الكاتب الصغير
СтатистикаКанча жыл илим албайлы, устаздарга кичинекей шакирт (окуучу) бойдон калабыз... https://t.me/kitepduinosy
- Последний пост
- 6 авг.
- Последнее чтение
- 15 авг.
- Постов за неделю
- 0
- Всего постов
- 20
- Тип
- открытый
- Язык
- tk
- Категория
- Религия (по похожим)
- В каталоге с
- 13 авг.
- 1/24сутки в ленте
- 193
- 1/48двое суток
- 221
- 1/72трое суток
- 238
Оценка по просмотрам недавних постов: пост набирает почти всё за первые сутки.
Посты
Мазхабсыздык – жөн гана мазхабды карманбоо эмес. Ал көп учурда диний маселелерде башаламандыкка, өз билемдикке жана мусулмандардын ортосундагы ынтымактын бузулушуна алып келет. Ошондуктан салттуу исламдын илимий мурасын урматтап, ишенимдүү аалымдардан илим алуу жана ата-бабаларыбыз карманып келген ханафий-матуридий жолун бекем кармануу – бүгүнкү күндүн маанилүү милдеттеринин бири. https://t.me/kitepduinosy
Байдын алдына кошомат кылбадык, Кедейдин үстүнөн күлбөдүк. Эшек минип жүрсөк да, Эч кимдин акысына кирбедик. Жокчулукта намысыбызды сатпадык, Барчылыкта текеберликке жетеленбедик. Ар-намысты байлык менен эмес, Абийир менен бийик кармадык. https://t.me/kitepduinosy
Жер жүзүндө үйдөн тынч жер ааз. Анткени дал ушул жерде көңүлүң тынчып, жан дүйнөң эс алат. Бул жерде жылуулук, мээрим жана береке өкүм сүрөт. Үйдөн жаңы бышкан тамактын жыты, жакындарыңдын мээрими сезилип турат. Үй — бул жөн гана төрт дубал эмес. Ал — сүйүү, камкордук, эскерүүлөр жана кыялдар менен өзүбүздүн чакан дүйнөбүздү курган ыйык жай. Турмуш кайда алып барбасын, адамдын жүрөгү ар дайым өз үйүнө тартып турат. https://telegram.me/kitepduinosy
13. 📜 Туура ишеним (акыйда), туура амал (фыкх), пайгамбарыбыздын кулк-мүнөзү (тасаввуф), ушул үч илимди бирдей бекемдеген олуялардын бири шейхим Шейх Муайяд Хамдан (Алла өмүрүнө береке берсин). Абу Ханифанын шакирттери устазы туурасында суралганда, алар: "Устазыбыз көп (ашыкча сөз) сүйлөбөйт эле. Бирок маселеден суралса, деңиз ташыгандай, далилдер агылып чыгат эле"- деп сыпатташкан. Бул шейхим дал ушундай адам. Бирөө суроо узатпаса, унчукпаган абалда дайыма зикир менен алек. Бул шейхим зикир талап кылуучу даражадан, зикир аны талап кылган даражага жеткенин байкайм. Шейхимдин адеп ахлагына таң берсе болот. Өтө жөнөкөй, мамиледе орой эмес, дайыма кызматта. Бул шейхтерим шакирттеринин жүрөгүнө ыкласы, чынчылдыгы, жөнөкөйлүгү менен орун алды. Устаттарыман өттө ыраазымын... https://t.me/kitepduinosy
https://youtu.be/EeyxBrwLadA?si=9PbHrHLK2CvfRazC
Аалымдардын китеп туурасында айткан хикмат сөздөрү: Окуй турган китеп көп, жашай турган өмүр аз... "Илим бул дүйнөдө шарапат. Акыретте улуу даража". Китеп сатып алуу, илимдин жармы. Алган китепти текче толтурбастан, түшүнүп окуу, илимдин калган жармы. Илим ал! Анткени инсан баласы аалым болуп төрөлбөйт!.... “Китеби жок аалым, жыңалач баатыр сымал”. Аалымдын куралы бул анын китептери. Ар бир илимдүүнүн (аалымдын) илимий шарият китептери болуусу зарыл! Ар бир пайдалуу китепте, ийгилик ачкычы камтылган. Аалым дүйнө салса, китептери жетим калат экен... https://t.me/Muazhawwa Катталып, бөлүшүп коюңуздар
Окуй турган китеп көп, жашай турган өмүр аз... Узун өмүр эмес, өмүргө береке сурашыбыз керек... Б.а. узун өмүр болуп, жеп, уктагандан бөлөк үммөткө пайдабыз тийбесе, андай жашоонун айбанаттардан айырмасы жок болот. https://t.me/kitepduinosy
