tgindex
Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

Статистика
Последний пост
14 мар.
Последнее чтение
08:00
Постов за неделю
0
Всего постов
23
Тип
открытый
Язык
русский
Категория
Религия (по похожим)
В каталоге с
13 авг.
Подписчики
6 219
−23 за 4 дн.
Сутки
−8
−0,13%
Неделя
 
Месяц
 
Просмотров на пост
11 тыс
23 постов
Вовлечённость
177,2%
к подписчикам
Постов в день
0,0
всего 23
Упоминаний
0
каналов
Охват размещения
оценка
1/24сутки в ленте
1/48двое суток
1/72трое суток

Оценка по просмотрам недавних постов: пост набирает почти всё за первые сутки.

Посты

  • 14 мар.4 011258

    СЕН ЖӨНҮНДӨ ПОЭМАДАН Сен болуп баардык жайдан караганым, Шамалдай туш-тарапка таралармын. Ачылып ырбап кетээр кайра баштан Айыккан менин эски жараларым. Ошондо өрттү көрсөң күйүп-жанган Суу көрсөң аңтарылып агып жаткан. Жер көрсөң тереңдерден титиреген Куш көрсөң жалгыз учуп бара жаткан. Күн көрсөң көз жаш төгүп ыйлап турган Түн көрсөң көөдөй кара ит улуган. От көрсөң жалгыз күйгөн тоо башынан Жапжалгыз кайык көрсөң толкун урган. Эгер сен бала көрсөң улутунган, Эң катуу ыза көрсөң турмушуңдан, Мас көрсөң ыйлап аткан, ырдап аткан Жаш көрсөң бир муңайым бара жаткан. Анан да буюм көрсөң кыйрап сынган Бак көрсөң бороон уруп шагы сынган. Ошонун баарын мен деп биле бергин Көзүңө көрүнгөндүн баары менмин Жалдырап сени тилсиз тиктеп турган. —Омор Султанов

  • 13 дек.10,7 тыс2320

    Жыл жыйынтыгы: - менде сен барсың - мунун өзү жетиштүү #бүтпөс_романым

  • 4 нояб.13,1 тыс4129

    Мага турмуш бүркөгөндө кабагын, Жаным, сенин сүрөтүңө карадым. Соккусуна алган кезде тагдырым, Сооротту да сенин жаркын жамалың. Карабасам эңшерилем, бөксөрөм, Карап алсам учкун чачам, өрттөнөм. Сөзүң эле миңдин бири, жанга дем, Өзүң эле өмүрүмдү көрктөгөн...) —Элмирбек Иманалиев

  • 13 сент. 2025 г.15,7 тыс3433

    “Сүйүү бул - …” Сүйүү бул - тоолор тептең жарылгандай, эң катуу илдеттерден арылгандай. эч качан адам жетпес чокуларга күч менен өжөрлөнүп барылгандай. Сүйүү бул - өрт кеткендей талааларга, сагыныч оту кетүү санааларга. Күрпүлдөп, күкүктөнүп, казганактап дайра агуу мелт-калт болуп араларда. Сүйүү бул - жаңы сезим, ойлор ачуу, оргуган тазалыкты желге чачуу. Жаныңдай жакшы көргөн адамыңдан тартынып оолак кетүү, алыс качуу. Сүйүү бул - маашырланбас жеткенине, сулуулук жылдыз сүрткөн беттерине. Уялуу көпкө тиктеп калганыңа уялуу колуң тийип кеткенине… —Мамытов Жолон

  • 1 сент. 2025 г.12,5 тыс7047

    Сага жолукканы үчүн Кудайга миң шүгүр айткан инсанды кездештиргенче күт. Бул күтүүнүн эң таттуу жемиши! #бүтпөс_романым

  • 17 авг. 2025 г.11,4 тыс2723

    БИЛБЕЙМ КАНТИП? Бүгүн бизде бүчүр байлап жаңы муң, Бөлүндүк ээ эки жолго жарыгым. Бара жатам карек толгон жаш менен, Өчүрө албай көкүрөктүн жалынын. Буулуктуруп ыза деген бурганак, Ал да мендей көзү болсо ыйламак. Сен соңку ирээт бекем кыскан колдорум, Сүрөтүңдү өчүрө албай кыйналат. Бүтүп бүгүн сүйүүбүздүн эртеңи. Акылымда болгон менен белсенүү. Кечээки күн турса сени эстетип, Билбейм кантип унута алам мен сени Түк чамам жок жарытаарлык сүйлөөгө, Сезимдерден мен күйгөндөй күйбө ээ. Сендей катуу сүйүш үчүн башканы, Төрөлүшүм керек болот дүйнөгө, Төрөлүшүм керек кайра дүйнөгө... —Зухра Сарногоева

