tgindex
Ислам ааламы🌏

Ислам ааламы🌏

Статистика

Мээримдүү Аллахтын аты менен баштаймын. "Жараткан эгеңдин аты менен оку.! " ( Алак сүрөсү , 96/1аят) Бул каналдын тексттерин бурмалабай таркатсаныздар болот , алсам болобу дегендерге алсаңыздар болот ...

Последний пост
17 июн.
Последнее чтение
08:00
Постов за неделю
0
Всего постов
20
Тип
открытый
Язык
русский
Категория
Религия
В каталоге с
13 авг.
Подписчики
779
−2 за 4 дн.
Сутки
0
0,00%
Неделя
 
Месяц
 
Просмотров на пост
283
20 постов
Вовлечённость
36,3%
к подписчикам
Постов в день
0,0
всего 20
Упоминаний
0
каналов
Охват размещения
оценка
1/24сутки в ленте
1/48двое суток
1/72трое суток

Оценка по просмотрам недавних постов: пост набирает почти всё за первые сутки.

Посты

  • 17 июн.73из isamdagyjashoo

    Тилекке каршы, азыркы учурда уюштурулуп жаткан айрым жайкы лагерлер тарбия жана балдардын өнүгүүсүнөн көрө коммерциялык багытка көбүрөөк ооп калган учурлар да кездешет. Кооз жарнамалар, кооз графикалар жана чоң убадалар айтылат, бирок иш жүзүндө ошол айтылган максаттар толук аткарылбай калат. Натыйжада ата-энелердин ишеними жабыркап, балдардын убактысы текке кетиши мүмкүн. Ошондуктан биз башкача жолду тандайбыз. Биз үчүн эң негизгиси — жарнама эмес, натыйжа. Кооз сөз эмес, сапаттуу тарбия. Көрсөтмө иш эмес, чыныгы өзгөрүү. Биздин лагердин максаты — балдардын убактысын пайдалуу өткөрүп, алардын жүрөгүнө ыйманды, адепти, жоопкерчиликти жана билимге болгон сүйүүнү себүү. Биз чоң убада бербейбиз — колдон келишинче сапаттуу тарбия берүүгө аракет кылабыз. Анткени бала — бизнес эмес, аманат.

  • 17 июн.621из isamdagyjashoo

    Биз жайкы лагерди эмне үчүн уюштурабыз? Биздин негизги максат — балдарды мектептен кийин сөзсүз медресеге өткөрүү эмес. Биз алардын мектепте билим алып жүргөн мезгилинен тартып эле жашоодо керек болгон шарият илимин өздөштүрүп, ибадаттарын туура аткарууга жетиштүү болгон Куран сүрөөлөрүн жаттап, ыймандуу тарбия менен чоңоюшун каалайбыз. Биз балдарыбыздын жүрөгүнө жакшы адепти, жоопкерчиликти, Аллахка болгон сүйүүнү жана коркууну, адамдарга болгон урмат-сыйды сиңирүүнү көздөйбүз. Анткени биздин тилек — келечекте алар адилеттүү, такыба, эр жүрөк, мекенине жана элине күйгөн инсандар болуп жетилсин. Коомго пайда алып келген коомдук ишмер, ийгиликтүү ишкер, ак кызмат кылган милиция кызматкери, мээримдүү доктор жана өз тармагында мыкты адис болуп өсүшсүн. Биз келечекти бүгүнкү тарбия менен курабыз. Жайкы лагерибиз — ошол жаркын келечекке жасалган кичинекей, бирок маанилүү кадам.

  • ☪️ СААРЛЫКТАГЫ БЕРЕКЕ🕌 _Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: “Саарлык ичкиле. Анткени саарлыкта береке бар”. (Сахих Бухари, 1923)  ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ Саарлыктагы берекеден максат: ❑.Пайгамбардын ﷺ сүннөтүн ээрчүү. Саарлыкка турган адам сүннөттү аткарып жатам деген ниетте турса, анда ал жеп-ичкени үчүн сооп алат. Сүннөттү ниет кылып турганы үчүн анын кылганы ибадат болуп эсептелет. ❑.Китеп ээлерине каршы болуу. Анткени жөөттөр жана христиандар саарлык ичишпейт. ❑.Ибадат кылууга кубат топтоо. Анткени мусулман адам күндүзү намаз, Куран окуйт, зикир сөздөрүн айтат. Эгерде ал саарлык кылбаса, анда ачкалыктан улам ибадаттарды талаптагыдай аткара албашы мүмкүн. ❑.Күндүзү сергек жана жайдары жүрүү. ❑.Дуба кабыл болгон учурга дал келүү. Анткени түндүн акыркы үчүнчү бөлүгү дубалар кабыл болгон учурлардан болуп эсептелет. Ким ошол учурда дуба кылса, анын кылган дубалары сөзсүз кабыл болот. ❑.Периштелердин дубасына татыктуу болуу. Анткени саарлыкка тургандарга периштелер жакшылык тилеп дуба кылышат. ❑.Ачкалыктан улам пайда болгон ачуулануу, сөгүнүү ж.б. терс мүнөздөрдөн арылуу. Эгерде адам саарлыкка турса ачкалыкты сезбейт, күндүзү көңүлү тынч жүрөт. ⠀ Каналга катталыңыз!

