tgindex
Перизат Абдиллажан кызы

Перизат Абдиллажан кызы

Статистика

Башкаларга пайдалуу болууда, жашатуу үчүн жашоодо мени шыктандырган баракчам🤲🌿

Последний пост
2 авг.
Последнее чтение
13 авг.
Постов за неделю
0
Всего постов
20
Тип
открытый
Язык
tk
В каталоге с
13 авг.
Подписчики
987
+2 за 2 дн.
Сутки
0
0,00%
Неделя
 
Месяц
 
Просмотров на пост
942
18 постов
Вовлечённость
95,4%
к подписчикам
Постов в день
0,0
всего 20
Упоминаний
2
каналов
Охват размещения
оценка
1/24сутки в ленте
344
1/48двое суток
394
1/72трое суток
425

Оценка по просмотрам недавних постов: пост набирает почти всё за первые сутки.

Посты

  • 2 авг.461783

    Үй-бүлө кургандан кийин жолдошум экөөбүз сегиз жыл бою экөөбүз эле жашадык. Чынында, бул убакыт биз үчүн бири-бирибизди жакшыраак таанып, үй-бүлөбүздүн пайдубалын бекемдеп, мамилебизди чыңдап, Аллахтын жолундагы кызматтарыбызды кеңири алып барууга берилген чоң мүмкүнчүлүк эле. Ошол жылдары жолдошумдун байпагына чейин үтүктөп берчүмүн. Кээде досторум: «Байпакты да үтүктөйсүңбү?» — деп таң калышчу. Бирок мен үчүн бул сүйүүмдү жана камкордугумду көрсөтүүнүн бир жолу эле. Убакыт өтүп, Аллах бизге эгиздерди, андан кийин дагы бир наристени насип кылды. Жакында эле жолдошумдун өзүнүн кийимин өзү үтүктөп жатканын көрүп, ичимден кызыктай болуп кеттим. «Мурда мен үтүктөп берчүмүн, азыр эмне үчүн мындай болуп калды?» деп өзүмө суроо бердим. Мен "жолдошум кийимин өзү үтүктөп, тамагын өзү жасайт"-дегендерге көп суктанбайм. Анткени үй-бүлөдө эркектин да, аялдын да өз орду, өз милдети бар деп эсептейм. Албетте, турмушта ар кандай жагдай болот, кээде бири-бирине жардам берүү зарыл. Бирок үйдүн жылуулугун сактаган — аялдын мээрими, жасаган даамдуу тамагы, таза үйү жана тыкан даярдаган кийимдери деп ойлойм. Ошондуктан акыркы убактарда кайрадан өзүмө көңүл кайтып 😄үйдөгү иштерди мурдагыдай иретке келтирүүгө аракет кылып жатам. Бүгүн болсо бир айга жеткидей кийимдерди үтүктөп, иреттеп койдум. Бул мага абдан жагат. Анткени бир ай бою «эмне кийебиз?» деп шашпайсың. Шкафтан дайыма таза, үтүктөлгөн кийимди алып кийгенде, өзүмө да, жолдошума да жылуу маанай тартуулайт деп ишенем. Үй-бүлөдөгү ушундай майда көрүнгөн камкордуктар чоң сүйүүнүн жана берекенин себептеринин бири экенин улам тереңирээк түшүнүп жатам.

  • без подписи

  • Июль айын старт бердик ин шаа Аллах 🤲 Ким канча алат? "Астагфируллах аль азиим " Бүткөндө бүттү деп жазуу шарт эмес, аманат катары сөсүз окушуңуздар керек!

