tgindex
ИЛИМжолу

ИЛИМжолу

Статистика

Ахлю-Ссунна манхажына багыт алгандар үчүн!

Последний пост
13 авг. 2022 г.
Последнее чтение
15 авг.
Постов за неделю
0
Всего постов
21
Тип
открытый
Язык
az
В каталоге с
14 авг.
Подписчики
172
0 за 1 дн.
Сутки
0
0,00%
Неделя
 
Месяц
 
Просмотров на пост
1 205
21 постов
Вовлечённость
700,6%
к подписчикам
Постов в день
0,0
всего 21
Упоминаний
0
каналов
Охват размещения
оценка
1/24сутки в ленте
1/48двое суток
1/72трое суток

Оценка по просмотрам недавних постов: пост набирает почти всё за первые сутки.

Посты

  • Рофъ йадайн кылБаш керек деген бири дагы сахих хадис же асар жок! аль-Бухари (735) жана Муслим (390) Абдулла ибн Умардан (Аллах алардан ыраазы болсун) риваят кылышкан, ал айтты: "Аллахтын Элчиси (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) намазды баштаганда жана рукуътан мурун «Аллаху акбар» деген, жана рукуътан башын көтөргөндө дагы, жана эки колун ийинин деңгээлине көтөрчү". Көпчүлүк аалымдар бул хадиске амал кылып, хадисте айтылган жерлерге кол көтөрүүсүн намазкан үчүн мустахаб деп айтышкан. Имам аль-Бухари (Аллах аны ырайымына алсын) бул маселе боюнча өзүнчө китеп жазып, аны "Жуз' фи раф' ал-Ядайн" (Колду көтөрүү бөлүмү) деп атаган жана анда ал колдорду көтөрүү керек экенин далилдеген. Намазда кол көтөрүү керектигин айтып, ага каршы чыккандарды катуу айыптаган. Хасан айтты: «Пайгамбардын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сахабалары намазда рүкү кылганда жана турганда колдорун көтөрүшчү». Аль-Бухари айтты: «Аль-Хасан сахабалардын эч кимин андан четтеткен эмес, жана сахабалардан бирөө да колун көтөрбөгөнү далилденген эмес». Абу Ханифага (рахимахуЛлаху) бул хадистер жетпеши мүмкүн, бирок анын кээ бир окуучуларына жетип, алар ага амал кылышкан ⚠️ Намазда кол көтөрбөш керек деген 2 хадис келген, бирок экөө тең заиф. Бир нече асарлар келген, бирок баары заиф. Демек, кол көтөрБөш керек деген бир дагы сахих далил жок. Тескерисинче бардык далилдер кол көтөрүү тууралуу келген. Кол көтөрбөө керек деген кабарлар алсыз экени далилденсе, кол көтөрүү керек деген хадистер эч кандай карама-каршы кабарларсыз күчтүү бойдон калат. Демек, мусулман намазда колдорун көтөрбөй койбошу керек. Намазын Пайгамбардын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) «Менин намаз окуп жатканын көргөндөй намаз окугула» деген намазы сыяктуу кылууга аракет кылуусу керек. (Аль-Бухари: 631). Аль-Бухаринин шейхи Али ибн аль-Мадини айтты: «Мусулмандар рукуга барганда жана рукудан турганда колдорун көтөрүү керек». Аль-Бухари айтты: «Али өз доорундагы адамдардын эң илимдүүсү болгон». Сүннөт ачык-айкын түшүндүрүлгөндөн кийин, аалымдардан ага каршы келген сөздөрүн ээрчип, сүннөттү четке кагууга эч кимдин акысы жок. Имам Шаафи (Аллах аны ырайымына алсын) айтты: «Аалымдар бир пикирге келишкен: «Пайгамбардын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сүннөтү адамга түшүнүктүү болуп калса, анда ал адам үчүн жаиз эмес кимдир бирөөнүн пикирин ээрчип кетүүгө» (Мадариж ас-Сааликин, 2/335). https://t.me/ilimjolu/169

