- Последний пост
- 14 авг.
- Последнее чтение
- 15 авг.
- Постов за неделю
- 26
- Всего постов
- 33
- Тип
- открытый
- Язык
- tk
- Категория
- Спорт
- В каталоге с
- 12 авг.
- 1/24сутки в ленте
- 239
- 1/48двое суток
- 273
- 1/72трое суток
- 295
Оценка по просмотрам недавних постов: пост набирает почти всё за первые сутки.
Посты
2026-ЖЫЛКЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СУПЕРКУБОГУ ҮЧҮН БЕТТЕШ ӨТӨТ 19-августта Бишкек шаарындагы «Алга» спорт комплексинде 2026-жылкы Кыргыз Республикасынын Суперкубогу үчүн беттеш өтөт. Суперкубок үчүн учурдагы өлкө чемпиону — Каракол шаарынан «Барс» футболдук клубу жана 2025-жылкы Кыргыз Республикасынын Кубогунун ээси — Бишкектин «Дордой» клубу күч сынашат. Беттеш саат 20:00дө башталат. Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Суперкубогу үчүн беттештер 2011-жылдан бери өткөрүлүп келет. «Дордой» клубу бул олжону 6 жолу жеңип алган. Кызыктуу жана курч беттешти түз эфирде көрүп, футбол майрамынын күбөсү болуңуз! Билеттер kassir.kg сайтында жеткиликтүү. - СОСТОИТСЯ МАТЧ ЗА СУПЕРКУБОК КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ 2026 ГОДА 19 августа на спортивном комплексе «Алга» в Бишкеке состоится матч за Суперкубок Кыргызской Республики 2026 года. За трофей поборются действующий чемпион страны — футбольный клуб «Барс» (г. Каракол) и обладатель Кубка Кыргызской Республики 2025 года — «Дордой» (г. Бишкек). Матч начнётся в 20:00. Отметим, что матчи за Суперкубок Кыргызской Республики проводятся с 2011 года. ФК «Дордой» является рекордсменом по количеству завоёванных Суперкубков, становясь обладателем трофея 6 раз. Не пропустите интересный и напряжённый матч и станьте частью зрелищного футбольного праздника! Билеты доступны на сайте kassir.kg. #kfu_kg
без подписи
📣 Кыргыз Республикасынын Суперкубогуна аккредитация! 19-августта Бишкек шаарындагы «Алга» стадионунда «Барс» — «Дордой» командаларынын ортосунда Кыргыз Республикасынын Суперкубогу үчүн беттеш өтөт. ⚽️🏆 Беттешти чагылдырууну каалаган ЖМК өкүлдөрүн аккредитациядан өтүүгө чакырабыз. 📲 Аккредитация боюнча өтүнмөлөрдү WhatsApp аркылуу 0501 443 036 номерине жөнөтсөңүздөр болот. Суроолор боюнча да жогорудагы номерге кайрылсаңыздар болот.
«ИЛБИРС» КЛУБУ АФКНЫН ЧЕМПИОНДОР ЛИГАСЫНДА КЫРГЫЗСТАНДЫН НАМЫСЫН КОРГОЙТ Айымдар арасында футбол боюнча Кыргыз Республикасынын 2025-жылкы чемпиондугунун жеңүүчүсү — «Илбирс» клубу 2026/27-жылкы АФКнын Айымдар арасындагы Чемпиондор Лигасынын баштапкы баскычында Кыргызстандын намысын коргойт. «Илбирс» мелдештин «В» тайпасында Филиппиндин «Кая ФК-Илоило», Гонконгдун «ТСЛ» жана Камбоджанын «Пномпень Краун» клубдары менен күч сынашат. Беттештер 17–23-август күндөрү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Оюндардын жадыбалы: 🔹 17-август — «Iloilo» ФК – «Илбирс» ФК 🔹 20-август — «Илбирс» ФК – «TSL» ФК 🔹 23-август — «Phnom Penh Crown» ФК – «Илбирс» ФК Беттештердин башталыш убактысы — 20:00. Белгилей кетсек, мелдешке жалпысынан 30 команда катышат. Алардын ичинен 6 команда мелдештеги жүрүшүн тайпалык баскычтан баштаса, 24 команда баштапкы баскычта күч сынашат. Баштапкы баскычта командалар 6 тайпага бөлүнүп, оюндар борборлоштурулган форматта өткөрүлөт. Ар бир тайпанын жеңүүчүсү кийинки баскычка жолдомо алат. Кыргыз футбол биримдиги футбол күйөрмандарын ата мекендик клубду колдоо үчүн стадионго келип кетүүгө чакырат! Кирүү акысыз. #kfu_kg
без подписи
ФУТБОЛ АНАЛИТИКАСЫ БОЮНЧА ОКУТУУ КУРСУ ИЙГИЛИКТҮҮ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ Кыргыз футбол биримдигинин жана Машыктыруучуларды окутуу борбору тарабынан уюштурулган футбол аналитикасы боюнча семинары жыйынтыкталды. Окуу эки модулдан турап, алар июнь жана август айларында орун алды. Аны өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 18 адис ийгиликтүү бүтүрдү. Семинар алкагында футбол аналитикасынын заманбап ыкмаларын өздөштүрүүгө багытталган. Катышуучулар аналитиктин ролу жана милдеттери, футболдук маалыматтарды чогултуу жана иштетүү, оюндарды талдоо, атаандаштарды изилдөө, ошондой эле аналитикалык отчетторду даярдоо боюнча теориялык жана практикалык билим алышат. Программанын алкагында Wyscout жана РуСтат платформаларынын мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылып, интерактивдүү аналитикалык панелдерди түзүү жана аналитикалык программалар менен иштөө боюнча практикалык сабактар өткөрүлөт. Ошондой эле катышуучулар GPS-технологияларынын негизинде оюнчулардын көрсөткүчтөрүн талдоо, Catapult жана StatSports системаларын колдонуу жана футбол аналитикасында жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алышат. Семинардын негизги максаты кыргыз футболунда аналитика багытын өнүктүрүү, адистердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу жана заманбап технологияларды колдонуу боюнча практикалык көндүмдөрдү калыптандыруу. #kfu_kg
без подписи
без подписи
без подписи
без подписи
без подписи
без подписи
КЫРГЫЗСТАНДЫК КАЛЫСТАР АФКНЫН ЭЛИТАЛЫК КАЛЫСТАРЫ ҮЧҮН ӨТКӨРҮЛГӨН СЕЗОН АЛДЫНДАГЫ СЕМИНАРГА КАТЫШТЫ Өткөн аптада Ташкент Жана Токио шаарларында Азия футбол конфедерациясынын (АФК) элиталык калыстары үчүн сезон алдындагы семинар өтүп, ага Кыргыз футбол биримдигинин өкүлдөрү, ФИФА калыстары — Нурзат Абдыкадыров, Зайниддин Алимов, Санжар Жакыпбеков жана Медер Тайчиев Жана Вероника Бернацкая катышты. Төрт күнгө созулган семинар АФКнын алдында өтүүчү мелдештердин жаңы сезонуна калыстарды даярдоонун маанилүү этабы болуп калды. Иш-чарага АФКнын Батыш аймагындагы өлкөлөрдөн 94 калыс катышты. Семинардын инструкторлору болуп Сауд Аравиясынан Али Траифи жана Өзбекстандан Владислав Цейтлин кызмат аткарышты. Буга окшогон семинарларга катышуучулар КФБ тарабынан кылдат тандалат. #kfu_kg
без подписи
без подписи
без подписи
без подписи
без подписи
без подписи
без подписи