tgindex
Устаздан шакиртке 📜✍️

Устаздан шакиртке 📜✍️

Статистика

Суроо- жооп... ياربِّ بالمُصطفى بلغ مقَاصِدَنا واغفِر لنا ما مَضى يا واسِع الكرمِ https://t.me/Muazhawwa https://t.me/hanafiajordan

Последний пост
7 авг.
Последнее чтение
15 авг.
Постов за неделю
0
Всего постов
20
Тип
открытый
Язык
арабский
Категория
Религия (по похожим)
В каталоге с
13 авг.
Подписчики
1 669
−2 за 4 дн.
Сутки
−2
−0,12%
Неделя
 
Месяц
 
Просмотров на пост
521
20 постов
Вовлечённость
31,2%
к подписчикам
Постов в день
0,0
всего 20
Упоминаний
2
каналов
Охват размещения
оценка
1/24сутки в ленте
423
1/48двое суток
484
1/72трое суток
522

Оценка по просмотрам недавних постов: пост набирает почти всё за первые сутки.

Посты

  • 7 авг.327101

    Эгер инсан баласы тирүүлүгүндө Ислам динине ынанбаса, өлгөндөн кийин мусулмандардын жанына кабырда жатууга акысы жок... Атеист, теңирчи, баптист болуп кеткендерге мусулмандардын мазарына коюууга тыюу салат. https://t.me/hanafiajordan

  • Суроо: Талаадагы чөпкө кайдыгер карап кайра кайра кой бере бергендерге күнөөсүнү дагы айтсаңыз, анан малын тажаганда жыга чаап салса эмне болот? Жооп: Бироо менчик жерине оттоошуна нааразы болсо, ошол жерден маал семирбейт. Эгер ээси капа болуп жатса, бирааз тыйын-тыпыр, белек-бечкек берип ыраазы кылып койгон жакшы. Бул маселени адалдоо жолу. Маалдын акылы жок болгон соң, аны тепкилеп зыян берүү күнөө. Ээсине айтуу керек. Камарабаса, кыямат күнү соодалашуу болот. Кудай Таалам шерменде кылбасын... الله اعلم بالصواب Катталып, пайда алыңыз.. https://t.me/hanafiajordan

  • Суроо: Айыл жергесинде маалдар бөлөк адамдардын чөп талааларына кирип кетишет. Ээлери каргап, акыретте соодалашабыз деп айтышат. Ушул кандай болот? Жооп: Чындап маалдарды кароосуз калтырган туура эмес. Байкуш кээ бир адамдар чөп себишет, сугарат акыры маалдар тепселеп, кырып салса өкүнүчтүү көрүнүш. Андыктан маалдарды кезектешип карай турган маалчылар дайындалышы керек... الله اعلم بالصواب Катталып, пайда алыңыз.. https://t.me/hanafiajordan

  • Бизге келген суроо-жоопторду бул телеграм каналынан окуй аласыз https://t.me/hanafiajordan https://whatsapp.com/channel/0029VbBrDhrD38CRGRMGgv12

  • Суроо: Гусул алып банный халат кийип намаз окуса болобу? Аврат жерлер жабык болот. Жооп: Намаз өтө берет. Бирок макрухтугу менен. Б.а. сообу кем болот. Эреже: Падыша, барктуу адамдардын астына олуттуу эмес кийим менен чыгуу айыптар болгондой эле, ошондой кийим менен намаз окуу макрух. Мисалы: гамаж менен, майкадан болок устуно эч нерсе кийбей окуса... الله اعلم بالصواب Катталып, пайда алыңыз.. https://t.me/hanafiajordan

