tgindex
Дилимдеги 🫀

Дилимдеги 🫀

Статистика
@dilimdegiКнигирусский

Тынчтык издеген жандардын тайпасы 🫂 Бул тайпадан жүрөгүңүзгө дем, жан дүйнөңүздү жылыткан сөздөрдү жана турмуштун маңызын ачкан терең ойлорду таба аласыз. Instagram: @dilimdegi @dilim_books What's App: + 996 755 94 46 33

Последний пост
3 авг.
Последнее чтение
15:47
Постов за неделю
0
Всего постов
52
Тип
открытый
Язык
русский
Категория
Книги
В каталоге с
13 авг.
Подписчики
1 649
−8 за 3 дн.
Сутки
0
0,00%
Неделя
 
Месяц
 
Просмотров на пост
486
40 постов
Вовлечённость
29,5%
к подписчикам
Постов в день
0,0
всего 52
Упоминаний
0
каналов
Охват размещения
оценка
1/24сутки в ленте
446
1/48двое суток
511
1/72трое суток
551

Оценка по просмотрам недавних постов: пост набирает почти всё за первые сутки.

Посты

  • 3 авг.408121

    видео или голосовое, без подписи

  • видео или голосовое, без подписи

  • Биздин китептерге гана коментарий бөлүм киритилди. Китептерибизди окугандар болсо, кирип комментарий жазып коюңуздар . Биз үчүн өтө маанилүү, ар бириңиздерден күтөм.

  • видео или голосовое, без подписи

  • https://kitep.app/store/dilim-books Дүкөндүкү https://kitep.app/publisher/dil-basma Басманыкы

  • Ассаламу Алейкум кандайсыздар? Биздин китептер боюнча эми ушул сайттан кабардар болуп турсаңыздар болот.

  • Баса, жөн гана быйтыкча жарабайт. Китепти күтсөңүздөр ошону, китепке болгон ожиданияңыздарды, жаккан тарабы ж.б.у.с. пикирлериңиздерди жазыңыздар. Баракчаңыздарга бөлүшсөңүздөр бонус 🙌🏻.

  • Күтүп жаткандар комментарийге жаза кетиңиздер 🙌🏻. Эң көп жана өзгөчө комментарий ээсине китеп чыкса автордун кол тамгасы менен бирөөнү берем 📚. Активиңиздерди көрсөтүңүздөрчү 🫀

  • https://www.instagram.com/reel/DbGHqmLIaIy/?igsh=MWo2NndlNDc3OTYxeQ==

  • Адам жөн эле өзгөрбөйт. Ар бир өзгөрүүнүн артында бир себеп, же бир окуя, жагдай болот экен. Кээде көптү көрүп, көптү түшүнгөндүктөн өзгөрсө. Кээде ишеним акталбаганы үчүн өзгөрөт тура. Адамдын сөзүнөн – абийиринин, ал эми амалынан – аманатка болгон мамилесин түшүнсө болот экен. Кээде өзүң кыйналып, жашоонун сабагын алганың үчүн өзгөрөсүң экенсиң. Кээде эч ким сурабаган абалыңда жалгыз калганың үчүн... #дилимдеги 🫀

  • Ошондо гана «кыргызчылык» деген сөздү укканда көңүлүбүз чөкпөйт. Тескерисинче, сыймыктанабыз. Анткени улутту өзгөрткөн күн сайын жасалган туура тандоолор. Буга чейин айтканымдай, ар туулган күнүмдө жыйынтык чыгаруучу тафаккурум, ой-толгоолорум бүгүн кереметтүү Ысык көлүбүздүн жээгинде болду. Урматым менен, Алимырза Назаров 🪶 07.17.2026

  • Жок! Бул – кыргызчылык эмес. Кыргызчылык – Манасты жараткан элдин акылы. Кыргызчылык – дүйнөгө даңазаланган Чыңгыз Айтматовдун калеми. Кыргызчылык – эл үчүн өмүрүн арнаган Ысхак Раззаковдой инсандардын мекенчилдиги. Кыргызчылык – китепти аздектеген, билимди урматтаган, сөздүн кадырын билген нарктуу коом. Ал эми паракорчулук, кошоматчылык, кош көңүлдүк, билимге кайдыгерлик, китеп окубоо, адилетсиздик – бул ар бир адам өзү жеңиши керек болгон илдет. Эгер биз чындап өзгөрүүнү кааласак, өзгөрүүнү өкмөттөн эмес, өзүбүздөн башташыбыз керек. Айына жок дегенде бир китеп окуйлу. Окуганыбыз тууралуу ой бөлүшөлү. Балдарыбызга, бир туугандарыбызга китеп белек кылалы. Илимди барктайлы. Эмгекти баалайлы. Тааныштыкты эмес, татыктуулукту биринчи орунга коёлу.

