tgindex
Бейиш Нуру

Бейиш Нуру

Статистика
@beyishnuruofficialрусский

Ыйман акыйкаттары

Последний пост
29 сент. 2025 г.
Последнее чтение
03:38
Постов за неделю
0
Всего постов
21
Тип
открытый
Язык
русский
В каталоге с
15 авг.
Подписчики
265
−2 за 3 дн.
Сутки
−2
−0,75%
Неделя
 
Месяц
 
Просмотров на пост
538
20 постов
Вовлечённость
203,0%
к подписчикам
Постов в день
0,0
всего 21
Упоминаний
0
каналов
Охват размещения
оценка
1/24сутки в ленте
1/48двое суток
1/72трое суток

Оценка по просмотрам недавних постов: пост набирает почти всё за первые сутки.

Посты

  • https://youtu.be/yPllzSokCtA?si=yYucmbutc3lvxQFN

  • @beyishnuruofficial

  • 31 июл. 2025 г.45473из teleskop_kanaly

    ХАМАС лидери Исмаил Ханиянын шейит болгонуна 1 жыл толду. Аллах Таала Өз ырайымына алсын. Бул инсандын өмүрү тууралуу Телескоп Ютуб каналынан көрө аласыздар.

  • 28 июл. 2025 г.464112из bilbeymm

    Ырас, исламдын бүт дартына ыраазы экениңди билдирип жатасың. Бул сүйүнчүң бизге эргүү берип, демибизге дем кошууда. Андай болсо жакшылап ук! Милдетиң мындай: Тикендердин арасынан гүл тересиң, жалаң бутуңа, ачык колуңа сайылат, буга сүйүнөсүң. Фараондордун кучагында чоңойгон Мусаны (а.с) жаныңа жан-жолдош кыласың. Жаныңа алганың үчүн токмоктошот. Чуркайсың, чуркаганың үчүн зынданга салышат, ага кубанасың. Чөлгө сүргүнгө айдалсаң каның менен бак көгөртөсүң. Уюлдарга айдалсаң денеңдин жылуулугу менен жемиш өстүрөсүң. Жашыл бакты жактырбагандар чыгат. Кулатышат, сындырышат. Сен буга сабыр кыласың. Караңгы зындандарга камашса жарык, дат баскан көңүлдөрдү көрсөң үмүт, ыймансыз жүрөктөрдү көрсөң нур бересиң. Нур чачканың үчүн сени күнөөлөшөт, жазалашат буга шүгүр кыласың. Ата-энеден, жар-жолдоштон ажырайсың. Ажыраганың үчүн жүрөктөн, чын көңүлдөн Куранга жабышасың. Тамчы болсоң да деңиз, дем болсоң да тайфун болосуң. Дартыңды жазуу үчүн териңди кагаз, каныңды сыя кыласың. Эч ким менен көрүштүрбөсө Мажнун болуп чөлдөрдү кезесиң. Лейланы издегендей нур издегендерди табасың. Таба албасаң муңканбайсың. Жалган-жалаа, каралоого кабылсаң өзүңдү кармайсың. Алдыңа темирден тосмо тосушса, тишиң менен тешесиң. Бүткүл тоолорду тешүү керек болсо ийне менен оёсуң. Унутпа, каякта болбогун каапырдык менен наадандыктын пайдубалын уратасың. Бир күнү Курандын айланасындагы чептердин кулаганын көрсөң, дароо сөөктөрүңдү кирпич, этиңди эритме, каныңды суу кыласың. Айланаңа илимден, ирфандан, фазилеттен, ахлактан чеп курасың. Чептер жанкечерлерди талап кылат. Анда сен да жанкеч болосуң. Бул катты окуганда Месневини окуган Юнус Эмре сыяктуу узун жазылыптыр дейттирсиң. Сен да узун айтуунун эмне кереги бар, “Куран талебеси болосуң” десең жетиштүү болмок деген чыгарсың. Туура айтасың. Анткени Ислам жолуна түшкөн адам бул жол кылдан ичке, кылычтан миздүү экенин жана ар кишинин эмес эр кишинин иши экенин билет… (Мүдөөлүү адамдын калеминен) Зубейир Гүндүзалп

