🌸 АЯЛ СЕН АСЫЛСЫН🌸
СтатистикаАссаламу алейкум Айымдар үчүн гана✅ Мырзалар кирүүгө ❌ Бирин бири колдоп Билим алуусуна Чоогу өсүү үчүн ачылган канал✔️
- Последний пост
- 10 авг. 2025 г.
- Последнее чтение
- ещё не заходили
- Постов за неделю
- 0
- Всего постов
- 17
- Тип
- открытый
- Язык
- русский
- В каталоге с
- 15 авг.
- 1/24сутки в ленте
- —
- 1/48двое суток
- —
- 1/72трое суток
- —
Оценка по просмотрам недавних постов: пост набирает почти всё за первые сутки.
Посты
https://t.me/+6q65E5Ee2nowNjNi
Мен өзүмө ыймандуу жар издеймин, Тандоо деген кандай экенин билбеймин. Кызды көрүп сүйлөй албай сүрдөймүн, Мен ушинтип өмүр бою жүдөймүн. Болсо деймин, ал жарымды татына, Жарашса дейм атына да затына. Ойлой берем түрдүү түркүн элести, Жетпейм такыр, түпкүрүнө санаалардын чачыла. Алган жарым Кудай жолун жолдосо, Турмушта да араздашуу болбосо. Таттуу сүйлөп көңүлүмдү көтөрүп, Жүрөгүмдүн түпкүрүнө орносо...
Көйгөйлөрдү уруш-талаш менен эмес (Намаз )менен чече турган үй-бүлө болобуз... Ин Шаа Аллах https://www.instagram.com/reel/DIaY6anvbPe/?igsh=YTEzOWVmbWsxMmN0
Тишиңиз таң эрте менен ооруса аны үйдөгүлөргө айтасыз Ооруканага барсаз кезек көп болсо аларга дагы тишим ооруп жатат биринчи мен кирип чыксам болобу деп баарына айтасыз, Аа тишиңиз күндө ооруйбу жок Аа эмне үчүн оорубай жүргөндө Аллах таалага көп шүгүр Айтбайсыз оорутбаганыңа шүгүр деп ден соолугум чын экенине ошончо жыл өмүр бергенине, Аа бир эле күн тишибиз ооруса ооруп жатат деп баарына айтабыз...
🫀 *"Жүрөк бул – адамдын денисиндеги кичинекей, бир үзүм эт".* *Ал оодарылып турат.* *Жумшарат жана катып-мерез болуп турат.* *Соо болот жана ооруп турат* *Саламатта болот жана кирдеп турат* *Ал ажайып дене мүчөсү.* *Ошондуктан* *Момундан, өзүнүн жүрөгүн дайыма тазалап турушу талап кылынат.*✅
Такыбалык өскөн сайын, текеберлик кичиреет. Илим көбөйгөн сайын, ибаадат кылуу жакшырат. Ыйман өскөн сайын,ыкластуулук көбөйөт. Зикир көбөйгөн сайын, жүрөк тазарат. Дааватка чыккан сайын диндин таттуу даамы сезилет. Пайгамбарыбыздын өмүр баянын окуган сайын ага болгон сүйүү ойгонот, сүннөттүн баркы билинет. Куран окуган сайын Аллахка болгон сүйүү көбөйөт. Аяна Абдраева 🌸
11. Мазлумдун ( зулум чеккен адамдын ) дуасынан жана укугу тепселген адамдын көз жашынан сактан! 12. Китеп, гезит же журнал окуудан мурда Куран оку! 13. Өлкөбүздүн өнүгүүсүнө өз салымыңды кош! 14. Нафсиңе каршы күрөш, анткени нафс жамандыка үндөйт. 15. Ата-энеңдин колун өөп кызматын кыл, Алланын ыраазылыгына жетесин. 16. Сен эски деп кийбей койгон кийимиң колунда жок адамга жаңы болуп көрүнөт, кийбей турган кийимдериңди муктаж адамдарга бер. 17. Болбогон нерселерге ачууланба, өмүр сен ойлогондон кыска. Ачууга алдырсан жашооңдо көп жакшылыктардан куру каласын. 18. Күчтүүлөргө күч берип күчтөндүргөн, байларга байлык берген кудурети чексиз Алла Таала дайыма сени көзөмөлдөп тураарын унутпа. 19. Күнөө дубанын кабыл болбоосуна себеб болот. Дуанын кабыл болуу эшигин күнөө кылып жаап койбо! 