Акылсыздан акылдуу сөздөр
СтатистикаСүйлөп жатканда ойлонуңуз кулак менен эмес жүрөк менен угуп жаткандар бар..🫀
- Последний пост
- 9 авг.
- Последнее чтение
- 23:58
- Постов за неделю
- 0
- Всего постов
- 20
- Тип
- открытый
- Язык
- русский
- Категория
- Религия (по похожим)
- В каталоге с
- 13 авг.
- 1/24сутки в ленте
- 340
- 1/48двое суток
- 389
- 1/72трое суток
- 420
Оценка по просмотрам недавних постов: пост набирает почти всё за первые сутки.
Посты
ЖАНЫМ… Августь түнү, саат сокту он бирди, Укта эми…Ырым тыңшап каралдым. Сен сүзүлүп уктап бара жатканда, Бешик сымал терметүүгө даярмын. Укта жаным…саат сокту он бирди. «Бейпил түн» деп күбүрөнөм кайталап, Сезет жүрөк бул учурдун кайтпасын. Ушул таттуу эки сөздү шыбырап, Менден кийин эч ким сага айтпасын. Укта жаным…саат сокту он бирди . Укта сулуу, сонун-сонун түш көрүп, Мен турайын көз жүгүртүп талаага, Куштарга айтам убагында сайрасын, Жылдыз тарап, таң агарсын жана да. Укта жаным…саат сокту он бирди. Таң жаңырса ушул түндүн өткөнү, Бул күнү да көңүл бирге ырдасын. «Кутман тан» деп ойгонгондо жаныңда, Менден кийин эч ким күтүп турбасын. Укта жаным…саат сокту он бирди .
Алар биздин көңүлүбүздү, акылыбызды, ишенимибизди жана жашообузду уурдап жатышат. Биз чындап эмгектенүүнү, ийгиликке жетүүнү каалайбыз. Бирок эмнеге кылбай жатабыз? Бизди эмне токтотуп жатат? Биринчи ката — убактыңды ушул жерде текке кетирүү. Социалдык тармактар акылыңды ылдамдыкка жана ырахатка көз каранды кылып, таштандыга айландырып жатат. Суроо жөнөкөй: кыялдарыңды уурдаган күчтөргө баш ийесиңби? Же кайра өзүңө келип, максаттарың үчүн кадам таштайсыңбы?
"Шаардын экинчи четинен бир адам чуркап келди..." Куран ошол чуркоону өлбөс кылды. Бир адамдын атын эмес, багытын жазып калтырды. Шаардын экинчи четинен чындыкка карай чуркаган бир адамды бардык кылымдардын эс тутумуна калтырды. Бүгүн эч ким ошол адамдын жүзүн билбейт, бирок миллиондогон адам анын таштаган кадамын билет. Куран ушундай. Кээде бир кудукту бир үммөттүн үмүтүнө айлантат, кээде бир көйнөктү сабырдын аты кылат, кээде бир таякты деңиздерден да чоң көрсөтөт, кээде бир кумурсканын сөзүн аскерлердин жүрүшүнөн да баалуу кылат, кээде болсо аты-жөнү белгисиз бир адамдын чуркоосун аттары унутулган падышалардан да узак жашатат. Курандын керемети айтып бергендери гана эмес, адамдын караган ар бир нерсесине кайрадан маани берүүсү.
Жакшы адам болгонуң үчүн башыңа дайыма жакшылык келе бербейт. Өтө көп курмандык кылдың деп эле баары сени жакшы көрө бербейт. Кыйналдың деп эле дүйнө сага сыйлык сунбайт. Өмүр — эмгек канчалык болсо, сыноо да ошончолук. Ниетиң канчалык таза болсо, чындык да ошончолук болот. Баарына берген баалуулугуңду өзүңө кайра аласың деп ойлосоң, эң чоң көңүл калууну башыңдан өткөрөсүң. Себеби кээ бир адамдар жакшылыкты баалагандын ордуна аны пайдаланууну тандайт. Ошондуктан: _Жакшылык кыл, бирок жообун адамдардан күтпө. Курмандык кыл, бирок өзүңдү түгөтпө. Сүй, бирок өзүңдү арзандатканчалык эмес._ Чыныгы тынчтык адамдардан күтүүнү үзүп, аны Аллахка байланыштырганда башталат. Ошондо кылган жакшылыгың да текке кетпейт, тарткан кыйналышың да маанисиз калбайт. Түшүнбөдүңбү? Кайра оку.
