tgindex
Шейх Муаз Хава

Шейх Муаз Хава

Статистика
@MuazhawwaРелигияарабский

Тасаввуф хикматтары. ياربِّ بالمُصطفى بلغ مقَاصِدَنا واغفِر لنا ما مَضى يا واسِع الكرمِ https://t.me/hanafiajordan https://t.me/Muazhawwa

Последний пост
13 авг.
Последнее чтение
15 авг.
Постов за неделю
3
Всего постов
21
Тип
открытый
Язык
арабский
Категория
Религия (по похожим)
В каталоге с
13 авг.
Подписчики
2 958
−11 за 4 дн.
Сутки
−6
−0,20%
Неделя
 
Месяц
 
Просмотров на пост
753
21 постов
Вовлечённость
25,5%
к подписчикам
Постов в день
0,4
всего 21
Упоминаний
5
каналов
Охват размещения
оценка
1/24сутки в ленте
326
1/48двое суток
373
1/72трое суток
402

Оценка по просмотрам недавних постов: пост набирает почти всё за первые сутки.

Посты

  • Инсан баласына эң кыйын нерсе - өзүн тарбиялоо. Башканы оңдоо оңой көрүнөт, бирок өз напсисин тизгиндөө, ачуусун жеңүү, сабыр кылуу, өз катасын моюнга алуу - адам үчүн эң оор сыноолордун бири. Адамдын чыныгы жеңиши - башкаларды жеңүүдө эмес, өз напсисин жеңүүдө. https://t.me/Muazhawwa Катталып, бөлүшүп коюңуздар

  • ЖЕТИ АКЕ Ысык-Көлдүн тарыхы -көк тиреген тоолору, тунук көлү менен гана эмес, элдин тагдырын таразалап, журтка акыл-насаат айткан залкар инсандары менен да баалуу. Ошол тарыхта «Жети аке» деген ат менен эл эсинде калган акылмандар өзгөчө орунду ээлейт. «Аке» деген сөз кыргыз элинде жөн гана улуу адамды билдирбейт. Ал - жашоонун ысык-суугун көргөн, элдин камын ойлогон, сөзү салмактуу, чечими калыс адамга берилген бийик баа. Жети аке да өз доорунда элдин ынтымагын бекемдөөгө, талаш-тартыштарды акыл менен чечүүгө, жаштарды адеп-ахлакка үндөөгө салым кошкон инсандар катары эскерилет. Эл арасында Жети аке тууралуу айтылган санжыралар муундан муунга өтүп, алардын накыл сөздөрү, элдештирген чечимдери жана адамдык сапаттары бүгүнкү күнгө чейин айтылып келет. Алардын өмүр жолу - бир гана өткөн тарых эмес, азыркы муун үчүн да чоң тарбия мектеби. АКЫЛМАНДЫКТЫН ӨЛЧӨМҮ Кыргыз коомунда сөздүн кадыры өзгөчө болгон. Бир ооз калыс сөз менен эки адамды жараштырып, бир айылдын ынтымагын сактап калган учурлар тарыхта аз эмес. Жети акенин улуулугу да ушунда - алар өздөрүнүн жеке кызыкчылыгынан элдин кызыкчылыгын жогору коюшкан. Байлык менен мансапты эмес, адамдык наркты, адилеттикти жана ынтымакты бийик тутушкан. Алардын осуяттарынын өзөгүндө: «Эл ынтымактуу болсо - ырыс болот, биримдиктүү болсо- күч болот» деген түшүнүк жатат. ЖЕТИ АКЕ ЖАНА ЫСЫК-КӨЛ Ысык-Көл аймагында тарыхый инсандардын элдин коомдук жашоосундагы орду чоң болгон. Алардын ар бири өз мезгилинде журттун маселесине аралашып, элдин тынчтыгын жана биримдигин сактоого аракет кылган. Ошондуктан Жети аке тууралуу сөз кылганда, аларды жеке адамдар катары гана эмес, кыргыз элинин салттуу акылмандык мектебинин өкүлдөрү катары кароо зарыл. Алардын өмүрү бизге бир нерсени эскертет: эл башкаруу - бийлик жүргүзүү эмес, элдин жоопкерчилигин мойнуна алуу. Адамдын улуулугу -элине канчалык кызмат кылганы менен өлчөнөт. https://t.me/Muazhawwa Катталып, бөлүшүп коюңуздар

