СУРОО - ЖООП
Статистика✅ Урматтуу катталуучу! Кызыктуу суроо-жооп каналына кош келиңиз! 💠 Өзүңүздүн ислам дининдеги илим деңгээлиңизди текшериңиз! 💡 Диндик сабатыңызды арттырыңыз! ❓Күн сайын жаңы суроолор жана алардын туура жооптору! Сунуш - пикирлер үчүн @SuroooBot
- Последний пост
- 20 июн.
- Последнее чтение
- 03:30
- Постов за неделю
- 0
- Всего постов
- 20
- Тип
- открытый
- Язык
- русский
- Категория
- Религия
- В каталоге с
- 16 авг.
- 1/24сутки в ленте
- —
- 1/48двое суток
- —
- 1/72трое суток
- —
Оценка по просмотрам недавних постов: пост набирает почти всё за первые сутки.
Посты
Мухаррам айынын артыкчылыгы жана анда орозо кармоонун сообу Аллах Таала айлардын же күндөрдүн арасынан кээ бирин башкасынан артык кылып койгон. Ошол улуу айлардын бири — Мухаррам айы. Аллахтын Элчиси ﷺ: «Рамазандан кийинки эле эң жакшы орозо — Аллахтын айы болгон Мухаррам айындагы орозо», — деп айткан. Муслим (1163) Ошондуктан бул айда орозо кармоону көбөйтүү — мустахаб амалдардан болуп эсептелет. Мүмкүн болушунча орозону көбөйтүү керек. Жада калса кээ бир аалымдар бул айда толук орозо кармоо уруксат деп да айтышкен. Өзгөчө ушул айдын эң маанилүү күнү болгон Ашура — онунчу күн. Бул күнгө өзгөчө көңүл буруп, орозо тутуу керек. Ушул күн менен кошо тогузунчу күндү же онунчу күн менен он биринчи күндү кошуп орозо тутууну унутуп жиберип албаңыз. Себеби, Абуу Катада Аллах андан ыраазы болсун риваят кылган хадисте: Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: «Ашура күнүндөгү орозо үчүн Аллах өткөн бир жылдын күнөөлөрүн кечирет деп үмүт кыламын". деген. Муслим (1162) Эмне себептен орозо кармайбыз жана ага далил барбы? Абдуллах ибн Аббас (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын Элчиси ﷺ Мадина шаарына келгенде яхудийлердин Мухаррам айынын онунчу күнү болгон Ашура күнү орозо кармап жатканын көрдү. Анан алардан: "Бул кандай күн?" — деп сурады. Алар: "Бул улуу күн. Бул күнү Аллах Муса пайгамбарды жана анын коомун Фиръаундан куткарып, Фиръаунду жана анын коомун сууга чөктүргөн. Ошондуктан Муса пайгамбар Аллахка шүгүр кылып орозо кармаган", — дешти. Ошондо Аллахтын Элчиси ﷺ: "Биз Мусага силерден да жакыныраакпыз", — деп айтты да, өзү орозо кармады жана мусулмандарга да ушул күнү орозо кармоону буйруду. Бухари (2004), Муслим (1130). Абуу Катада (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: "Ашура күнүндөгү орозо үчүн Аллах өткөн бир жылдын күнөөлөрүн кечирет деп үмүт кыламын". Муслим (1162) Абу Хурайрадан риваят: Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: "Рамазандан кийинки эң жакшы орозо — Аллахтын айы болгон Мухаррам айындагы орозо. Ал эми парз намаздардан кийинки эң жакшы намаз — түнкү намаз". Муслим (1163) Абдуллох ибн