🇰🇬Бакыт ачкычы
Статистика🪴Ислам дини – тазалануу жана тарбия🌾 🌴Аят, 🌿хадис, 🌻асар, 🍂аалымдардын сөздөрү. Ислам дини кыргыз тилинде🇰🇬 What's app https://chat.whatsapp.com/Bt8KH8pQ4RyAuZisQxBK23 @Urmatcholponbekov
- Последний пост
- 28 дек.
- Последнее чтение
- 15 авг.
- Постов за неделю
- 0
- Всего постов
- 23
- Тип
- открытый
- Язык
- русский
- Категория
- Религия
- В каталоге с
- 14 авг.
- 1/24сутки в ленте
- —
- 1/48двое суток
- —
- 1/72трое суток
- —
Оценка по просмотрам недавних постов: пост набирает почти всё за первые сутки.
Посты
«Сага ырайымын төккөндү ырайымсызга барып даттанба» Канча деген адамдар кайсыл бир күчү, же акчасы, же аброю бар адамдарга барып өзүнүн муктаждыктары жөнүндө айтып беришет, кээ бирлери наалып, кээ бирлери даттанышат. «Мен ушунчалык кыйналып кеттим, жашоом оор болуп кетти, эмне кыларымды билбей калдым, мен жардамга муктажмын» ж.б.у.с. сөздөр менен жалынышат, кээде ыйлашат, көз жашын төгүп байкуш болгон абалда жалдырашат. Мунун бары кайсыл бир адамдын алдында, макул ал адам ажо болсун, чиновник болсун, бир колунда бар бай адам болсун, бирок алар Аллах кааласа сага жардамын себеп гана болуп бере алышат, ал эми Аллах каалабаса, кымындай дагы көмөк көрсөтүп коюшпайт. Пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) хадисте айтат: «Билгиниң, эгер адамдардын баары чогулуп сага бир пайда беребиз дешсе, Аллах сага жазгандан ашыкча эчтеке бере алышпайт, жана баардык адамдар чогулуп, сага бир жамандык кылабыз дешсе, Аллах сага жазгандан ашыкча жамандык кыла алышпайт.» Ошончо оброю бар адамдардын баары чогулса дагы, Аллах сенин тагдырыңа жазган нерсени гана сага бере алышат. Бирок, сен байлык, мүлктүн Ээси болгон Аллахка кайрылдыңбы, тиги адамдардын алдында сурангандай Аллахтан сурадыңбы, кайсыл бир аброю бар адамдын алдында ыйлагандай Аллахка жалынып көзүңдү жашка толтурдуңбу? Тиги сен жалынган адамдар сага ырайым кылбайт, бирок сага ырайым кылуучу Аллах Таала гана. Сен билип же билбей Аллахтын жазган тагдырын айтып тиги ырайымсыздарга даттанып атасың. Пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айтат: «Ким Аллахтан сурабаса, ага Аллахтын ачуусу келет» – деп. Сен Жүрөгүңдү Аллахка байла, адамдарга эмес, пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) хадисте: «Ким эмнеге байланса, ошого тапшырылат» – дейт. Сен Аллахтын камкордуганан чыгып, бүгүн сени эстеп, эртең сени унутуп койгон адамга тапшырылгың келеби? Бул эмне деген жаман алмаштыруу.
