиси китеп окуу, группа менен даярданып баштадык. Дагы жарым ай калды баштаарына, жатаарда жок дегенде 2-3 бөлүм окусам экен деп ниеттенип атам.

  • Албетте, 100% продуктивдүү боло албайсың. Айырмасы жок, мага демек манифестация темасы ичине кирип кет. Энергия түгөнөт, чарчоо, жалкоолук, зеригүү. Айрыкча интелектуалдык эмгек кылганда (программалоо, креативдүү ойлонуу). Ошол убакытта көбү телефонду тиктей баштайт, анткени ал бекер жана бат дофамин. Ар бир бекер нерсенин артында чоң көйгөй чогулат. 2-3 саат күлүмүш этип, 2-3 айдан кийин деградация болосуң. Аны атайын алдын алуу керек, өзүңдү кармоо. Антпесе, кечээ сүйлөшүп аткан темалар шашпай жасайм деген боюнча калат. Эмне кылдым? Арсен балам 1-жылдан бери шахмат жакшы ойноп баштады. Ага жаңы турнирлерди карадым. 27-28 июндарда Essen шаарында бир кызыктуу турнир таап, жазылып койдум. Jackie деген лабрадор алганбыз, көрсөңөр керек. Ал менен сейилдеп келдим. Эми болсо короодогу газонду кыркып, үйдөгү майда иштерди жасайм. Бул рутина. Аны жасап турбасаң, чогула берген адаты бар. Көбөйгөндө сени чымчыйт. Ага чейин жоопкерчиликтүү болуп бүтүрүп коюу зарыл. Иштеп баштаардын алдында, кайра комьютерде жасай турган пландарыңды мээге салып кой. Кол-бут менен кыймылдап жүргөндө, мээ өз алдынча иштеп, жаңы идеяларды жаратат.

  • Ошондо конкреттүү эмне өзгөрүүлөр болуп баштады? AI ге тиешелүү нерселерден Vibe Coding жакшы эле өздөштүрдүм. Каалаган идеяны 1 күндүн ичинде жасап, интернетке веб баракчасын чыгарып коем. Бир караганда аны AI жасаганы деле билинбейт. Анткени менде веб-иштеп чыгуу үчүн чоң тажрыйба бар. Андыктан мен аларды жакшы башкарам. Эми болсо AI-агенттерди изилдеп баштадым. Азыр мисалы freelancermap сайтына барып, мага кызыктуу болгон долбоорлорду таап берген агент жасап атам Java менен. Кийин башкаларга жасап бериш үчүн, кантип иштейт экенин өзүм жакшы түшүнүп алышым керек. Бул болсо кечеки теманын уландысы. Эски билим менен жүрө бербестен, алдыдагы чоң өзгөрүүлөрдү көрүп, ошого умтулуу. Сен ойлогон иштер ишке ашат, эгерде ошол ишти элестете алсаң. Албетте, башым менен кирип кетпей итерация менен иштөө керек. Башка иштерди дагы эске алып.

  • Кандайсыңар? Негизи бул каналды ачканда өзүмдүн ойлорумду жазып баштадым эле, андан бери жылдар өттү, дүйнө толугу менен өзгөрдү, аны менен бирге мен дагы өзгөрдүм окшойт. Соц. тармактар, билим берүү долбоорлору, ар кандай коомчулуктар. Каталар, ийгилик, жол. Көп нерсе табылды, калганы жоголду. Эми бүгүн дагы бир кесилиш. Тандоо, баштоо. Жаңы нерсе, мурдагы унутулган эски нерсе. Манифестация мени кайрадан ойготту. Мен билем эмне кылышты, элестете алам, көзүм жетет, өзүм жетем. Эскиче ойлонуу менен жаңы заманда жасаган нерсең эч кимге кереги жок. IT эми бул жаңылык эмес, эскиче экономист жана юрист сыяктуу. Жаңы доордо - AI. Бирок аны менен бирге адамдар, жаныңда жүргөн, колуң жете алган, жолугуп сүйлөшө алган тирүү кишилер жана алардын көйгөйлөрү. Мен 10-жылдан бери Германияда жашайм. Жаңы жолдо ЖИ жардамы менен бул маркетке чыктым. Ойлор менен бөлүшүп турам. Баштадык!

  • Channel name was changed to «Жасалма Интеллект»

  • Буткемп жөнүндө.

  • https://youtu.be/3tQg3X-Mm9I

  • https://youtu.be/9Td7k5PsXPE

  • Channel photo updated

  • Umai Solutions - бул платформа IndieHacker философиясына негизделген. Максат 2026-жылы IT SaaS-продуктуларды нөлдөн баштап жасап, аларды узак мөөнөттүү, пассивдүү киреше алып келе турган ишке айлантуу. Баатырдын жолунда өткөн натыйжалар жана тажрыйбалар менен бөлүшөм.

  • Channel name was changed to «Umai.Solutions»

  • https://youtu.be/UDIKGjqbfYs

  • 21 дек.2 8342

    без подписи

  • 21 дек.2 8122

    без подписи

  • 21 дек.2 83032

    Зуминар аттуу SaaS чечим жасап атабыз. Идея жөнөкөй, бизден башка дагы ким кыргыз тилинде кызыктуу жолугушууларды өткөрүп/өткөргүсү келип жатат? Ошолордун тизмеси/календары. Бонус катары Premium Zoom-шилтемеси ичинде! Кандай дейсиңер? Дагы ушундай жаңылыктарды окугуң келеби? Анда менин каналыма жазыл @azamatagai Ал эми ушундай сыяктуу SaaS-чечимдерди жасап акча тапкың келсе Келечек.Клубга кош кел, үйрөтөбүз, жасайбыз!

  • Маалыматты дублировать этпей, инсайд маалыматтарды WhatsApp - группага жазып турам ;) https://chat.whatsapp.com/BL1I8jLoH2t6YcU47NQueB