НУР ОКУУ БОРБОРУ
Статистика🔹 Жеке методика 🔹 Онлайн сабактар 🔹Аял затына керектуу диний маалыматтар 🔹Аял затына тийешелуу маселелер
- Последний пост
- 7 дек.
- Последнее чтение
- 13 авг.
- Постов за неделю
- 0
- Всего постов
- 22
- Тип
- открытый
- Язык
- tk
- В каталоге с
- 13 авг.
- 1/24сутки в ленте
- —
- 1/48двое суток
- —
- 1/72трое суток
- —
Оценка по просмотрам недавних постов: пост набирает почти всё за первые сутки.
Посты
НУР ОКУУ БОРБОРУ pinned «🪄Адам баласы бардык нерсени көркөм, кынтыксыз жараткан Алланы таануу маселесиндеги деңгээлине жараша ыкласка ээ болот. Пенде чыныгы ыкласка Алла Таала тууралуу билген илимдеринин тереңдигинчелик деңгээлде жете алат. Мындай киши оозун ачып сүйлөсө да, көзүн…»
НУР ОКУУ БОРБОРУ pinned «ӨЗҮН ЭСЕПКЕ ТАРТУУ ЖАНА ИСТИГФАР СЫР АЯК | 02.01.2023 Адамзаттын Ардагы (саллаллаху алейхи васаллам) бир хадисинде мындай дейт: “Ар бириңер рааийсиңер (чабан) жана кол алдыңардагылар үчүн сураласыңар” (Бухарий, Жума, 11; Муслим, Имара, 20). Бул хадис…»
📌 Жаңы курс, мыкты метод менен! 📌 “Араб тили 0” дон жаңы курсуна каттоо башталды! 📌Орундар чектелүү! Сабакты: Улукбек Абдыкадыр уулу - Эл аралык Кувейт университетинин араб тили филологиясын бүтүрүүчүсү - Бүткүл дүйнөлүк ислам илимдер университетинин докторанты өтөт. 📌 Реквизит: +996 700 726 888 (МБАНК) ✔️ ЧЕКТИ +996504121696 вотсап номерге жиберебиз!
ХАНАФИЙ МАЗХАБЫ | МАТРУДИЙ АКЫЙДАСЫ 🕌 “Нур окуу борбору” — аялдар үчүн диний билим берүү жана руханий тарбия борбору. 🇯🇴Иордания мамлекетиндеги Бүткүл Дүйнөлүк Ислам Илимдер Университетинин Ханафи фыкых факультетинин студенттери тарабынан сабактар. Бул канал аркылуу сиз акысыз жана акылуу курстарыбызды пайдалана аласыз: 🔸Фикх 🔸акыйда 🔸тасаввуф боюнча сабактар 🔸Куран| Тереңдетилген тажвид 🔸Намаз курсу 🔸Ибадат жана үй-бүлөлүк жашоого байланышкан пайдалуу маалыматтар; Вотсап канал: https://whatsapp.com/channel/0029VbBXaUHBqbr9Z62r022P
без подписи
без подписи
без подписи
https://www.instagram.com/p/DOsu8JuDdZc/?igsh=dHA3cTZjOHNnMzI0 Айымдар акысыз “арап тили “курсуна набор башталды.😍😍😍 Инстаграмга кирип шарттарды аткаруу менен жабык каналдын ссылкасын ала аласыздар!
без подписи
✨Алгач Иорданияга келгенде мени таң калтырган жана суктандырган нерселер: 1) 🧕Аялдардын хижаб кийүүсү Бул жактагы айымдардын дээрлик баары хижаб менен жүрөт. Өтө ачык кийингениңди көрбөйсүң. Көчөдө, базарда, коомдук жайларда болсун – уяттуулук жана жабык кийим кадимкидей коомдун каадасына айланып калган. 2) 📖Куран угуу маданияты Магазин, молл, кафе же таксиге кирсең, куран үнү угулат. Бул көрүнүш күнүмдүк турмуштун бир бөлүгү болуп калгандай сезилет. Ыйык сөздү угуп жүргөнүңө жүрөгүң жылып, өзүнчө бейпилдик тартуулайт. 3) ❤️Ишеним жана ишенимдүүлүк Көп жолу кезиккен жагдай: акчаң жетпей калса же карта менен төлөй албай турган жерден бир нерсе алганда, “кийинкиде төлөйсүң” дешет. Номериңди, атыңды, карыз өлчөмүн да жазышпайт. Бул жөн гана 100–200 сом эмес, айрым учурда олуттуу сумма да болушу мүмкүн. Бирок өмүрү сени көрбөгөн адамдар толук ишеним көрсөтүшөт. Бул мага абдан таасир берди. 4) 📚Билимге, илимге умтулуу Бизде адатта мектепти 11-класстан бүткөндөн кийин эле университетке барасың, курсташтарың жашы жакын болот. Бул жакта болсо 18 жаштан 75 жашка чейинки адамдар университетте окуп жүрө беришет. Бир группада ар кандай курактагы студенттердин чогуу окуганы – илимге болгон чыныгы умтулуусу жана “окуу үчүн эч качан кеч эмес” деген түшүнүктүн жандуу мисалы. 5) 🧑🧑🧒Балдарга болгон сүйүү жана мээрим Көчөдө бара жатсаң, айрым адамдар балаңды эркелетип, кээ бирлери дуба кылып өтөт. Сыртка чыкканыбызда уулум ар дайым колуна таттууларды топтоп калат. Бул – бул жактагы кадимки көрүнүш, алардын балдарга болгон сүйүүсүнүн белгиси. 6) ❌Намахрам менен аралашпоо Коомдук унааларда (маршрутка, автобус) эркек эч качан чоочун аялдын жанына отурбайт. Коомдук жайларда же көчөдө чоочун эркектер сени тике карап, беймарал сүйлөбөйт. Бул намыс, уят жана аракашылык (чек сактоо) эрежелери бекем сакталат дегенди билдирет. 📌 Иорданиядагы бул көрүнүштөрдүн баары – биздин динибизде көрсөтүлгөн нерселер.