  • КАБЫРГА БАРЫП КУРААН ОКУУНУН ӨКҮМҮ • СУРОО: Кабырга барганда Кураан окуса болобу? • ЖООП: Аллахка алкыш-мактоолор болсун! Пайгамбардан ﷺ бул амалды аткарганы келбегендиктен, кабырга барганда Кураан окуу Шариатка ылайык келбейт. Фатуа чыгаруучу туруктуу комитетке суроо беришти: "Маркумдун мүрзөсүн зыярат кылып барып, Фатиха сүрөсүн же Кураандан башкасын окуса болобу жана анын пайдасы ага тиеби?" Жооп беришти: «Пайгамбардын ﷺ кабырларга зыярат кылып, маркумдарга дуа кылгандыгы, сахабаларына үйрөткөнү жана алар андан үйрөнгөнү бекемделген. Ал дуалардан: _"О, момундардан жана мусулмандардан болгон кабыр ээлери! Силерге Аллах Таланын саламы болсун! Аллах буюрса биз дагы силердин артыңардан жетип барабыз. Аллах Таала биздин жана силердин күнөөлөрүңөрдү кечирсин!"_ Бирок ал (салляллаху алайхи уа саллям) кабырларды көп зыярат кылгандыгына карабастан, Кураандан сүрөлөрдү же андан аяттарды өлгөндөр үчүн окугандыгы жөнүндө кабарлар келген эмес. Эгер ал нерсе Шариаттан болгондо, анда ал аны өзү аткарып, сахабаларына үйрөтүп, сооп издеп жана үммөтүнө ырайым кылып, ага буйрулган кабарды жеткирүү милдетин аткармак эле. Анткени ал Аллах сыпаттагандай: _«(О, момун пенделер!) Силерге өз араңардан болгон, силердин кайгыңар үчүн азап чеккен (Тозоктон кутулуп калышыңарга) катуу умтулган жана момундар үчүн ырайымдуу, боорукер Пайгамбар келди го!»_ (ат-Тауба сүрөсү, 128). Пайгамбар ﷺ анын жасай алышына себептери болгонуна карабастан, муну жасабагандыгы, ал Шариаттан эмес экендигин көрсөтүп турат. Сахабалары (Аллах алардан ыраазы болсун) муну билип, анын изин жолдоп, алар (кабырга) барганда, ибрат (сабак, эскертүү) алуу жана маркумдарга дуа кылуу менен гана чектелип калышты. Өлгөндөргө арнап Кураан окушкандыгы тууралуу маалымат жок. Алар үчүн мындай окуу бидаат болгон жана Пайгамбар ﷺ мындай деген: _"Кимде-ким биздин динибизге анда болбогон жаңы нерсе киргизсе, ал кайтарылат (кабыл кылынбайт)"._ 📚 (Сахих аль-Бухари, 2697; Муслим, 1718). 📚 Туруктуу фатуа чыгаруучу комитетинин фатуасы, 9/38 📲 https://t.me/ilimjolu/168

  • Сен канткенде адашкан 72 агымдан сактанып, “Кутулган топту” ээрчигендерден боло аласың? Имам Абдуллах ибн аль-Мубарак рахимахулЛах, айтты: «Бузулган 72 агымдын өзөгү 4 адашкан топ болуп саналат, ал эми калган адашкан топтор ошол 4 топтон тарагандар. Алар: 🔥 Кадариттер. 🔥 Мурджииттер. 🔥 Шииттер. 🔥 Харижиттер. Ошондуктан кимде ким биринчи Абу Бакрга, андан соң Умарга, андан соң Усманга, андан соң Алиге баш ийип, пайгамбардын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) калган сахабалары жөнүндө жакшы гана сөз сүйлөп, алар үчүн дуъа кылса ал толугу менен шиизмден чыкты. Кимде ким: «Ыйман – бул сөз менен амалдар, ыйман азайат жана көбөйөт» десе, ал мурджииттиктен толук чыкты. Кимде ким: «Намазда күнөөкөргө деле, ыймандуу имамга деле уюса болот, кандай халиф болбосун, анын кол алдында согушса болот” деп, өкүмдарга каршы чыгууга каршы болуп, өкүмдар үчүн Аллахтан ыйман сурап дуъа кылса – ал адам харижиттик пикирден толук чыкты. Кимде ким: “Баардык жакшылык/жамандык Улук Аллах жазган тагдырдан. Ал кимди кааласа туура жолдон адаштырат, кимди кааласа туура жолго салат» десе, ал адам толугу менен кадариттик көз караштан чыкты. (Дал ушундай адамдар Сүннөттү ээрчигендерден болот!) 📗 «Шарх ас-Сунна», аль-Барбахари 📲 https://t.me/ilimjolu/167