  • *** Илим-билим тармагында да ушул эле көрүнүш. Илимге кызыккан жаштарды колдогондон көрө, «аларды колдогонду, китердерди, курсттарды?» сатып өз кызыкчылыгын ойлогондор көп. *** Бизде дагы бир жаман адат бар. Бирөөнүн ийгилигин көргөндө, сунуш, пикир, колдоо көрсөткөнгө караганда, кемчилик издөөгө, сын айтканга шашабыз. Китеп көп сатылса – «жарнамасын жакшы кылды» дейбиз. Бир жаш автор чыкса – «кандай жазыптыр?» дейбиз. Анын «жаратмандыгы», «эмгеги» акыркы орунда калат. *** Эң өкүнүчтүүсү – ушунун баарын «кыргызчылык» деп актап алганбыз. Убакытты баалабай коюуну да, мыйзамды сыйлабай коюуну да, жоопкерчиликсиздикти да ошол сөздүн артына жашырып келебиз.

  • *** Көпчүлүгүбүз китеп сатып алууну чыгым деп эсептейбиз, бирок кереги жок нерселерге акча короткондо эч ойлонбойбуз. Балдарыбыздын колуна телефонду эрте карматабыз, китепти кеч беребиз. Анан эмне үчүн алар окубай калды деп таң калабыз. *** Китеп жөнүндө терең талкуу жүргүзүүнүн ордуна, авторду мактоо же жамандоо менен гана чектелебиз. Сын айткан адамды душман көрөбүз, суроо берген адамды жактырбайбыз. Ал эми суроо берилбеген, талкуу болбогон коомдо ой өнүгөбү? Ой өнүкпөгөн жерде илимчи?

  • Анткени дал ушундай илдеттер кайсы гана тармак болбосун, анын ичинде билимдин да, маданияттын да, китеп дүйнөсүнүн да эң чоң душманы катары көрөм. Келиңиздер, сөзүмдү тастыктоо учүн айлана чөйрөгө көз чаптырып көрөлү. *** Биз китеп окубай калганыбыз үчүн, китепти барктабаганыбыз үчүн артта калып жатабыз. Китеп дүкөнүнө баргандардын саны соода борборлорундагы кафелерге киргендерден кыйла аз. Жаңы китеп чыкканда аны дароо сатып алган эмес, арзандатуу башталганда кызыккан окурман болуп калганбыз. Мындан да кейиштүүсү – жакшы китеп жөнүндө, автору тууралуу эмес, кимдин канча акча тапканы жөнүндө көбүрөөк сүйлөйбүз, күзөтөбүз. Жазуучу жылдап эмгектенип чыгарган эмгегине жүз окурман таппай кыйналат, ал эми мааниси жок бир видеону жүз миңдеген адамдар көрөт. Ушул биздин тандообуздун көйгөйү.

  • *Мен жазбадым, сиздер окубадыңыздар!* – Ооба, мейли, «кыргызчылык» деп коёлу... Мен негизи «кыргызчылык» деген сөздү уксам, көңүлүм чөгөт. Эгер бул түшүнүк адамгерчиликке, мээримдүүлүккө, берилгендикке, меймандостукка, кечиримдүүлүккө жана кыргыз элине мүнөздүү болгон асыл сапаттарга карата колдонулса – анда эки колум менен кошулам. Бирок ушул эле сөздүн «тааныш-билишчилик», «тууганчылыкка тартуу», «паракорчулук», «кайдыгерлик», «кагазбастык», «болду эми» деген кайдыгер мамилеге шылтоо катары айтылышын кабыл ала албайм.

  • Мендеги жаңылык ушул 🙌🏻 Китеп сентябрга сатууга чыгат. Бул атайын алдын ала 1-2шт басылып чыкканы 👌🏻.

  • Бүт аалам Сенин: «Бол!» – деген буйругуң менен жаратылды. Оо, Аллахым! Менин да ишке ашпай жаткан тилектериме бир жолу: «Бол!» – деп буюра көр...

  • «Оо, Аллахым, мээмдеги бардык нерсени өчүрүп салчы. Валлахи, мен абдан чарчадым!»

  • Таң – Аллахтын сага: «Дагы бир жолу аракет кылып көр» – деп берген белгиси.