tgindex
БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

Статистика

Formula.KG - Бактыңыздын багыты!

Последний пост
9 авг.
Последнее чтение
21:23
Постов за неделю
0
Всего постов
20
Тип
открытый
Язык
русский
Категория
Религия (по похожим)
В каталоге с
13 авг.
Подписчики
2 880
−15 за 4 дн.
Сутки
−4
−0,14%
Неделя
 
Месяц
 
Просмотров на пост
554
20 постов
Вовлечённость
19,2%
к подписчикам
Постов в день
0,0
всего 20
Упоминаний
0
каналов
Охват размещения
оценка
1/24сутки в ленте
448
1/48двое суток
513
1/72трое суток
553

Оценка по просмотрам недавних постов: пост набирает почти всё за первые сутки.

Посты

  • 💔АЖЫРЫМ ⠀ Эки дос биргеликте соода-сатык кылышчу. Бир күнү алардын бири шайтандын азгырыгына азгырылып, досуна кыянаттык кылды. Албетте, бул жерде анын нафси да өз таасирин тийгизбей койгон жок. ⠀ Бирок экөө тең бизнести биргеликте баштагандыктан, бири-бирине көнүп, үйрөнүп калышкан эле. Ошондуктан ажырап кеткилери келген жок. ⠀ Кыянаттык кылган дос: «Эми болоор иш болду. Кантсе да, ушунча жыл бирге иштедик. Досум мени кечирер», — деген ойдо жүрдү. ⠀ Экинчи досу да: «Ката кимден гана кетпейт? Кечирсем кечирейин», — деген жыйынтыкка келип калган эле. Бирок ошентсе да шеригин дагы бир жолу сынап көргүсү келди. ⠀ — Кел, досум. Бул иштин аягын акыретке калтыралы. Буга чейинки болгон иштерге көз жумуп, ишибизди келген жерден уланталы. Сен буга кандай дейсиң? — деди. ⠀ Ал бул сөзү менен досунун акыреттен корко турган-коркпой турганын билгиси келген эле. ⠀ — Жакшы ойлонупсуң, досум. Өткөн ишке салават. Ал жактарга кимдер барып келиптир? — деди досунун чечимин колдогон кыянатчыл шериги. ⠀ Анын бул сөзүн уккан замат биринчи досу башын чайкап, досу менен коштошууга камынды... ⠀ 👤Эркин Малик ⠀ 👤Которгон: Нуркамил Абдуллаев

  • без подписи

  • без подписи

  • 📍ТАМ ШЫБАК ⠀ Кыштагыбызда күз келери менен там шыбоо иштери күч алчу. Бул көпчүлүктүн колу тийген иштин өзүнчө жазылбаган мыйзамдары бар эле. Биринчиден, эч ким тамын жалгыз өзү шыбабайт. Мындай ишке айылдыктардын баары ашарга келишчү. Экинчиден, бей-бечара, колу кыска үй-бүлөлөрдүн үйүнүн тамы эң биринчи шыбалчу. Кийин кезек-кезеги менен башка тамдарды шыбоо улана берчү. ⠀ Ошол күнү агайыбыздын үйүнүн тамын шыбоого ашарчылар аябай көп келишти. Анын үйү чоң жолдун боюнда эле. Тамга шыбалчу ылай да жолдун четинен казылыптыр. Көптөн бери жаткан топуракка майда саман аралашып, ылай да көңүлдөгүдөй болуптур. ⠀ Бул сапар агайдын ашарына кошунасы Азим аке баш-көз болду. Ашарчылардын бирөөсү чуңкурга түшүп ылай салып, экинчиси челектеп ылай ташып, үчүнчүсү илмек менен челекти тамдын башына тартып, биз болсок төгүлгөн ылайды акырындык менен жайып, кемелине келтире шыбап жаттык. ⠀ Ишибиз илгерилеп, аш-паш дебей, эрте бешимге жетип-жетпей тамдын баарын шыбап салдык. ⠀ Ашар аяктап, короонун так ортосундагы чоң тыттын астында тамактанып отурсак, агайыбыздын каарыйган энеси келип калды. Кийин уксак, ал ашар болордон бир жума мурда кызы көз жарып, ошол жакка кеткен экен. ⠀ Кемпир аса таягын катуу-катуу тыкылдатып, түз эле агайыбыздын алдына барды. ⠀ — Эмне кылдың?! — деди уулунун саламына алик албай туруп. ⠀ — Эмне иш кылып койдуң?! — Эненин экинчи жолу мындай ачуулуу үн менен берген суроосун укканыбызда, баарыбыз дендароо болуп, катып туруп калдык. ⠀ Агайбыз бизге окшогон окуучуларынын алдында апасынан кеп угуп жатканына осол боло түштү окшойт, бети кызарып чыкты. Анан: ⠀ — Эмне кылып коюпмун, апке? — деди каргылданган үнү менен апасын жалдырай тиктеп. ⠀ Кемпир болсо: ⠀ — Качан сага акыл кирет, наадан бала?! — деп кейиген үнү менен кошунасы Азим акени карады. ⠀ — Бул го акмактык кылыптыр. Сизчи? Сиз каякта элеңиз? Эмнеге көчөдөн ылай кылдыңар? Көчөнүн топурагына тийип болобу? Ушуну ушул кезге чейин түшүнбөгөн кандай жансыңар?! Көчө топурагы да көпчүлүктүн акысы! Мен журттун акысына шыбалган тамдын астында жашабаймын! — деди да, көз жашын төккөн бойдон супачага барып, тескери бурулуп отуруп алды. ⠀ Кемпирдин мындай кылыгынан кийин баарыбыз кайрадан тамдын башына чыктык. Шыбак кылганга караганда, ылайды сыйруу кыйын болот экен. Тамдын башында бир да ылай калтырбай жерге түшүрдүк. Анан ылайдын баарын көчөдөн алынган чуңкурга таштап, толтуруп койдук. ⠀ Арадан жылдар өтүп, кемпир көз жумганда, жаназага келген жык-жыйма адамдар аны ошол көчө менен акыркы дарекке көтөрүп жөнөштү. ⠀ Бул учурда көчөнүн топурагы болсо жылуу эле, майин экендиги байкалып турду... ⠀ 👤Өткүр Хашимов ⠀ 👤Которгон Нуркамил АбдуллаевАйрыкча ⠀ https://chat.whatsapp.com/DxnyIsr4K3TAmuXXHD3lPw?s=cl&p=a&mlu=1