  • https://vk.com/@ilimjolu-baipakka-mash-tartuu

  • https://telegra.ph/Fulejzh-degen-kim-09-01

  • https://telegra.ph/Kto-takoi-Sheih-Fulaig-09-01

  • Шейх Асым аль-Корютий айтты: Мага бир жакын кишим жазат: “Муну көрдүңбү (б.а. баланча деген шейх, түкүнчө деген шейхке айткан сын-пикир сөзү)?” Айттым: “Жок. Аны жана ага окшогон нерселерди көрүү да, таркатуу да, аны менен алектенүү да мени эч кызыктырбайт. Дагы кошумчалап айтаарым: өзүң менен алек бол, сага буюрулган нерселерди аткар. Акыр Кыямат Күнү менден сурап жаткан ушул нерселериң тууралуу сен суралбайсың. Ар бир ишти өз ээсине, адисине кой. Акыретте банкрот адамдардан болбош үчүн өзүңдү мындай нерселерден бошот!” Булак: https://twitter.com/alqaryooti/status/1432618580609273859 #фетва_асым_корюти

  • 📌 Лекция: “Мусулмандын фитналардагы орду” 🎙 Шейх: Мухаммад Рамзан аль-Хажири (محمد رمزان الهاجري) #фитна #фетва_Мухаммед_Рамзан 📲 https://t.me/islamjolu/4178

  • 11 авг. 2021 г.8453из ilimjolu

    Шейх Мухаммад Рамзан аль-Хажири - Саудиядагы белгилүү шейх. Ибн Баздын шакирттеринен.

  • 11 авг. 2021 г.8741из ilimjolu

    Сауд Аравиясынын Вакф жана Ислам иштери боюнча министрилигинин астындагы, Даават жана Үгүттөө ассоциациясы тартуулайт 📌 Лекция: “Мусулмандын фитналардагы орду” (موقف المسلم من الفتن) 🎙 Шейх: Мухаммад Рамзан аль-Хажири (محمد رمزان الهاجري) ⏰ Убакыт: 16:00 (GMT+3) 23-Зуль Хижжа 1442-х.ж. /02-август 2021-ж/ 📡 Лекция Твиттер аркылуу түз эфирде болмокчу 🇸🇦 باللغة العربية

  • 📞 Ислам иштери министрлигинин Медина шаарындагы филиалында, дааватчыларга багыт берүүчү кызматын өтөгөн Шейх др. Солих ас-Сухайми суроолорго жооп берүү үчүн, бул телефондо: 00966148313686 Жекшембиден Бейшембиге чейин Эртең мененки саат 10дон түшкү 12:15 ке чейин • ┈┈ •• ✾ • 🌿🌺🌿 • ✾ •• ┈┈ • Шейхтин телеграмдагы каналы https://t.me/sohaymi

  • 2 авг. 2021 г.7871из sohaymi

    •┈┈••✾•🌿🌺🌿•✾••┈┈• 📌قناة فوائد فضيلة الشيخ د.صالح السحيمي https://t.me/sohaymi

  • 🇰🇬 СУРОО. Аттын мойнуна коңгуроо илүүнүн өкүмү кандай? Бизде жылкылар бар. Кээде бирөөсү токойго кирип кетип, аны издеш кыйын болуп калат. Аны бат таап алуу үчүн, анын мойнуна коңгуроо илип коюу уруксатпы? (Ыссык-Көлдүк бир туугандардын суроосу) 🇪🇬 ЖООП. Шейх Али Муса (Аллах аны сактасын) айтты: Бул коңгуроо илүүгө зарылчылык деп эсептелбейт. Зарылчылык үчүн болсо, коңгуроо илүү уруксат болмок. Ал эми кажет жок болсо уруксат эмес. Себеби Пайгамбар ﷺ #коңгуроо илүүдөн кайтарган[1]. Булак: https://t.me/ibnAbdelaziz/34859 ______ [1] Умм Салама (радияЛлаху анха) риваят кылат, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: «Коңгуроо бар үйгө периште кирбейт. Унааларына коңгуроо илинген мусапырларды периштелер коштобойт» (Насаи: 5222. Шейх Альбани хадисти сахих деди). #фетва_Али_Муса #адал_арам 📲 https://t.me/ilimjolu/154