Бүгүнкү заманда маусуьи (баардык илимдин) аалымы болуу мүмкүн эмес. Бүгүнкү күндө тахассуси (бир кесип илим ээлеринин) заманы. Баардык илимден терең малыматы бар аалымдардын заманы алгачкылардын дооруна туура келет. Мисалы: Имам Абу Ханифа, Имам Абу Юсуф, Имам Мухаммад бин Хасан, Имам Тахави, Имам Сарахси, Имам Маргинани... Ушул сыяктуу аалымдар баардык илимден атагы чыккан, аска зоодой салмагы бар залкар аалымдар. Бирок бүгүнкү күндө илим окугандардын абалы башкача. Ар бир илимден 3-4 китептен дыккат окуп, кайсы илимге шыгы бар болсо, андан жүздөгөн китептерди окуп, кийин ал илимдин адиси катарында саналат. Дарыгерлер направление жазып, бөлөк кесип ээсине жөнөткөндөй илим окугандар да, жооп так болуу үчүн суроого жараша илим ээсине жөнөткөндү үйрөнүшүбүз керек. "Дарыгер" деп жалпысынан айтылганы менен ичинен көп тармактуу, кесип ээлерине бөлүнөт. Мисалы: Хирург, лор, стамотолог, невропотолог... Аны сыңары "Аалым" же элдин оозундагы "дамыла" да жалпысынан айтылганы менен ичинен кесип ээлерине бөлүнөт. Мисалы: Факих, акыйдачы, тарбият устаз, муфассир, мухаддис, тилчи, _ваазчы_ каары... Ар бир илим ээси баалуу. Ошондой болсо да, ар бир адис ээси, кесибине гана жооп бергенде туура болот... https://t.me/Muazhawwa https://t.me/hanafiajordan
الله الله الله الله الله الله الله الله الله الله الله الله الله
"Ыйык Куран Хижазда түшүрүлдү, Мисирде жатталды, Стамбулда жазылды, ал эми Мавераннахрда (Орто Азияда) түшүнүлдү" деп аалымдарыбыз айтышкан... https://t.me/kitepduinosy
Оо Аллахым күнөө иштерден оолак, соопту амалга бекем кыла көр.. Жакшыга жанаштыр, жамандан алыс кыл. Пайдалуу илим насип кыл, пайдасыз илимден оолак кыл. Зикир кылбаган тилден, Жараткандан коркпогон жүрөктөн, кабыл болбогон амалдан өзүң сактай көр. https://t.me/kitepduinosy
https://youtu.be/NsaiwT4hMro?si=_FuOQloH_aB4617h
Зарылбеков Тилек устаз
Көп салават айтыңыздар! Көп салават айткан адам, салаваттын аркасында жаткан нур-сырларды көрө алат. Зикир, салават тилге көнгөн соң, жүрөккө орнойт. Жүрөк дүкүлдөп соккон сайын буткүл денеге нурларды жиберет. Нурлуу дене, жашоонун акыйкатын баамдай алат... 🙂↔️هووووو https://t.me/kitepduinosy
Бир даанышман мындай айткан экен: "Кой өмүр бою карышкырдан коркуп жүрсө, акыры малчы союп жеп салган экен". Жашоодо да ушундай, чоочундардан чочулайбыз, акыры тааныштарың сатып кетет... Бирөө сатып кетсе, сен сатпа. Бирөө айтат: Жараткандан мага зыян бере турган адамдарды алыстат деп сурансам, досторум алыстап кетти- деген экен. Кээде досторум таштап кетти деп кайгырабыз. Балким ал жакшылык. Чоогу болсоң ийгиликтерди жаратпайт элең. https://t.me/kitepduinosy
Татарстан республикасынын муфтийи Камиль хазрат Самигулин https://t.me/hanafiajordan
Азирети Чубак ажы Жалилов رضي الله عنه
قول الشاعر: إذا مت كان الناس نصفين: شامت بموتي، ومثن بالذي كنت أفعل.. Акындын сөзү: Эгер өлсөм адамдар эки түрлүү болот. 1. Өлгөнүмө сүйүнгөн. 2. Кылган ишиме (баалап) мактагандар болот. Жаратканга жүздөнө бер ( Алла Тааланы ыраазы кыла турган амалдарды кыла бер) ошондо утулбайсың. Элдин ыраазылыгын табам деген, баарынан кур-жалак калат. Анткени ар бирине жагалдана албайсың. https://t.me/kitepduinosy
لا تكرهوا الشدائد فإنها تبعد عنكم المنافق وتقرب منكم الصادق Жашоонун кыйын, оор күндөрүн жаман көрбөгүлө! Анкени ал эки жүздүү адамдарды силерден алыстатып, чыныгы жакшы көргөн адамдарды жакындатат. Катталып, пайда алыңыз.. https://t.me/hanafiajordan
Динге тийешелүү суроого, дин илиминин адистери жооп беришсе, ал фатва деп аталат. Катталып, пайда алыңыз.. https://t.me/kitepduinosy