  • без подписи

  • Эң оор тарбия-инсанды тарбиялоо. Баланы чоңойтуу оңой, бирок аны адам кылып тарбиялоо- чоң жоопкерчилик. Ага тамак-аш, кийим-кече берип, билим берүү менен гана милдет бүтпөйт. Анын жүрөгүнө ыйман, адеп, жоопкерчилик, уят-сый жана адамгерчилик сапаттарды сиңирүү- ата-эненин эң оор эмгеги. Бала сенин сөзүңдөн да көп, сенин жүрүм-турумуңдан тарбия алат. Ошондуктан жакшы перзент тарбиялоонун эң күчтүү жолу-өзүң жакшы үлгү болуу. Анткени бала- ата-эненин күзгүсү. Бүгүн берген тарбияң-эртең коомго берген инсаның. https://t.me/Muazhawwa Катталып, бөлүшүп коюңуздар

  • 4 авг.793362

    Чубак ажы Жалилов – жүрөктөрдү илим менен ойготкон залкар аалым Кээ бир адамдар бул дүйнөдөн кетсе да, алардын үнү өчпөйт. Кээ бир инсандар көздөн кайым болсо да, алардын айткан насааты, жазган эмгеги жана элге кылган кызматы кылымдарга мурас болуп калат. Мына ошондой улуу инсандардын катарында маркум Чубак ажы Жалилов да өзгөчө орунду ээлейт. Ал жөн гана баянчы эмес эле. Ал – жүрөктөрдү ойготкон насаатчы, акыйкатты тайманбай айткан аалым, өмүрүн илимге арнаган устаз, элинин руханий дүйнөсүн байытууга бүтүндөй өмүрүн сарптаган залкар аалым болчу. Анын сөзүндө жасалмалуулук жок эле. Ар бир насааты Курандын нуру, Пайгамбарыбыздын ﷺ сүннөтүнүн жыты жана аалымдардын мурастары менен сугарылгандай таасир калтырчу. Ошондуктан анын баяндарын уккан адам жөн гана маалымат албай, жүрөгүнө азык алып, өзүн оңдоого дем алчу. Чубак ажынын эң чоң байлыгы – анын илими жана ыкласы эле. Ал дүйнөлүк байлыкка эмес, илимдин байлыгына умтулду. Миңдеген китептерди окуп, көп жылдар бою залкар аалымдардын алдында таалим алып, ошол илимди элине кызмат кылдырууну өзүнүн өмүрлүк максатына айландырды. Азирети Муфтий болуп турган мезгилинде да ал кызматты мансап эмес, аманат катары көрдү. Элдин ынтымагын бекемдөөгө, салттуу исламды жайылтууга, жаштарды туура жолго үндөөгө жана диний билимдин деңгээлин көтөрүүгө бардык күч-аракетин жумшады. Анын баяндарын угуп намазга келгендер, Куран үйрөнгөндөр, үй-бүлөсүн сактап калган жубайлар, жаман адаттарын таштагандар миңдеп саналат. Бул – аалымдын эң чоң ийгилиги. Себеби чыныгы аалым адамдардын жүрөгүн Аллахка бурат. Чубак ажы адамдарды бөлүп-жарууга эмес, биримдикке чакырды. Жек көрүүгө эмес, мээримге үндөдү. Текеберликке эмес, жөнөкөйлүккө, наадандыкка эмес, билимге чакырды. Анын ар бир сөзү адамдын жүрөгүнө жоопкерчилик сезимин ойготуп, акыретти эстөөгө түрткү берчү. Бүгүн ал арабызда жок. Бирок анын үнү дагы деле миңдеген үйлөрдө жаңырып турат. Анын китептери окулууда, баяндамалары угулууда, насааттары адамдардын жашоосун өзгөртүп келет. Бул – Аллах Таала пендеге бере турган эң чоң жакшылыктардын бири. Анткени пайдалуу илим – адам дүйнөдөн өткөндөн кийин да сообу үзүлбөй улана турган эң баалуу мурастардын бири. Чубак ажы Жалилов кыргыз элинин руханий тарыхында өчпөс из калтырган, илимди жашоосунун маңызына айландырган, акыйкатты тайманбай айткан, Ханафий мазхабы менен Матуридий акыйдасынын негизинде элди туура жолго үндөгөн көрүнүктүү аалым катары ар дайым эскерилет. https://t.me/Muazhawwa