  • Суроо: Майитти жууп жатканда озу мурдунан Кан токтобогондон кездемеден ороп кепиндин булганбаш учун .ошону жайга жаткузуда кайра чечтириш керекпи абзелирегин айтып берсениздер? Жооп: Абалды байкайсыз. Канды токтотконго аракет кылып коруу керек. Адатта инсан баласынын жаны чыкканда кан айланбай калат. Ошол себептен кан агып чыкпайт. Эгер болбой агып жатат деген учурда, ошол жерине кепиндин кездемесин кобуроок коюп общий кепиндей берет. Кийин кабырында аны алуу шарт эмес. Балким ошол бойдон коюу абзел. Эгер маркумду кабырына коюп акыркы адам чыгып жатканда, кан болгон кездемени алып чыкса, кээ бирин инфарк кармашы мүмкүн... الله اعلم بالصواب Катталып, пайда алыңыз.. https://t.me/hanafiajordan

  • Суроо: Россияда сууга чөгүп суу астында эки күн жатып табылып, келгиче бир жумадай убакыт болуп кетти.Бишкектен туугандары тозуп алышып больницадан жуудуруп кепиндетип ,сөөк катуу жыттанып кеткендиктен сыртынан солафан менен оротуп скочтотуп келишти.Жаназа окулуп жайга ошол солафан менен койулду.Анткени солафан менен болгонуна карабай жыттанып жатты.Албастан эле жайга тапшырылды.Кандай болуп калат? Жооп: 1. Негизи шарият эрежеси боюнча ким каякта жан берсе, ошол жерде көмүлгөнү жакшы. Убара тартып, көп каражат сарптап, алып келүү үчүн уруксааттарды алууга жумалап күтүү туура эмес. Маркумдун денеси сасып, жыдып кеткенге чейин созуу арам эсептелет. Маркум бул тирүүлүктө эле көп кыйналганы жетиштүү. Өлгөндө дароо жерге берип, созбогон жакшы. 2. Эгер чет мамлекетте өз мекенине жөнөтөр алдын жууп беришсе, ошол жетиштүү. Келгенде жаназасын окуп дароо көмүү керек. 3. Жаназа дурус болуу үчүн, дене жыдып, сасып кете элекке чейин окулуусу кажет. Жай мезгилинде үч күнгө жетпей дене бузулуп, өзгөрө баштайт. Эгер сасып, жыдып кетсе, жаназа кабыл болбойт (өтпөйт). Бул нерсени калайык-калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Эгер ушундай абал жаралып, имам жаназа дурус болбоорун кабарласа, туугандары ызычуу салып, түшүнбөгүдөй болсо, жаназанын сүрөтүн жаратып, ырымдап окуп кое берет. Бирок Кудай астында дене жыдып, сасып кеткенден кийин өтпөйт экенин унутпашыбыз керек. الله اعلم بالصواب Катталып, пайда алыңыз.. https://t.me/hanafiajordan

  • без подписи

  • Суроо: Туулган күндөрдө азыркы жаштар торт үстүнө шам жагып алып куттукташканы, же туулган күн тосуу бойунча динибизде кандай каралат? Жооп: Туулган күн, Жаңы жыл, 9-Май – Жеңиш күнү, 31-Август – Эгемендүүлүк күнү сыяктуу иш-чаралар негизинен жарандык (улуттук) мүнөздөгү күндөр болуп саналат. Алардын өзү исламдын акыйдасына же ибадаттарына тиешелүү эмес. Ошондуктан мындай күндөрдү белгилөөнүн өкүмү алардын кандай мазмунда өткөрүлүшүнө жараша болот. Эгер анда шариятка каршы иштер (арак ичүү, ысырапкорчулук, адепсиз көңүл ачуу ж.б.) болбосо, бул күндөрдүн өзү диний майрам болуп эсептелбейт. Ал эми башка диндерге тиешелүү диний жөрөлгөлөргө жана майрамдарга катышуу же аларды диний мааниде даңазалоо туура эмес. Мисалы, Пасха, Рождество сыяктуу майрамдар белгилүү бир диний ишенимге (акыйдага) байланыштуу болгондуктан, мусулман адам аларды диний майрам катары белгилебейт. Демек, айырма төмөнкүдөй: акыйдага жана башка диндин диний жөрөлгөлөрүнө байланышкан майрамдар менен жарандык же мамлекеттик маанидеги күндөр бирдей өкүмгө ээ эмес. وما يقال عن التهنئة بعيد الميلاد يقال عن رأس السنة الميلادية بطريق الأولوية، لأن رأس السنة الميلادية لا صلة له بالعقيدة، وإنما هو مجرد بداية التاريخ. الله اعلم بالصواب Катталып, пайда алыңыз.. https://t.me/hanafiajordan