Аббастан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят: Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: "Яхудтарга каршы келгиле. Мухаррам айынын онунчу күнүн орозо тутуу менен бирге андан бир күн мурун же бир күн кийин да орозо кармагыла". Ахмад (2154) Байхаки (8406) Яхудийлер Мухаррам айынын онунчу күнүн гана орозо кармашкан. Аллахтын Элчиси ﷺ аларга каршы келүү үчүн онунчу күнгө тогузунчу же он биринчи күндү кошуп орозо кармоону буйруган. Ашура орозосун кармоодо яхудийлерге окшошпоо үчүн төмөнкү даражалар сунушталат: Биринчи даражасы: Эң толук жана эң жакшысы: Мухаррам айынын 9, 10 жана 11-күндөрүн орозо кармоо. Бул үч күндү орозо тутуу менен Ашура орозосунун сообу алынат, яхудийлерден айырмалануу ишке ашат жана ай сайын үч күн орозо кармоонун сообуна да жетет. Экинчи даражасы: 9-жана 10-күндөрдү орозо кармоо. Бул Аллахтын Элчиси ﷺдин сөзүнө жана ниетине ылайык келгендиктен эң жакшы жана эң этияттуу түрү болуп эсептелет. Үчүнчү даражасы: 10-жана 11-күндөрдү орозо кармоо. Бул дагы яхудийлерден айырмалануу сүннөтүн ишке ашырат. Айрыкча 9-күнү орозо кармай албай калган адам үчүн жакшы амал. Төртүнчү даражасы: 10-күндү гана орозо кармоо. Бул уруксат берилген. Бирок ага бир күн мурунку же бир күн кийинки күндү кошуп орозо кармоо яхудийлерге каршы келүүнү ишке ашырат жана Аллахтын Элчисинин ﷺ буйругун аткарган болот. 👉 t.me/islamtaanuu Башкалар менен бөлүшүп, соопко ортоктош болуңуз.
📜Сабактын темасы: Кайгыны жана стрессти кетирүүнүн жолдору 👉 t.me/islamtaanuu Башкалар менен бөлүшүп, соопко ортоктош болуңуз.
Урматтуу мусулман бир туугандар! Азыр биз жашап жаткан Зуль-Хижжа айынын эң улуу күндөрүнүн бири — Арафат күнү келип калды. Быйыл Арафат күнү 26-майгага туура келет. Арафат күнү орозо кармоо — сүннөт амал болуп эсептелет. Пайгамбарыбыз соллоллооху алейхи уа саллам мындай деген: "Арафат күнү орозо кармоо мурунку жана кийинки бир жылдык күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот." Муслим 1162 👉 t.me/islamtaanuu Жакшылыкка себепчи болуп башкалар менен бөлүшүп койуңуз!
без подписи
без подписи
📜Сабактын темасы: Аллах менен болгон мамилени кантип оңдойбуз? 👉 t.me/islamtaanuu Башкалар менен бөлүшүп, соопко ортоктош болуңуз.
Бул дүйнө адамды эмнеси менен азгырат? - аттуу кыска макаланы окуп, пайда алыңыз. Башкалар менен бөлүшүп, соопко ортоктош болуңуз
Ата-эненин эң негизги милдети — балдарына Аллах Тааланы, Ислам динин жана Аллахтын Элчисин ﷺ таанытуу болуп саналат Аллах таала айтат: "Эй ыйман келтиргендер! Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү Тозок отунан сактагыла!" (Тахрим сүрөсү, 6-аят) Абдуллах ибн Омардан риваят, Аллахтын Элчиси ﷺ айтат: "Ар бириңер — жооптусуңар жана ар бириңер өз алдыңардагы милдетиңер үчүн сураласыңар. Эркек — өз үй-бүлөсүнө жооптуу, жана алар үчүн суралат. Аял — күйөөсүнүн үйүнө жана балдарына жооптуу, жана алар үчүн суралат." Муслим 1829 Эркек киши — өзүнүн үй-бүлөсүнө жооптуу: жубайына, балдарына жана үйүндөгүлөргө. Аларды адилет башкарууга, аларды адал ырыскы менен камсыз кылууга жана туура ислам тарбиясын берүүгө милдеттүү. Аял киши — күйөөсүнүн үйүндө жооптуу: балдарды тарбиялоо, үй чарбасын тескөө, кызматчыларга жана меймандарга туура мамиле кылуу — анын милдети. Ал да өзүнүн милдеттери үчүн жооп берет. Ибн Каййим رحمه الله айткан: "Көпчүлүк балдардын бузулуу себеби — ата-эненин балага көңүл бурбай, тарбиялоого шалаакы мамиле кылгандыгынан болот. Алар динди үйрөтпөй, аны жаман адаттарга салып коёт, кийин ошол бала ата-энесин каргап калат." Тухфатул-Маудуд ( 229) Илим ээлери айтышат: Кыямат күнү ата-эне менен бала бири-биринен качып, ар ким өзүн куткаруусу менен алек болот. Эгер ата-эне баласын Аллахтын динине үйрөтпөй, шалаакылык кылса, анда бала өз күнөөсүн ата-энесине жүктөп кутулууга аракет кылып, мени сен эле адаштырдың, шариат үйрөтпөй койдуң, эми күнөөмө жооп бер деп моюнуна асылат. Башкалар менен бөлүшүп, соопко ортоктош болуңуз
📜Сабактын темасы: Дуба эмне себептен кабыл болбойт? Башкалар менен бөлүшүп, соопко ортоктош болуңуз.
Айт намазына баруунун алдындагы сүннөттөр 1. Гусул алуу (жуунуу) Сүннөт – тазалык үчүн. Ибн Умар айт намазына гусул алып чыкчу эле. Аль-Мугни, 2/370 2. Жакшы, таза кийим кийүү сүннөт. Аллахтын Элчиси (соллоллооху алайхи уа саллам) Айт намазына өзүнүн эң жакшы чапанын кийип чыкчу. Шуаб аль-Ийман, 3/274 3. Атыр себинүү (эркектер үчүн) Мустахаб – жакшы жыпар жыт менен чыгуу. Имам Малик: Алгачкы муундагы соолих адамдар айт намазына атыр себинип чыгышчу. аль-Муатта. 4. Айт намазына эрте чыгуу сүннөт – айрыкча имамдар жана эркектер үчүн. Аллахтын элчиси (соллоллооху алайхи уа саллам) айт намазына эрте чыкчу. Бухари 956 Муслим 889 5. Жөө баруу сүннөт – мүмкүн болсо жөө баруу. Али ибн аби Толиб (Аллах андан раазы болсун) айтат: “Айт намазына жөө барып, жөө кайтуу – сүннөт” деген. Тирмизи, 530 6. Такбир айтып баруу сүннөт – жолдо айт такбирин айтуу. اللَّهُ أَكْبَرُ اللَّهُ أَكْبَرُ لَا إِلَهَ إِلَّا اللَّهُ اللَّهُ أَكْبَرُ اللَّهُ أَكْبَرُ وَلِلَّهِ الْحَمْدُ Ибн Умар жана Абу Хурайра (Аллах ал экөбүнөн раазы болсун) Сүннөткө амал кылып, базарга чыгып такбир айтышкан. Дарими, 1/385 7. Барган жол менен эмес, кайтканда башка жол менен келүү сүннөт. Аллахтын Элчиси (соллоллооху алайхи уа саллам) башка жол менен кайтып келчү. Бухари, 986 8. Курман айтка тамак жебей чыгып, курмандык союлган соң жеш сүннөт. Бурайда ибн Хусайиб (Аллах андан раазы болсун) айтат: Аллахтын Элчиси:"Фитир айтта курма жеп, Курман айтта эч нерсе жебей чыгат эле" Тирмизи, 542 Башкалар менен бөлүшүп, соопко ортоктош болуңуз.