  • Биз кантип топурактан жаратылганбыз? Адам ата (а.с.)дын денеси алты түрдүү топурактан жаратылганы айтылат. Балким, адамдардын кулк-мүнөзү жана табиятынын ар түрдүү болушунун бир сыры ушунда жаткандыр. «Биз топурактан кантип жаратылдык?» деген суроо жаралат. Ислам аалымдарынын айтымында бала эненин боюнда 120 күн болгондо периштелер келип, анын тагдырын жазып, эненин жатынында өсүп жаткан балага топурак себишет деп-төрөлүшүнө берилген өкүл. ( болбосо замершая беременность болуп калат экен. Мунун маңызы — адамдын жаралышы Аллахтын кудурети менен ишке ашаарын эске салуу. Жашоодо кандай ийгиликке жетпейли, кандай даражага көтөрүлбөйлү, баары бир Аллах Тааланын «бол» деген өкүмүнөн ашып кете албайбыз. Топурактын дагы түрү көп: катуусу бар, жумшагы бар, түшүмдүүсү бар. Адамдардын да мүнөзү ар кандай. Бирок алардын ичинен эң көркөм сапат — кичипейилдик. Адамдын (а.с.) денеси топурактан жаратылып, андан соң ага рух үйлөнгөндө гана өзгөчө даражага ээ болгон. Ошондон кийин периштелерге ага сажда кылуу буйругу берилген. Демек, адамдын чыныгы баалуулугу анын сырткы көрүнүшүндө эмес, руханий дүйнөсүндө, жүрөгүнүн тазалыгында жана Раббисине болгон жакындыгында өлчөнөт. Калганынын баары — убактылуу.

  • Баланын сыртка чыгып ойногону кооптуубу? Эгиздерибиз май айында төрт жашка чыгышты. Акыркы бир айдан бери сыртка чыгып ойной башташты. Көп жыл күтүп көргөн балдарыбыз болгондуктан, аларды дайыма тыкыр көзөмөлдөчүбүз. Биринчи күнү Мунир сыртка чыкканда он жолу терезеден карадым окшойт. Бир маалда көрүнбөй калганда: — Мунир! — деп кыйкырсам, — Апа, мен ушул жердемин. Эмнеге кыйкырасыз? — дейт😄 Мунирдин Куткелди менен Нурэлес деген достору бар экен. Аймир болсо Медина деген кыз менен дос болуп алыптыр. Үйдүн эшигин кагып: — Балаңыз ойнойбу? — деп чакырып келишсе, жүрөгүм элжиреп кетет. Балдарыбыз чоңоюп, өз досторун таап, өз дүйнөсүн куруп жатканын көрүү өзгөчө сезим экен. Убакыт өтүп, биз да көнүп кетербиз. Бирок азырынча алардын ар бир кадамын көзүм менен узатып, жүрөгүм менен коштоп турам...

  • без подписи

  • Май айында истигфар алган баарыңыздардын атыңыздар аталды ин шаа Аллах 🤲 Июнь айын старт бердик ин шаа Аллах 🤲 Ким канча алат? "Астагфируллах аль азиим " Бүткөндө бүттү деп жазуу шарт эмес, аманат катары сөсүз окушуңуздар керек!

  • Live stream finished (39 minutes)

  • Live stream started

  • Арапанын түнү бүгүн, күндүзү эртең , бүгүн 21:00до дуба сааты кылалы

  • 18 мая1 113151

    Арафа күнүнүн багымдан намазынан баштап, Курман айттын 4-күнүнүн аср намазына чейин ар бир фарз намаздан кийин Такбири ташрик айтылат. اللّٰهُ أَكْبَرُ، اللّٰهُ أَكْبَرُ، لَا إِلٰهَ إِلَّا اللّٰهُ وَاللّٰهُ أَكْبَرُ، اللّٰهُ أَكْبَرُ وَلِلّٰهِ الْحَمْدُ Аллаху акбар, Аллаху акбар, Лаа илааха иллаллаху валлаху акбар, Аллаху акбар ва лиллахил хамд. Мааниси: Аллах Улук, Аллах Улук. Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок, Аллах Улук. Аллах Улук жана бардык мактоо Ага таандык.