  • без подписи

  • без подписи

  • Ар бир күн Алланын бизге берген белеги. Жашоо турмушубузда ар бир баштап жаткан, кылып жаткан иштерибизди" бисмиллах " менен баштап, жыйынтыгын Аллага тапшырып ибадатка айлантсак, ар бир кадамыбызды жакшылык иштерге шилтесек, ар бир жеген тамагыбызга, Жаратканга шүгүр айтсак, өзүбүздө бар нерселерди сезип, багып , гүлдөтсөк, аз нерселерден бакытты таап, көптөй көрүп бааласак, мына ушундай кылса гана бакыттын кайда жашынганын табабыз. Эң негизгиси кеп биздин таза ойлорубуз, тунук акылыбыз, ачык көңүлүбүз , жумшак жүрөгүбүз, таттуу тилибиз менен караңгы түндөн жарык таңды сууруп чыккан таңдын Раббысын тосуп алган жүрөгүбүздө жайгашкан.. 💖Бакытты башка жактан эмес өзүңдөн изде... 🤗Жаңы китеп...Бактылуу болгум келет... 🧕🏻Насиба Абдуллаева https://chat.whatsapp.com/Cm3vECwNeNaBT3HBmAqBZ5?s=cl&p=a&ilr=1

  • без подписи

  • Эки жүздүүлөрдүн бири Умарга Аллах андан ыраазы болсун келип: "Ээ Умар, мен такыр намаз окубайм, бирок сенин Кудайың мени жазалабай жатат." дегенде момундардын башчысы " Сага сажда кылууну насип кылбады, мындан өткөн жаза барбы?" деп жооп берген экен... 🤲Жаратканым намазыбызды акыркы демибизге чейин таштап кетпеген түбөлүктүү жолдош кылгын! 🌹Жума маарек болсун жакшылар! https://chat.whatsapp.com/DxnyIsr4K3TAmuXXHD3lPw?s=cl&p=a&ilr=1

  • без подписи

  • 📖 "Эң сонун ысымдар Алланыкы. Ага ошол сонун ысымдары менен дуба кылгыла.” (Аьрааф сүрөсү, 180-аят) "Ал Рошид  - Туура жолду көрсөтүүчү " Эгем менин! Бизди туура жолго салганыңдан кийин, туура жолдун акыйкатын көрбөй көр болгон көөдөнүбүздүн көзүн ачкын, жакыр болгон жан дүйнөбүздүн жаракасын Өз ырайымың менен бүтөп, кечиримиңе муктаж болгон алсыз кулдарыңды Өзүң кечир! Омиин! 🧕🏻Насиба Абдуллаева https://chat.whatsapp.com/EIcLz7N1SwFAZCk4ZLWYvz?s=cl&p=a&ilr=1

  • без подписи

  • без подписи

  • Жума таңына ойготуп, улуу күндүн жакшылыгын насип кылган Раббыма шүгүрлөр болсун! 🌹Жума маарек болсун жакшылар!