  • ❓ СУРОО. Бирөөнү бидаатчы деш үчүн, ага далил жеткирүү (икоомату-ль-хужжа) шартпы? ⚡️ ЖООП. Шейх Солих аль-Фаузан айтты: Эч кимге "бул бидаат" же "бул сүннөт" деп өкүм берүү уруксат эмес, качанга дейре аны Аллахтын Китеби жана Пайгамбарынын ﷺ сүннөтүнө салыштырып көрмөюнчө. Ал эми ал ишин илимсиздик айынан кылып, анысын акыйкат экен деп ойлоп, билбей калса - ага наадандыгы себептүү үзүр берилет ('узр биль-жахль), бирок акыйкатта өзү бидаатчы, амалы бидаат деп эсептелет жана биз ага бидаатчыга мамиле кылгандай мамиле кылабыз, амалын #бидаат дейбиз. 📖 (аль-Мунтако: 1/ 404) Дагы бир жерде айтты: "Куран-Сүннөткө каршы келген жамааттарга ким өзүн тиешелүү кылса - ал бидаатчы делет" 📖 (аль-Ажвиба аль-Муфида: 19) #фетва_фаузан 🔖 https://t.me/ilimjolu/153

  • 16 февр. 2021 г.1 13016из islamtaanuu

    без подписи

  • 16 февр. 2021 г.1 15010из islamtaanuu

    بسم الله الرحمن الرحيم Урматтуу мусулман бир туугандар! Ислам дининдеги эң биринчи үйрөнүүгө милдет болгон келме тууралуу жазылган китепти сиздерге сунуштайбыз! Инсан келмени түшүнүп, ага амал кылууга аба менен суудан дагы көбүрөөк муктаж. Эгер мусулман бул келмени жакшы билип, туура амал кылса - бул дүйнөдө чыныгы момундардан, акыретте Жаннат ээлеринен болот. Ошондуктан келменин: -маанисин; -рүкүнүн(түркүгүн), -шарттарын; -талаптарын билип, ага амал кылуу ар бир мусулманмын деген адамга милдет болот. Башка мусулман бир туугандарыбызда жакшылыкты үйрөнүп калуусу үчүн сөзсүз түрдө бул маалымат менен бөлүшүңүздөр! Китептин электрондук версиясын көчүрүү үчүн бул жакты басыңыз 👉https://t.me/islamtaanuu/289 Эгер кагаз түрүндө сатып алууну кааласаңыздар бул номерге чалыңыздар! +996 700 58 07 93.

  • МАТНДЫ КАНТИП ТҮШҮНӨМ? (кыска) Шейх Солих ас-Синди айтып жатат: Ким матнды (китепти) жакшы түшүнгүсү келсе, үч нерсени аткарсын: ① Сабакка чейин даярдануу; ② Сабак учурунда көңүл коюп отуруу; ③ Сабактан кийин кайталоо. Ким сабакка эч нерсени даярдабай келсе, сабак учурунда алаксып, телефон менен отурса ж.б. ал пайда таппайт. Андан соң, сабакта жазганыңды жана түшүнгөнүңдү кайталоо. “Илим – аң уулоого чыккан сымал. Ал эми анын аспабы – жазуу” деп акылмандар айтышат эле. Сабакта уккан пайдалуу, сага таасир калтырган нерсени жазып ал: жаңы эреже, жакшы сөз ж.б. Эсиме тутуп алам деп ойлобо. Керек учурда эстей албай калышың мүмкүн. Үйүңө келгенде аны кайтала. Жана башка кишилерге жеткиз. Ошол аркылуу да эсиңе жакшы калат. Сабак берүүдөн эң көп пайданы устаз алат, б.а. башкаларга жеткизген сайын өзүң жаттап каласың. Үйдөгүлөргө айтып берип тур, дептериңен окуп берсең болот, досторуңа, кошуналарыңа. Мына, ушул жолдор менен сенде илим калат. https://youtu.be/k5bf6vqFI90 🇸🇦 Шейх Солих ибн Абдуль-Азиз ас-Синди Жамия Исламия эл аралык университетинин Акыйда бөлүмүнүн мудариси Сабак берген устаз 🌏 www.salehs.net

  • без подписи

  • без подписи

  • без подписи