Muun academy
Статистика👑 Куран жаттап, ата-эненизге таажы кийгизиниз! 📌 1 айда Куранга түшүү 👳🏻♂️ Мырзалар жана Айымдарга🧕🏻 🚸 Балаңыз үчүн эң жакшы чөйрө!
- Последний пост
- 18 окт. 2025 г.
- Последнее чтение
- 13 авг.
- Постов за неделю
- 0
- Всего постов
- 21
- Тип
- открытый
- Язык
- und
- В каталоге с
- 13 авг.
- 1/24сутки в ленте
- —
- 1/48двое суток
- —
- 1/72трое суток
- —
Оценка по просмотрам недавних постов: пост набирает почти всё за первые сутки.
Посты
17-махраж
без подписи
без подписи
без подписи
Курман Айт майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Урматтуу илим сүйүүчүлөр! Muun академиясы сиздерди ыйык Курман Айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайт! Бул берекелүү күндөр ар бир үй-бүлөгө тынчтык, ырыскы жана сүйүнүч алып келсин. Жүрөктөгү жакшылык, колдогу жардам жана тилектеги таза ниеттер кабыл болсун. Аллах Таала ар бирибиздин курмандыгыбызды, дубаларыбызды жана жакшылык иштерибизди кабыл кылып, үй-бүлөбүзгө аманчылык, коомубузга биримдик берсин! Айт майрамыңыздар кут болсун! Сиздерди урматтоо менен, Muun академиясы 💫
🌙 Арапа күнү менен! MUUN Академия жамааты сиздер үчүн дуа кылат 🤲🏻 Кылган дуаңыздарды, туткан орозоңуздарды Аллахым кабыл кылсын. Билип-билбей, ачык жана жашыруун кылган күнөөлөрүбүздү кечирсин. 🤍 Өмүрүбүзгө береке, жүрөгүбүзгө тынчтык, Ибадат кылуу үчүн тунук акыл, бекем ден соолук, адал ырыскы насип кылсын. Сыноолорго сынбай, татыктуу өмүр сүрүүнү буйрусун. 📚 Динибизге бекем болуу, илим алууда Аллах жолдош болсун. Акырет азабынан бизди жана сизди сактасын. Дүйнө жүзүндөгү жалпы момун-мусулмандардын изги тилектерин кабыл кылсын. 🤲🏻 Сүйүү жана дуба менен — MUUN Академия 💫
без подписи
Арапа күнүндө эмне кылуу керек? 1. Орозо тутуу Абу Катада (Аллах аны ырайымына алсын) Пайгамбарыбыздын ﷺ : "Арапа күнүндөгү орозо өткөн жана келе турган бир жылдык күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот деп Аллахтан үмүт кылам" деп айтканын риваят кылган хадисте билдирет. Ошол эле учурда, ажылык кылып жаткан бир туугандарыбызга орозо тутуу милдеттүү эмес. Анткени, Пайгамбарыбыз ажылыкта Арапа күнү орозо туткан эмес. 2. Дуа кылуу Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: "Дуалардын эң жакшысы - Арапа күнү кылынган дуа" Бул күнү дуалар кабыл болот. Мусулман адам бул күнү Аллахтан күнөөлөрүн кечирүүсүн сурап жана жакшы ой-тилектерин айтып дуа кылуусу керек. 3. Аллахты көп эстөө Бул күндө Аллах Таала диндин толуктугун тастыктаган аятты түшүрөт жана бул күн менен ант берет. Зикир чалуу менен Аллахка даңктоо жана мактоо айтуу туура болот. @muun_academy
без подписи
без подписи
без подписи
без подписи
без подписи
без подписи
без подписи
без подписи
без подписи
🌙 Кадыр түндү кантип өткөрүү керек? 📜 Пайгамбарыбыз (ﷺ) айткан: «Ким Кадыр түндү сообуна ишенип, ыкылас менен өткөрсө, мурунку күнөөлөрү кечирилет» (Бухарий, 2014). 👉 Бул ыйык түндө эмне кылуу керек? 1️⃣ Көп ибадат кылуу – нафил жана каза намаздарды окуп, Аллага жакындоо. 2️⃣ Куран окуу жана угуу – анын маанисине ой жүгүртүү, жүрөккө кабыл алуу. 3️⃣ Салават айтуу – Пайгамбарыбызга (ﷺ) тынчтык жана береке суроо. 4️⃣ Зикир кылуу – Аллахты эстеп, жүрөктү тынчтандыруу. 5️⃣ Кечирим суроо (истигфар) – күнөөлөрдүн кечирилишин сурап, тообо кылуу. 6️⃣ Дуба кылуу – өзүн жана бүтүндөй мусулмандарды дубага кошуу: 🤲 Кадыр түнү окулуучу дуба: اللَّهُمَّ إِنَّكَ عَفُوٌّ تُحِبُّ الْعَفْوَ فَاعْفُ عَنِّي «Аллахумма иннака афуввун, тухиббул афва фа’фу анни» («О Аллах! Сен кечиримдүүсүң, кечиргенди жакшы көрөсүң, мени да кечире көр!») 7️⃣ Кадыр түндүн күндүзүн да ибадат менен өткөрүү – күн бою сооптуу иштерди кылуу. 8️⃣ Жамаат үчүн дуба кылуу – бүткүл мусулмандардын күнөөлөрүнүн кечирилишин тилөө. 9️⃣ Кайрымдуулук кылуу – жакшылык жасап, муктаждарга жардам берүү. 🤲 Бул түн – дуба жана Куран түнү! Убакытты текке кетирбей, Жаратканга жакындоого пайдаланып калалы!
📖 Ыйык Куран түшүрүлгөн түн – Кадыр түн🌃 ✨ Кадыр түндүн улуулугунун бир себеби – дал ушул түндө Курани Карим Пайгамбарыбызга (ﷺ) түшүрүлө баштаган. Куран – Алланын адамзатка берген түбөлүктүү кереметтүү китеби. Анын теңдешсиздиги убакыт өткөн сайын даана көрүнүп, кыяматка чейин улана берет. 💖 Куран жүрөктү ачып, ыйманды бекемдеп, акылды нурдантат. Аны окубаган адамдын жан дүйнөсү караңгылап, ээн калган үйгө окшоп калат. 📚 Ошондуктан, Куранды сүйөлү, окуйлу, угалы, үйрөнөлү жана башкаларга үйрөтөлү! Айрыкча, Ыйык Рамазан айында, Кадыр түндө буга өзгөчө көңүл буралы!
без подписи