✅ Алгачкы момун-мусулмандардын кыштын пайдалары тууралуу сөздөрү • Аль-Хасан аль-Басри (табиин) айткан: «Кыш мезгили — момун үчүн кандай гана сонун убакыт. Түндөрү узун [намаз] тургузууга, ал эми күндөрү кыска орозо тутууга». الحسن البصري: نِعْمَ زمانُ المؤمنِ الشِّتاءُ ليلُهُ طويلٌ يَقومُه ونهارُهُ قصيرٌ يَصومُه 📚 «Лятаифуль-ма’ариф» 706
لماذا لا نحتفل برأس السنة الملادية؟ Эмне үчүн биз жаңы жылды майрамдайбайбыз? اللغة القرغزية Кыргыз тили الأصل في الأعياد على اختلاف مسمياتها أنها من شعائر الاديان. Майрамдар негизинен, алардын көптөгөн аталыштарына карабастан, алар диний иш - чаралар болуп эсептелет. فهي سمة من السمات التي تتميز بها كل ملة وأتباعها عن غيرهم. Алар ар бир динди башка динден айырмалай турган белгилер. وقد تواترت النصوص الشرعية بحصر أعياد المسلمين في عيدين كل عام. هما الفطر والأضحى Жана көптөгөн шариаттык далилдер мусулмандардын майрамдары чектелүү экенине ишарат кылат, чектелген эки майрам булар: Орозо айт жана Курман айт. وعيد كل أسبوع هو يوم الجمعة. Жана ар бир апта майрамы - бул жума күн. قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: إن لكل قوم عيدا، وهذا عيدنا. Аллахтын элчиси ﷺ айткан: «Ар бир коомдун өзүнүн майрамдары бар, жана бул биздин майрам». وما سوى ذلك من أعياد كالكريسماس ورأس السنة الميلادية وغيرها، فهي لأهل الكتاب. Ушу эки майрамдан башка майрамдар, мисалы Рождество, Жаңы жыл жана башка майрамдар - булар китеп ээлери үчүн (христиандар). ولا يجوز للمسلم اعتبارها ولا الاحتفال بها. Жана мусулман үчүн аларды кабыл алуу же майрамдоо мүмкүн эмес. ولا التهنئة بها او المشاركة فيها. Аларды куттуктоо же алар менен бирге болуу мүмкүн эмес. ويدخل في ذلك: إهداؤهم ما هو من لوازمها، Жана аларга белек берүү дагы болбойт. أو بيعهم هذه المستلزمات من أنوار وأشجار. ومأكولات معينة. Жана аларга тийешелүү буюмдарды сатуу болбойт, жылтырак, балаты же ылайыктуу тамактарды дагы сатууга тыюу салынат. فإن هذا منهي عنه لسببين: Бул тыюу эки себептен: الأول: إن في ذلك تشبها بهم، وإقرارا لهم على كفرهم، وقد حرم الإسلام التشبه بالكافرين فيما هو من خصائصهم. Биринчиден: Бул нерсе каапырларды туурап жана алар менен каапырчылыгына макул болуу, Ислам болсо алар өзгөчөлөнгөн нерселерде аларды туурап, окшошууну тыйат. الثاني: إن في هذه الأعياد ابتداعا وإحداثا في دين الله تعالى. Экинчиден: Бул майрамдар - Аллахтын динине жаңылык кошуу болуп саналат. قال ابن القيم رحمه الله: وأما التهنئة بشعائر الكفر المختصة به فحرام بالاتفاق. Ибн Аль-Кайим (Аллах ага ырайым кылсын) айткан: «Каапырлардын өзгөчөлөнгөн майрамдарына катышуу же аларды белгилөө баардык аалымдардын пикири боюнча арам болуп эсептелет. كأن يهنئهم بأعيادهم. فيقول: عيد مبارك عليك. أو تهنأ بهذا العيد أو نحوه. Мисалы: Аларды «Майрамыңыздар