  • Инсан кумарага окшош. Канчалык бош болсо, үнү ошончолук катуу чыгат. 📕Dava adamından notlar📝 Зубейир Гүндүзалп

  • https://youtu.be/itsgxpaNmAY?si=ntMNesmMuDorjMrJ

  • Ооба, бул аалам инсан үчүн жаратылган, ал эми инсан болсо, Марифатуллах (Аллахты таануу) жана Мухабатуллах (Аллахты сүйүү) үчүн жаратылган. 📕RNK, Lemalar @beyishnuruofficial

  • Кел,биз жашап жаткан дүйнө сарайыбызды ысытып жаткан “Күн” деп аталган мештин же болбосо лампанын иштөөсү үчүн канча отун, көмүр жана күйүүчү май керектелерин эсептеп көрөлү. Бир эле күндүк чыгымы үчүн,астрономия илиминин айтуусу боюнча: бир миллион Жер шарынчалык отун, миңдеген деңиздердей күйүүчү май керек болот. Эми ойлонуп көр! Аны отунсуз, күйүүчү майсыз, ар дайым жарык кылып турган Кадири Зулжалалдын (Айбаттуу Кадыр болгон Зат) улуулугуна, акылмандыгына, кудуретине күндүн атомдорунун санынчалык “Субхааналлах,Маашаллах, Бааракаллах” деп айт. 📕RNK, Lemalar @beyishnuruofficial

  • Шарият боюнча күйөөсү аялына куфув, тактап айтканда, бири-бирине ылайыктуу болушу керек. Бул куфув менен тең болуунун эң маанилүүсү дин жагынан. Аялынын диндарлыгына карап, ага ылайык болууга умтулган жана өмүрлүк жарын түбөлүктүү жашоодо жоготуп албоо үчүн диндар болгон эркек кандай гана бактылуу. Күйөөсүнүн диндарлыгына карап «Түбөлүктүү жолдошумду жоготуп албайын» деп, такыба болгон аял кандай гана бактылуу. Диндар, салиха аялын түбөлүк жоготуп ала турган, бузукулукка кирген эркекке наалат болсун! Такыба күйөөсүн ээрчибестен, аны түбөлүккө жоготуп алган аял кандай гана бактысыз аял.. 📕RNK,Lemalar @beyishnuruofficial

  • بِسْمِ اللِّٰ الرَّحْمٰنِ الرَّح۪يمِاِنَّ النَّفْسَ لَامََّارَةٌ بِالسُّٓوِءِ Мааниси: «Напси ар-дайым жамандыкка жетелейт» - деген аят менен اَعْدَىعَدُوِّكَنَفْسُكَالّتَِىبَيْنَجَنْبَيْكَ «Сенин эң зыяндуу душманың – бул сенин напсиң» - деген хадис-и шарифтин терең бир мааниси баяндалат. Напсисин тарбиялабай, оңдобой туруп, өз напсисин жактырып, жакшы көргөн адам башка адамды сүйбөйт. Эгер сыртынан сүйсө да чындап сүйө албайт. Балким, андагы пайданы же ырахатты сүйөт. Өзүн дайыма жакшы көрсөтүүгө жана сүйдүрүүгө аракеттенет. Ката-кемчилигин мойнуна алгысы келбейт. Ал тургай адвокат сыяктуу ар дайыма өзүн коргоп, актап турат. Апыртуулар, ал тургай жалгандар менен напсисин мактап, аруулап, аны кудайлык даражага чыгарганы үчүн жана даражасына жараша مَنِ اتخََّذَاِلهَهُ هَوَيهُ деген аяттын токмогун жейт. Өзүн мактап, сүйдүргөнгө аракет кылуусу тескери натыйжа берип, жийиркенүүгө кабылтып, суук мамилеге туш кылат. Ары акыреттик амалдарда ихласы жоголуп, рия кылып алат. Акыбетти көрбөгөн, натыйжаларды ойлонбогон жана учурдагы жыргалга умтулган напсинин каалоолоруна жеңилип, жолунан адашкан сезимдердин уруксаты менен бир сааттык ырахат үчүн бир жыл абакта отурат. Бир мүнөттүк текеберликтин же өч алуунун айынан он жыл жаза тартат. Кудум эле Курандан сабак алган “Амма” жүзүн бир момпосуйга алмаштырган эси жок баладай, сезимдерин ырахаттантып, каалоолорун кандыруу үчүн алмаздай баалуу акыреттик соопторун шише сыныктарына окшогон ырахаттарга, менменсинүүлөргө колдонуп, пайдалуу иштерде зыянга учурайт. اَللٰهُّمَّ احْفَظْنَا مِنْ شَرِّ النَّفْسِ وَالشَّيْطَانِ وَمِنْ شَرِّ الْجِنِّ وَاْلاِنْسَانِ 📕RNK, Lemalar @beyishnuruofficial

