tgindex
DILBESTE

Жашатыш үчүн жашоо 🪴

Последний пост
14 авг.
Последнее чтение
15 авг.
Постов за неделю
8
Всего постов
28
Тип
открытый
Язык
az
Категория
Религия (по похожим)
В каталоге с
13 авг.
Подписчики
523
+1 за 2 дн.
Сутки
0
0,00%
Неделя
 
Месяц
 
Просмотров на пост
111
27 постов
Вовлечённость
21,2%
к подписчикам
Постов в день
1,1
всего 28
Упоминаний
2
каналов
Охват размещения
оценка
1/24сутки в ленте
35
1/48двое суток
40
1/72трое суток
43

Оценка по просмотрам недавних постов: пост набирает почти всё за первые сутки.

Посты

  • ПАЙГАМБАРГА САЛАВАТ ЖАНА САЛАМ АЙТУУНУН 20 ПАЙДАСЫ 🌙 Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоо дубасы болсун) салам-салават айткан адам мындай артычылыктарга ээ болот🌹 ① Аллахтын буйругуна баш иет; ② Бир салаваты үчүн Аллах ага он салават айтат; ③ Салават айткан адамдын даражасы көтөрүлөт; ④ Салават айткан адамдын күнөөсү кечирилет; ⑤ Салават айткан адамга сооп-сыйлык жазылат; ⑥ Салават айткан адамдын дубасы кабыл болот; ⑦ Салават айткан адам Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоо дубасы болсун) шапаатына ээ болот; ⑧ Салават айткан адамга Аллах Өзү жардам берет; ⑨ Салават айткан адам Кыяматта Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоо дубасы болсун) жакын болот; ⑩ Салават айтуу менен кайыр-садага бергендей сооп алат; ⑪ Муктаждыктын чечилүүсүнө себеп болот; ⑫ Кыяматтага ар түрдүү абалдардан кутулууга себеп болот; ⑬ Бейишке кирүүгө себеп болот; ⑭ Пенденин унуткан нерсесин эстөөгө себеп болот; ⑮ Салам-салават айткан адамга Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоо дубасы болсун) алик алып жооп кайтарат; ⑯ Жакырчылыктан чыгууга себеп болот; ⑰ Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоо дубасы болсун) болгон сүйүүнү күчөтөт; ⑱ Пенденин туура жолдо жүрүүсүнө жана жүрөгүнүн жумшаруусуна себеп болот; ⑲ Салават айтуучу адам Алланы зикр кылган жана шүгүр кылуучу болуп эсептелет; ⑳ Салават айткан адам дуба кылган болуп эсептелет🌙

  • без подписи

  • Сообу 27 эсеге көбөйөт, ИншаАллах, Пайгамбарыбыз шапаатчы болуп берет, Аллах Таала да айтылган салаваттын урматына, жамааттагы салих пенделеринин урматына күнөөлөрүбүздү кечирип, дуаларыбызды кабыл кылат деп 100% терең ишенүү менен, Бисмиллах деп 10 салават алып айтып көрөлү 😇 аны бүтүргөн болсок, дагы 10ду, кийин дагы 10ду, ошентип кантип 100, 1000, 10000 салават бүткөнүн байкабай калабыз 🤩

  • 1 жолу айтсак деле, жамаатка илешип калсак, кандай сонун 🥰

  • Салаваттан коркпой ала берели ☺️ 1 ай убактыбыз бар, буюрса

  • Ким канча алгысы келсе, комментарийге жазса болот 😇

  • Рабиуль-аввал — Пайгамбарыбыз Мухаммад ﷺдын өмүрүндөгү маанилүү окуялар менен байланышкан ай. Бул айда анын ﷺ төрөлүшү жана Мединага хижраттан кийинки келиши сыяктуу маанилүү окуялар болгон. Ошондой эле Пайгамбарыбыз ﷺдын дүйнөдөн кайтышы да ушул айда болгон. Туулган жана кайтыш болгон күндөрдүн так датасы боюнча тарыхый пикирлер бар. Келгиле, бул айда анын ﷺ өмүрүн кайрадан окуп, тарыхын гана эмес, бизге калтырган сабактарын да изилдейли 🌙🤍

