tgindex
Эксперт to | AdileTTo

Эксперт to | AdileTTo

Статистика

Дациевдин мотиви боюнча диванда эксперттер чогулду

Последний пост
14 авг.
Последнее чтение
15 авг.
Постов за неделю
4
Всего постов
23
Тип
открытый
Язык
tk
В каталоге с
13 авг.
Подписчики
614
−2 за 4 дн.
Сутки
−1
−0,16%
Неделя
 
Месяц
 
Просмотров на пост
387
23 постов
Вовлечённость
63,0%
к подписчикам
Постов в день
0,6
всего 23
Упоминаний
1
каналов
Охват размещения
оценка
1/24сутки в ленте
184
1/48двое суток
210
1/72трое суток
227

Оценка по просмотрам недавних постов: пост набирает почти всё за первые сутки.

Посты

  • Эки пенальти тең талкуу жаратат. Биринчи таймдагы «Өзгөн» дарбазасына деле пенальти чечими 50/50. Топ колго тийди, бирок аралык дээрлик 1 метрдей эле, топтун багыты кайда баратат дагы, дарбаза кайсы тарапта калды? Калыс ышкырык жаңыртпай деле койсо болот эле. ОшМУнун айып аянтчасындагы күрөштө коргоочу эмнеге эки колун атаандаш тарапка багыттап жатат? Болгондо дагы эки колу менен? «Неграмотная игра» деген термин бар. Бул учурда корпус менен түртүү керек эле да. Бул эпизод дагы 50/50, бирок биринчи таймдагы пенальтини эске алуу менен пенальти коюлган сымал. https://youtu.be/HPT_x5ojThw?si=y3AEiM4TvxIRK_9h

  • «Өзгөн» клубу АстанАкулов деп тааныштырды эле. Лига Астанкулов деп берип жатат. Ошондой эле оюн протоколунда да Астанкулов деп жазып беришүүдө. Кайсынысы туура?

  • Токмок шаарында болбой калдыбы ошондо…

  • Бангладештик клубдан жеңилүү - уят. Тарыхыбызда биринчи жолу кыргызстандык клуб аталган өлкөнүн командасына жеңилди. Буга чейин олимпиадалык курамабыз да бир жолу жеңилди эле. Команда оптималдык калыпта эместиги даана көрүндү. Старттык курамда чыккандардын кай бири таптакыр эле даяр эместей. Ясковичтин каталары, Атабаевдин пенальтиден киргизе албай калышы…Башкы машыктыруучуга дагы бир катар суроолор болду. «МЮ» жаңы түзүлгөн клуб болгондуктан, ушундай жолдорду да басып өтүүсү керектир. Эми «Дордойго» кошумча жоопкерчилик жүктөлдү…

  • https://youtu.be/9ZDapFj6grM?si=gkYt89SB7HMV5GmF 18-турдук беттештерди Кыргызстандын 1995-жылы мыкты оюнчусу аталган Владимир Сало менен талкууладык.

  • Статистика сандар болгону менен кай бир учурда акылга сыйбай калат. 18-турдун мыктысы болуп статистика боюнча Эзекиел Танимово болду - 220. Бирок, ал «МЮ» менен болгону 63 мүнөт ойноду. Анын карамагында бир гол бар. Акыл калчап карай турган болсок, дубль жараткан Поланко, Солодовников сыяктуу оюнчулар мыкты болушту. Ал эми маанилүү жеңишке эң көп салым кошкон оюнчу бул турда Азамат Өмүралиев болду. Анын кошумча мүнөттөрдөгү гол жана голдук пасы «КыргызАлтынга» алгачкы жеңишти алып келди. #18туржыйынтыгы

  • https://t.me/narazbore/1113 Канимет Аралбаев бир гана футзалдан адис десек жаңылган болобуз. Ооба, машыктыруучу катары футзалда «Дастан» менен Суперлиганы багынткан. Бирок, анын карьерасы футболдон башталган. «Эркин-Фарм», «Шер» командаларында ойногон. Ошондой эле «Нефтчинин» курамында 2010-жылы чемпион аталган.

  • Кечээ күнү турнирдик жадыбалдагы нөлдүн бирөөсү жокко чыкты - «Алга» биринчи жолу жеңилди. Эми соңку нөл калды - «КыргызАлтын» бир дагы жолу жеңишке жете элек. Бүгүн кара-балталыктар «Абдыш-Ата» менен кез келет…

  • +23 мүнөт кошумча убакыт ойнолду. Бул рекорддук көрсөткүч болду өңдөнөт.

  • Алимардон Шукуровду бүгүнкү беттеште оюн талаасынан күтсөк болот.

  • ‼️«Алай» топ трансфер жасашы мүмкүн. Одилжон Абдурахманов клубга кайтып келүүсү күтүлүүдө.

  • «Барстын» аномалиясы же 17-турдун статистикасы Бул турдун жыйынтыгы менен бардык фавориттер упай жоготту. Алардын катарынан «Барс» жалпы оюндагы Index боюнча баары бир бул турдагы эң жогорку көрсөткүчтү көрсөттү - 182. «Азия» менен 1-таймда таптакыр оюну жүрүшпөгөнү менен экинчи бөлүктө таластыктардын физикалык абалы даяр эместей болуп калды. Жыйынтыгында караколдуктар топ көзөмөлүн 61% пайызга чейин жеткирди. Соккулар да жаап баштады. Оюндун соңунда 21 болду, анын сегизи таамай. Экинчи бөлүктө эле 14 жолу сокку узатылды. Ошондой эле Валерий Кичин Index боюнча турдун эң мыктысы да болду - 213. Сандар боюнча «Барс» алдыда болгону менен бул беттеште бир эле упайга ээ боло алды. #Туржыйынтыгы17

  • https://t.me/divandagy_expert/878 Ошондой эле Абай Боколеев дагы «КыргызАлтын» курамында.

  • Бактай Таалайбек уулу. Азия - Барс беттешинин мыкты оюнчусу

  • Бешик боо бек болсун, Эрбол! Атабаев ата болушу менен МЮнун оюнчулары да куттукташты. Азиягол менен оюнда Атабаев эсеп санын ачты.

  • ‼️ «Алга» курамына дагы бир чабуулчуну кошту - украиналык Дмитрий Билоног. https://www.transfermarkt.world/dmytro-bilonog/news/spieler/204348

  • ‼️Азирет Момошев менен дарбазачы Арстан Кудайбердиев «Азия» командасынын курамына кошулушту.

  • ‼️«Мурас Юнайтед» Ричард Ромариону экинчи айлампага калтырган жок. Дагы бир катар легионерлер командага кошулду - Тим Зигерс, Михайло Кожушко. Жарым коргоочу Алижан Саден жана дарбазачы Илья Мелешкин.

  • ‼️«КыргызАлтын» курамына Ярослав Шаповалов менен Нурбол Бактыбековду чакырды.

  • 2028-жылы өтө турган U-23 Азия Кубогу Жапонияда өтмөй болду. Бул турнирди биздин өлкөдө өткөрүүсүнө Кыргызстан да билдирме таштаган эле. АФК Жапонияны тандады.