tgindex
Дил азык🌾

Дил азык🌾

Статистика

Рустам Абилов 🇰🇬

Последний пост
15 авг.
Последнее чтение
16:13
Постов за неделю
3
Всего постов
24
Тип
открытый
Язык
русский
Категория
Религия (по похожим)
В каталоге с
13 авг.
Подписчики
3 222
−13 за 3 дн.
Сутки
−5
−0,15%
Неделя
 
Месяц
 
Просмотров на пост
1 434
24 постов
Вовлечённость
44,5%
к подписчикам
Постов в день
0,4
всего 24
Упоминаний
1
каналов
Охват размещения
оценка
1/24сутки в ленте
455
1/48двое суток
521
1/72трое суток
562

Оценка по просмотрам недавних постов: пост набирает почти всё за первые сутки.

Посты

  • Жаңылуу- бул, жаңыланбай коюу. с.Рустам Абилов #Дилазык🌾

  • 14 авг.434101удалён 22:13

    Келинчегим мени такыр тааныбай туруп турмушка чыкты. Атүгүл атымды да, китебимди да такыр уккан эмес. Тойдон кийин “Каректен аккан көз жаш” китептердин арасында турду. Кээде айтып коём: – Кантип жолдошуңдун жазган китеби сага кызык эмес? – Мен алгач сизди окуп алайын, кийин китебиңизди окуймун,- деп жүрдү. Арадан убакыт өтүп китепти окуп калды. Үйгө келсем табышмактуу карап, табышмактуу суроо узатты: – “Табышмактуу кыз” повестиндеги кыз ким? – Эч ким, ойдон чыгарып жазгам да. Китепти окуп бүттүңбү? – Жок, “Ыйманга келген кыз” дегени калды. Хамза дейин десем анын ата-энеси жок, турмуш жолу сиздикине окшошпойт экен. Ал мейли. Бирок Усман деген каарман дал эле сиздей болуп жатат. Зилнурдай бир кыз өттү беле башыңыздан?- деп бакырая караса, токтоно албай күлүп кирдим. – Ыйманга келген кызды окусаң, анан аягында тыянак чыгарасың. – Жок эй, болду! Окубаймын. Андан дагы толтура суроолор жаралып кетпесин,- дейт. Ошентип 3-повестти окубай койду. А сиз кандай ойлойсуз? Табышмактуу кыз реалдуубу?👇🏼

  • – Мүрзөнү жек көрөм. – Эмнеге? – Ал жакта сөөктөр бар, коркунучтуу. – Сүйгөн адамыңдан айрылып көрө элек экенсиң анда. Сүйгөн адамың мүрзөгө коюлганда, сен үчүн мүрзө да жүрөгүңдүн бир бөлүгүнө айланып калат. с.Рустам Абилов #Дилазык🌾

  • Үйлөнгөндөн бери телеграмм каналыма анча жазбай калдым. Мунун себеби эмнеде деп анализ жүргүздүм. 2022-23-24-жылдары аябай көп жазчу экен элем үстүн карап чыксам. Анан эле чолок акылым бир пикирге токтолду. А көрсө, мен көп ойлонбой калыптырмын. Бойдок кезде ой үстүнө ой болуп жүрөт экенсиң. Жүрөгүң тынчтыкта эмес, болочогуң белгисиз, кандай адамга үйлөнөрүң туңгуюк. Анан ошол адамды элесиңде ар түрдүүчө элестетип көрүп олтуруп, сөздөн сөз чыгып көп нерсе жазыла берчү экен эле. Азыр жазайын десем эле жубайыма байланыштуу бир нерселер оюма келе берет. Ар эки сөзүңдүн үчөөсүн эле антип жаза берүү да туура келбей калат. Андыктан алдыда буюрса; күнүмдүк, өзүм сабак алган, өзгөгө да сабак болчу окуялардан сүрөттөп берип турайын. Жалпысынан Ас саламу алейкуму дилдештерим.✋🏼

  • 8 авг.1 023262

    Аялга айтпа, аялга көрсөт. Амалды да, милдетини да, милдетиңди да. с.Рустам Абилов #Дилазык🌾