  • Аттиң, акты сатпаган кыргыз, дин үйрөнүп “дуба” сатып калдыбы?! ⠀ Илгертен ак (акча) зарылбы, ар зарылбы десе, арды бийик койгон эл элек. Салтты туу, уятты абийир тутуп, мал сойсо да, сатса дагы агын (сүтүн, майын) сатканды өөн көргөн, кошунасынын казаны кайнабай калса, өз ашын бөлүп берген кыргыз элек го. ⠀ Асмандан издегенибиз жерден табылып, динчил болуп, ыймандуу болуп кеткенибиз ушубу анан?! Кадимки эле кагазды ала калып, сыртына «Төрөттүн дубасы» деп чиймелеп, толгоосу бышып, жаны көзүнө көрүнүп жаткан эненин айласыз абалын пулдап отургандарды ким деп түшүнөбүз? Бул эмне деген шумдук? ⠀ Динди, Кудайдын сөзүн базардын утурумдук арзан товарындай соодага айланткан мындай жорук — жүрөктүн сокурлугу, ыймандын качканы эмеспи! ⠀ Дин үйрөнгөнүбүз ушулбу, же динди бетке кармап, элди тоноонун жаңы жолун тапканыбызбы? ⠀ Кана, көзүбүздү чоң ачып, тегерегибизди бир карап көрөлүчү. Биз «каапыр» деп мурун чүйүргөн, мазактаган ошол эле Орусияда, колунда кыргыз паспорту болгонуна карабай, көз жарган биздин энелерге сүйүнчү пул берип, ар тараптуу колдоп жатышат. Чоочун эл эне менен баланын амандыгына күйүп, шарт түзүп берсе, биздин өз ичибизден чыккан «ыймандуу сөрөйлөр» жаш эненин кыйналган мүнөтүнөн пайда көрүп, чөнтөк кагуунун айласын издеп отурушат. Бул кандай гана уят, кандай гана рухий жакырлык, кандай гана наадандык! ⠀ Кудайдан корккон адам кыйналганга каралашат, булар болсо соодалашат. Сабатсыздыктын, көр казган ач көздүктүн мындай кадамына бүтүндөй коом болуп бөгөт койбосок, эртең адамдык сапатыбыздын да, улуттук жүзүбүздүн да күлү көккө сапырылары турган кеп. Мындай ыплас соодага, динди жамынып элди алдагандарга унчукпай карап туруу — кылмышка ортоктош болгон менен бирдей! Урматтуу мусулман бир тууганым, эсиңе кел! Ар кайда каңгырап, акыл үйрөткөндөрдүн кулу болбой, намысыңды, арыңды ойло!

  • без подписи

  • 🤗"Таңдын кереметин көрүп, жүрөгүм шүгүр менен толду. Ар бир ойгонгон күн — Раббымдын ырайымы!" деп шүгүр менен күнүн баштаган жакшыларга жума маарек болсун! 🌹Алхамдулиллах!