  • 5 авг. 2025 г.11,4 тыс2619

    Ашыгым, уурдагандай күлкүңдү Күн, Аябай ачуу тийди мүмкүн бүгүн. А сенчи? А сен болсо ачууланып, Ачылбай турсаң да, дагы сүйкүмдүүсүң. Антсе да түнөрбөчү. Жылдыздар калсак дешип шурунң болуп, Бийиктен бой ташташат буюм болуп. Жан берет жада калса күлкүң үчүн, Гүлдөрдүн ханышасы кулуң болуп. Көңүлүң эч убакта оорубасын, Көздөрүң күйүт көрбөй жоодурасын. Канакей, күлө койчу бир жылмайып, Күлкүңдөн Күн эзилип, тоо куласын. —Канатбек Таалайбек уулу

  • 27 июл. 2025 г.12,8 тыс5544

    Мен кеткенде... Бул өмүрдөн - өкүнүчкө корогон, Бир күнү мен биротоло жоголом. Жаралганда аппак ороп алышса, Жашап бүтүп, ак кепинге оролом.. Жаназама көз көрсөтүп келгенде- Жаткан жайым көрсөтүп кой элдерге. Көз жаш төгүп, кайгырбасын эч бири! Өзү дагы күлүп жүрүп өлгөн де.. Кандай өмүр сүргөнүмду сурашса Жакшы адам болгонумду ыраста. Жаман болсом, болгондурмун бир сага Жарым тамчы жашыңды да кулатпа! Ал ар дайым ачык айрым жүрчү де, Азил-кулку ,тамашаны сүйчү де. Айланасын шаң-кулкуго толтуруп Бир баштаса токтоналбай күлчү де. Беш өрдөгүн учургандар жакпачу, Өзү дагы жалаа-жалган айтпачу. Бир азыраак көк бет эле дегиниң Бир сүйлөсө айтканынан кайтпачу.. Жек көргөнү - адилетсиз өмүр де, Бул жашоодон издегени - көңүл де. Жакындарын бийик коюп өзүнөн Жашап келген жашоосунун көбүн де. Анан дагы мен жакшыраак "кошом" деп, Атаандашып мен көбүрөөк созом деп.. Анткорлонуп ыйлашпасын жасалма Эл көзүнө калп өкүрүп, озондоп. Азаларын үч күн эле күтүшсүн, Андан кийин жыйынтыктап бүтүшсүн. Өлмөк жок дейт өлгөндөрдүн артынан Өксүй бербей үмүттөрүн үзүшсүн... Эскергени кабырыма барып кет, Эки чымчым топурагың салып кет. Ээн жерден коркчу эле деп жаныма Эл кеткен соң эки мүнөт калып кет... Кетип жатып арт жагыңа кайрылба, Кейип-кепчип, капаланып-кайгырба. Анда-санда күлүп гана эстей жүр Ойлобогун наалыганда тагдырга! ✍🏻kanu.kyz

  • 10 июл. 2025 г.11,3 тыс5024из joloochular

    ✉️♥️ Сенин жүрөгүңдү аны жараткан Заттан артык эч ким түшүнө албайт. Андыктан жүрөгүңдү бир гана Ага байла. @joloochular

  • 9 июл. 2025 г.12,1 тыс2219

    Жаркын түстүү жалгыз менин кыялым, Жаштыгымдын жазын келет сылагым. Көөдөй кара так басылып а бирок, Көкүрөктү ээлеп алган ыза-муң. Күлгөн менен күлүмсүрөп көздөрүм, Күн чайгандай чыккан менен сөздөрүм. Жалгыздыктын туткунуна байланган, Жан дүйнөмдө жаралуумун,өзгөмүн. Күңүрт тартып күндөн күнгө терезем, Күндөрүмдү тумчуктуруп мен эзем. Жаркый албай,жалын болуп жана албай, Жаштыгыма артып барат бересем —Толгонай Сариева

  • Бармак басым жерде туруп, эки көздөрдүн тиктешпей калышы... Тагдыр деген ушул белем? Маңдайыңа жазбаса, иңир соруп кеткенсип ирегелеш адамдын деле изин таппай калат турбайсыңбы. — К. Шабданбеков #күндөлүктүн_күкүмү

  • Түшүрбөй бийиктигиң, төбөмдө көктөй көрдүм, Сен менин сезимимди мынчалык көптөй көрдүң. Кемитпей өзүмдөн эч, ашырып артык кылып, Бүтүндөй дүйнөмдүн мен, сага деп бөлдүм төрүн. Одоно мүнөзүмдү оодуруп жакшы жакка, Тең болуп турайын деп, түзөлөм кайра-кайра. Мен сага жетүү үчүн не айла кылсам болот? Баарына дапдярмын, болгону сен айт мага. —Рабига Рысбекова

