tgindex
Соңку дем 🫀

Соңку дем 🫀

Статистика
@AIWKSРелигиярусский

𝓘𝓼𝓪𝓮𝓿𝓪🧸 https://t.me/dgjihvn

Последний пост
10 авг.
Последнее чтение
11:58
Постов за неделю
0
Всего постов
20
Тип
открытый
Язык
русский
Категория
Религия (по похожим)
В каталоге с
13 авг.
Подписчики
1 852
−9 за 3 дн.
Сутки
−3
−0,16%
Неделя
 
Месяц
 
Просмотров на пост
435
20 постов
Вовлечённость
23,5%
к подписчикам
Постов в день
0,0
всего 20
Упоминаний
0
каналов
Охват размещения
оценка
1/24сутки в ленте
149
1/48двое суток
170
1/72трое суток
184

Оценка по просмотрам недавних постов: пост набирает почти всё за первые сутки.

Посты

  • ❤️

  • “Жалганда чын жашайм” Китеп дүйнөсүнө жолуктунбу,демек жолдуу экенсин.Бул китеп сага жашоонун жалгандарына жан дүйнөңдүн чындыгы менен жооп бер деп шыбырайт.Китепте чын турмуштагы таалайы талаага чачылган жашыруун жандар үн катат.Айтайын деп «акылдуусунбачы» деген сөздөн айбыккандыктан көөдөндөгү жан сырын бөлөк ысым, бөтөн адам болуп жеткиришет. Бир каарман бир берилген аруу суйууну аздектөөнү үйрөтсө, а бирөөсү өтмүштөгү каталардын каалгасын жаап, келечектин жаркын эшигин ач деп кенешчи.Кээ бири алгач жүрөгүңө умтул, бакытты Жаратуучуга жакындоодон тап десе, а башкасы турмуш муш согуучу эмес, тургузуучу деп шыктандырат.Үзүлбөс үмүтүм менен айтам, ар бир каармандын кызыктуу өмүрү, бөтөнчө дүйнөсү бар. Ошол бөтөн дүйнөдөн сени кутуп алууга, сага бериши керек болгондун баарын берүүгө даяр турушат. Эми кезек сенде... 🚩Дарегибиз:Эркиндик бульвар 36/1 Киев көчөсү менен кесилишет. (Дзержинка паркынын ортосунда) (ориентир:Площадь Ала-Тоо) ☎️Байланыш номер:0504 122 000

  • Көптөн күткөн бактылуу күнүңдү бүгүн көрдүм, кезинде мага айткан сөздөрүңдүн баары кайрадан эсиме түштү! «Бактылуу болгум келет» деп канча жолу айттың.Ошол убакта сенин сезимиңди толук түшүнбөгөн окшойм..... Кечирүүгө оор болгон катаны кетирдиң,мен да көктүгүмө салып кечире алган жокмун,ошол себептен баарын артта калтырууга туура келген.Убакыт өтүп,ар кимибиз өз жолубузду тандадык,бүгүн болсо сени кызыңды көтөрүп турган ата катары көрдүм.Сен үчүн чын жүрөктөн кубандым.Бирок жүзүңө тигилгенде,бир кезде мага жылмайып караган ошол каректерди таба албадым! Балким өзгөргөн сен эмес,өзгөргөн убакыттыр,же өзгөргөн мен... Ошентсе да жүрөгүмдө эч кандай өкүнүч жок,болгону таттуу эскерүү гана калды) Бир кезде бири-бирин тааныган эки адам бүгүн эки башка жашоодо экенин түшүндүм!