  • без подписи

  • Азирети Чубак ажы Жалилов (Алла ырайымына алсын)

  • Суроо: Жесир аялдарга барып туруу сооп деп угуп калабыз, бул кандай? Кудай кечиримдүү деп айтылатго. Жооп: Жесир аялды аялдыкка, никелеп алсаң сооп деген маани. Аны туура эмес жака түшүнүп, сооп дегенге өмүрүндө маани бербеген, ушул жердеги сооп деген сөзгө амал кылгысы келип калган адамдарга таң калам. Кудай кечиримдүү, бирок азабы да катуу... Бул нерсени эстен чыгарбашыбыз керек! الله اعلم بالصواب Катталып, пайда алыңыз.. https://t.me/hanafiajordan

  • Суроо: Көлгө же пляжга сууга түшүүдө мусулмандар кандай түшөт? Же бизге такыр эле пляжга барбай койуу туура болобу? Жооп: Кыйын маселе... Көлгө түшүү адал. Бирок жарым-жыланачтар тосколдуктарды жаратат... Киши ааз жерге түшсө болот. Бирок өтө көп адамдардын арасына аралап кетүү мусулмандарга жарашпайт. الله اعلم بالصواب Катталып, пайда алыңыз.. https://t.me/hanafiajordan

  • Суроо: Намазда коомат айтылган соң имамды эки же үч мүнөт күтсөк болобу же дароо намазга киришүү керекпи? Жооп: Азанчы кооматты имам келгенде айтуу керек. Имам коомат айтылар убакыттан алдын келип, күтүп турганы жакшы. Эгер имам жок коомат айтылып калса, жамааттан бирөө имамчылык кылып берүүдөн баш тартса, имам келгенде жаңыдан коомат айтып, окулат. الله اعلم بالصواب Катталып, пайда алыңыз.. https://t.me/hanafiajordan

  • Суроо: Боюнда баланы канча убакытта  алдырса болот? 40 кунго чейин би же 4 айга чейинби? Качан адам олтургон менен бара бар болот? Жооп: Боюндагы баланы эч себепсиз алдыруу шариятта туура эмес. Ханафий мазхабында айрым аалымдар 120 күнгө чейин зарыл себеп болсо жеңилдик болушу мүмкүн деген пикирди айтышкан. Бирок бул себепсиз бойдон алдырууга уруксат дегенди билдирбейт. Ал эми 120 күндөн (4 айдан) кийин, түйүлдүккө рух үйлөнгөндүктөн, эненин өмүрүнө реалдуу коркунуч болбогон шартта бойдон алдыруу арам жана өтө чоң күнөө болуп эсептелет. Ошондуктан бул маселеде ар бир жагдай өзүнчө каралып, ишенимдүү дарыгер жана муфтий менен кеңешүү зарыл. الله اعلم بالصواب Катталып, пайда алыңыз.. https://t.me/hanafiajordan