  • Өлүм – бул айрылуу эмес, жолугушуу, жер которуу жана түбөлүктүү мөмөнүн көчөтү. 📕RNK, Lemalar @beyishnuruofficial

  • Оо, кыйынчылыкка кабылып, бөлүнүп кеткен момундар жана акыйкат жолундагылар! Мына ушундай оор заманда ыкласты колдон чыгарып, бир гана Аллахтын ыраазычылыгын башкы максат кылбаганыңар үчүн мусулмандардын кемсинип, жеңилишине себепкер болуп жатасыңар. Диний жана акыреттик иштерде атаандашуу, көз артуу, көрө албастык жана кызганыч акыйкат көз карашында болбошу керек. Анткени кызгануу жана көрө албастыктын себеби: бир нерсеге көп адамдардын кол сунгандыгынан, бир орунга көп адамдардын көз арткандыгынан жана бир нанды көп ашказандар каалаганынан. Ушул себептен улам келишпестик, талаш-тартыш жана атаандашуу пайда болуп, көз артууга, андан соң кызганууга алып барат. Бул дүйнөдө бир нерсеге көп талапкер болгондуктан, ошондой эле бул тар жана убактылуу дүйнө адам баласынын чексиз каалоолорун канааттандыра албагандыктан, атаандашуу келип чыгат. Бирок акыретте ар бир адамга беш жүз жылдык кенендиктеги бейиш тартуу кылынат, жетимиш миң хан сарай менен үр кыздар берилет. Бейиштегилердин баары өз үлүштөрүнө толук ыраазы болушат. Демек, мына ушунун өзү акыретте атаандаша турган маселе жок жана атаандашуунун өзү да жок экенин көрсөтүп турат. Андай болсо, акыретке караштуу сооптуу иштерде да атаандашуу болбошу керек жана аны кызгануу да туура эмес. 📕RNK, Lemalar @beyishnuruofficial

  • Өлүм сыртынан көрүнгөндөй коркунучтуу эмес. Башка китепчелерибизде Кураны Хакимдин берген нуру менен шек-күмөнсүз түрдө ачык далилдегенибиздей, өлүм – ыймандуулар үчүн бул жашоо милдеттеринен бошотулуу. Сыноо дүйнөсүндөгү окуп-үйрөнүү менен таалим-тарбия болгон кулчулуктан тыныгуу. Акырет ааламына кеткен токсон тогуз пайыз жакындары менен сүйүктүүлөрүнө жолугуу үчүн бир себеп. Чыныгы мекенине жана түбөлүктүү бактылуулук жайына бир жолдомо. Дүйнө зынданынан бейиш бакчаларына бир чакырык. Кылган кызматына жараша Ырайымдуу, Жоомарт Жаратуучусунан акы алуу үчүн кезекке туруу. Ырас, акыйкатында өлүмдүн маңызы ушундай. Ага коркуу менен эмес, тескерисинче, ырайымдын жана бактылуулуктун башталышы деген назар менен кароо керек. Кээ бир олуялардын өлүмдөн коркуулары өлүмдүн коркунучтуулугунан эмес, балким, дагы көбүрөөк жашап, көбүрөөк сооптуу иштерди жасоо үчүн болгон. Ооба, өлүм – ыймандуулар үчүн ырайым эшиги. Адашкандар үчүн болсо, түбөлүктүү караңгылык чуңкуру. 📕RNK, Lemalar @beyishnuruofficial

