⚜Исламдагы жашоо⚜
СтатистикаМээримдүү Аллахтын аты менен баштаймын. "Жараткан эгеңдин аты менен оку.! " Максатыбыз Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллаху алейхи васаллам дын жолун жолдоп, жакшылыкка чакыруу, жамандыктан кайтаруу. Сунуштар болсо @murzakan_uulu бул жака кайрылыныздар.
- Последний пост
- 13 авг.
- Последнее чтение
- 09:46
- Постов за неделю
- 1
- Всего постов
- 20
- Тип
- открытый
- Язык
- русский
- Категория
- Религия
- В каталоге с
- 13 авг.
- 1/24сутки в ленте
- 68
- 1/48двое суток
- 77
- 1/72трое суток
- 84
Оценка по просмотрам недавних постов: пост набирает почти всё за первые сутки.
Посты
Эгер Аллах Таала сени Өзүнүн динине кызмат кылууга тандаган болсо, сен канчалык алыстаганга аракет кылба — кайра ошол жолго кайтып келесиң. Анткени бул жолго сени өзүңдүн күчүң эмес, Аллахтын Өзү жетелеп жатат. Ал эми Аллах Таала кимге дин жолун насип кылбаса, анын алдында бардык мүмкүнчүлүктөр турган күндө да, жүрөгү бул жолго бурулбай калышы мүмкүн. Ошондуктан дин жолунда жүргөнүбүзгө эч качан өзүбүздү татыктуу деп эсептебей, тескерисинче, «Эй Аллах, мени ушул жолдон ажыратпа жана акыркы демиме чейин Өзүңдүн диниңде бекем кыл» деп дуба кылалы. 🤲🏻 Анткени дин — жөн гана тандоо эмес, Аллахтын пендесине берген эң чоң белектеринин бири. 🤍
Жүрөктөрдүн тынчтыгы жайгашкан жер✨
Такыбалык деген эмне ? Аллахтын буйруганын аткарып, тыйганынан тыйылуу - такыбалык. — Имам Наваи
Куйкалаган кундун ысыгына карабай, Аллахтын өкүмүн аткарып, жоолугун сыймыктануу менен салынып жургон эже синдилерим.. Аллахым баарыныздардан эки дүйнө ыраазы болсун жана жоолугубузду акыркы дем чыкканча түбөлүктүү кылсын 💗
Аллах такыба, таза, бир сырдуу адамды жакшы көрөт! Ар бир жасаган ишиңди жарыялоонун кажети жок. Аны жазып турган периштелер бар. Аллах ыраазы боло турган амал жашыруун, купуя кылынган ибадат. Изги адамдар жакшылыктарын күнөөлөрүн жашыргандай жашырат. Аллах Куранда бизге 25 пайгамбардын атын айткан. Жүз миңдеген пайгамбарлардын атын айткан эмес. Бирок алар пайгамбар болуп кала берет. Атың аталбай калса да, таарынба. Аллах баарын билет.
عَنْ أَبِي نَضْرَةَ، قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ ﷺ: «يَا أَيُّهَا النَّاسُ، أَلَا إِنَّ رَبَّكُمْ وَاحِدٌ، وَإِنَّ أَبَاكُمْ وَاحِدٌ، أَلَا لَا فَضْلَ لِعَرَبِيٍّ عَلَى عَجَمِيٍّ، وَلَا لِعَجَمِيٍّ عَلَى عَرَبِيٍّ، وَلَا لِأَحْمَرَ عَلَى أَسْوَدَ، وَلَا لِأَسْوَدَ عَلَى أَحْمَرَ، إِلَّا بِالتَّقْوَى. أَبَلَّغْتُ؟» قَالُوا: بَلَى، بَلَّغَ رَسُولُ اللَّهِ ﷺ. «Эй адамдар! Чындыгында Раббиңер бир, атаңар да бир. Арабдын араб эместен артыкчылыгы жок, араб эместин арабдан артыкчылыгы жок. Ак адамдын карадан, кара адамдын актан артыкчылыгы жок. Артыкчылык такыбалык менен гана болот. Мен жеткирген болдумбу?» Алар: «Ооба, Аллахтын Элчиси ﷺ жеткирди», – дешкен.