Урушту бир жакка таштадым. Өзүмдү билдире алуу үчүн өзүмдү кыйнабайм. Түшүнгөн адам түшүнөт эле дейм. Мени издөп сурабаган адамдын артынан түшпөйм. "Эй, мени анчалык деле кызыктырбайт" дейм. Жашоомдон керексиздерди тазаладым. Өзүмдү ичимди чарчаткан көпчүлүккө эмес, жүрөгүмө тынчтык берген кооз адамдарга калтырдым. Баалуулугумду билген адам менен бир жолдо жүрүү, бааланбаган жерде туруудан алда канча кооз экенин түшүндүм. Мени сүйгөндөргө өзүмдөн орун ачтым. Ох, кандай жакшы!
Адамды баалуу кылган нерсе - кемчиликсиздиги эмес,; өзүнүн караңгылыгына карабай жакшы бойдон калууга аракет кылуусу… Рахмат айтууну бир адеп, кечирим суроону бир кайрат, өкүнүүнү бир беттешүү катары көрө алган адамдар... Жүрөгүн ар күнү кайра текшерип, "Мен бүгүн кимдин жүрөгүнө тийдим, кимди оорутуп алдым, кимди айыктырып койдум?" деп сурай алган адамдар. Алар жандуу адамдар. Анткени алар башкалардын көзүнө "кемчиликсиз" көрүнүү үчүн эмес; өз абийиринин алдында ак болуу үчүн аракет кылышат. Жакшылыкты көрсөтмө үчүн эмес, ичинин эң үнсүз бурчунда көтөрүшөт…
Манас шаарынан
без подписи
Башкалардын жолу менен жүрүү оңой, бирок өз жолуңду табуу эр жүрөктүүлүктү талап кылат. Жаңыласың, жыгыласың, кээде токтоп дем алгың келет; мунун баары сага таандык жана өз эркиң. Эч ким сенин ордуң сезе албайт, баш тартпайт, же сенин ордуңа үмүт кылбайт. Ошондуктан жаз, тартып көр, жарат, унчукпай кой, сүйлө, күл, ыйла; эмне кылсаң да өзүң катары кыл. Интернеттеги жасалма бактылууларга суктанбай, эл эмне деп дейт деп эмес; өзүң үчүн жаша. Анткени адам эң көп, башка бирөө болууга аракет кылганда өзүн жоготот. Жана унутпа, жалгыз сен жашай ала турган ошол өмүр, так сен жашаганда гана мааниге ээ болот.
Жакшы адам болгондугуң үчүн башыңа жакшылык түшпөйт, абдан курмандык кылдың деп бирөө сени абдан сүйбөйт, жана жөн эле кыйналдың деп дүйнө сени сыйлабайт. Эч ким сен канчалык сабыр кылганыңа карап, сага татыктуу бааны берүүгө милдеттүү эмес. Канчалык чынчыл болсоң да, баары сага ошол эле чындык менен мамиле кылбайт. Жүрөгүң таза болушу, адамдар сага жамандык кылбайт дегенди билдирбейт. Баары эле сендей абийирдүү, баары эле сендей мээримдүү эмес. Ошондуктан жашоону соода сыяктуу көрбө; бергендериңдин жообун ар дайым ошол эле жерден күтпө. Себеби кээ бир адамдар эмгегиңди түгөт, кээ бирлери баасын билет. Жашоонун чындыгы ушул: татыктуу болу менен ээ болу ар дайым бир нерсе эмес. Түшүнбөдүңбү? Дагы бир жолу оку.