  • Суроо: Ушул хадисти алсак تسبيح للارجال تصديف لنسئ Бизде имам адашып кетсе эмнеге Субханаллах дебейбиз дагы, Аллаху акбар дейбиз? Жооп: Сиз айткан хадис: «التسبيح للرجال، والتصفيق للنساء» «Эркектер үчүн (имамды эскертүүдө) тасбих айтуу ("Субханаллах"), ал эми аялдар үчүн кол чабуу». Имам адашып калганда арттагы уюган эркек киши үн менен лукма берет. Аял кишинин үнү (аурет эмес) фитна болгондугу үчүн, алакан менен чабып, белги берүүгө буйрулган. Фитна дегендин мааниси: Чочун эркектер аялдын үнүн укканда, уктап жаткан сезимдер ойгонуп, козгогондугу үчүн фитна деп аталган. Адатта аял заты үнүн куулжутуп сүйлөйт. Б.а. үнү назик болот. Имам адашып кеткен учурда, Субханаллах деп лукма берилет. Анткени намаздагы бир амалдан экинчисине өтүү үчүн такбир менен болот. Ал эми адашып кеткен жерин белгилөө үчүн Субхан Алла деп айтылынат. الله اعلم بالصواب Катталып, пайда алыңыз.. https://t.me/hanafiajordan

  • Суроо: Бөрү жатыш болгондо карышкырдын тырмагын тагынса болобу денем кытышып кызыл ала болуп чыдабай калдым даары жардам бербей атат карышкырдын тырмагын тагынса жардам берет деп уктум. Жооп: Карышкырдын тырмагы ал дартка эмне тийешеси бар?! Бул жөн эле сөзгө... Чыныгы себебин караштырыңыз. Толугу менен адискөй доктурлардан өтүп, дарыланыңыз. Издеген адам табат. Балким аллергия да болуп жатышы мүмкүн. Кайсы бир мөмө жемиштен же чаң, чөптөн... Такыба инсандарга да дем салдырып көрүңүз... الله اعلم بالصواب Катталып, пайда алыңыз.. https://t.me/hanafiajordan

  • Кээде: «Эмнеге мечит же медресе салып жатышат? Анын ордуна оорукана, мектеп же бала бакча салбайбы?» деген сындуу сөздөрдү угуп калабыз. Эгер кимдир бирөө өзүнүн адал тапкан каражатына мечит же медресе курууну ниет кылса, бул анын сообун үмүт кылган жеке тандоосу. Бирөөнүн каражатын өзүбүз каалаган жакка жумшатууну талап кылуу туура эмес. Эң кызыгы, көп учурда сын айтып жаткандар өздөрү мындай иштерге каражат бөлбөйт. Бирөөнүн акчасын кайда жумшашы керек экенин айтуудан көрө, мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша өзүбүз да жакшылыкка салым кошконубуз туура болмок. Сын пикир айтып жаткан жарандар мечит, медресе эмес, өзүлөрү талап кылган оорукана же бала-бакча курууга кол кагышпайт. Чынында, бүгүн өлкөбүздө көптөгөн мектептер, ооруканалар, бала бакчалар жана башка социалдык объектилер дагы ар кандай кайрымдуу адамдардын, анын ичинде чет өлкөлүк демөөрчүлөрдүн (араптардын) колдоосу менен курулуп келет. Ошол сыяктуу эле мечиттер менен медреселер да коомдун руханий муктаждыгы үчүн кызмат кылат. Коомдо мечит менен медерсенин ролу чоң. Ушул эки нерсе үчүн коомдо адамгерчилик, ынсаптуулук, жана бөлөк жакшылыктын баары сакталууда. Эгер өзүбүз чоң иш жасай албасак, жок дегенде элге пайда алып келип жаткан адамдардын ишине тоскоол болбой, жакшы сөз айтып, колдоо керек. Анткени коомго мектеп, оорукана, бала-бакча керек болгондой, мечит  жана медресе да керек. Булар бири-бирине атаандаш эмес, бири-бирин толуктап турган баалуулуктар. الله اعلم بالصواب Катталып, пайда алыңыз.. https://t.me/hanafiajordan

  • без подписи

  • Суроом: Боюмда бар топурак жегим келип жатат болобу? Жооп: Доктур менен кеңешиңиз, зыяны жок болсо, уруксаат. Топурактын түрүн жегенге болбойт. Аял заты гүлбото топурагын жеп жүргөнү белгилүү... الله اعلم بالصواب Катталып, пайда алыңыз.. https://t.me/hanafiajordan