Курмандык чалуунун хикматтары (максаттары) эмне? 1. Шүгүр кылуу — Аллах Таала берген өмүр, ден соолук жана ырыскы үчүн ыраазычылык билдирүү. 2. Ибрахим алейхис-саламдын сүннөтүн жандандыруу — Аллахтын буйругу келгенде, уулу Исмаилди курмандыкка чалууга даяр болгон Ибрахим менен Исмаилдин баш ийүүсүн жана сабырын эскерүү, жана алардай Аллахка моюн сунууну жашообузда колдонуу. 3.Такыбалыкка жетүү — Курмандык чалуудагы негизги максат — эт эмес, Аллахка болгон такыбалыкка жетүү. 4. Кайрымдуулук кылуу — үй-бүлөсүнө кеңчилик кылуу, туугандар менен конокторго урмат-сый көрсөтүү, муктаждарга садака берүү аркылуу Ислам дининин мээримдүүлүккө, жомарттыкка жана боорукерликке негизделген асыл дини экенин көрсөтүү.
Эскертүү! Эртең — Арафат күнү. Бул күндө орозо кармоо чоң соопко ээ: мурунку бир жылдык жана келерки бир жылдык күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот. Ошондуктан, азыртан баштап даярданып, бул чоң мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып албайлы. Аллах Таала бардыгыбызга эртенки улуу күнү орозо кармоону насип кылсын!
Мүйүзү сынган же кулагы кесилген мал жарайбы? Эң жакшысы — малдын мүйүзү сынбаган, кулагы кесилбеген толук болгону. Бирок мүйүзү сынган же кулагы кесилген болсо, кулагынын же мүйүзүнүн жарымынан көбү бар болсо — ал мал курмандыкка жарайт. Курмандыкка союла турган малдын эң жакшы түсү кандай? Эң жакшысы — Пайгамбар (соллоллооху алайхи уа саллам) курмандыкка чалган малдын түсүндөй болуу. Ал — кара жана ак аралашкан, бирок басымдуу бөлүгү ак болгон түс. Төөнү же уйду жети адам биригип курмандыкка чалса болобу? Ооба, болот. Пайгамбар (соллоллооху алайхи уа саллам) жана анын сахабалары бир төөгө же бир уйга жети адамды шерик кылышкан. Ар бир шерик өзүнүн курмандыгын чалды деп эсептелет. Эң жакшы курмандык кайсы малдан болот? Башкалар менен шерик болбой өзү чалган курмандык. 1- жалгыз чалынган төө 2- жалгыз чалынган уй 3- кой 4- эчки 5- Жети адам биригип чалган төө 6- Жети адам биригип чалган уй Карызга акча алып курмандык кылса болобу? Ооба, эгер адамда курмандык күндөрү акчасы жок болуп, бирок кийин төлөй ала турган болсо — анда карызга акча алып, курмандык чалса болот. Бирок эгер төлөй албай калуу коркунучу болсо — анда карызга кирип курмандык чалуу туура эмес. Себеби, мүмкүнчүлүгү жок адамга бул милдет эмес. Курмандыкты өз колу менен чалуу шартпы? Жок, курмандыкты өз колу менен чалуу шарт эмес. Бирок мүмкүн болсо, өзү чалганы абзел. Эгер өзү чала албаса, башка бирөөнү өкүл кылып чалдырса да болот. Касапчыга курмандыктын эти же терисин берсе болобу? Касапчыга сойгону үчүн акча менен акы төлөнөт. Ал эми акысынын ордуна курмандыктын эти же териси берилбейт. Себеби, Аллах үчүн арналган малдан эч нерсе сатылбашы керек. Пайгамбарбыз (соллоллооху алайхи уа саллам) мындай кылуудан кайтарган. Бирок, эгер