  • без подписи

  • Бул тасаввуф каналы ачылганына беш жылдан өттү Ар бир инсан колдон келгенин кылып, Ислам деген берекелүү динге салым кошуусу керек. Колдон келгени макала жазуу, жазганыбыз кабыл болсун. Жазганыбыз сындагандар үчүн эмес, балким ыкластуулар үчүн. Шейхим айтат эле: "Амалдардын жакшысы, аз болсо да, уланып турганы. Көп болуп, орто жолдо токтоп калгандан көрө". Баардык нерсе кичинекей нерседен башталат. Биз менен болгондор, аз нерседен көп пайда табат ин ша Аллах... https://t.me/Muazhawwa Катталып, бөлүшүп коюңуздар

  • يعجبني أن أعرف التزكية بأنها: "أن تتشبه برسول الله صلى الله عليه وسلم أقصى ما تستطيع". Мага Тазкийага (Тасаввуф илимине) төмөндөгүдөй аныктама берүү жагат. Ал - колуңдан келишинче Аллахтын элчисине (صلى الله عليه وسلم) окшошууң. Шейх Муаз Саид Хава https://t.me/Muazhawwa Катталып, бөлүшүп коюңуздар

  • Өмүрүмдүн эң бактылуу күндөрүнүн бир бөлүгү Иорданиянын берекелүү жергесинде өттү. Ал жактагы азандын мукам үнү бүгүнкү күнгө чейин жан дүйнөмө жылуулук тартуулап, жүрөгүмдү сагынычка бөлөйт. Айрыкча, шейх Маъруф аш-Шарифтин бирдиктүү азаны жаңырган учурлар эч качан эсимден кетпейт. Бир эле азан бүтүндөй Иордания мамлекетине жаңырып, жүрөктөрдү Аллахка багыттачу. Ал үн жөн гана азан эмес, ыйманга чакырган, рухка азык берген өзгөчө сезим эле. Ошондой берекелүү күндөрдү насип кылган Улуу Жараткан Аллах Таалага миң мертебе шүгүр. Раббим ошол күндөрдүн берекесин өмүрүбүздөн ажыратпай, кайрадан ыйык жерлерге барууну насип этсин. Оомийин. https://t.me/Muazhawwa Катталып, бөлүшүп коюңуздар

  • https://youtu.be/3ciCQGlxMgc?si=Xw2KMmSUIJ46IdjK

  • Кичинекей баланын ата-энесине же улууларга «сен» деп кайрылышын «али жаш да» деп көңүл сыртында калтыруу туура эмес. Тарбия жаштайынан башталат. Бүгүн көңүл бурулбаган кичинекей адат эртең мүнөзгө айланат. Улууну урматтоо, сылык сүйлөө жана адептүү кайрылуу – баланын көргөн тарбиясынын күзгүсү. Ошондуктан балага кичинесинен эле ата-энесине жана улуу адамдарга урмат-сый менен кайрылууну үйрөтүү – ар бир ата-эненин милдети. https://t.me/Muazhawwa Катталып, бөлүшүп коюңуздар

  • Сырт көрүнүш жетишпейт деп, ички дүйнөң оңолсун, Ар бир демде Жаратканды эстеп жүрөк ойгонсун. Тасаввуф-нурлуу деңиз, чөккөн сайын кенейет, Даамын таткан пенденин да жүрөк сыры тереңдейт. Жүрөк-Арштын күзгүсүндөй, кир баспасын ар качан, Зикир менен жууп тургун таң атканда, кеч баткан. Напси-душман, сыртыңдагы эмес сенден бөлүнгөн, Ал жеңилсе, рух дүйнөң нурга толуп көрүнгөн. Тасаввуфтун сабагында эң биринчи үйрөнгөн, Өз айыбын көрө билүү, өзүн бийик көрбөгөн. Ким өзүнөн кемчилик тапса, ошол чыныгы даанышман, Кемчилигин оңдогон жан Раббисине жакын жан. https://t.me/Muazhawwa Катталып, бөлүшүп коюңуздар