  • Күйөөсү үчүн эң жакшы аял; өзү сулуу, калыңы азы. Ошону менен эле бирге мүнөзү жеңил, ашыкча нерсе талап кылбаганы болсо, джекпот эмей эмне? с.Рустам Абилов #Дилазык🌾

  • 8 авг.982222

    Аял деле жаш бала сыяктуу. Айтканыңды эмес, кылганыңды кылат. с.Рустам Абилов #Дилазык🌾

  • 4 авг.1 247291

    – Эң жакшы адам ким? – Аллахты пенделерге чырайлуу кылып көрсөтүп берип жаткан адам. с.Рустам Абилов #Дилазык🌾

  • 26 июл.1 845328

    Себепсиз жактыргандарыбызга - бир себеп менен жакканыбыз өкүндүрөт. с.Рустам Абилов #Дилазык🌾

  • 26 июл.1 754282

    Болгону бир, болгону бир эле даана эң мыкты досум болуусун кааладым. Көзүм өтсө үй-бүлөмдү да аманат кыла ала турган, мен бармынбы, жокмунбу айырмасы жок, ата-энемди зыярат кыла турган, акыреттик дос көрө ала турган. Ошого ылайыктуу жигиттер бар. Бирөөнө жакындап, ошондой дос тутунайын десең эле, ал да бирөөнү ошентип дос кылып жүргөн болуп калат. Натыйжада жалгыз экениңди сезесиң. Сен жалгызсың. Адамдар арасында да жалгызсың, жалгыз калганда да жалгызсың. с.Рустам Абилов #Дилазык🌾

  • 26 июл.1 394253

    Бирөөнүн көлөшү бирөөгө чак келбейт. Бирөөнүн бүлөөсүн өзүңдүн кем акылың менен сындаба. Эртең өзүңдү эмне күтүп турганын билбейсиң. с.Рустам Абилов #Дилазык🌾

  • 26 июл.1 285272

    Үй-бүлө куруу алдында өмүр шеригиңди тандоодо сулуулукка көп такала бербе. Буга бир канча жашоодон алынган себептерди айта аламын; 1) Өтө сулуу эркек центр вниманияда болгонду жакшы көрөт. Кээ бир учурда сулуулук жаатында да аялынан өзүн жогору көрүп кеткендер бар. Кыз-келиндер арасында вниманияны каалап турат. 2) Өтө сулуу кыздар көргөн эркектин эле делебесин козутат. Көзгө дароо урунат. Кызганып күнүң өтөт. Күмөн санап түнүң өтөт. Өзүнө ишенчээгирек келет анан. 3) Үйлөнгөндөн кийин күйөөңдүн да, аялыңдын да сулуулугун такыр карабай каласың. Мүнөзү, адеби, ыкласы, кызматы менен жашайсың. Миң сулуу болгону менен “төө” десең, “бее” деп турса, чырайынан не пайда. Азыркы тапта да көп байкаганым жаштарда баары төп келсе да, сулуулукка келип такалып калгандар болуп жатат. Сулууну алам (тием) деп жатып, көп жакшыдан кур калып калбагыла. Адеби мыкты, теги жакшы, жакшы үй бүлөнүн перзентине тие берген (алган) жакшы. с.Рустам Абилов #Дилазык🌾

  • 26 июл.1 0853010

    Акылын жыйган адам сүйүүдөн азап тартпайт. Ал болгону ошол сүйүү берилгенине ыраазы болот да, андан ары жолун улайт. Инсанга болгон сүйүүдөн жапа чегүү - алсыздык. Бирок кээ бир адамдар унутпай эстеп жүрүүгө татыктуу. Болгону жакшы элестер менен. с.Рустам Абилов #Дилазык🌾

  • 26 июл.1 199368

    Биз сулуулукка эмес, мүнөз менен жүрөккө ашык болобуз. Сулуулукка ашыктар сулуурагын көрсө сүйүп кете берет. Кээ бир адамдардын унута албаганынын бир далили - алар мүнөз менен жүрөккө ашык болушкан. Анткени, бир мүнөз, бир жүрөк бир эле адамга таандык нерсе. с.Рустам Абилов #Дилазык🌾

  • 26 июл.1 291193

    Түн –бул, денелер уктап эс ала турган, бирок сагыныч менен эскерүүлөр ойгонуп, тынчтык бербеген учур. с.Рустам Абилов #Дилазык🌾

  • 14 июл.2 014331

    - Акча эркектин косметикасыбы? - Чыныгы эркектин косметикасы акча эмес. - Анда эмне? - Такыбалык.

