ХАНАФИЙ МЕКТЕБИ
Статистика💻: ИСЛАМ ИЛИМДЕРИ АЛАКАНЫҢДА ! 📡: ССЫЛКА | TELEGRAM : https://t.me/hanafimektebi 📡: ССЫЛКА | WHATSAPP : https://chat.whatsapp.com/C2DJKMO7tYDBMM6UpkhWwc АДМИН: +996773998969
- Последний пост
- 9 авг.
- Последнее чтение
- 16 авг.
- Постов за неделю
- 0
- Всего постов
- 23
- Тип
- открытый
- Язык
- русский
- Категория
- Религия
- В каталоге с
- 13 авг.
- 1/24сутки в ленте
- 1 271
- 1/48двое суток
- 1 456
- 1/72трое суток
- 1 570
Оценка по просмотрам недавних постов: пост набирает почти всё за первые сутки.
Посты
Channel photo updated
без подписи
Финансылык отчет Топтолгон каражат: Жалпы түшкөн каражат – 118 856 сом Чыгымдар: 12 кг YASIN кир жуугуч машина – 28 500 сом TOSOT кондиционери – 28 400 сом Кеңсе буюмдары – 7 160 сом Жол чыгымы – 1 500 сом 9 кг LG кир жуугуч машина – 34 500 сом Кондиционерди орнотуу – 4 000 сом Жалпы чыгым: 104 060 сом Калдык каражат: 14 796 сом Тиркелет: Демөөрчүлөрдүн толук тизмеси (206 адам); Финансылык киреше-чыгаша отчету; Кабыл алуу-өткөрүү актылары; Ыраазычылык каттары.
«Ханафий мектеби»нин кайрымдуулук фонду үч социалдык мекемеге жардам көрсөттү 2026-жылдын июль айында «Ханафий мектеби»нин кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулган кайрымдуулук акциясынын алкагында чогулган каражаттарга Ош шаарындагы үч социалдык мекемеге жардам көрсөтүлдү. Иш чаранын жүрүшүндө жалпы 206 кайрымдуу жарандын колдоосу менен 118 856 сом каражат топтолду. Анын негизинде жалпы 104 060 сомго социалдык мекемелердин муктаждыктарына ылайык керектүү буюмдар сатылып алынып, расмий түрдө өткөрүлүп берилди. Көрсөтүлгөн жардамдардын катарында: «Алтын уя» балдар үйүнө – 9 кг кир жуугуч машина; Ымыркайлар үйүнө – кондиционер (орнотуу иштери менен бирге); Боорукердик карылар жана балдар үйүнө – 12 кг кир жуугуч машина, предметтик дептерлер жана калем саптар тапшырылды. Бардык жардамдар тиешелүү кабыл алуу-өткөрүү актыларынын негизинде өткөрүлүп, мекемелердин жетекчилиги тарабынан кабыл алынды. Ошондой эле бир катар мекемелер фонддун жетекчилигине жана жалпы жамаатына кайрымдуулук ишмердүүлүгү үчүн расмий ыраазычылык каттарын тапшырышты. «Ханафий мектеби»нин кайрымдуулук фонду бул сооптуу ишке өз салымын кошкон бардык демөөрчүлөргө жана кайрымдуу жарандарга чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет. Ар бир берилген жардам муктаж адамдардын жашоосун жеңилдетүүгө жана коомдо боорукерлик менен кайрымдуулук баалуулуктарын бекемдөөгө кызмат кылат. Акция боюнча демөөрчүлөрдүн толук тизмеси, финансылык отчет жана өткөрүлгөн жардамдардын кабыл алуу актылары коомчулукка ачык түрдө сунушталат. «Ханафий мектеби» илимий агартуу борбору 2026-жыл, июль
Ош обл. балдар жана карыялар үйүнө топтолуп жаткан кайрымдуулуктун 16- июль күнүнө карата топтолгон отчёту. Жалпы: 21287 сом Эртең дагы ушундай малыбыздын акысынан жетимдерге чыгарсак, муктаждыктарынын ордуну толтуруп беребиз буюрса. Аллах ордуну толтуруп койсун берген эхсандарыңыздын🤲🏻 Эртенки күнгө реквизит Мбанк 778110211 Бибимариям К