  • Аалымдар белгилүү бир жамаатта болбогону жакшы. Эгер бир жамааттын өкүлү болсо, жамаатына гана сөзү өтүп, башкалары кулак салбайт. Ортолукту кармануу баардыгына сөзү өтүмдүү болуу үчүн себеп. Азирети устазым Чубак ажы Жалилов (Алла ырайымына алсын) ушул пикирде эле. Дин адистери белгилүү кийимдерге басым жасабаганын туура көрөт элем. Илим окугандардын өздүк формасы селде, узун чапан болгону салттуу багытыбызга туура келет. Илим окугандар адилеттүү көз карашта баардык жамааттар менен иштетүүсү керек. Ахлу сунна багытынын чегарасынан чыкпаган  баардык жамааттар туура. Дин жеткирүү ыкмасы аркандай болгону менен баардыгынын максаты бир. https://t.me/Muazhawwa Катталып, бөлүшүп коюңуздар

  • "Маулид – сүйүүнүн, шүгүрдүн жана сүннөткө берилгендиктин белгиси" Аллах Таала адамзатка эң улуу ырайым катары Өзүнүн сүйүктүү Элчиси Азирети Мухаммадды ﷺ жиберди. Аллах Таала мындай дейт: «Биз сени ааламдарга ырайым катары гана жибердик.» (Анбия сүрөсү, 107-аят). Маулид – бул жөн гана тарыхый окуяны эскерүү эмес. Ал – Пайгамбарыбызга ﷺ болгон сүйүүнү жаңыртуу, анын өмүр жолун үйрөнүү, адеп-ахлагын үлгү алуу жана жүрөктү сүннөт менен тирилтүү үчүн өткөрүлгөн руханий жыйын. Пайгамбар ﷺ өзү дүйшөмбү күнү орозо кармап, анын себебин: «Бул күнү мен төрөлгөм» (Сахих Муслим) деп түшүндүргөн. Даанышмандар: «Сүйүү сөз менен эмес, ээрчүү менен далилденет» деп айтышкан. Имам Жалалуддин ас-Суютий: «Эгер Маулидде Куран окулуп, Пайгамбардын ﷺ өмүрү баяндалып, адамдар жакшы иштерге чакырылса, бул жакшы амалдардын катарына кирет», – деп белгилеген. Ошондуктан Маулид – талаш-тартыштын эмес, таалим-тарбиянын, сүйүүнүн жана биримдиктин жыйыны болушу керек. Анда ысырапка эмес – шүгүргө, мактанууга эмес – такыбалыкка, талашка эмес – Пайгамбарыбыздын ﷺ көркөм адебине чакырык болушу зарыл. Жүрөктө Мухаммадга ﷺ болгон сүйүү канчалык күчтүү болсо, анын сүннөтүнө болгон амал да ошончолук күчтүү болот. Анткени сүйүү тил менен эмес, өмүр менен далилденет. https://t.me/Muazhawwa Катталып, бөлүшүп коюңуздар