менен», «Майрам куттуу болсун», «Куттуктайм» жана ушул сыяктуу куттуктоолор (арам). فهذا إن سَلم قائله من الكفر، فهو من المحرمات. Минтип айткан адам каапыр болуп калбаса дагы, бул сөздөрдү айтууга тыюу салынган. ولا يعني هذا إساءة المعاملة، ولا الاعتداء! Жана бул нерсе, албетте жаман мамиле же душманчылык дегенди билдирбейт. فإن رفض المشاركة ليس اعتداء، وإنما هو تميز المسلم واستقلاله في معتقداته وشعائره عن غيره. Бул айырмалануу мусулмандардын аларга болгон дооматы эмес, мусулман өз дини менен жана диний иш чаралары менен айырмаланып тураарына болгон көргөзүү. ولهذا جاز قبول الهدية منهم. Ушул себептүү мусулмандарга алардан белек алуу уруксат берилет. ولا يعد ذلك مشاركة ولا إقرارا للاحتفال. Жана бул нерсе алардын майрамдарына катышуу дегенди билдирбейт. بل تؤخذ على سبيل البر وقصد التأليف والدعوة إلى الإسلام. Аларга болгон жакшы мамиле жана Исламга чакыруу даваты катары кабыл алынат. ما لم يكن مما ذبحوه لأجل العيد. Майрам үчүн курмандык кылып союлган малдан тышкары. قال شيخ الاسلام ابن تيمية رحمه الله: وأما قبول الهدية منهم يوم عيدهم، فقد قدمنا عن علي بن أبي طالب رضي الله عنه أنه أُتي بهدية النيروز فقبلها. Шейхул - Ислам Ибн Таймия (Аллах ага ырайым кылсын) айткан: «Алардан белек кабыл алуу тууралуу бизге белгилүү, Али Ибн Абу Толиб (Аллах андан ыраазы болсун) Нооруз майрамында белек кабыл алган.(бирок - бул Ноорузду майрамдоого уруксат эмес) وعن أبي برزة أنه كان له سكان مجوس فكانوا يهدون له في النيروز والمهرجان. فكان يقول لأهله ما كان من فاكهة، فكلوه. وما كان من غير ذلك، فردوه. Жана Абу Барзадан риваят кылынат, анын отко сыйынуучу кошуналары болгон, алар ага Нооруз жана Махражанда белек жиберишкен. Жана ал үй бүлөсүнө айткан: «Ал жактан мөмө жемиштерди алып жеп, калганын кайтарып бергиле» деген. https://t.me/bakyt_achkychy
https://t.me/bakyt_achkychy
● Абу Бакр аль-Уарак аль-Бальхи айтат: شهر رجب شهر للزرع، وشعبان شهر السقي للزرع، ورمضان شهر حصاد الزرع «Ражаб айы – урук себүү айы, Шаабан – уруктарды сугаруу айы, ал эми Рамадан болсо – түшүмдү жыйноо айы» 📚لطائف المعارف لابن رجب الحنبلي
• ‘Ата' (табиин) айтты: «Чындыгында, адам ачуусу келген учурда ушундай сөздү айтышы мүмкүн, ал сөзү анын алтымыш (60) же жетимиш (70) жылдык жакшылык амалдарын жокко учуратып салат». عطاء: إن الرجل ليتكلم في غضبه بكلمة يهدم بها عمل ستين سنة أو سبعين سنة 📚 Ибн Раджаб «Фатхул-бари» 1/200
• Аль-Хасан аль-Басри (табиин) айтты: أَفْضَلُ الْعِلْمِ الْوَرَعُ وَالتَّوَكُّلُ «Эң мыкты илим — бул Аллахтан коркуу жана Аллахка гана таянуу». 📚 Ахмад «аз-Зухд» 1500
✅ Иблис (шайтан) уктайбы? • Ал-Хасан ал-Басриден (табиин) сурашты: «О Абу Са‘ид, Иблис уктайбы?» Ал айтты: «Эгер ал уктачу болсо, биз анда эс алмакбыз». سُئِلَ الْحَسَنُ: يَا أَبَا سَعِيدٍ هَلْ يَنَامُ إِبْلِيسُ؟ قَالَ: لَوْ نَامَ لَوَجَدْنَا لِذَلِكَ رَاحَةً 📚 Ахмад «аз-Зухд» 1506