  • Кирип келген куттуу айыбыз берекелүү болсун 🌹✨

  • Илим жолунда жүргөндөргө кол кабыш кылуу өтө пазилеттүү делинет. Себеби алар илим алып, аны колдонгон сайын шарт түзүп берген адамдарга да сообу жазылып кете берет экен. Египетте илим алып жаткан Сумая эжебизге жардам колун сунууга чакырабыз 🎀 20-50, 100-200, 500-1000… канча сом которо алсак, аз-аздан чогулуп отуруп, эженин ден соолугу үчүн муктаждыктары жабылып калат деп үмүт кылабыз, буюрса 🤲🏻 Башкалар менен да бөлүшүүнү сурайбыз ☺️

  • Бирге окууну унуткан жокпуз 😅 кээ бир иштерибизди бүтүрүп, жашообузду иретке келтирип алалы, буюрса 🙃

  • Ага чейинки аяттар каналда бар ✨

  • 📖 25-аят يَوْمَئِذٍ يُوَفِّيهِمُ اللَّهُ دِينَهُمُ الْحَقَّ وَيَعْلَمُونَ أَنَّ اللَّهَ هُوَ الْحَقُّ الْمُبِينُ Кыргызча мааниси «Ал күнү Алла алардын тиешелүү жазасын толук берет. Ошондо алар ашкере Адилеттүү да, даана Акыйкат Алланын Өзү экенин билишет.» 📚 Кенен тафсир Бул аят акыреттеги толук адилеттикти баяндайт. Бул дүйнөдө адамдар кээде чындыкты жашырып коюшу мүмкүн. Бирок акыретте эч кимге зулумдук кылынбайт. Аллах ар бир жакшы иштин сыйлыгын да, ар бир жаман иштин жазасын да толук берет. Бул аят момунга сабыр берет: эгер бул дүйнөдө акыйкат толук орнобосо да, акыретте Аллахтын өкүмү кемчиликсиз болот. 🌱 Бул аяттардан алынган сабактар Шайтан адамды чоң күнөөгө бир заматта эмес, акырындык менен жетелейт. Жүрөктүн тазалыгы — Аллахтын ырайымы. Кечиримдүүлүк — күчтүү момундун сапаты. Бирөөнүн аброюн сактоо — Исламдагы эң чоң укуктардын бири. Кыямат күнү дене мүчөлөрүбүз өзүбүзгө күбө болот. Акыркы жана толук адилеттик Аллахтын алдында болот. Аллах Таала бизди шайтандын кадамдарынан сактап, тилибизди жалаадан, жүрөгүбүздү кек сактоодон тазаласын. Аамин 🤲🏻