касапчыга жумуш акысынан тышкары эт же терисин белек же садака катары берсе— бул уруксат. Аял адам курмандык чала алабы? Ооба, аял мүмкүнчүлүгү болсо, курмандык чала алат. Эгер күйөөсү жок болсо, же күйөөсү бар болуп бирок курмандык чалбаса, анда аял өзү курмандык чала берет. Бирок эркектер сыяктуу эле, аял да Зул-Хижжа айынын алгачкы он күнүндө курмандык чалууну ниет кылган болсо, курмандык чалмайынча чачын, тырмагын жана терисин алуудан тыйылат. Курмандык чалуунун алдында эмне деп айтылат? Курмандык союунун алдында төмөнкү үч нерсеге көңүл бурулат. Биринчи: Ниет кылуу — бул шарт. Жүрөктөн: « Аллах үчүн курмандыкка чалам » деп тил менен эмес, жүрөктөн ниет кылат. Экинчи: Тили менен «(Бисмиллах» деп айтуусу уажиб. Бул айтылбаса, курмандыгы жараксыз болуп калат. Үчүнчү: Төмөнкү зикирлерди кошуп айтуусу — сүннөт. Бул сөздөрдү айтуусу уажиб эмес, бирок сүннөт болгондуктан айтылганы жакшы. بِسْمِ اللهِ، اللهُ أَكْبَرُ، اللَّهُمَّ هَذَا مِنْكَ وَلَكَ، اللَّهُمَّ هَذَا عَنِّي وَعَنْ أَهْلِ بَيْتِي Бисмиллах, Аллооху акбар, Аллахумма хаза минка уа лака, Аллахумма хаза 'аннии уа 'ан ахли байтии Аллахтын аты менен (муздаймын), Аллах Улук! Оо Аллах, бул мал Сенден келген жана Сен үчүн арналат. Оо Аллах, бул мал менден жана менин үй-бүлөмдөн.
Курмандык боюнча суроолор жана жооптор Курмандык чалуунун өкүмү кандай? Ханафи мазхабында: Курмандык чалуу — уажиб амал болуп эсептелет. Эгерде адамда мүмкүнчүлүк болуп туруп курмандык чалбаса, күнөөкөр болот. Малики, Шаафи жана Ханбали мазхабтарында: Курмандык — сүннөт муаккада, бекем сүннөт. Бул — Пайгамбарыбыз ﷺ дайыма аткарып жүргөн амал. Кимде мүмкүнчүлүк болуп туруп курмандык чалбаса, күнөөкөр болбойт, бирок чоң сооптон куру калат. Курмандык чалуунун хикматтары эмне? 1. Шүгүр келтирүү — Аллах Таала берген жашоо, ден соолук жана ырыскы үчүн ыраазычылык билдирүү. 2. Ибрахим алейхис-саламдын сүннөтүн жандандыруу — Аллахтын буйругу келгенде, уулу Исмаилди курмандыкка чалууга даяр болгон Ибрахим менен Исмаилдин баш ийүүсүн жана сабырын эскерүү, жана алардай Аллахка моюн сунууну жашообузда колдонуу. 3.Такыбалыкка жетүү — Курмандык чалуудагы негизги максат — эт эмес, Аллахка болгон такыбалыкка жетүү. 4. Кайрымдуулук кылуу — үй-бүлөсүнө кеңчилик кылуу, туугандар менен конокторго урмат-сый көрсөтүү, муктаждарга садака берүү аркылуу Ислам дининин мээримдүүлүккө негизделген дин экенин көрсөтүү Курмандык чалууну ниет кылган адам эмнелерден тыйылат? Курмандык чалууну ниет кылган адам үчүн Зул-хижжа айы киргенден тартып, малын курмандыкка чалганга чейин чачын, тырмагын же денесинен эч нерсе алууга болбойт — аларды алуу же кыскартуу арам болуп саналат. Бул өкүм курмандыкты чалууну ниет кылган жеке эркек же жеке аял болобу — ошого тиешелүү. Мисалы, үй-бүлөдөн эркек курмандык чалууну ниет кылса, анын жубайы, балдары чачын