• Ибрахим ибн Адхам айтат: «Эгер сен ар дайым тообо күзгүсүн карап жүрсөң, анда сага күнөөлөр жийиркеничтүү ыплас экени көрүнөт». قَالَ إِبْرَاهِيمُ بْنُ أَدْهَمَ: إِنَّكَ إِذَا أدَمْتَ النَّظَرَ فِي مَرْآةِ التَّوْبَةِ بَانَ لَكَ شَيْنُ قُبْحِ الْمَعْصِيَةَ 📚 «Хильятуль-аулия» 8/26
• Ибн ‘Аббас (Аллах андан ыраазы болсун) айткан: «Качан силер базарыңардан же кажетиңерден үйүңөргө кайткан соң, төшөгүңө жатып Курандан үч аят окуп койгонго силерге эмне тоскоолдук кылат?!» مَا يَمْنَعُ أَحَدَكُمْ إِذَا رَجَعَ مِنْ سُوقِهِ أَوْ مِنْ حَاجَتِهِ فَاتَّكَأَ عَلَى فِرَاشِهِ أَنْ يَقْرَأَ ثَلَاثَ آيَاتٍ مِنَ الْقُرْآنِ 📚 ад-Дарими 3379
● Аллахтын элчиси ﷺ айтты: «إن الرجل يؤجر في نفقته كلها إلا في هذا التراب». «Адам ар бир (жакшылыка) короткон акчасы үчүн сооп алат, тек ушул жерден башка (м.а. качан өзүнө үй салганда, же башка ага окшогон кажети жок нерсени)» (Ас-Сахиха 2831)
• Аль-Хасан аль-Басри (табиин) айтты: «Бир мусулмандын кажетине жардам берүү мен үчүн миң рекеет напил намаз окуудан сүйүктүүрөөк». لَأَنْ أَقْضِيَ لِمُسْلِمٍ حَاجَةً أَحَبُّ إِلَيَّ مِنْ أَنْ أُصَلِّيَ أَلْفَ رَكْعَةٍ 📚 Ибн Аби-Ддунья «Къадауль-хауаиж» 37
● Умар ибн ал-Хаттаб айтты: إياكم والدين؛ فإن أوله همٌّ، وآخره حربٌ «Карыздан абайлагыла, чындыгында, анын башталышы тынчсыздануу, аягы болсо согуш» 📚 ал-Муватта 2239
🖋 Имам аш-Шафии رحمه الله : بقدرِ الكدِّ تُكتسبُ المعالي ومن طلب العُلا سَهِرَ الليالي ومن رام العُلا من غير كدِّ أضاع العمر في طلب المُحال ترومُ العزَّ ثم تنامُ ليلًا يغوصُ البحرَ من طلب اللآلي Мээнеттин кадыры чокуларга жеткирет Ким бийиктикти самаса, ал түнү сергек Бийиктикти мээнетсиз кааласаң Анда өмүрүң куру текке кетет Улуулукту каалайсың, анан түндө уктайсыңбы Берметти самаган, көлдүн түбүнө жетет. 📝Бакыт ачкычы
без подписи
● Аллахтын элчиси ﷺ сахабалардан: أَيَعْجِزُ أَحَدُكُمْ أَنْ يَقْرَأَ ثُلُثَ الْقُرْآنِ فِي لَيْلَةٍ «Силердин араңардан ким бир түндө Курандын үчтөн бирин окууга кудуреттүү?» — деп сурады. Сахабаларга бул кыйын көрүнүп кетти, алар: «Ким муну кыла алат, о Аллахтын элчиси?» — дешти. Ошондо Пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) аларга айтты: قُلْ هُوَ اللَّهُ أَحَدٌ، اللَّهُ الصَّمَدُ... ثُلُثُ الْقُرْآنِ «Айткын: “Ал, Аллах Бир, Аллах Өзүнө-Өзү жетиштүү...” — бул Курандын үчтөн бири». (Бухари, Муслим) Бул Пайгамбарыбыздын сөздөрү көрсөткөндөй, ким «Ал-Ихлас» сүрөсүн окуса, ал Курандын үчтөн бирин окуган сыяктуу сооп алат. Эмне үчүн? Анткени Курандын мазмуну негизинен үч бөлүккө бөлүнөт: 1. Аллах жөнүндө маалыматтар: Анын Заты, ысымдары, сыпаттары, бирдиги (таухид). 