tgindex
ЫРЫС ЖЕКШЕНАЛИЕВ

ЫРЫС ЖЕКШЕНАЛИЕВ

Статистика
@polituznikрусский
Последний пост
6 мар.
Последнее чтение
20:45
Постов за неделю
0
Всего постов
20
Тип
открытый
Язык
русский
В каталоге с
15 авг.
Подписчики
231
+1 за 2 дн.
Сутки
+1
+0,43%
Неделя
 
Месяц
 
Просмотров на пост
565
20 постов
Вовлечённость
244,6%
к подписчикам
Постов в день
0,0
всего 20
Упоминаний
0
каналов
Охват размещения
оценка
1/24сутки в ленте
1/48двое суток
1/72трое суток

Оценка по просмотрам недавних постов: пост набирает почти всё за первые сутки.

Посты

  • без подписи

  • Жума маарек болсун! Бүтүндөй мусулмандарга, анын ичинде кыргызстандыктарга, кыргыз мемлекетине дуа кылдым. Жараткан колдосун, жамандык болбосун!

  • Ырыс Жекшеналиев: Мамлекетке өткөн мекемелер кайда кетип жатат? Ырыскелди Жекшеналиев убагында жеке менчикке өтүп, кийин мыйзам текши иштеп, кайра мамлекеттин балансына өткөн мекемелер боюнча капыстан күбө болгон көрүнүшкө комментарий берди. «Мен бүгүн жакшы көрүнүшкө туш болдум. Баарыбыздын мамлекетке өткөн мекемелер кайда кетти деген сурообузга жооп болуптур. Бишкектин чок ортосунда 4500 чарчы метр болгон мурдагы «Роял» спорт комплекси мамлекетке кайтырылып, килтейген, заманбап, көз жоосун алган, өзүнө 500дөн ашык баланы батырган бала бакча салыныптыр. Бул чети гана, мен көргөнүм гана да. Андыктан мындай көрүнүштөргө күбө болсок, ар бирибиз элге, коомго жеткирүү парзыбыз», — деди Ырыскелди Жекшеналиев.

  • 22 сент. 2024 г.4312из archamedia

    ‼️ Скутер, самокаттар жашообузду жеңилдетпей, тескерисинче кыскартып жатат дейт активист Ырыс Жекшеналиев ✔️ Ал эки дөңгөлөктүү транспорттордун айынан жол кырсыктары көбөйүп жатканын айтып, аларга шарт түзгөнгө чейин тыюу салууну сунуштады.

  • без подписи

  • без подписи

  • Боршайкомдун тарыхында биринчи жолу коомдун активдүү жарандары менен жолугушуу уюштурулду. Анда жаштардын шайлоого аз санда катышып жаткандыгы, чечүү жолдору жана онлайн (мобилдик тиркеме аркылуу) добуш берүү талкууланды. Менин оюм: https://vt.tiktok.com/ZS2QJ5wkr/

  • 🇰🇬 Айсулуу Тыныбекова Парижде өткөн Олимпиада оюндарында 3-орунга ээ болуп, коло медаль тагынды. 2021-жылы кыргызстандык балбан Токиодо күмүш байгеге ээ болгон.

  • Жолчуларды аптанын ысык күнүндө ата-мекендик өндүрүштөгү суусундуктар менен камсыздадык 🇰🇬

  • Ата Түрк паркындагы үйлөр түртүлүп жери мамлекетке кайтат, колдойлу!

  • Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы тарабынан 2024-жылдын 7-февралында чыгарган мени актоо жана мамлекеттик айыптоочу З. Байбагышеванын өтүнүчүн четке каккан чечими колго тийди. Бүгүнкү күнгө чейин колдоо көрсөтүп келе жаткан санаалаштарыма ыраазычылык билдирем! Мындан ары жакшылыктар гана болсун! Ырыскелди Жекшенашиев

  • «Мен прокурор менен тергөөчүнү сотко бергенге укугум бар болчу, бирок андай кадамга барган жокмун. Бул чечимим менин эч кимге кек сактабаарымды ошондой эле таарынычым жок экендигин далилдеп турат. Президенттибиз Садыр Нуркожоевич жана УКМКнын төрагасы Генерал Камчыбек Кыдыршаевич Кыргызстанда саясий куугунтук жок, соттор көз каранды эмес деп айтышкан. Мына бүгүн ал нерсе далилденди!» Эскерте кетсем, 18-айлык соттук териштүүдөн соң Ырыскелди Жекшеналиев ага тагылган айыптардан толук акталды.