же тырмагын алса — аларга күнөө болбойт. Чачын же тырмагын унутуп алып алса эмне болот? Эгер адам унутуп чачын же тырмагын алып алса — ага күнөө жок. Ал курмандык чала берет. Чачын же тырмагын атайылап алса эмне кылат? Зул-хижжа айы киргенден кийин атайылап чачын же тырмагын алса — ал күнөөкөр болот. Ага тообо кылуу уажиб. Бирок бул анын курмандык чалуусуна тоскоол болбойт — курмандыгын чала берет. Курмандык качан сойулат? Курмандык Зул-хижжанын онунчу күнү, айт намазынан кийин сойулуп баштайт. Айт намазына чейин курмандык чала берсе болобу? Айт намазына чейин курмандык чалууга болбойт. Эгер андай кылса, ал курмандык эмес, жөн гана садака болуп калат. Курмандык чалуу канча күнгө чейин уланат? Курмандык чалуу төрт күнгө чейин созулат. 1. Курман айт күнү (10-Зул-хиджа). 2. 11-Зул-хиджа күнү. 3. 12-Зул-хиджа күнү. 4. 13-Зул-хижжа күнү. Курмандык кайсы малдардан союлат? Курмандык чалууга төмөнкү төрт түрдүү малдар жарактуу: 1. Төө 2. Уй 3. Кой 4. Эчки Бул малдар канча жашка толуусу керек? Курмандыкка арналган малдар төмөнкү жашка жеткен болушу шарт, ал жаштан төмөн болбошу керек. 1. Төө — 5 жаштан жогору 2. Уй — 2 жаштан жогору 3. Кой — 6 айдан жогору 4. Эчки — 1 жаштан жогору Курмандыкка жарабаган малдар кайсылар? 1. Сокур мал Эгер малдын көзү агып же сыртка чыгып калса же аппак болуп сокур экени билинип турса — мындай мал курмандыкка жарабайт. 2. Ачык-айкын оорулуу мал Эгер мал оорудан улам арыктап, алсыз болуп, ден соолугуна доо кетип, эт топтой албаса — мындай мал курмандыкка жарабайт. 3. Аксаган мал Эгер малдын бутунда аксактык болуп, саламат мал менен тең жүрө албай тургандай даражада аксап жатса — бул мал курмандыкка жарабайт. Себеби мындай мал жайытта жүрүүгө, чөп жешке кудуретсиз болуп, натыйжада арык болот. 4. Арык көтөрөм мал Эгер мал ушунчалык арыктап кетип, сөөктөрүндө майы калбай, ал тургай өз алдынча тура албай турган болсо — мындай мал да курмандыкка жарабайт. Бычылган мал курмандыкка жарайбы? Ооба, бычылган мал курмандыкка жарайт. Пайгамбар (соллоллооху алейхи уа саллам) өзү да бычылган эки кочкорду курмандыкка чалган. Аалымдардын басымдуу көпчүлүгү бычылган малды курмандыкка чалууга уруксат экенине макул болушкан. Этин кантип бөлүштүрүү керек? Үчкө бөлгөн мустахаб Бир бөлүгүн — өзү жана үй-бүлөсү жеш үчүн калтырат. Экинчисин — тууган-уруктарга, кошуналарга белек кылат же келген конокторго тамака салат. Үчүнчү бөлүгүн — муктаждарга, кедей-кембагалдарга, жетим-жесирлерге садака катары таратат.
📜Сабактын темасы: Кыш мезгили такыба момундун сезону 👉 t.me/islamtaanuu Башкалар менен бөлүшүп коюңуздар!
📜Сабактын темасы: Бейиштеги кур кыздардын сыпаттары кандай? 👉 t.me/islamtaanuu Башкалар менен бөлүшүп коюңуздар!
📜Сабактын темасы: Бейиште момундар үчүн даярдалган нээматтар кандай? 👉 t.me/islamtaanuu Башкалар менен бөлүшүп коюңуздар!