2. Окуялар жана мисалдар: Бейиш жана Тозок тууралуу баяндар, Кыямат күнү жөнүндө кабарлар, өткөн элдердин тарыхы, пайгамбарлардын жана элчилердин баяндары. 3. Шариаттык жоболор: Аллахтын буйруктары жана тыюулары. «Ал-Ихлас» сүрөсү толугу менен Улуу Аллахтын Заты, ысымдары жана сыпаттары тууралуу. Башкача айтканда, бул сүрө таухидге — Аллахтын бирлигине — арналган. Ошондуктан ал Курандын үч негизги темасынын бирин камтыйт жана сооп жагынан үчтөн бирине тете болот. Бирок бул сүрө Курандын үчтөн бирине сооп боюнча гана тете экенин билдирет. Ал эми аны окуу бүтүндөй Куранды окуганды алмаштырбайт. 📚Бакыт ачкычы [Ихлас сүрөсүнүн пазилеттери]
● Пайгамбарга (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) шек жок ишенгендин күбөлүгү. — ‘Умар ибн Хузайма өзүнүн пайгамбардын сахабасы болгон агасынан риваят кылат: Пайгамбар ﷺ бир бедуинден ат сатып алган. Пайгамбар ﷺ ага акы төлөө үчүн атты жетелеп кеткен. Аллахтын Элчиси ﷺ тез басып бара жаткан, ал эми бедуин жай басып, ошол учурда эл аны курчап алышып, атты сатып алуу үчүн соодалашып жатышкан. Алар Пайгамбар ﷺ ал атты мурда эле сатып алганын билишкен эмес. Ошондо бедуин Пайгамбар ﷺды чакырып: «Же сен атты сатып ал, же мен аны башка бирөөгө сатам», — деди. Бул сөздөрдү укканда Пайгамбар ﷺ келип: «Мен аны сенден сатып алган жок белем?» — деди. Ал болсо: «Жок, Аллахка ант берем, мен аны сага саткан эмесмин», — деди. Пайгамбар ﷺ айтты: «Жок, мен аны сенден сатып алганмын». Ошондо бедуин: «Далил катары күбөңдү алып кел», — деди. Хузайма ибн Сабит айтты: «Мен күбөмүн, сен аны сатып алгансың!» Пайгамбар ﷺ Хузайманын жанына келип сурады: «Эмненин негизинде сен күбө болуп жатасың?» Ал жооп берди: «Сенин сөзүңө ишенгеним үчүн». Ошондо Пайгамбар ﷺ «Хузайманын күбөлүгүн эки эркектин күбөлүгүнө барабар» – деп жарыялады. 📚 Абу Дауд (3607) ، Ан-Насаи (4647)، Ахмад (21883)
без подписи
без подписи
أبي سعيد الخدري قال خرج علينا رسولُ اللهِ - صلَّى اللهُ عليهِ وسلَّمَ - ونحن نتذاكر المسيحَ الدجالَ فقال : ألا أخبركم بما هو أخوفُ عليكم عندي من المسيحِ الدجالِ ؟ ، فقلنا : بلى، يا رسولَ اللهِ قال : الشركُ الخفيُّ : أن يقوم الرجل فيصلي فيزيدُ صلاتَه ؛ لما يرى من نظرِ رجلٍ ● Абу Саид ал-Худри айтат: «Бизге Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) кирип келди, биз ал убакта бири бирибиз менен Дажжал жөнүндө сөз кылып жатканбыз, анан (Пайгамбар ﷺ) айтты: "Дажжалдан дагы силер үчүн эмнеден көбүрөк коркконум жөнүндө айтып берейинби?" Биз айттык: "Албетте, о, Аллахтын элчиси" – деп, ал ﷺ: "Жашыруун ширк, качан адам туруп намаз окуп жатып, башка адамдар аны карап жатса, атайы намазын кооздоп окуганы" – деди» 📚Ахмад, 3/30; ибн Мажах, 4204; ибн ‘Ади «ал-Камил», 3/174 ж.б.