  • 18 мая1 00294

    📍Ассаламу алейкум кирип келген Зуль -Хижжа айыныздар кут болсун Аллахым берекелүү кылсын. • 1-Зул-хижжа — 18-май ⁠ • 9-Зул-хижжа (Арафа күнү) — 26-май ⁠ • 10-Зул-хижжа Курман айт— 27-май иш ша Аллах Абдуллах ибн Умар риваят кылат: Пайгамбар ﷺ айтты: «Аллах алдында бул он күндөн улуу жана сүйүктүү күндөр жок. Бул күндөрдө “Лаа илааха иллаллах”, “Аллаху акбар”, “Алхамдулиллах” сөздөрүн көбөйткүлө». — Ахмад, хадис сахих деп бааланган. Бул он күндө эмнелерди кылуу керек ? • Намазды көбөйтүү • Куран окуу • Зикир жана такбир • Тообо кылуу • Садака берүү • Күчү жетсе 10 ичинде көбүрөөк орозо кармоо , өзгөчө Арафа күнү сөзсүз орозо кармоо • Курмандык чалуу эң жакшы амал .

  • Май айынын 1 млн истигфарарына старт башталды. "Астагфируллах аль азиим" 31-майга чейин ким канча ала алат? Курман айттын алдынан руханий тазалануу ниетинде-ар бирибиз өзүбүздүн күнөөбүздүн төгүлүүсүнө ниет кылабыз 🤲

  • Ассаламу алейкум жамаат кандайсыздар? Эртең 21:00до ин шаа Аллах дуба саатын кылалы 🤲

  • 8 апр.1 40636

    Ушул ысымдар болчу, мүмкүн сиздерге дагы пайдасы тийип калат😍

  • 7 апр.1 37156

    Жашооңузда жолуккан ар бир инсан жөн жерден эмес! Эгер жакшы инсан болсо — шүгүр келтирүү үчүн, жаман болсо — сабыр кылуу үчүн келет экен. Окуяны 2011-жылдары ЖРТга окуучуларды даярдап жүргөн учурдан баштап жазгым келди. Окуу борбор жаңы ачылган, менин болсо биринчи иштеген жерим, биринчи окуучуларым, биринчи кесиптештерим — айтор, “биринчи” дегендин орду өзгөчө болот экен. Ал учурдагы ыкластуулук таптакыр башкача болгонун азыр түшүнүп турам. Окуучулар дага жан дүйнөсү таза, аруу тилек, изги максаттар менен келишчү. Алла Таала бир аз эле аракет кылсак да берекесин берет эмеспи. Балдар да өзгөчө болуп, бир жылдан кийин уядан учушту. Убакыт өтүп, насип болуп, эки окуучум үй-бүлө куруп, бир кыздуу болгондон кийин деңиздин ары жагына кетишкен. Жакында эле “биз эгиз кыздуу болобуз, аттарын сиз сунуштаган варианттардан алсак” дешкенде, аягына өзүмдүн атымды да жазып койгом.😄 Көрсө, ошол Перизат & Элзат деген ысымдар жагып, эсен-аман төрөлгөн эгиздерге ыйгарылыптыр. Силер менин жашоомдо “жакшы эле бар” деп шүгүр кылган инсандарсыңар. Бардык жакшы дуба-тилектериңер кабыл болсун. Аман болгула!

  • без подписи

  • 28 мар.1 120131

    Апрель айынын 1 млн истигфарарына старт башталды. "Астагфируллах аль азиим" 30-апрелге чейин ким канча ала алат?

  • 25 мар.1 280363

    Садака кылган сайын ырыскы көбөйөт. Намазды коркуп окуган сайын бакыттуулук көбөйөт. Ата-энеге жакшы мамиле кылган сайын жашоодогу ийгилик көбөйөт. Тандоо ар бирибиздин өзүбүздө🤲

  • 23 мар.1 250273

    Амaлдардын эң оорy ушул төрт сапат: Ачууланган учурда кечире билүү. Кыйынчылык мезгилинде да берешен болуу. Жалгыз калганда адеп-ахлакты сактап, күнөөдөн алыс болуу. Корккон же пайда үмүт кылган адамга карата да акыйкат сөздү айтуудан тайманбоо. Азирети Али (р.а.)