📜Сабактын темасы: Үч негиз китебинен болгон суроо-жооптор 👉 t.me/islamtaanuu Башкалар менен бөлүшүп коюңуздар!
📜Сабактын темасы: Исламда аялдар жүздөрүн жабуу барбы? 👉 t.me/islamtaanuu Жакшылыкка себепчи болуп башкалар менен бөлүшүп койуңуз!
Төртүнчү Аллахты зикир кылып жатуу Али ибн Аби Толиб риваят кылган хадисте Аллахтын Элчисинин кызы Фатима Алиге жардам берип үйүндө жаргылчак тарткандыктан колу чор болуп жардамчы сурап Аллахтын Элчисине келет, атасын үйүнөн таппай, кийин Аллахтын Элчиси кызынын келгенин угат да Алинин үйүнө барып Али менен Фатима кызына мындай деп айтат: - Силер сураган кызматчыдан да жакшыраак нерсе үйрөтөйүнбү? Силер төшөкө жатардын алдында отуз үч жолу Субханаллах, отуз үч жолу Алхамдулиллах жана отуз төрт жолу Аллоху Акбар деп зикир кылып жатууңар - силер сураган кызматчыдан да жакшыраак",-деп айтат. 📚Бухари 5362 Аалымдар: Кимде ким бул зикирди жатарда дайыма айтып жүрчү болсо - ал адам чарчоого чалдыкпайт деп айтышкан. Бешинчи Даарат алып оң каптал менен жатуу Баро ибн Азибтен риваят, Аллахтын Элчиси: "Эгерде уктоону кааласаң намазга даарат алганыңдай даарат алып андан соң оң капталың менен жаткын"-, деди 📚Бухари 247 Көмкөрүсүнөн жатса болобу? Абу Хурайра риваят кылып айтат: "Аллахтын Элчиси көмкөрөсүнөн жаткан бир адамды көрүп, ага: - Оо баланча мындай жатууну Аллах жакшы көрбөйт"-, деди. 📚Тирмизи 2768 Албани Ахмад Шакир сахих дешкен Абу Зар риваят кылып айтат: "Аллахтын Элчиси мени мечитте көмкөрөмдөн уктап жатканымды көрүп, Оо Абу Зар, бул жатыш тозок ээлеринин жатышы деп айтты" 📚Ибн Мажах 3724 Албани сахих деген Алтынчы Дубасын айтуу Хузайфа ибн Яман (Аллах андан раазы болсун) айтат: "Аллахтын Элчиси жатуу үчүн төшөгүнө барганда "Аллахумма бисмика амууту уа ахйаа"",- деп айтаар эле. 📚Бухари 6312 اللَّهُمَّ بِاسْمِكَ أَمُوتُ وَأَحْيَا Аллахумма бисмика амууту уа ахйаа Оо Аллахым, өзүңдүн атың менен уктап, өзүңдүн атың менен ойгономун Уйкудан ойгонгондо айтылуучу дуба Хузайфа ибн Яман (Аллах андан раазы болсун) айтат: "Аллахтын Элчиси уйкудан ойгонсо "Алхамду лиллахил-лазии ахйаанаа ба'дама амаатанаа уа илайхин-нушуур",- деп айтаар эле. 📚Бухари 6314 الْحَمْدُ لِلَّهِ الَّذِي أَحْيَانَا بَعْدَمَا أَمَاتَنَا وَإِلَيْهِ النُّشُورُ Алхамду лиллахил-лазии ахйаанаа ба'дама амаатанаа уа илайхин-нушуур Бизди уктаткандан кийин кайра (рухубузду кайтарып) ойготкон Аллахка мактоолор болсун ырасында биз ага кайтабыз 🖌 Талас Артыкбаев 👉 t.me/islamtaanuu Макаланы башкалар менен бөлүшүп, жакшылыкка себепчи болуп калыңыз