без подписи
Мурун китепке жазганды жактырчу эмесмин, азыр болсо сунуштайм. 😊 Анткени зарыл болгон түшүндүрмөлөрдү блокнотко жазып койсоң, ал жоголуп кетиши мүмкүн. Ал эми китепке жазсаң, ошол бойдон калат. Кийин кайталап окууга, сабак кылууга жакшы
56 айым куранга түштүү машаАллах
Шарият илимин алуу бул ибадат болуп саналат. Алла Таалага жакындаткан жолдордун да эң жакшысы илимге коротулган убакыт, байлык, жаштык. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: "Илимден бир бөлүм үйрөнгөнүң, 100 рекет (нафил) окуган намазыңдан жакшыраак". (Жамиьул баянул ал-илим). М: ким илимден бир бөлүм үйрөнүү үчүн 3 саат убакыт коротсо, ал үйрөнгөн нерсе анын кулк-мүнөзүнүн оңолушуна, өмүрү өткүчө жашоосуна жарык чачып пайдасы тиет жана башкаларга да ал илимден үйрөтөт, алардын да жашоосуна таасири тиет, артынан сообу кыяматта чейин улана берет. Намаз окуу менен адам өзүнө жакшылык кылган болот, ал эми илим алуу менен алгач өзүнө жана башкаларга да жакшылык кылган болот. Жараткан дайыма илим алуучулардан, башкаларга пайдабыз тийүүчүлөрдөн кылсын. 🤲🌹
1- БАСКЫЧ: •Тажвид илими жөнүндө жалпы түшүнүк; ⚪️Хафс Ан-Аасым кырааты жөнүндө жалпы түшүнүк; ⚪️Лахн; ⚪️Истиьаза жана басмала; ⚪️Сүкүндү нун жана танвиндин эрежелери; ⚪️Сүкүндүү мимдин эрежелери; ⚪️Гунна жана анын даражалары; ⚪️Мад жанан анын эрежелери: ⚪️Маддын даражалары; ⚪️Мад тууралуу эрежелер; 📌Жумасына: 2 жолу 1 жарым сааттан. 🗓 жана жекшемби күндөрү ( Ср-Вс) 20:00(КРнын сааты менен) ✅КУРСТУН МӨӨНӨТҮ: 2 ай ✅ Айына: 1500с ✨Ар бир сабак тасхих болот(каталарды оңдоо, эрежелерди практикалоо) ✨Ар бир сабак сүрөт,схема менен өтүлөт. ✨Ар темадан экзамен алынат ✨Сабак өтүүчү: Бүткүл дүйнөлүк Ислам Илимдер университетинин Ханафи фыкых факультетинин студенти: Абдыкасиева Мунара Катталуу үчүн”+” белгисин басыңыз реквезит жиберилет.
Коомдун оңолушу эң биринчи кичинекей мамлекет болгон үй- бүлөдөн башталат деп ойлойм. Ал үй- бүлөдө аял жана эркектин мамилеси, бири- бирине болгон сый жана биргеликте Жаратканга болгон амалдары маанилүү. Анткени бул нерселер ал үй- бүлөдө тарбияланган балдарга өтө таасир берет жана алардын кандай инсан болуп чыгышына жол болуп берүүчү факторлор. Эмне үчүн учурда көп жубайлар арасы жылуу мамилени, сый,ортодогу сүйүүнү сактап калуу оор, ажырашуулар көп анткени ар бир инсан Жараткан койгон чектерден чыгып, өзүлөрүнүн милдетин так билбегендикте жана бир гана өзүнүн укугун санап отурууда. Ар бир инсан ар бир кылган амалында, аракетинде Жаратканддын ыраазычылыгын ойлоп жана өзүнүн укугун же жан шеригинин кылып жаткандарын мага милдет деп эмес, тескерисинче мен өзүмдүн милдеттеримди так аткарып жатамбы деп ошого фокус койсо туура болот деп ойлойм. Анткени , инсан башкадан күтпөстөн жолдошуңа ар дайым адептүү мамиле жана баарын Жараткан үчүн кылып, өз милдеттерин аткарууга гана тырышса үй- бүлө бактылуу болот деп ойлойм🌙✨
без подписи
без подписи
без подписи
без подписи