  • без подписи

  • https://youtu.be/4_T1DjBfdow?si=1vRqKccZtLj55T0j

  • Рифаий тарикаты (الطريقة الرفاعية) — исламдагы белгилүү суфий (тасаввуф) жолдорунун бири. Анын негиздөөчүсү Ахмад ар-Рифаий (1118–1182-жж.) болуп саналат. Тарикаттын негизги өзгөчөлүктөрү Рифаий тарикатынын максаты — адамдын напсисин тарбиялоо, жүрөктү тазалоо жана Аллахка ыклас менен ибадат кылууга жеткирүү. Анын негизги принциптери төмөнкүлөр: - Куран жана сүннөткө бекем кармануу; - Ахлу-сунна вал-жамаат акыйдасын сактоо; - напсини тарбиялоо; - кичипейилдик жана ыклас; көп зикир кылуу; - адамдарга кызмат кылуу жана жакшы адеп-ахлак. Имам Ахмад ар-Рифаий: «Биздин жолубуздун негизи – Куран жана Сүннөт. Бул экөөнөн тышкары жол жок.» Зикир: Рифаий тарикатында жамааттык жана жекече зикирлер аткарылат. Алардын максаты – жүрөктү Аллахты эскерүү менен тирилтүү жана руханий тарбия алуу. Зикирлер шарияттын чегинде болушу керек деп үйрөтүлөт. https://t.me/Muazhawwa Катталып, бөлүшүп коюңуздар

  • Азирети Чубак ажынын элге калтырган сабактары, баян-насааттары жана диний маселелерге берген так, далилдүү жооптору жалпы эл үчүн чоң ырыскы болду. Анын сөздөрү миңдеген адамдарга туура жолду таап, динди туура түшүнүүгө себепкер болду. Мындай деңгээлдеги илим жөн жерден келген эмес. Ал көп жылдар бою залкар аалымдардын тарбиясында билим алып, миңдеген китептерди окуп, өмүрүн илимге арнаган. Ошол эмгек, аракет жана Аллахтын берекеси анын өзүнө берилген ырыскы эле. Ал эми ошол илимди эл менен бөлүшүүсү – үммөт үчүн чоң ырыскы болуп калды. «Ар кимге Аллах ар башка ырыскы берет. Бирөөгө мал-мүлк, бирөөгө кызмат, бирөөгө илим. Илим – эң улуу ырыскылардын бири». https://t.me/Muazhawwa Катталып, бөлүшүп коюңуздар

  • Имам төрө Ахмад ар-Рифаий (арабча:  الإمام أحمد الرفاعي ) — ислам тарыхындагы улуу суфий аалым, такыба инсан жана  Рифаия тарикатынын негиздөөчүсү. Кыскача өмүр баяны: Толук аты: Ахмад ибн Али ибн Хасан ибн Яхья ар-Рифаий. Теги: Сүйүктүүбүздүн небереси Азирети Хусейнге  барып такалат.  Ошондон улам төрө(сеййид) деп аталат. Туулган жылы: 512-х./1118-жыл. Кайтыш болгон жылы: 578-х./1182-жыл. Туулган жери: Ирактын түштүгүндөгү Батайих аймагы. Мазхабы: Шафии. Акыйдасы: Ахлу-сунна вал-жамаат. Имам Ахмад ар-Рифаий жаштайынан Куранды жаттап, хадис, фикх жана араб тили боюнча терең билим алган. Ал илим менен амалды айкалыштырып, өзгөчө жөнөкөйлүгү, такыбалыгы жана адамдарга кызмат кылуусу менен белгилүү болгон. Анын тарбиялык жолу: Имам ар-Рифаийдин тарбиясында төмөнкү негиздер өзгөчө орун алган: - Куран жана Сүннөткө бекем кармануу; - напсини тарбиялоо; - кичипейилдик жана текеберликтен алыс болуу; - мусулмандардын биримдигин сактоо; - кедей-кембагалдарга жана муктаждарга кызмат кылуу. Ал мындай деген: «Тасаввуф — кооз кийим кийүү эмес, ал жакшы адеп жана таза жүрөк.» Аалымдардын баасы: Көптөгөн ислам аалымдары Имам Ахмад ар-Рифаийди такыба, чоң аалым жана улуу тарбиячы катары эскеришкен. Анын мектеби бүгүнкү күнгө чейин дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө белгилүү болуп, Рифаий тарикаты аркылуу руханий тарбия иштери улантылып келет. Ал өзүнүн өмүрүн Аллахка ибадат кылууга, адамдарды туура жолго чакырууга жана мусулмандардын адеп-ахлагын жакшыртууга арнаган улуу ислам  олуя аалымдарынын бири болуп эсептелет. https://t.me/Muazhawwa Катталып, бөлүшүп коюңуздар

  • الله الله الله الله الله الله الله الله الله الله الله الله الله