Кечээ өттү, эртеңки күн болобу..? Жаштыгыңа таянба, карылар гана өлөбү ?
– Жакшы тарбия деген эмне ? – Эркиндигиң өз колуңда болсо да, чек ара эмне экенин билгениң.
Адилеттүүлүккө чакырган жерде адилетсиздик өкүм сүрсө, билимдин баркы кайда калат?
Кыз зына кылбаган эркекти каалагандай эле, эркек да зына кылбаган кызды каалайт. Ар ким өзүнө окшош адамды издейт. Ошондуктан бүгүн өзүбүздү кандай жубай күтсөк, ал жубайга татыктуу болууга аракет кылалы.
без подписи
Таасирдүү окуя Акыркы чалуу Жанара айылдагы эң акылдуу, тарбиялуу кыздардын бири эле. Мектепти бүтүргөн күнү апасы аны бекем кучактап: — Кызым, шаарга билим издеп барасың. Бирок кайсы бийиктикке чыкпа, адамдык сапатыңды жоготпо. Бизди эмес, өзүңдү уят кылба, — деди. — Кабатыр болбоңуз, апа. Мен эч качан өзгөрбөйм, — деп күлүп коштошкон. Бирок шаар башкача дүйнө экен… Жаңы достор, кооз жашоо, кымбат кийимдер, көңүл ачуу, сүрөткө түшүү… Баары акырындык менен Жанаранын дүйнөсүн өзгөрттү. Ал айылдан чалгандарга жооп бербей калды. Айылдык экенин айтуудан уялып, өзүн шаарда чоңойгондой көрсөтө баштады. Ал эми ата-энеси болсо таң атпай эмгек кылып, ар бир тыйынды кызы үчүн чогултуп жүрүштү. Апасы күн сайын: — Курсагың токпу, кызым? Өзүңдү карап жүр, — деп чалчу. Жанара болсо көбүнчө: — Азыр бош эмесмин… Кийин сүйлөшөм… — деп телефонду өчүрүп койчу. Ошентип Жанаранын туулган күнү келди. Достору куттуктап, гүлдөрдү көтөрүп келишти. Кымбат ресторанда күлкү жаңырып, сүрөттөр тартылып жатты. Ошол учурда телефону кайра-кайра шыңгырады. Экранда бир эле сөз күйүп турду… «Апа…» Жанара телефонду карап: — Азыр эмес… Үйгө барганда сүйлөшөм… — деп үнүн өчүрүп койду. Бул анын апасынын акыркы чалуусу экенин ал кайдан билмек… Түн ортосунда белгисиз номерден чалуу келди. — Сиз Жанарасызбы?.. Кечирип коюңуз… Апаңыз жол кырсыгына кабылды. Акыркы демине чейин сизди чакырып жатты. “Кызымды чакыргыла…” деп кайра-кайра айтты… Бирок сиз жетишпей калдыңыз… Ошол замат дүйнө Жанара үчүн токтоп калгандай болду. Айылга жеткенде апасын акыркы сапарга узатууга даярдап жатышкан экен. Жанара апасынын муздап калган колун бетине басып: — Апа… Бир эле жолу телефонду көтөрсөм болмок… Бир эле жолу үнүңүздү уксам болмок… Мени кечириңиз… — деп өкүрүп ыйлады. Бирок бул жолу апасы үн каткан жок. Өмүрүндө биринчи жолу кызынын үнүн укпай, түбөлүк сапарга кеткен эле. Кыркы өткөндөн кийин атасы эски сандыктан апасынын күндөлүгүн алып чыгып: — Муну апаң сен үчүн жазып жүрчү… — деп кызынын колуна карматты. Жанара титиреген колдору менен барактарын ачты. Биринчи бетинде: “Бүгүн жөн эле кызымдын үнүн уккум келди…” Кийинки бетинде: “Пенсия алдык. Элден кем болбосун деп баарын кызыбызга жөнөттүк.” Дагы бир бетинде: “Кызым дагы акча сураптыр. Атасы экөөбүз эски мотоциклди сатып жибердик.” Андан ары: “Эки койду сатып, окуусуна кошуп бердик. Кызым эч нерседен кем болбосун…” Акыркы баракта болсо бир гана сүйлөм бар эле. “Эмнегедир бүгүн жүрөгүм кызыма жетпей тургандай сезилип жатат…” Ошол сапты окуганда Жанаранын көз жашы кагазга тамып кетти. Ал телефонун ачып 12 жолу алынбаган апасынан келген чалууну ачып ,экранды көкүрөгүнө кысып алып: — Апа… Эми чалыңызчы… Бир жолу эле чалыңызчы… Бул жолу сөзсүз жооп берем… — деп боздоп ыйлады. Бирок кээ бир чалууларга кайра жооп берүү эч качан мүмкүн болбойт. Кээ бир өкүнүчтөр өмүр бою адамдын жүрөгүндө жашайт…
Ата-энең кылып жаткан ишиңди көрсө сыймыктанабы?