  • Ар кимдин өз чындыгы бар,бирок акыйкат бирөө гана! Мүнөздүн сулуулугу туруктуулукта❤️

  • без подписи

  • Жан дүйнөнүн тынчтыгы өзүңдү болгонуңдай таануудан башталат эмеспи..... Турнадай пейил күткөн менен чыйырчык баары бир чыйырчык бойдон эле калат.Өзүн чынар сезгенден улам бадал бажырайып,заңгырап чоңоюп кетпейт.«Деңизмин» деп канчалык албуттанган менен,көлчүк баягы эле көлчүк бойдон кала берет.Ар бир жаратылыштын өз чеги,ар бир инсандын өз тагдыры бар.Бийиктикти эңсеген менен, өз болмушуңду чануу жан дүйнөгө тынчтык бербейт.Чыныгы бейпилдик башканын деңизине суктанбай,өз чөйчөгүңдүн тунуктугун сактай билүүдө! Isaeva_D

  • Мен ар күнү кыялданам ойлоном, Сен жонундо ырлар жазып толгоном. Келечекте бүлөө куруп сен менен, Ар бир таңды сени менен мен тоссом. Бир күн келет бүлөө күлүп экөөбүз, Ар бир күндү чогуу өткөрүп жүрөбүз, Төрөлө элек уулум кызым ойнотуп, Кыялымда жетелешип жүрөбүз. Мен кетемин ар бир таңда ишиме, Алып келем адал тамак кечинде. Сен алдыда уулум кызым артында, Тосуп алсаң кандай сонун кечинде. Кыялданып ырлар жазам узактан, Кыялымда жетелешип бир басам. Элесиңди элестетип алыстан, Жыттайм өбөм жетелешип бир басам. Мелис уулу Алымбек

  • 19 мая4101из poeziya_bayandary

    Барчын куштун кайрылганда канаты, Көктү карап улутунмай адаты. Адамдарга андан кыйын экен го? Айыкпаса көңүлдөгү жараты! -Элмирбек Иманалиев

  • Мен ишенем сырткы дүйнөнү өзгөртүү үчүн адам алгач өзүнүн мүнөзүн тарбиялашы керек.Ички дүйнөсү күчтүү адам гана эң начар кырдаалды да жакшылыкка бура алат! Мындай адамдар кыйынчылыкты тоскоолдук эмес,тажрыйба катары көрүшөт.Алар даттануунун ордуна аракет кылып,айланасына үмүт жана ишеним таратышат Акыры,жашоону өзгөрткөн улуу иштер ички эрк менен башталат✅

  • Жашоо бул өмүр күүлөрүн коштогон узак жолдун автобусу.Биз ага бейтааныш болуп түшөбүз,кимдир бирөө менен бир орундукту бөлүшүп дос болобуз,кимдир бирөөнү чын дилден сүйөбүз.Бирок убакыт эң катаал айдоочу.Дарегине жеткендер унчукпай гана түшүп кала беришет... Кеткендердин ордун жаңы жолоочулар басат.Бул сапарда эч кимди күч менен кармай албайсың,болгону жаныңда баратканда кол кармашып,жолдун кооздугун чогуу сезүүгө гана үлгүрүш керек📌

  • ❤️

  • без подписи

  • Адамдын жаратылышы кызык да биз дайым мактоого муктажбыз,бирок сынга келгенде алсызбыз.Кээде өзүбүзгө жакпаган чындыкты укканда же деңгээлибизге жараша берилген курч суроого туш болгондо,ичибиздеги текебердик заматта ойгонуп кетет.Ошол көз ирмемде коргонууга өтүп,албуутанып,каршы тарапты жеңип чыга турган сөз издөөгө шашабыз.Сөздүн курчун таап,каршылашыбызды «жеңгенге» аракет кылабыз,бирок так ушул мүнөттөрдө ичибиздеги бизди кармап турган кичинекей адамгерчиликти жок кылып албасак экен! #𝐨𝐢𝐥𝐨𝐫𝐮𝐦 𝑰𝒔𝒂𝒆𝒗𝒂_𝒅)

  • Жүзүн толук жаап жүргөн адамдар мага бир аз жабык дүйнөнү элестетет.Адамдын жүзү ачыктык ишенимдин белгиси деп ойлойм.Ошентсе да,ар ким өз тандоосу менен жашайт,аны урматтоо керек😁