  • 1 февр.2125из isamdagyjashoo

    1-февраль — жоолук күнү кут болсун! Жоолук — аялдын уяты, ыйманы жана улуулугу. Аллах ар бир жоолукчан кызды Өз коргоосунда сактасын 🤲

  • Исламдагы жашоо 😍

  • Оо Аллахым, Сага татыктуу кулчулук кыла албаганымды билем💔. Бирок жүрөгүмдө🫀Сага болгон чексиз сүйүүмө Сен күбөсүң🌸. Мени ушул туюк жолдордон куткар, сүйүүм менен шүгүрүмө ылайык ибадаттарымды толук кандуу аткарууну насип эт... Оо Жаратканым, мен Сенсиз эч киммин🌱. Мен Өзүңдүн гана жардамыңа муктажмын🌙. Оо Аллахым, башкаларга зыяным эмес🕊️ пайдам тийсин🌸

  • 💭 Адам канчалык дүйнөнүн кооз жерлерин кыдырып, жашоосун ыңгайлаштырса да, жүрөгүндөгү кусалыкты жана жан дүйнө тынчтыгын сырткы нерселерден таба албайт. Кээде баарынан тажап, алыска кетүүнү каалайсың. Жан дүйнөңдөгү эң терең караңгылыкты жарытуу үчүн досуң менен баарлашып, кино көрүп, же таза абада сейилдеп келгенде да, ал боштук толбойт ❤️‍🩹. Эгерде дал ушундай абал сизди да каптап турса, анда билиңиз: жүрөгүңүз Жаратуучусун, Роббусун эңсеп жатат ✨. Чындыгында, жүрөк бейпилдикти намаздагы саждадан, Курандын аяттарынан, Аллахты улуктаган тасбихтерден жана Аны менен болгон эч кандай ортомчусуз байланыштан гана табат 🌿

  • «Адеп бул үнүңдүн бийиктиги эмес , жүрөгүңдүн тазалыгы .» “Адамды сулуу кылган кийим эмес кылган мамилеси„

  • « КУРАНДЫН КЕРЕМЕТ СЫРЫ БАР. СЕН АНЫ АЧСАҢ АЛ САГА БАКЫТТЫН ЖОЛУН АЧАТ » .🌹

  • 1- Жуманы Бейшемби күнү тосуу. 2- Жума күнү гусул алуу. 3- Чач кырктыруу. Сакалдын бир уучтан ашыгын кесүү. Тырмак алуу. Таза кийим кийүү. 4- Жума намазына мүмкүн болушунча эртерээк баруу. 5- Алдыңкы сапка өтүү үчүн жамааттын ийиндеринен аттабоо. 6- Мечитте намаз окуп жаткан адамдын астынан өтпөө. 7- Имам-Хатип минбарга чыккандан кийин эч нерсе сүйлөбөө, сүйлөгөн адамга ишара менен да болсо жооп бербөө жана азанды кайталабоо. 8- Жума намазынан кийин Фатиха, Кафирун, Ихлас, Фалак жана Нас сүрөлөрүн жети жолу окуу. 9- Аср намазына чейин мечитте калып ибадат кылуу. 10- Ахли сүннөт китептеринен баяндаган аалымдардын баянын, ваазын тыңдоо. 11- Жума күнү жалаң ибадат менен алектенүү. 12- Жума күнү көп-көп Салават айтуу. 13- Курани карим окуу. Кахф сүрөсүн окуу керек. 14- Садака берүү. 15- Ата-энени, же алардын кабырларын зыярат кылуу. 16- Үйдө көп жана таттуу тамак-аш жасоо. 17- Көп намаз окуу. Казага калган намазы бар адамдар каза намаздарын окуш керек.

  • ААЛЫМДАРДЫН БИРИ-БИРИНЕ АЙТКАН ОСУЯТЫ _Маакил ибну Убайдуллах аль-Жазари айтат: “Мурунку заманда аалымдар бири-бирине жолугуп калса, ушул сөздөрдү айтып насаат кылышар эле. Эгерде көпкө көрүшпөй калса, ушул сөздөрдү бири-бирине кат аркылуу насаат кылып жөнөтөр эле: “Ким Аллах үчүн ички дүйнөсүн оңдосо, анда Аллах анын сырткы дүйнөсүн оңдойт. Ким Аллах менен болгон мамилесин оңдосо, анда Аллах аны менен адамдардын ортосундагы мамилесин оңдойт. Ким акырет иштерине кам көрсө, анда Аллах анын бул дүйнөдөгү иштерине кам көрөт”. “Аль-Ихлас уа ан-Нийя”, 1/54_ ⠀