Балким биз жашоону өзүбүз чечтим деп ойлоп, өз билемдик менен, эч кимге карабай жашап жаткандырбыз. Бирок көздөгөн тоосубузга жетпей, жолубуз жаңылыш экенин, жанымызда болушун каалаган адам дал ошол жолдо жок экенин кеч түшүнөбүз. Артка бурулсак — өкүнүч, алдыга барсак — күч жок. Убакыт болсо кайра келбейт. Канча эмгек, канча жыл бекер кетти деп өзүбүздү гана кыйнайбыз... Адам өзү менен болгон согушту ута албайт да, туурабы? Же жүрөгү жеңилет, же акылдан таясын .Ошол эле жолдор менен баарыбыз кайта-кайта жүргөн жокпузбу? Жолдун аягы чыкпаз экенин билсек дагы, ар бир чыкпас көчөгө. Чыкпас экенин түшүнүү үчүн. Аягына чейин басууга аргасыз калган жокпузбу? Жолдун аягына келгенде болсо, каалабаган жериңде, каалабаган бир жашоону “өткөрүп бүтүү” гана калды баарыбызга. “Өттү кетти” деймин. Макул, эртеңки күн бар; үмүттөрдүн эң жакшы көргөн күнү.
Эгер бул окуянын бактылуу аягы менен бүтүшүн кааласаң, жүрөгүңдү таза карма. Сынып калсаң, кас менен эмес сабыр менен, адилетсиздикке туш болсоң, ачуу менен эмес кадыр-барк менен мамиле кыл. Эч кимге жамандык каалабай, эч кимге жүк болбой, абийириңди оорутуп албай жашоого аракет кыл. Өмүр кээде адамды сынайт, кээде күттүрөт, кээде эң жакшы көргөн нерселеринен алыстатат. Бирок таза жүрөк эң караңгы күндөрдө да жолунан адашпайт. Жакшылык менен жүргөндөр дайым эң кыска жол менен эмес, эң берекелүү жол менен барат. Балким баары каалаган убагында болбойт, бирок убагы келгенде артка бурулуп карасаң, башыңдан өткөн ар бир нерсе сени кооздогонун түшүнөсүң. Жүрөгүң таза болсо, жолуң кыйын болсо да аягы тынчтык болот.
без подписи
Акылың таң калат; Досуң душманга айланат, Душман туруп досуң болот. Ошентип кызык дүйнө, Болбойт деген нерсеңдин баары болот. Жыгылбайм десең жыгасың, Таң калбайм десең таң каласың. Эң кызыгы да ушу, өлөм деп жүрө берип, кайра жашай бересиң...
ЭҢ ЧОҢ ЖАКШЫЛЫК - АЛГАЧ ӨЗ РУХУҢДУ ОҢДОО Бир күнү артка бурулуп карасаң, чындыгында эч кимге эч нерсе болбогонун түшүнөсүң. Канчалык капа болсоң да, жашоо эч ким үчүн токтоп калбайт, баары жолун улантат. Сен ичиңде бороон-чапкындарды башыңдан өткөрүп жатканда, сыртынан карагандарга эч кимдин кабары да болбойт. Жараланып жатасың, ооруйсуң, сынбайсың, бирок бардык оорчулук дагы деле сенин жүрөгүңдө калат. Анткени азап да, кубаныч да эң көп ээсине тиет. Ошондо түшүнөсүң; өзүңдү талкалап кимдир бирөөгө сабак бере албайсың, болгону өз жүрөгүңдү түгөтөсүң. Ошондуктан топтолушуң, өзүңдү оңдошуң жана эң көп өзүңө жакшы мамиле кылышың керек. Анткени адамдар унутат, билбегенсип өтөт, атүгүл кээде билишсе дагы маани бербейт. Бирок сен өзүңө ээ чыкпасаң, эч ким сенин үчүн муну жасабайт. Эң чоң жакшылык – алгач өз рухуңду коргоо.