  • без подписи

  • 27 мар.65971из isaeva_d48

    Ичимде бир боштук бар...... Бирок бул боштук таарынычтан эмес,тескерисинче,кабыл алуудан жаралган тынчтыкка окшош.Кээде адам оор маселелерге туш болгондо дароо жооп издебей,убакыттын жай агымына коё бергенди үйрөнөт экен.Мен да акырындап ошол абалга жетип бараткансыйм,баары жай,шашпай жүрүп жатат! Балким, дал ушундай болушу керек... Кээде ичимде топтолгон ойлор толкун сыяктуу: бирде көтөрүлөт,бирде басаңдайт,бүтүрө турган иштерим да ошол толкундардай бири артынан бири келип, тынчтык бербейт.Таң аткандан бери баштаган аракеттеримдин ар бири өз жыйынтыгына жетсе экен деп тилейм.Өмүрдүн ушул толкундарын колго алып,багытын тууралап, акырына чейин жеткирүү мен үчүн чоң сыноо жана ошол эле учурда чоң үмүт📌 Бүгүн болсо өзгөчө күн,жан дүйнөмдө түшүндүрүүгө кыйын, бир шык пайда болду.Сүйгөн аба ырайы көңүлүмдү ачып,ойлорумду ирээтке келтиргенсиди.Мээмде айланып жүргөн сансыз ойлорду бир нукка салып,аларды сөзгө айланткым келди.Балким,дал ушул учур өзүмдү түшүнүүгө дагы бир кадамдыр....)

  • Кээ бир эркектер өзүн “жабырлануучу” кылып гана тим болбостон, башкаларды коркутуп, өлүм менен манипуляция кылууга чейин барышат. “Өзүмдү өлтүрөм”, “менсиз жашай албайсың” деген сөздөр бул сүйүү эмес алсыздык жана басым! Чыныгы эркек коркутпайт ал сезимдерин курал кылбайт,өз жанын шантаж катары колдонуу бул жоопкерчиликтен качуунун эң коркунучтуу түрү сыяктуу! Мындай сөздөр адамды байлап, коркутуп, көз каранды кылуу үчүн айтылат,бирок сүйүү коркуу менен эмес, урмат жана эркиндик менен жашайт❤️‍🩹 Эгер адам сени коркутса бул анын сени сүйгөнүн билдирбейт,бул анын өзүн башкара албаганын көрсөтөт! Чыныгы күч коркутууда эмес,чыныгы күч өзүн көзөмөлдөп, башкаларга зыян келтирбөөдө деп ойлойм....!

  • Ичимде кайрадан бир тынчсыз боштук жаралды.... Ошол боштук менен жалгыз калдым,өзүм менен өзүм бетме-бет келип, узак сүйлөшкүм келди. Көптөн бери ойлонуп жүргөн, бирок мойнума алгым келбеген ойлорумдун каршысына туруп,алардан качпай, акылым менен да, ички сезимим менен да жооп издеп көрдүм...:) Жан дүйнөмдүн тереңинде бир күч кайнап жатканын сезем,ал тынч жаткандай көрүнгөн, бирок ичинде жалындаган оту бар Жанар тоодой сыяктуу,сыртынан караганда баары тынч, баары жай! Бирок түбүндө оргуштап, кайнап, улам көтөрүлүп түшүп турган күч бар.... Балким адамдын жүрөгү да ошондой чыгар,кээ бир сезимдер, айта албаган ойлор, мойнуна ала албаган чындык баары жанар тоонун ичиндеги лавадай жай кайнайт,алар дароо жарылбайт.Сабыр менен, тагдыр берген өз убагын күткөн сыяктуу...... Кээде эң чоң күрөш бул адамдын өзүнүн ичинде, өзүнүн жүрөгү менен акылынын ортосундагы чечимде🖇

  • без подписи

  • Билбесем да бар экенин, Бул дүйнөдө ак сүйүү. Качандыр бир, Мен өзүңө эрте-кечтир, Жолугарым билгенмин❤️‍🩹