20. Кыйынчылыктан чыгууга жана балээден кутулууга эң жакшы жардамчы намаз. Намаз окуп Жаратканга жалбарып дуа кыл, кыйынчылыктан кутулуунун жолун көрсөтөт. 21. Алланын буйруктарын аткарбай таштап коюу бактысыздыктын башаты жана түйшүкө кабылуунун негизги себеби. Алланын буйруктарына баш ийип ибадат кыл, тыйган арам иштеринен алыс бол! 22. Парз намаздарынан сырткары нафил намаздарды көп оку, кабырда жалгыз калганыңда жолдошуң болот. 23. Эгер сени кимдир бирөө гыйбат кылып жаткан болсо ага: "Алладан корк"-деп айт. 24. Табарак сүрөсүн дайыма окуп жүр, кабыр азабынан кутулууңа себеб болот. 25. Намазын Алла Таала көрүп турат деп окубаган адам жана тозокту бейишти эстеп көзүнөн жаш чыкпаган адам - бардык жакшылыктардан куру калган адам. 26. Алланы унутуп капылетте жүргөн адам менен жолдош болбо. 27. Эң оболу Алланы сүй, андан кийин Анын пайгамбарын сүй. Чыныгы сүйүү Аллага жана пайгамбарга болот. Алланы сүйүү - Алланын буйруктарын аткаруу менен болот, ал эми пайгамбарды сүйүү-сүннөтүнө ээрчүү менен болот. Чыныгы сүйүү Жаратканга жанашуу, калгандары уруш, жаңжал талашуу... 28. Сени гыйбат кылган адамды кечир, анткени ал сени гыйбат кылып, сага өзүнүн сообун берип, сенин күнөөңдү алат. 29. Намаз, Куран жана зикр сенин көкүрөгүңдөгү жаркыраган мончогуң. 30. Тозок отун эстеген адам күнөө ишке алып баруучу жолдон сактана алат. 31. Күн батып, кайра таң атып, өмүр уланып турса, адам баласы азаптан кутулат. Кризистик абал өтөт, кыйынчылыктар кетет. 32. Айтты же айтылды деген сөздөрдөн алыс бол, анткени сенин андан сырткары кыла турган тоодой милдеттериң көп. 33. Иштерим калып кетет деп намазды шашып окуба, анткени намаз башка нерселерден жогору турат. 34. Куранды дайыма өзүң менен кошо ала жүр, Курандан бир аят окуганың дүйнө жана дүйнөдөгү бардык нерселерден жакшыраак. 35. Жашоо керемет, дүйнө кооз, бирок сенин ыйманың сени андан да кооз кылып көрсөтөт. " О, Алла! Күнөөлөрүбүздү кечир, жүрөгүбүзгө күнөөнүн себебинен түшкөн кара тактарды кетир. Өзүңдүн буйруктарыңа жана пайгамбардын сүннөттөрүнө амал кылбай өткөргөн күндөрүбүздү, намазсыз, Курансыз, зикрсиз, аттырган түндөрүбүздү кечир". Амин
"БАКТЫЛУУ ЖАШООНУН ЖОЛУН КОРСОТКОН 35 НАСААТ" 1. Таң эрте багымдат намазын окуп таңкы зикрлерди калтырба, күнүң ийгиликтүү, тапканың берекелүү болот. 2. Шайтандын азгырыгына кабылып калбоон үчүн көп истигфар айт. 3. Дуа кылууну токтотпо анткени дуа ийгилике жетүүнүн эң оңой жолу. 4. Ар-бир айткан сөзүңдү периштелер жазып тураарын унутпа! 5. Кыйынчылыка кабылып, оор күн көрүп жатсаң башыңа түшкөн балээни жакшылыка жооруп, ар-бир кыйынчылыктын артында жеңилдик бар экенин эсиңден чыгарба! 6. Манжалардын кооздугу тасбих айтып биригип жаткан учуру. Дайыма таспих айтууну өзүңө адат кылып ал! 7. Кайгы-капа түйшүкө кабылган болсоң, " лаа илаха иллаллох " .- келмесин көп айт!. 8. Кедей-кембагалдардын, мискиндердин дуасын садака берип сатып ал. 9. Нафил намаздарда сажданы узун кыл, узун сажда кылуу жаркыраган сарайлардан абзел. 10. Ойноп сүйлөсөңда ойлоп сүйлө! Балким сен айткан сөз кимдир бирөөнүн көңүлүн оорутуп коюусу толук ыктымал.