  • без подписи

  • без подписи

  • 7 февр. 2024 г.5574из politklinika

    Бишкек шаардык соту блогер Ырыс Жекшеналиевди актоо боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды 4-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Ырыс Жекшеналиевди толук актап, ага коюлган бардык айыптарды алган. Прокуратура Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун активист Ырыс Жекшеналиевди актаган чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна арыз берип, ишти райондук сотко кайра кароого жөнөтүүнү өтүнгөн. Ырыс Жекшеналиев 2022-жылы августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону “Полит Узник” баракчасына чыгаргандан кийин камалган. Тергөө абагында эки ай отуруп, үй камагына чыккан. Активистке кылмыш-жаза кодексинин “Калайман башаламандык” беренесинин “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” деген бөлүгү менен кылмыш иши козголгон. @politklinika

  • Жараткан Аллахым ыраазы болуп, садаканы кабыл кылган болсун! Эки дүйнө бакытын насип этсин, Аке!

  • Жалаң жакшылыктардын үстүндө жүрөлү! ✨

  • Кымбаттуу мекендештер! Бүгүн мага карата Биринчи май райондук соту чыгарган актоо чечиминин үстүнөн прокурор Байбагышева Бишкек шаардык соттук коллегиясына аппеляциялык арыз менен кайрылып, жокко чыгарууну жана кайрадан райондук сотко жиберүүнү өтүнгөнүн сотко барганда капыстан билип калдым. Максатымда соттун чечими күчүнө кирди деп мөөр бастырып, Жалал-Абад облусуна барып, курорттон мындан аркы даарылануумду улантайын дегем. Мен, сөздүн ачыгы, түз жүргөн, берген убадама бек турган жигитмин. Адвокаттарыма сунуш киргизип, акылдашып, мамлекеттен моралдык чыгым өндүрүү үчүн сотко кайрылбайбыз деп чечим кабыл алганбыз. Бул менин эч кимге кегим же таарынычым жок экендигинен кабар берет. Эми мындай… Мен өзүм күткөндөй, ишенгендей эле жылдап созулган соттук териштирүүлөрдөн кийин акталдым. Сотто ачык айткандай, жаштыгыма салып Урматтуу президенттибиз Садыр Нуркожоевич менен Генералыбыз Камчыбек Кыдыршаевичтин алдында ката кетирип алгандырмын, бирок мыйзам алдында кымындай да күнөөм жок дегенмин. Бул менин туруктуу пикирим. Мен 29-декабрь күнү ооруканада жатканда интервью берип, ошол жерде белгилеп өткөндөй эле мындан ары өзүмдүн ден-соолугумду чыңдап, билимимди бышыктоо менен, жакындарымды аёо менен гана алек болом дегем. Ал оюмдан кайтпайм. Ошентсе да, мен баарыңыздарга ыраазычылык билдирем! Менин акталышыма, менин адилетти эңсеген үнүм керектүү адамдарга жеткенине себепчи болгондорго рахматымды айтуу парзым деп эсептейм. Бирок, кандай болбосун, жалаң жакшыны ойлогон, оптимист жаным бу алдыдагы шаардык сотто райондук сот чыгарган чечимди бекемдеп, тактап айтканда мени дагы бир жолу соттук коллегия аркылуу актап койгону жатышат деп ойлоп турам. Жараткан жалпыбызды жалгасын! Жакшылыктарда гана жүз көрүшөлү, журт жакшылары! 09.01.2023

  • https://youtu.be/7bHmjx7K154?si=Fij2uXJCtu_NTyzz

  • Кымбаттуу мекендештер! Камалгандан тарта ушул күнгө чейин сотто мыйзам алдында ак экенимди айтып келдим. Албетте, менин үнүм эркин медиалар аркылуу гана коомчулукка жетип турду. Эгер көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттары, Эл аралык уюмдар, жарандык коом болбогондо менин үнүм эч жака жетмек эмес. Учурдан пайдаланып баарыңыздарга терең ыраазычылык билдирем! Ар бир соттук процессти күзөтүп, укугумду коргоп берген Гулшайыр Абдирасулова башында турган Общественный Фонд "Кылым шамы", Институт Медиа Полиси уюмдарына, жактоочуларым Кантемир Турдалиев жана Нурбек Сыдыковго алкышымды айтам. Айтор, бүгүн сот мага карата Өкүмдү окуганда ошондогу ар бир оор күнүм, колдоп жаткан тараптардын элестери кино плёнкадай тизилди. Бул сиздердин мен үчүн кылган мээнетиңиздерди эч качан унутпай, түбөлүк жүрөгүмдө болорунан кабар берет. Жалаң жакшылыктарда жүз көрүшөлү! Кем болбоңуздар!