Menin okuyam 🫀
СтатистикаБул менин жеке каналым, каналымда: психология, китеп окуу, окуялар жана ойлорум менен бөлүшүп турамын❤️
- Последний пост
- 27 июл.
- Последнее чтение
- 14 авг.
- Постов за неделю
- 0
- Всего постов
- 20
- Тип
- открытый
- Язык
- und
- Категория
- Психология
- В каталоге с
- 13 авг.
- 1/24сутки в ленте
- 37
- 1/48двое суток
- 42
- 1/72трое суток
- 45
Оценка по просмотрам недавних постов: пост набирает почти всё за первые сутки.
Посты
Мен ушул жашка келип түшүнгөнүм жашоодогу эң маанилүү нерсе “ишеним” экен… Динибизде “ акыйдаң түз” болбосо амалың текке кетет… Адамдар ортосунда болсо, ишеним болбосо башка сезимдерге жол ачылбайт экен … Ишенимдин эң жакшысы сен ишеним билдирген эмес, сага ишеним билдирген адамдарда экен… PS: Сен Аллахка толук ишенгенде, адамдардан дагы толук ишеним ала аласың…🌸
Чай ичип отурабыз… Акам нан сындырып жатат. - Нандын ортосун жейсиңби? - Ооба, жейм. Күйөө балаңыз сулуу болсун а - Ооба, сулуу анан дадил болсунчу -😁😅 ака ий ошентиңизчи деп күлүп калдым…🌝 Дадил болсун дегени шустрый болсун дегени🦦
Бүгүн дипломдуу болдум💗 4 жылдык эмгектин үзүрүн буюрса көрөмүн деп ойлоймун, диплом бир кагаз деген менен ошол бир кагазды караган сайын миңдеген элестер эске келип жүрөктү элжирете коёт экенмин✨ Эми студент эмесмин, студенттик учур чынында башкача кооз болот экен, бирок, студенттик мезгил мен үчүн өтө эле жагымдуу болду деп айта албайм, тандоом туура эле болгон, болгону ошол тандоомо толук кирише албадым, кирейин десем жашоода киргизбей койду…🌸 Менин ожиданиям мн университетте окуу кыйын эле болду, бирок, ошол жолдон өтө алганым үчүн өзүмө ыракмат айтып турган мезгилим☕️ PS: Жашообуздун мааниси тандаган тандоолорубузга өкүнбөй тургандай тандоо же болбосо тандагандан кийин өкүнбөй тургандай жашоодон турат.🫶
Мен чё то чоңойгон окшоймун, жаңы ишке киргенде директор уруша алчу эмес, бүгүн печать бастырганы кирсем урушат ушуну эртерээк кылбайсынбы деп, билген эмес болчумун десем, сен билбесең ким билет дейт… Болбосо мен эң жашымын, келгениме да көп болбогон, 5-6 жыл иштегендер да эми печать бастырып жатат, аларды урушпай эле мени урушат🌝 Директор мага көп ишенгени үчүн урушту окшойт деп чыгып келе бердим🦦 Менден көп нерсе күтөт ушу директорубуз🌝 Адамда ожидания көп болгон мезгилде, талап дагы көп болот💕
Кээ бир адамдарга таң калам, жашооңдон толук чыгып кетпейт же кирип келбейт… Мындай адамдар кандай адам болушат… жете албай же кете албай ортодо турган адам болушабы же сынап жаткан адам болушабы же тормоз болушабы🦦 Жашоом таң калуу менен өтмөй болду, адамдар мага, мен адамдарга таң калып бүтпөй койдук… иши кылып зерикпей жашаш керек болуп жатат окшойт🦦
2 күндөн бери кечки салкында ак буура дарыясынын боюна келип китеп окуп отуруп жатам, айлана тынч эмес, бирок, суудан келген салкын шамал, айланадагы кооздук башкача тынчтык тартуулап жатат жан дүйнөмө… Мендеги тынчтык, жеңилдик, жылуулукту акыркы убакта көп баалап жатамын, анткени, аял кишини кооз кылып турган анын иши, кооз кийими, же болбосо билими эмес, жүзүндөгү жылмаюсу жана жан дүйнөсүндөгү тынчтыгы экенин көбүрөөк түшүнүп жатамын… Көп аялдан байкаганым “кылынган эмгегим” бааланбайт деп айланадагы адамдарды күнөөлөйт, өзүндөгү жаман көрүнүштөрдү мен эмес, адамдар жаратты деп өз жашоосуна жана жеке сапаттарына жоопкерчилик албайт. Баарына жагынам деп аягында чарчап, баарын жаман көрүп калган аялдар да аз эмес экен… Адамдар үчүн же болбосо үй жумуштары үчүн өзүмдөгү тынчтыкты жана жылуулукту жоготкум келбейт, ошон үчүн дагы бир нерсе кылаарда Аллахтын ыраазычылыгы үчүн же болбосо өзүм каалаганым үчүн кылгым келет… Мага койсо бүт нерсени сүйүү менен кылгым келет, башкаларга жагыныш үчүн же макташ үчүн эмес, менин дүйнөм сүйүүгө толгону үчүн… Кстати саат 20:58 дагы деле ойлонуп ак бууранын боюнда отуруп жазып жаткан кезим🌝
Бүгүн по плану учушум керек болчу✈️ Мен бул күндү канча күттүм эле, башка убакытка жылжып кетти🥹 Эмнеси болсо да жакшылыка бүгүн болбосо башка күн бар💗 Бир нерсени аябай күтүп бирок окшошпой калганда Аллахка болгон акыйдам сыналып жатат деп ойлойм да, ичимден сабр мн шүгүргө өзүмдү чакырам…🌸