  • 🌿 НУР СҮРӨСҮ (24-сүрө) 📖 21–25-аяттар Толук арабча • Кыргызча мааниси • Кенен тафсири 📖 21-аят يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَتَّبِعُوا خُطُوَاتِ الشَّيْطَانِ ۚ وَمَن يَتَّبِعْ خُطُوَاتِ الشَّيْطَانِ فَإِنَّهُ يَأْمُرُ بِالْفَحْشَاءِ وَالْمُنكَرِ ۚ وَلَوْلَا فَضْلُ اللَّهِ عَلَيْكُمْ وَرَحْمَتُهُ مَا زَكَىٰ مِنكُم مِّنْ أَحَدٍ أَبَدًا وَلَٰكِنَّ اللَّهَ يُزَكِّي مَن يَشَاءُ ۗ وَاللَّهُ سَمِيعٌ عَلِيمٌ Кыргызча мааниси «Оо, ыйман келтиргендер! Шайтандын жолдорун ээрчип жүрбөгүлө! Кимде-ким шайтандын жолдорун ээрчий турган болсо, албетте, ал абийирсиздик менен жаман иштерге үндөйт. Силерге Алланын шарапаты менен ырайымы насип болбогондо, араңардан эч бириңер (ниет-ишеними, кулк-мүнөзү, иш-аракети жагынан) деги эле тазармак эмес. Дегинкиси, Алла кимди кааласа, таптаза кылат. Угуучу да, Билүүчү Алла Өзү!» 📚 Кенен тафсир Бул аят мурунку жалаа окуясынан кийин өтө маанилүү бир негизди үйрөтөт: күнөө көбүнчө бир эле учурда эмес, акырындык менен башталат. Ошондуктан Аллах: «Шайтандын кадамдарын ээрчибегиле» – деп айтат. Көңүл буруңуз: Аллах «шайтанды ээрчибегиле» дебестен, «анын кадамдарын» деп айтат. Анткени шайтан адамды бир күндө чоң күнөөгө алып барбайт. Алгач: • жаман ой салат; • анан бир сөз айткырат; • кийин ушакты уктурат; • кийин таратууга түртөт; • акырында чоң күнөө кадимки көрүнүш болуп калат. Мына ушундай себептен Аллах «кадамдар» деп көптүк түрүндө айткан. Имам Ибн Касир мындай дейт: «Шайтандын жолу – адамды акырындап күнөөгө алып баруу. Ал чоң күнөө менен эмес, майда нерселерден баштайт.» Андан соң Аллах адамдын тазалыгы Өзүнүн ырайымы менен экенин эскертет. Бул аят бизге эки нерсени үйрөтөт: Өз күчүбүзгө ишенбөө. Ар дайым Аллахтан жүрөктүн тазалыгын суроо. 📖 22-аят وَلَا يَأْتَلِ أُولُو الْفَضْلِ مِنكُمْ وَالسَّعَةِ أَن يُؤْتُوا أُولِي الْقُرْبَىٰ وَالْمَسَاكِينَ وَالْمُهَاجِرِينَ فِي سَبِيلِ اللَّهِ ۖ وَلْيَعْفُوا وَلْيَصْفَحُوا ۗ أَلَا تُحِبُّونَ أَن يَغْفِرَ اللَّهُ لَكُمْ ۗ وَاللَّهُ غَفُورٌ رَّحِيمٌ Кыргызча мааниси «Силердин ичиңердеги мартабалуу, бардар кишилер туугандарына, жардыларга жана Алла жолунда журт которуп көчкөндөргө (кокус алар жаза тайып, айыптуу болуп калышса деле) жардам бербей коюшка ант ичпесин. Кечиримдүү, ары кең пейил болушсун. Алланын силерди кечиришин жактырбайсыңарбы? Кечиримдүү да, Ырайымдуу Алла Өзү!» 📚 Кенен тафсир Бул аят Абу Бакр ас-Сыддык жөнүндө түшкөн. Ал дайыма бир жакыр тууганы болгон Мистах ибн Усасага жардам берип турган. Бирок ифк окуясында Мистах жалааны тараткандардын арасында болуп калганда, Абу Бакр ага жардам бербей коёюн деп ант берет. Ошондо ушул аят түшөт. Эң таасирдүү сөзү: «Силер Аллахтын силерди кечиришин каалабайсыңарбы?» Бул суроо ар бир мусулманга берилген суроо. Абу Бакр бул аятты укканда: «Ооба, Аллахтын мени кечиришин каалайм.» — деп, кайрадан жардамын уланткан. Бул аят кечиримдүүлүктүн эң бийик үлгүсүн көрсөтөт. 📖 23-аят إِنَّ الَّذِينَ يَرْمُونَ الْمُحْصَنَاتِ الْغَافِلَاتِ الْمُؤْمِنَاتِ لُعِنُوا فِي الدُّنْيَا وَالْآخِرَةِ وَلَهُمْ عَذَابٌ عَظِيمٌ Кыргызча мааниси «Чынында арсыздыктын эмне экенин билбеген абийирдүү, ыймандуу аялдарга ойноштук кылды деп жалаа жапкандар бул дүйнөдө да, акыретте да каргышка калышат. Аёосуз азап — алардын шыбагасы.» 📚 Кенен тафсир Бул аят мусулмандын аброю Аллахтын алдында канчалык баалуу экенин көрсөтөт. Жөн эле сөз менен бирөөнүн аброюна шек келтирүү чоң күнөө болуп эсептелет. Бул өкүм аялдарга гана эмес, жалпы мусулмандардын ар-намысын коргоонун маанисин да камтыйт. 📖 24-аят يَوْمَ تَشْهَدُ عَلَيْهِمْ أَلْسِنَتُهُمْ وَأَيْدِيهِمْ وَأَرْجُلُهُم بِمَا كَانُوا يَعْمَلُونَ Кыргызча мааниси «Кыямат күнү алардын тилдери да, колдору да, буттары да жасагандарын айтып, аларга каршы күбөлүк берет.» 📚 Кенен тафсир Кыямат күнү адам өзү актангысы келсе да, анын дене мүчөлөрү сүйлөйт. Тил — эмне сүйлөгөнүн; кол — эмне кылганын; бут — кайда басканын айтып берет. Бул аят ар бир сөзүбүз жана ар бир аракетибиз жазылып жатканын эскертет.