Таасирдүү окуя Ал мага үйлөнүү сунушун киргизгенде... мага Куран жана шоколад белек кылды. Ал берген Куран жаңы эмес болчу. Ошондуктан мен андан: "Бул эмне?" деп сурадым. Ал: "Бул Куран, ал жаңы эмес, бирок ар бир сүрөнүн аягында сен кат табасың. Күнүнө бирден сүрө окуп тур, ал эми окуп бүткөндө катты оку... бирок көңүл коюп ук, "Ан-Нас" сүрөсүнөн баштабай, "Аль-Фатиха" сүрөсүнөн башта. Эң акыркы сүрөнүн аягында сени белек күтөт" деп жооп берди. Арадан айлар өттү... Мен "Ан-Нас" сүрөсүнө жетип, андагы катты таптым. Анда мындай деп жазылган эле: "Аллах ушул Куранды окуп жатып Ага берген убадамды сага жеткирди. Бул — Аллах мени сага жолуктуруп, сени мага насип кылсын деп, түнкү намаздарда туруп окуп жүргөн дал ошол Куран"
Сүйлөшкөн жигити белек берсе: — «Азыр албайм. Эгер насип болуп үйлөнсөк, анда берсеңиз алам», — деп жооп берген кызды өмүрүмдө биринчи жолу көрдүм. Мындай уят-сыйытын, чек арасын сактаган кыздар бүгүнкү күндө өтө сейрек болсо да бар экен. Маа шаа Аллах! 🤍 Аллах Таала ушундай ыймандуу, абийирдүү бардык эже-карындаштарыбызды эки дүйнөдө тең бактылуу кылсын. Аамин.
عَنْ أَوْسِ بْنِ أَوْسٍ رضي الله عنه، أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ ﷺ قَالَ: «إِنَّ مِنْ أَفْضَلِ أَيَّامِكُمْ يَوْمَ الْجُمُعَةِ، فَأَكْثِرُوا عَلَيَّ مِنَ الصَّلَاةِ فِيهِ، فَإِنَّ صَلَاتَكُمْ مَعْرُوضَةٌ عَلَيَّ.» Мааниси: «Чындыгында, силердин эң жакшы күндөрүңөрдүн бири — жума күнү. Ошондуктан ал күнү мага көбүрөөк салават айткыла. Анткени силердин салаватыңар мага жеткирилет.» 📚Абу Дауд Бул хадисти көптөгөн аалымдар сахих деп баалашкан. 🤍 اللهم صل وسلم على نبينا محمد
Атанын дубасы пайгамбарыбыз (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) үммөтүнө кылган дубасы сыяктуу ыйык.
Сүйүнчү биздин Кара-Балта Куран институту кабыл алууну баштады
Жума маарек болсун, күнүңүздөр берекелүү өтсүн!
Ата-энеге кантип айтса болот “үйлөнөм” деп?😅 Жооп күтөм…