  • 4 июл.2 640385

    Улгайган сайын “менден кандай ата чыгат?” деген соболду өзүңө миң кайталап жүрүп калат экенсиң. Бир туура эмес нерсе жасоо алдында “бул кылганым эртең адатка айланса, анан муну балам көрүп өссө, кандай өрнөк алат?” деп. Чын-чынында башты айланткан сүйүү, махабат, ашыктыкка маани берип, ошону менен алек болгонубуз менен; мыкты жолдош, мыкты жар болууга, жакшы ата-эне болууга көпчүлүгүбүз даярданбай эле жүрөбүз. Эртең ошол статустар бизге оор келип калбаса эле болгону.

  • 4 июл.2 373804

    Түштөн кийин келинчегимди атасынын үйүнө жеткирип бардым. 3-4 күн туруусун айтып, кайра шаарга түштүм. Мерчемимде үйгө кайтуум керек болчу. Бирок алыстан келген достор менен кезигип калып, терең маек куруп олтуруп, түнкү саат 3 болуп кетти. Үйгө кайтайын десем аябай уйкум келип турат. Бир тарабы курсагым аябай ачкан. Түнкү саат 3 тө келинчегиме телефон чалдым. – Ало.. – Ой? – Мен шаардамын. Силердикине эле барып жатып калсамбы дегем. Курсагым да аябай ачты. Катуу кубанып кетти. – Чын элеби? Же тамашалап жатасызбы? – Ой чын, азыр унаа айдап үйгө жетүү да кыйын болуп турат. Жакыныраак силердикине эле барайын. Чай коюп турчу. – Ураа! Келе бериң. Канчада келесиз? – 10 мүнөткө жетпей.. 10 мүнөткө жетпей барып калдым. Түн уйкусун бузуп, мага дасторкон жасап, тамагын даярдап күтүп алды. Мени көргөндө кубанычы ичине батпай, жаш балача сүйүнүп, мойнума асылып эреркей түштү. Тамактанып олтурганымда маңдайымда сүйүү көздөрү менен карап олтурду. Эмесе биз 7-8 саат мурун эле коштошкон болчубуз. А мага 7-8 жума өткөндөй сезилди. Сыртыма чыгарбасам да, кылган кызматынан, мага болгон берилгендигинен ичимден аябай ыраазы болуп кеттим. Биздин энелерибиз жана бир тууган эже-карындаштарыбыз гана ушундай түн уйкусун бузуп, алдыбызга тамагын даярдап, сага ушундай камкор боло алат. Башкача айтканда аялың да алардан кем калбаган камкор жаның болуп берет. Оорусаң өзүңө 100/5% эле күйүшүң мүмкүн. Биз эркектер ушунадайбыз да. А аялың, өз апаңдай 100/200% күйөт. Ошондуктан бойдок ага-инилер азап тартып жүрө бербей эртерээк үйлөнгүлө. Үйлөнүүдө жакшылык, береке, тынчтык бар. Анан да бул жашоодо бирөөгө керек экениңди сезип жашайсың. Сенден бир саамга узактоо - бир кылымга тетедей сезилет. с.Рустам Абилов #Дилазык🌾

  • 4 июл.1 673286

    Бир инсанды сүйбөгөнүбүздү анын атын дубада атабай калганыбызда түшүнөбүз. Анткени сүйүктүүлөрүбүз ар дайым дубаларыбызда болушат. с.Рустам Абилов #Дилазык🌾

  • 23 июн.2 3144410

    Керек элең дүйнөмө ушунчалык, Кең дүйнөдө кыйналгам үшүп калып. Кереметиң чачып сен кирип келдиң, Кереметтүү сүйүүмдөн үлүш алып. с.Рустам Абилов #Дилазык🌾

Дил азык🌾 — tgindex