  • Семинар орус-кыргыз тилдеринде болот, материал орусча даярдалганы үчүн, постер орусча чыкты 🙂‍↕️ Эмкисин кыргыз тилинде кылабыз, буюрса

  • 🌸 ДОРОГИЕ МАМЫ В ПОЛЬШЕ, а также в других странах Европы! 🇵🇱🤍 Приглашаем вас на практический семинар, посвященный речевому развитию детей! Если вы хотите лучше понимать особенности речевого развития своего ребенка и узнать, как поддержать его в условиях двуязычной среды, будем очень рады видеть вас среди участников! 🌿 📌 Подробная информация: На постере 📲 Для участия присоединяйтесь к Telegram-группе: 👉 https://t.me/+QB11rdflH2BkYTdi Будем рады встрече с вами 🤗

  • Өтө таасирлендик 🤩 МашаАллах

  • 3 авг.15221из perizattoktorova

    Үй-бүлө кургандан кийин жолдошум экөөбүз сегиз жыл бою экөөбүз эле жашадык. Чынында, бул убакыт биз үчүн бири-бирибизди жакшыраак таанып, үй-бүлөбүздүн пайдубалын бекемдеп, мамилебизди чыңдап, Аллахтын жолундагы кызматтарыбызды кеңири алып барууга берилген чоң мүмкүнчүлүк эле. Ошол жылдары жолдошумдун байпагына чейин үтүктөп берчүмүн. Кээде досторум: «Байпакты да үтүктөйсүңбү?» — деп таң калышчу. Бирок мен үчүн бул сүйүүмдү жана камкордугумду көрсөтүүнүн бир жолу эле. Убакыт өтүп, Аллах бизге эгиздерди, андан кийин дагы бир наристени насип кылды. Жакында эле жолдошумдун өзүнүн кийимин өзү үтүктөп жатканын көрүп, ичимден кызыктай болуп кеттим. «Мурда мен үтүктөп берчүмүн, азыр эмне үчүн мындай болуп калды?» деп өзүмө суроо бердим. Мен "жолдошум кийимин өзү үтүктөп, тамагын өзү жасайт"-дегендерге көп суктанбайм. Анткени үй-бүлөдө эркектин да, аялдын да өз орду, өз милдети бар деп эсептейм. Албетте, турмушта ар кандай жагдай болот, кээде бири-бирине жардам берүү зарыл. Бирок үйдүн жылуулугун сактаган — аялдын мээрими, жасаган даамдуу тамагы, таза үйү жана тыкан даярдаган кийимдери деп ойлойм. Ошондуктан акыркы убактарда кайрадан өзүмө көңүл кайтып 😄үйдөгү иштерди мурдагыдай иретке келтирүүгө аракет кылып жатам. Бүгүн болсо бир айга жеткидей кийимдерди үтүктөп, иреттеп койдум. Бул мага абдан жагат. Анткени бир ай бою «эмне кийебиз?» деп шашпайсың. Шкафтан дайыма таза, үтүктөлгөн кийимди алып кийгенде, өзүмө да, жолдошума да жылуу маанай тартуулайт деп ишенем. Үй-бүлөдөгү ушундай майда көрүнгөн камкордуктар чоң сүйүүнүн жана берекенин себептеринин бири экенин улам тереңирээк түшүнүп жатам.

  • без подписи

  • Тафсир сабагында НУР сүрөсүнүн 29-аятына келип калдык. Бүгүн “мощный” нерселерди уктук 🤩 Европада жашалган адептерден, бирок ал бизде жат көрүлгөн нерсе 😬 кийинки аяттарда келет. Уккандарыбыз боюнча убагында бөлүшө албадык. Азыр башынан кайра алгачкы 5 аят…

  • 📖 14-аят وَلَوْلَا فَضْلُ اللَّهِ عَلَيْكُمْ وَرَحْمَتُهُ فِي الدُّنْيَا وَالْآخِرَةِ لَمَسَّكُمْ فِي مَا أَفَضْتُمْ فِيهِ عَذَابٌ عَظِيمٌ Кыргызча мааниси: «(Мына ушул ушакка аралашып калган мусулмандар!) Эгер дүйнөдө да, акыретте да Алланын шарапаты менен…