  • Оо, менин акыреттик бир туугандарым жана Куран кызматындагы досторум! Билесиңер жана билип алгыла: Бул дүйнөлүк иштерде, айрыкча акыреттик кызматтарда эң маанилүү негиз, эң зор күч-кубат, эң кабыл болгон шапаатчы, эң күчтүү таяныч, акыйкатка алып барчу эң кыска жол, сөзсүз кабыл боло турган дуба, максатка жеткирүүчү эң кереметтүү жол, эң бийик кулк-мүнөз, эң таза ибадат – бул ыклас болуп саналат. 📕RNK, Lemalar @beyishnuruofficial

  • Аллах өзүнүн чексиз жоомарттыгы менен эң жакыр адамга эң бай адам сыяктуу жана эң кедей адамга да падыша сыяктуу ырыскыларынын ырахатын таттырууда. Ооба, бир жакыр адамдын, бир сындырым кара нандан ачкалык менен үнөмдөө аркылуу алган ырахаты бир падышанын же байдын ысырап кылуудан пайда болгон тажоодон жана табитсиздик менен жеген эң кымбат баклавадан алган ырахатынан көбүрөөк болот. 📕RNK, Lemalar @beyishnuruofficial

  • без подписи

  • Бейиш Нуру pinned «Пайгамбарыбыз ﷺайтат: "Ашура күнү орозо кармоо өткөн жылкы күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот.” ( Муслим) “Ашура” сөзү “онунчу” деген маанини берет. Мухаррам айынын онунчу күнү “Ашура” аты менен белгилүү. Бул жылы Ашура күнү 5-июль болот. Бул күнү адамзат…»

  • Пайгамбарыбыз ﷺайтат: "Ашура күнү орозо кармоо өткөн жылкы күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот.” ( Муслим) “Ашура” сөзү “онунчу” деген маанини берет. Мухаррам айынын онунчу күнү “Ашура” аты менен белгилүү. Бул жылы Ашура күнү 5-июль болот. Бул күнү адамзат тарыхында өтө маанилүү окуялар болгон. Абу Лайс ас-Самаркандий “ Танбиихул гоофилиин” китебинде айтат: Адам атанын тообосу кабыл болгон; Сулайман алайхи саламдын мүлкү кайтарылган; Нух пайгамбардын кемеси тоого барып конгон; Юнус алайхи салам киттин ичинен чыккан; Муса алайхи саламдын коомун Фиръавндан куткарган күн ж.б деп айтылат. Алар шүгүр келтиришип орозо кармашкан. Пайгамбарыбызﷺ бул күнү орозо кармаган. Бирок жөөттөр да бул күнү орозо кармагандыктан , Пайгамбарыбыз ﷺ алардан айырмалануу үчүн , андан мурунку бир күндү кошуп орозо кармаган. Ошол үчүн мусулмандар да орозо кармоо жакшы. Пайгамбарыбыз ﷺ: “Ашура күнү ким үй-бүлөсүнө жакшылык кылып, адаттагыдан көп сарптаса, Аллах ага бир жыл бою кеңиричилик берип коёт.” 📖Табараний «Кабиир» жана Байхакий «Шуъабул ийман». @beyishnuruofficial

  • https://www.instagram.com/reel/DLm65avtgQ7/?igsh=MXZpcXp0bGxlc2htaA==

  • https://www.instagram.com/reel/DLVHpS7OVry/?igsh=MXI2cTJneWs2NHRuaQ==