Ас-саламу ъалайкум ва рахматуллохи ва баракатуху! Урматтуу жамаат! «Ханафий мектеби» жамааты мындан ары өлкөбүздүн 7 облусундагы балдар үйлөрүнө жана карылар үйлөрүнө үзгүлтүксүз кайрымдуулук иштерин уюштуруп турууну ниет кылды. Алгачкы кайрымдуулук иш-чарасы Ош шаарынан башталат. Ал жердеги жооптуу кызматкерлер менен сүйлөшүлгөндө, учурда * 12 кг автомат кир жуучу машина жана * балдар үчүн кеңсе товарлары эң керектүү экендиги маалым болду. Толук керектүү буюмдардын тизмеси жакын арада жарыяланат. Ар бир облустан 3 ыктыярчы барып, жардамды өз колдору менен тапшырып, фото жана видео отчет даярдашат. Ар бир мекеменин муктаждыгы алдын ала такталып, ошого жараша жардам жеткирилет. Аллах Таала бул кайрымдуулук ишибизге береке берип, ар бириңиздердин кошкон салымыңызды Өзүнүн ыраазычылыгына себеп кылсын. Аамин. Кайрымдуулук үчүн Реквизит Мбанк 778110211 Бибимариям К Компаньон 778110211 Бибимариям. Чектерди жеке катка жиберип турасыздар ватсаптан 0778110211
Иорданияда билим алып жаткан кыргызстандык студенттер арасында кичи футболдук турнир өткөрүлдү 2026-жылдын 3-июль күнү, «Ханафий Мектеби» жамаатынын жана демилгечилердин колдоосу менен Иорданияда билим алып жаткан кыргызстандык студенттердин ынтымагын чыңдоо, өз ара боордоштук мамилелерди бекемдөө жана сергек жашоо образын жайылтуу максатында кичи футболдук турнир уюштурулду. Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчү командалар аныкталып, 1-, 2-, 3-орундардын ээлерине атайын сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле турнирдин жүрүшүндө өзгөчө оюн көрсөткөн футболчуларга «Мыкты оюнчу», «Мыкты чабуулчу», «Мыкты коргоочу» жана «Мыкты дарбазачы» номинациялары боюнча баалуу белектер ыйгарылды. Мындан тышкары, студенттерди илимге шыктандыруу, диний билимге болгон кызыгуусун арттыруу жана ханафий мазхабынын илимий мурастарын жайылтуу максатында жеңүүчүлөргө ханафий фыкһы боюнча баалуу эмгектер – «Нурул Анвар», «Мултака аль-Абхур», «Мухтасарул Кудурий» жана «Кыймату-з-Заман ’инда-л-’Улама» аттуу китептер белекке берилди. Бул белектер уюштуруучулардын илимди даңазалоо жана студенттерди пайдалуу диний адабияттарды окууга үндөө аракетинин бир бөлүгү болуп саналат. Спорттук иш-чара аяктагандан кийин бардык катышуучулар үчүн сый тамак уюштурулуп, жылуу маанайдагы баарлашуу менен аяктады. Учурдан пайдаланып, ушул жакшылык ишке колдоо көрсөткөн «Ханафий Мектеби» жамаатынын окуучуларына, ыктыярчыларына, устаз, устазаларга терең ыраазычылык билдиребиз. Ошондой эле, уюштуруу иштерин камсызап, көмөк көрсөткөн жалпы агаларыбызга, өзгөчө КМДБнын Иорданиядагы өкүлү Алтынбек Ураимовго жана Базарбек уулу Нурсултан, ошондой эле иш чараны видео камерага түшүрүп берген Акылбек уулу Азиз туугандарыбызга терең ыраазычылык. Баарыңыздарды терең урматтоо менен: “Ханафий Мектеби” агартуу борборунун жетекчиси: Абдулазиз Калмурза уулу.