  • Сен да жатсаң керек да, жалгыздыгыңды кучактап алып. Көзүңдү жумсаң болбой, гүл көтөргөн кыздар чыгып маңдайыңдан. Улам бир кызыл гүлдү узата карап, ичиңден сонун э деп, улутунуп… Жалгыздыгың үчүн ичиңдин, кайсы жеринде экенин билбейм, бирок бир бурчунда боштук пайда болгонун сезип, аны эмне менен толтурууну билбей үшкүрүнүп… Анан, асман - жерге батпаган белгисиз кусалыкка оролуп, белгисиз күтүүгө чалынып жаткандырсың… Мен дагы ошол абалга бир саамга тумчугуп барып анан “даяр болгонуңда сүй, жалгыз болгонуң үчүн эмес” дегенди окуп тынч алып калдым…. Өз дүйнөңө өзүңдү орноткондо гана, сыртыңдан кулпуруп, гүлдөйт окшойсуң… Анан жалгыздык маселе эмес экени сезилчүдөй. Айтоор, оюмда көп чекит… Бирок боштук жаман нерсе! #диби_деди 2022 жазган абалыма кечээ дагы кезиктим. Жаман сезим. Жаның ачыйт.

  • Бирөөнүн кайгысына сырттан ыйлаганды билебиз. Бирок өзүбүз бирөөнү кайгырткандан уялганды билбейбиз. с.Рустам Абилов

  • 18 июн. 2025 г.12,5 тыс3825

    Ашкан деле сулуулугум жок менин, Адашкым жок чечимимде теңимдин. Азгырылбай сулуулукка жасалма- Арбалса дейм маанисине кебимдин. Жигиттер көп акылдуу да, айбаттуу, Мырзалар мол мээнеткеч да, кайраттуу. Жашоо чиркин нени гана кылдырат Мыйзамына баш ийдирет, зыңкыйтат. Катаал жашоо боороонуна алдырбай, Курч сабырда жашай алат ал чыдай. Кезиктирем жөнөкөйүн, мыктысын Негизгиси аракетчил жана бай… P.S: Ал адамымдын кай тарабы бай болорун окурмандын өзүнө калтырдым. Мен ар тараптан, жан дүйнөсү, баш-казаны, рух-казаны бай болуусуна артыкчылык берем… Өзүмө дагы талап ошондой, бирок чабалыраакмын… ✍🏼: aizharkyn_elamanova

  • 8 июн. 2025 г.10,9 тыс4334

    Сен деңизсиң, а мен сенин жээгиңде, Толкунуңдун үнүн угуп олтурам. Соолуп аздан баратсаң да, ишенчи, Дайра болуп боштугуңду толтурам. Муңдуу үнүн толкунуна жашырып Тынч албаган дүйнөң неге бушайман? Кучагыңды катпай менден, ачылчы, Чыгарайын сен жашаган убайдан. Сен деңизсиң, а мен сенин, муңайым толкунуңду басылганча угайын… Айдар Рысбеков.

  • 28 мая 2025 г.12,4 тыс3633

    Замандын, коомдун, адамдын табияты кызык эле. Өзгөрүлөт. Кубулат. Кайталанат. Ыйлаганы да бат. Күлгөнү да бат. Жек көргөнү да бат. Сүйүп калганы да бат. —Мелис Эшимканов

  • 28 мая 2025 г.11,7 тыс2329

    “Сен жанымда болгондо” Сен жанымда болгондо - Айлангансыйм бүт дүйнөлүк борборго. Сен жанымда жок кезде – Бата берем оор санаа ойлорго. Кандай болмок карааныңды жоктотпой Сен экөөбүз бир денеде болгондо: Айрылышпай бирибизден бирибиз, Тең ачылып, тең жумулуп көзүбүз, Сүйлөгөндө бирдей чыгып сөзүбүз. Бөксөргөндө бир бөксөрүп, Толгон кезде бирдей толуп көөнүбүз. Бир ооз менен суу ичип, Бир мурундан дем алып, Экөөбүздө согуп турса бир жүрөк, Бирдей үмүт, бирдей арман, бир тилек. Ошондо да сени издеп, Элесиңди сагынып Азап чеге берет белем ким билет?! -Элмирбек Иманалиев.

  • Кусага толсом , күнөөлөйм кимди, Кубанчым , каалоом өзүңсүң , билчи. Сырдашкым келет уйкумда дагы, Суранам , бүгүн түшүмө кирчи . . . -Закридинова Гүлкайыр

  • 25 мая 2025 г.10,2 тыс2313

    Азыгын бердик дененин, Билесиңби, биз унуттук эмнесин? Курсак, напси жүрсө асманда көкөлөп, Оо, жан дүйнөм, кечирип кой, жердесиң… Сен кыйналып, алсыз болгон кездесиң Чиймеленген, бурмаланган сөздөсүң. Дене алсырап, жүрөк каткан Оо, жан дүйнөм, жаш чыкпаган көздөсүң. ✍🏻Айжаркын Эламанова