4️⃣ ИМАМ ГАЗАЛИНИН АЙТКАН КЕРЕМЕТТҮҮ СӨЗДӨРҮНӨН. ✅️Аллах таала берген нематты Ал жактырган жерге жумшоо бул - шүгүр, жактырбаган жерге колдонуу болсо - нематты четке кагуу ✅️Аллах таала сенин жакшылыгыңды сенден жакшы билет. ✅️Бир сөз айта турган кезиңде ойлон! Эгер ошол сөздү айтпаганда жоопкерчиликтүү боло турган болсоң, аны айт. Болбосо унчукпа! ✅️Сабыр адамга таандык. Жаныбарларда сабыр жок. Периштелер болсо, сабырга муктаж эмес. ✅️Аллах таала биздин ар бир кылганыбызды жана ойлогонубузду билип турганын унутпашыбыз керек. ✅️Адамдар бири-биринин сыртын көрүшөт. Аллах таала болсо сыртты да, ичин да көрөт. Муну билген бир адамдын кылган иштери жана ойлору адептүү болот. ✅Эртең өлө тургандай бүт мүчөлөрүңдү арамдан сакта.
Бир маектен үзүндү: 🔹-Бактылуулук эмнеде? -Бактылуулук Исламда.✅ 🔹-бирок мен Исламда элемин, бактылуу боло албай жатам. -Бактылуулук деп ыраазы болгон абалды айтат, анын эч кандай деле сыры жок. Аллах Таала кандай тагдыр берсе,ошого ыраазы болуу бул чыныгы эки дүйнө бактысы✅
САДАКА- БУЛ ДААРЫ, ШЫПАА БЕРУУЧУ ЖАНА ОМУРДУ УЗАРТУУЧУ. 1) Садака - Бейиш эшиктеринин бири. 2) Садака - соолих амалдардын абзели, ал эми эн абзели кембагалдарды тамактандыруу. 3) Садака - кыяматта оз ээсин колоколойт жана тозоктон сактоочу. 4) Садака - Аллахтын ачуусун жана кабыр ысыгын очуруучу. 5) Садака - бул тазалоочу, нафсти тарбиялоочу, жакшылыкты кобойтуучу. 6) Садака - ээсин кубантуучу жана кыямат куну жузун нурдуу кылуучу. 7) Садака - эн коркунучтуу кундо тынчтык беруучу. 8) Садага - куноолордун кечирилишине себепкер, жамандыкты тосуучу. 9) Садака - ээсине убадаланган эн чон ажр сооп беруучу. 10) Садака - маркумга берилуучу эн чон белек жана ал учун ото чон пайда беруучу. 11) Садака - ажалдын аягындагы кубаныч, жана периштелер ага дуа кылууга себепкер болуучу. 12) Садака - беруучу адамдардын эн жакшысы, садаканын сообу ага себепкерлердин баарына тен барабар. 13) Садака - беруу такыбаа адамдын сыпаты, садака Алланын кулдарынын ортосундагы махабатка себепкер.