🥳🥳Жагымдуу жанылык Онлайн медресе 📚 Кезектеги потокко кабыл алууну баштайт🤗 Медресеге барып окууга мүмкүнчүлүгү жок адамдар үчүн үйдө отуруп окууга түзүлгөн сонун мүмкүнчүлүк 🏡✨ Бул онлайн медреседе кадимкидей программаларды (сабактарды) үйдө отуруп окуйсуз 📖💻 Курстун мөөнөтү: үч ай ⏳ Суроолор учун: Вотсап номер: +962 796 70 92 71 +962 792 69 75 67
Курман айт намазын өткөрүү жөнүндө Түрк мамлекеттери уюмунун (мындан ары – ТМУ) Фатва комитетинин 2026-жылдын 18-майындагы чечимине ылайык, 2026-жылдын 27-майы Курман айт майрамы деп белгиленгендигине байланыштуу, майрамдык Айт намазды төмөнкүдөй программанын негизинде уюштуруу жана өткөрүү тапшырылат. Айт намазын өткөрүүнүн тартиби жана программасы: 06:30 – 07:00 – Ыйык Куран аяттарын окуу жана дуба кылуу; 07:00 – 07:25 – Диний баяндарды жасоо; 07:25 – 07:30 – Айт намазын окуунун тартиби жана эрежелери боюнча жамаатка түшүндүрмө берүү; 07:30 – 07:50 – Айт намазын окуу жана майрамдык дуба кылуу. Жалпы талаптар жана тапшырмалар: Бардык облустук, шаардык өкүлчүлүктөр жана райондук, шаардык хатибияттар айт намазы учурунда коомдук коопсуздукту, тартипти жана санитардык-гигиеналык эрежелерди камсыздоо боюнча жергиликтүү мамлекеттик бийлик жана укук коргоо органдары менен тыгыз иш алып баруусу милдеттендирилсин. Эскертүү: Тоолуу жана алыскы аймактардын географиялык өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу, жогоруда көрсөтүлгөн убакыттардан (жергиликтүү шарттарга жана климатка жараша) бир аз айырмалануусуна уруксат берилет. Азирети муфтийдин орун басары Шакиржан ажы Маматов
Ас-саламу ьалайкум ва рахматуллахи ва баракатух! Урматтуу “Ханафий мектеби” окуу борборунун ардактуу устаздары, шакирттери жана жалпы жамааты! Сиздерди кирип келген ыйык Арапа күнү жана улуу Курман Айт майрамы менен чын дилден куттуктайбыз! Бул куттуу күндөр ар бир үйгө береке, ар бир жүрөккө нур, ар бир үй-бүлөгө тынчтык жана ынтымак алып келсин. Аллах Таала кылган ибадаттарыңызды, дуба-тилектериңиздерди кабыл кылып, эки дүйнөнүн бактысын насип этсин. Ыйманыңыздар бекем, илимиңиздер пайдалуу, жолуңуздар дайым жарык болсун. Жакшылыктын, мээримдин жана биримдиктин майрамы болгон Курман Айт ар бириңиздерге кубаныч, ден соолук жана мол ырыскы алып келсин. Арапа күнү кылган дубаларыңыздар кабыл болуп, жүрөгүңүздөргө бейпилдик орносун. Курман Айтыңыздар маарек болсун! 🌙✨ Сиздерди терең урматтоо менен, “Ханафий мектеби” окуу борборунун жетекчилиги. https://t.me/hanafimektebi
ИЮНЬ АЙЫНА КАРАТА КАТТОО АЧЫЛДЫ “Ханафий мектебинин” онлайн окуу борборунда, айымдар үчүн Курандан жумасына 3 жана 4 күндүк курска каттоолор башталды 🤗 Куран-Ижаза курсунда окуп, Ижаза алуучу студентке кошумча маалыматдама. Толук окуп бүтүп, ижаза деңгээлине чыгып, экзаменден ийгиликтүү өткөндөргө, Хафс кырааты боюнча, пайгамбарыбыз ﷺ га жеткен «Ижаза» (чынжырча менен) берилет. 📌 Шарттары: Куран окуганды билүүсү керек (минимум 3 мүнөттө 1 бет окуу). Буга чейин тажвид окуган болуусу керек. Куранды жат алган болуусу шарт эмес. Аялдар жана мырзадар катыша алат. Аялдарга устаза, мырзаларга устаз сабак өтөт. 📍 Деңгээли төмөндөргө алгачкы айларда, ижазага даярдоочу курс катары ТАЖВИД\ТАСХИХ курстары окутулат. 1). Жумасына 3 күндүк тариф 2). Жумасына 4 күндүк тариф Баасы: Ай сайын (3 күндүк) — 1400 сом Ай сайын (4 күндүк) — 1800 сом Катталуу үчүн төмөндөгү номерге байланышыңыз: +996 778 110 211
Ушундай видеолор тарап, көптөгөн суроолор келип жатат. Андыктан бул маселе боюнча туурасын айтып коюу зарыл болуп турат. Көпчүлүк аалымдардын пикири боюнча, Зул-хижжа айында курмандык чалууну каалаган адамдын чачын же тырмагын алуусу арам эмес. Себеби бул боюнча тыюу салынгандыгы тууралуу келген хадистердин өкүмү мансух (жокко чыккан). Тыюу салган боюнча хадис Умму Салама (р.а.) риваят кылган хадис — Пайгамбар ﷺ мындай деген: «Зул-хижжанын жаңы айын көргөнүңөрдө, араңардан ким курмандык чалууну кааласа, анда чачынан жана тырмагынан кармансын (албасын)». — Сахих Муслим, 1565-хадис. Бул хадистердин өкүмү башка хадистер аркылуу мансух болгон, ошондой эле айрымдар милдеттүү эмес, мустахаб маанисинде деп чечмеленген. Анткени уруксат бар экенин көрсөткөн башка хадистер да келген. Мисалы, Айша (р.а.) мындай деген: «Мен Пайгамбардын ﷺ курмандык малынын моюнуна тагылуучу белгилерин өрүп берчүмүн. Андан кийин ал малды Каабага жөнөтүп, өзү Мадинада кала берчү. Ошондо ага адал болгон эч нерсе арам болуп калчу эмес». — Сахих Бухари, 1696-хадис; — Сахих Муслим, 1321-хадис.