  • 🤲КҮНӨӨНҮН ДАРЫСЫ ⠀ Бир күнү аалым, такыба инсан Баязид Бистами шаар аралап бара жатып, жол боюндагы жиндикананын жанында дары даярдап жаткан бир табыпты көрөт. Ага жакындап келип: ⠀ — Мен күнөөсү көп пендемин. Мендей күнөөкөрдүн жүрөгүн айыктыра турган дарың барбы? — деп сурайт. ⠀ Табып жооп бере электе эле, жиндикананын тосмосуна жөлөнүп турган бир бейтап сөзгө аралашып мындай дейт: ⠀ — Бар. Ал үчүн тообанын тамырын алып, ага истигфардын жалбырагын кош. Экөөнү ыкластын дил куржунуна сал. Анан тавхиддин токмогу менен жакшылап майдала. Ыймандын элегинен өткөрүп, көз жаштын тамчысы менен жакшылап аралаштыр. Аны Аллахка болгон сүйүүнүн тандырында бышыр. Даяр болгондон кийин багымдат менен шам намазынын ортосунда улам-улам колдон. Ошондо бул дары күнөөлөрдөн жараланган жүрөгүңө шыпаа болуп, рухуңду айыктырат. ⠀ Бул сөздөрдү укканда Баязид Бистаминин көзүнө жаш тегеренип, жүрөгү титиреп кетет. Ал башын асманга көтөрүп: ⠀ — Оо, Жаратканым! Сенин сырың кандай улуу! Эл жинди деп эсептеген бул жайларда кандай даанышман табыптарың бар экен! — деп көз жашын сүртүп, терең ойго батып жолун улайт. ⠀ Бул окуя бизге чоң сабак берет. Дененин оорусуна дары табуу оңой болушу мүмкүн. Бирок жүрөктүн оорусу — күнөө, текеберлик, кайдыгерлик жана руханий боштук — тообо, истигфар, ыклас, ыйман жана Аллахка болгон сүйүү менен гана айыгат. Ким жүрөгүн ушул дары менен дарыласа, анын жүрөгү тазара баштайт, ал эми тазаланган жүрөккө Аллахтын ырайымы жакын болот. ⠀ «Ким бир жамандык кылса же өзүнө зулумдук кылып алып, андан соң Аллахтан кечирим сураса, Аллахты Кечиримдүү, Ырайымдуу табат.» (Куран, «Ниса» сүрөсү, 110-аят). ⠀ 👤Даярдаган: Нуркамал Абдуллаев. ⠀ https://chat.whatsapp.com/DxnyIsr4K3TAmuXXHD3lPw?s=cl&p=a&mlu=1

  • без подписи

  • Көрбөй туруп кучактатып, билбей туруп бир туугандай жакындаткан, жүзүбүзгө жылмаюу тартуулап, жүрөктөрүбүздү бириктирип жакын кылган динибиздин бары кандай жакшы! ⠀ Китептеримдин арты менен канчалаган жакшы инсандарды жолуктурдум. Кээ бирлери менен жүз көрүшүп отуруп маектешпесем да, жүрөгүбүздү бириктирген ыйман, дуба жана Аллах үчүн болгон сүйүүбүз бар. Ошондой жакшы адамдардын көпчүлүгү — Ноокаттык эже-сиңдилерим. Алхамдулиллах! ⠀ Пайгамбарыбыз ﷺ: «Жамаат менен болгон иштерде береке бар» дегендей, бул эжелерим жамаат болуп Куран окушат, намаздарын бекем карманышат, илим үйрөнүшөт жана башкаларга да үйрөтүшөт. Китеп окууну адат кылып, уккандарына амал кылууга аракеттенишкен аракетчил, амалкөй айымдар. ⠀ Китептерим жарык көргөндөн бери алар эң көп окугандардын катарында болушту. Бири-бирине жакшылык күндөрдө колдон колго өткөн чүпүрөк, жоолук ордуна жакшы китепрди белек кылганды адат кылгандары мени аябай кубантты. Китепрди окуп бүткөн соң: «Пайдасын көрдүк, жашоом өзгөрдү, намаздарыма бекем болууга себеп болду» деп ыраазычылык билдиришкенде жүрөгүм сүйүнүп максатыма жеттим деп шүгүр кылам... ⠀ Ошондой учурларда Пайгамбарыбыз ﷺдын: «Аллах сен аркылуу бир адамды туура жолго салса, бул сен үчүн эң баалуу байлыктан да артык» деген маанидеги хадиси эсиме түшүп, дагы да көбүрөөк аракет кылууга шыктанам. ⠀ Сиздердей китепкөй, илимкөй жана амалкөй энелерибиз менен эже-сиңдилерибиз көп болсо, келечегибиз да жарык болот. Андай тарбияны көрүп чоңойгон муундар ыймандуу, адептүү, илимдүү болуп өсүп, элине-жерине кызмат кылган инсандардан болот ин шаа Аллах! ⠀ Ардактуу эжелерим, жамаатыңыздарга Жараткандын ырайымы, кечирими жана берекеси жаасын! Биримдигиңиздер бекем болуп, жүрөктөрүңүздөр дайыма жакшылыкта бириксин. Бул дүйнөдө Курандын нуру менен жашап, акыретте да бири-бириңиздерден ажырабай, Аллахтын ырайымы астында баарыбызды бирге жолугууну насип кылсын. Омиин.. ⠀ Ыраазычылык билдирген бардык окурмандарыма терең таазим! Жазган эмгектерим сиздердин жүрөгүңүздөргө жол таап, жашооңуздарга жарык нурун чача берсин! ⠀ 🧕🏻Насиба Абдуллаева