Сиздер үчүн Ар тараптуу пайдалуу каналдар топтому Каналдарга кирүү үчүн 👇
Суроо : Дайым ихласты жана бекем ыйманды сактаса болобу? Жооп: 👇 Инсан туруксуз,унутчаак, напсини ээрчип жалганга бателе жармашып кызыгып турат. Биз периште эмеспиз! Ошон учун дуба-зикир мусулмандын куралы! Кыяматка жакын ыйманды сактоо чок кармаган сыяктуу болуп калат . Күнүгө мээнет жана аракет керек! Илим алуу парз! Напсини тыйуу шарт! Жалган өзүнө тарткан дарт! Күнүгө амал менен Аллага кайт! Аяна Абдраева🌸
-Бул жоопту силер деле билесиңер, бул менин сөзүм эмес, Аллахтын сөзү. Куранда Аллах Таала: "Жараткандан кечирим сурагыла, анткени Ал баарын Кечирүүчү. Ал силерге асмандан мол жамгырды жаадырат, силердин мүлкүңөрдү жана балдарыңарды коргойт, силер үчүн бактарды өстүрөт жана силер үчүн дарыяларды агызат", - деген. Демек, истигфар айтып, Аллахтан кечирим тилесеңер Аллах Таала аятта айтылгандын баарын берет, - дейт. ~ "Эртең дебе" китебинен
Беш суроого бир жооп Хасан Басриге бир киши келип: -Кургакчылык болуп, каатчылык жанга батты, кеңешиңиз керек, — дейт. -Истигфар айтып, Аллахтан кечирим сурагыла, - дейт Хасан Басри. Аңгыча дагы бир киши келип: -Канча аракет кылсам да колума тыйын бүтпөй, жакырчылыктан башым чыкпай жатат, кеңеш бериңизчи,- дейт. -Истигфар айтып, Аллахтан кечирим сурагыла, - дейт Хасан Басри. Дагы бирөө келип: -Көп жылдан бери балалуу боло албай жүрөм, эмне кылайын? - дейт. -Истигфар айтып, Аллахтан кечирим сурагыла, - дейт Хасан Басри. Андан кийин дагы бир киши келип: -Багым түшүм бербей жатат, эмне кеңеш бересиз? - дейт. -Истигфар айтып, Аллахтан кечирим сурагыла, - дейт Хасан Басри ага дагы. Ар кандай суроого бир эле жоопту айта берген Хасанга таң калып жанында отургандардан бирөө: -Ар түрдүү суроого бир эле жоопту берип жатасыз, биз буга жакшы түшүнбөй калдык..? - дейт.
Күндүн кеңеши 💯🎯 Бирөө үчүн өзүңдү өзгөртпө!Эч ким ага татыктуу эмес. Аллах Таала раазычылыгы үчүн өзүңдү өзгөрт! Бардык амал Алла үчүн гана!
Эми адам денесин суу менен тазалайт. Дайым таза жүргөнү гусул ,даарат менен жүргөнү. Адептүүлүктү сактаганы. Ойлорун зикир жана шүгүрчүлүк менен тазалайт. Организмди уулуу заттардан токсиндерден тазалоо табигый чөп дарылар менен болот. Рецепттер бар. Ар дайым орозо кармоо бул напсини тарбиялоо жана ден соолукка кам көрүү. Куран угуу , Аны окуу менен адам ички ,сырткы оорулардан айыгат . Жашоо образ таза болуш үчүн бул пайгамбарыбыздын жолуна түшүү. Таза жол Исламда гана. Дин менен жашоо.Шарият өкүмдөрүнө баш ийүү. Жан дүйнө таза болуш үчүн адамдарды түшүнө билүү,аларга дуба кылуу,салам жайылтуу,капаланбай туура кабыл алуу . Кылган ишин таза болуш үчүн адал ,арамды ажыратып ар дайым аалымдардан сурап иш кылуу.