Ар кимдин басымдуу бир ырыскысы бар, Кимдики акчада, кимдики акылда, Кимдики сүйүүдө. Кимдики сапарда, кимдики көпчүлүктө, Кимдики тынчтыкта. Ар кимдин сыноосу бири-биринен айырмалуу. Көңүл буруңуз; Бир жерден кем болсоңуз Башка бир жерден ашыгыңыз бар.
АЛЛАХ БИЛЕТ Кээде болбошу, болгонунан да кайырдуу болот. Адам каалаган ар нерсесин кайыр деп ойлойт, бирок тагдырдын артындагы хикметти жалгыз Аллах билет. Кээ бир эшиктер жабылат, адам туура эмес жолдордо адашып кетпесин деп. Кээ бир дубалар кечигет, убактысы келгенде дагы коозусу насип болсун деп. Биз көбүнчө көргөнүбүзчө билебиз, калганын кемчиликтүү түшүнөбүз. Ал эми Аллах өткөндү да билет, келечекти да. Жоготуу деп ойлогон нерсең, балким чоң кырсыктын алдында тартылган бир пардадыр. Бир ажыроо, бир кечигүү, бир болбошу… кээде адамды коргогон эң чоң ырайым болот. Сабыр кылган адам убакыт өткөндө түшүнөт, ар бир “эмнеге”нин ичинде жашыруун бир “жакшы болуптур” бар экенин. Жүрөк жараланат, бирок жетилет. Адам күтөт, бирок күчөйт. Анткени Раббиң кээде берип эмес, бербей да ырайым кылаарын жашоо адамга сөзсүз үйрөтөт. Бизге тиешеси ар кырдаалда моюн сунууну, сабыр кылууну жана Аллахка ишенүүнү билүү. Анткени пенде эсеп кылат, тагдыр жазылат. Эң туурасын жалгыз Аллах билет.
https://whatsapp.com/channel/0029VbD3qlq1SWt2aionBd28 Каналга катталып, колдоп коюнуздарчыы
Оо, акыл ээлери! Эй, тирүү жүрүп уктап калган жүрөктөр! Эй, чындыкты билсе да унчукпаган тилдер! Келгиле, ойлонгула! Эң чоң адашуу кайда? Ал Роббисин унуткан жүрөктөбү...? Аллахтын берген мүлкүн мактануу үчүн колдонгондо беле...? Өлүм аны күтүп турса да, дүйнөгө түбөлүктүү жай катары байлангандабы...? Акыретти унутуп, үч күндүк дүйнөгө өмүрүн арнагандар жеңүүчү болобу...? Аллахтын сөзү бар туруп, ага кулак салбаган пенде акылдуубу...? Буйруктарын жеңил кабыл алган адам чындап сүйгөн болобу...? Оо, Жараткан! Бизге өкүнбөй турган жашоо, Бош кетпеген өмүр, Жана жылмайып жолуга турган өлүм насип эт...
СЕН БИРӨӨСҮҢ, СЕН МААНИЛҮҮСҮҢ. Сен дагы эч кимге окшобогон, өзүнчө бир баалуулуксуң. Башкалар менен өзүңдү салыштырып, өз баалуулугуңду түшүрбө. Ар бирибиздин жолубуз, сынообуз, жеңишибиз башкача. Сен өткөн жолдоруңдун баарын көтөрүп келдиң — бул өзүнчө күч. Азыркы чарчооң, шек-санааң убактылуу. Ал эми сенин ички сабырың, ниетиң, түшпөгөн ишенимиң — чыныгы байлыгың. Кыйын учурда ушул саптарды кайра оку: Сен бирөөсүң, сен жетиштүүсүң, сен маанилүүсүң.