  • “КҮНӨӨЛӨР — ЖАКШЫЛЫКТАРДЫН ДУШМАНЫ„ _Аалымдардын бири Ибну Каййим, рахимахуллах, айтат:_ _“Адам кандай күнөө кылбасын, ошол күнөөсүнө жараша Аллахтан келген жакшылыктар андан кете баштайт. Эгерде тообо кылып Аллахка кайтса, анда ал жакшылыктын өзү же ошого окшогону кайра ага кайтып келет. А эгер Аллахка кайтпастан күнөөсүн уланта берсе, анда анын күнөөлөрү андагы болгон жакшылыктардын бүт баарысын четинен жок кылат. Аллах Таала Куранда: «Кайсы бир коом өзүн өзгөртмөйүн Аллах аларды өзгөртпөйт» – деп айткан._ _Ал эми адамга берилген жакшылыктардын эң улугу – ыйман. Ал ыйманды зына кылуу, уурулук кылуу, арак ичүү, талап тоноо сыяктуу күнөөлөр акырындык менен жок кылат._ _Кээ бир улуу аалымдардын:_ _“Бир күнөө кылып, ал себептүү бир жыл бою түнкү намаздан куру калдым”_ _– деп айткан сөздөрү бар._ _Ал эми башка бири: “Бир күнөө кылып, ал себептүү Куранды түшүнүүдөн куру калдым” – деген._ _Ушуга окшогон мааниде бир акын: “Эгерде жетсең жакшылыкка, кастарлап аны сактап кал, болбосо күнөөлөр аны жок кылат” — деп айткан._ _Жалпылап айтканда, күнөөлөр – жакшылыктар үчүн от сыяктуу. От отунду күйгүзүп жок кылгандай күнөөлөр да жакшылыктарды жок кылат”._ («Тарик аль-Хижратайн», 1/271) ⠀ _Каналга катталыңыз!_

  • 14 дек.1842из isamdagyjashoo

    Кээде кол саатымдын батарейкасы түгөнүп калат. Чынында аны базардан эле сатып алууга болот, бирок мен ошону шылтоо кылып атайын атама барам. Атам болсо эч ойлонбой эле, үйдүн бир бурчунан жаңы батарейканы таап берип коёт. Ошол учурларда мен саатка эмес, атамдын жылуу мээримине муктаж экенимди сезем. Анын жанында бир азга болсо да бала болуп, эркелеп отургум келет.

  • 6 дек.1831из isamdagyjashoo

    «Келиңиздер, урматтуу Кыргызстандыктар! 2026-жылды – бак-дарактарды эгүү, өстүрүү жана отургузуу жылы деп атайлы. Ар бирибиз бирден дарак тиксек – элибизге дем, жерибизге береке, келечек муундарга мурас калтырабыз. Жашыл Кыргызстан – таза аба, ден соолук, суунун молдугу жана бейпил жашоо. Келгиле, жашоону жашылдандыруу менен өз келечегибизди да жашылдандырайлы!»

  • 3 дек.177из isamdagyjashoo

    Ассаламу алейкум уа рохматуллохи уа барокатух амансыздарбы? Күнүңүздү Аллах Тааланы эстөө менен баштаңыз, ин шаа Аллах жеңилдик, береке, жана жеңил өтөт. Бүгүнкү күн дагы Аллах Таала берген бир белек болуп саналат биз үчүн ✨

  • 30 нояб.231из isamdagyjashoo

    Химия илиминин пайдубалын түптөп, аны илим дүйнөсүнө береке менен алып кирген улуу аалым – мусулман Жабир ибн Хаян. Ал – химиянын негиздөөчүсү гана эмес, кылымдар бою окумуштууларга жол көрсөткөн устаттын устаты. «Жабир ибн Хаян - химиянын негиздөөчүсү жана устаты».

  • Ассаламу алейкум уа рохматуллохи уа барокатух амансыздарбы? Көпкө жоголуп кеттик кечирим сурайбыз. Мындан ары колубуздан келишинче баракчаны жүргүзгөнү аракет кылабыз.

  • Жөн гана элестетчи, тууганым! Сен (тамеки, насвай, кальян, вейп ж.б.) чегип же (арак, вино, пиво ж.б.) ичип отурсаң, жаныңда үммөтүм деп көз жашын төккөн, биздин ар бирибиз үчүн түнү менен дуба кылган, күнөөбүз үчүн кабыргап, жанын курман кылган пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллаху алейхи васаллам пайда болуп, сага мындай десе: Пайгамбарыбыз Мухаммад ﷺ: «Эй, үммөтүм! Эмнеге өзүңө зыяны тийчү, Аллах аркы дүйнөдө азап кыла турган нерселерди жасап жатасың? Эмнеге менин сүннөтүмдөн эмес, шайтанын жолун тандап алдың?» А сен болсо башыңды жерге салып: «Жөн эле, жактырып...» — деп жооп бересиңби?.. Ошондо пайгамбырыз Мухаммад ﷺ дагы сага мындай десе: «Сен ушул нерселерди мени жакшы көргөнүңдөн дагы катуу жакшы көрөсүңбү?..» Айтчы, тууганым, кантип жооп бермекчибиз?..

  • 9 февр. 2025 г.90619из isamdagyjashoo

    Суроолорубуз жактыбы? Канча суроого жооп бердиңиз?

  • 9 февр. 2025 г.886из isamdagyjashoo

    без подписи