КУРМАН АЙТКА КАРАТА ЖАРЫЯ Ассаламу алейкум ва рахматуллахи ва баракатух! Урматтуу мекендештер жана кайрымдуу мусулман бир туугандар! “Ханафий Мектеби” жамаатынын демилгеси менен Кыргызстандагы диний окуу жайларда жана чет өлкөлөрдө диний билим алып жаткан студенттер үчүн Курман айт күндөрүндө курмандык чалуу иштери уюштурулууда. Бул сооптуу амал аркылуу илим издеп жүргөн студенттерге колдоо көрсөтүү жана муктаж болгон боордошторго курмандык этин таратуу максат кылынат. Курмандык чалдырууну каалаган жарандарды ушул кайрымдуу ишке катышууга чакырабыз. Берген аманатыңыздар өз дарегине жеткирилип, курмандыктар шариат талаптарына ылайык аткарылат, ин шаа Аллах. 📌 Курмандыкка катышуу жана маалымат алуу үчүн: 📞 +996 773 998 969 (Абдулазиз К.) 📞 +996 778 110 211 (Бибимариям К.) – “Ханафий Мектеби” борборунун жетекчиси – КМДБнын Диний билим берүү бөлүмүнүн адиси Абдулазиз Калмурза уулу. 🕋 Аллах Таала чалган курмандыктарыңызды, берген садакаңыздарды кабыл кылсын! Курман айтыңыздар маарек болсун!
Live stream finished (1 hour)
Кириниздер сабак башталды
https://t.me/hanafimektebi?livestream=828c2d9cd23ef97cc9
Live stream started
🌙 Ас-саламу ъалайкум ва рахматуллохи ва баракатуху. Урматтуу жамаат! 📚 Бүгүн, 21-май, бейшемби күнү, фикх илиминен “Тухфатуль мулук” китеби боюнча жаңы сабак башталат. 🕌 Фикх — бул мусулмандын күнүмдүк жашоосун туура жүргүзүүгө жол көрсөткөн улуу илим. Ал ибадаттарды туура аткарууну, адеп-ахлакты сактоону жана шариат өкүмдөрүн түшүнүүнү үйрөтөт. ✨ Пайдалуу илим алуу — ар бир мусулман үчүн чоң немат жана сооптуу амал. Андыктан, бул пайдалуу сабактан куру калбай, жакындарыңызды да чакырыңыздар! 🕢 Сабактын башталышы: 19:30 🎙 Сабакты устаз Абдулмажид Бегбутаев өтөт. 🤝 Баарыңыздарды күтөбүз! 📖 Аллах Таала илимибизге береке берсин! https://t.me/hanafimektebi
Араб тилинде карайм дегендер үчүн
▪️Ас-саламу ъалайкум уа рахматуллохи уа баракатух! 📚 “Ханафий мектеби” онлайн окуу борбору сиздерди ФИКЫХ илими боюнча өтүлүүчү акысыз сабактарга чакырат. 📖 Сабактар “ТУХФАТУЛЬ-МУЛУК” китебинин негизинде жүргүзүлөт. Курс аркылуу фикых илиминин негиздери, ибадат маселелери жана күнүмдүк жашоодо керектелүүчү шариат өкүмдөрү үйрөтүлөт. 🗓 Сабактын башталышы: 21-май (бейшемби) ⏰ Убактысы: 19:30 👨🏻🏫 Сабак өтүүчү устаз: Иордания Бүткүл Дүйнөлүк Ислам Университетинин магистранты Абдулмажид Бегбутаев 📌 Сабактар жума сайын бейшемби күнү өткөрүлөт. 📲 Жакындарыңызга бөлүшүп, пайдалуу илимдин жайылышына салым кошуңуздар. 🌹 Аллах Таала баарыбызга пайдалуу илим насип кылсын. https://t.me/hanafimektebi