Азыр прайм эра да болуп жатам… Өзүм мн чукур таанышуу, ар кандай жаатта өзүмдү сыноо жана жаңы максат, кыялдар💗 18 жашымда турмушту эмес, окууну тандаганыма сүйүнүп жатамын, анткени, жашың өткөн сайын осознанный тандоо кылып баштайт экенсиң🌸
Эрте менен чуркаганы чыгып баштагандан бери өзбөктөрдүн семейный чыгып, басып жүрүшкөнүн көрөм, кыргыздарды көрбөдүм семейный чыкканын, өздөрүнчө чыккан көбү… Ниет кылып койдум бүгүн, кийин семейный чуркайбыз деп 🌝
Инстаграмды карап мен романтик эмес экенмин деп калдым… Элдердин жашоосунда романтикалуу учурлар көп болот же ошол учурду кармап калып соонун сүрөттөрдү (элестерди) чыгарышат, иши кылып билбедим, мен соц сетке сүрөт чыгарбаганым үчүн андай эле кооз сүрөттөр жок менде (тилеке каршы) Бул каникулда өзүмдү ар тараптан сынап көрүп жатам, эми ушул багытка кызыгып жатам 🫠 Жашоомдо романтик учурларды жараткым жана аларды сактап алгым келип жатат….🫶 Романтик дегеним кооз деген мааниде айтып жатам🌝 Аялзаты түшүнүксүз, кыйшык кабырга дейтго, даана эле мага карата айтылган да, 1 күндө 1001 жолу өзгөрөт маанайым, ушундай идеялар келет ар кандай, аларды аткарып көрөм для себя, жаңы нейрон мээге + жаңы эмоция, энергия 💗 Но жагат ушунун баары🦦
Көз турганда сөзгө жол жок..💗
- Эң жакын дос болгум келип жатат… - Кимге? - Өзүмө… Биз дайыма эле өзүбүзгө дос болбойт экенбиз, өзүбүзгө өзүбүз каршы чыгып, өзүбүздүн сөзүбүздү колдобойт экенбиз жада калса өзүбүздү укпайт дагы экенбиз… Бирок, бул жаман эмес, эң жаманы өзүңө эмне жагаарын билип туруп өзүңдү эмес, өзгөлөрдү укканың…
Чет жакта жашап келгим бар… Эч ким эч нерсе карабай кетким бар✨ Аллах насип кылса бул каалоом бат эле орундалат деп ойлойм🌸
Айылдагы таң мен үчүн башкача✨
Мага жагат өзүм менен болгон... Менин башымда менин жашоомо тиешеси жок ойлор жок, башкалардын ойлоруна кызыкпайм, хотя мен жөнүндө туура эмес ойлор болсо да, башкалардын мени жактырбаганы да мени эч качан ойлондурбаган... Мени эң көп ойлонткон нерсе менин башка адамдарга болгон оюм, көз карашым. Жүрөгүмдө адамдарга болгон жек көрүү болушун каалабайм, башкалардын жүрөгүнө жооп бере албайм, алар жаман көрсө да, жакшы көрсө да мага кызык эмес, негизгиси мен адамдарды жек көрүп, жаман ойлоп, ичинде ит өлгөн адам болгум келбейт, ошон үчүн дагы өзүм мн болгон жашоо жагат💗
Мурун өзүмдүн жеке көз карашым барлыгын жакшы көрчүмүн, а азыр болсо жок, анткени, коомдо мага окшогон адамдар канча, ар бир адам өзүнүн жеке көз карашын коомго таңуулай берсе анда биздин барар жерибиз кандай болот билбедим… Коомдогу 1001 түшүнүктөн уже тажадым, бирөөсү “А” дейт, бирөөсү “Б” дейт, андан көрө куранда окуп, ошондон багыт алып жашаган оң экенин жашым өткөн сайын түшүнүп жатам… Ушундай заманда маалыматты филтирлей албасаң өлдү да, бирөөнү дуурайм деп, өз жашооңдү оңой эле талкалап аласың….
Эчтен көрө кеч жакшы…🌸
Аллахка ишенип дуба кылганыңда дубалар түз кабыл болот…🌸 Аллахка ишенип дуба (иш) кылуунун жакшы тарабы “эч нерсе жоготпойсун” анткени, Аллахка ишенип тапшыргандан кийин сен жактырган да, жактырбаган да ишти оңой кабыл аласын, анткени, бул сенин эмес, Аллахтын сен үчүн болгон тандоосу экенин билесиң💗
Акыркы убакта башкача сезимдерди сезип жашап жатам, бул сезимдер мага жаттай, бирок, ар бир сезимдин артында Аллах берген себептер жатат…🌸 Кээ бир сезимдерди сөз менен жеткирүүгө болбойт, балким, жеткирүүгө болот, болгону убагы келе электир, Аллахым жүрөктөрдүн ээсисин, жүрөгүмдөгү ар бир нерсенин эң хайрдуусун жашоомо киргиз🌸 PS: Акыл жн күч жетпеген ар бир ишти Аллахка тапшыруу менен жүрөктөр тынчтык табат💗
Каникулда айылда болот болчумун дайыма, бул жылы шаарда жүрүп, өрүк бышканын жана бышып уже түгөнгөнүн билбей калыпмын🦦 (ошондо быйыл өрүк жебей калдымбы деп жаман болуп жүргөм) Байкем: Быйыл өрүк жебей калдым деп жаман болдуң эле, мына өрүк, атайын Баткенден доставка кылдырдым, тоюп жеп ал эми дейт❤️ Мен жакшы карындаш болууга аракет кыламын, бирок, байкемдер “жакшы” болууда дайыма менден озуп кетет….