tgindex
К

КИТЕП ААЛАМЫ📖

Статистика
@kitep_duinomрусский

Китептерди окуңуз, ойлонуңуз, бөлүшүңүз🇰🇬🇷🇺🇹🇷🇬🇧🙂

Последний пост
24 июл.
Последнее чтение
ещё не заходили
Постов за неделю
0
Всего постов
20
Тип
открытый
Язык
русский
В каталоге с
15 авг.
Подписчики
1 670
−5 за 2 дн.
Сутки
−3
−0,18%
Неделя
 
Месяц
 
Просмотров на пост
881
20 постов
Вовлечённость
52,8%
к подписчикам
Постов в день
0,0
всего 20
Упоминаний
0
каналов
Охват размещения
оценка
1/24сутки в ленте
238
1/48двое суток
272
1/72трое суток
294

Оценка по просмотрам недавних постов: пост набирает почти всё за первые сутки.

Посты

  • без подписи

  • Автор: Жон Стейнбек Аталышы: Гроздья гнева Басылган жылы:1939 Бул роман дүйнөлүк адабияттагы күчтүү социалдык чыгармалардын бири. АКШдагы Улуу Депрессия жылдары үй-жайын таштап, жумуш издеп көчүүгө аргасыз болгон миңдеген адамдардын тагдырын чагылдырат. Башкы каарман Жоуддар үй-бүлөсү мына ошолордун бири. Оклахомадагы жеринен ажырап, Калифорнияга чоң үмүт артып жөнөшөт. Тилеке каршы ал жакта деле кыйраткан жумуш болбойт. Жолдо чоң ата, чоң энелеринен ажырайт. Кызы өлүү наристе төрөйт. Эне Ма Жоуддун кайраттуулугу ж-а үй-бүлөсүн сактап калууга болгон аракети мактоого арзыйт. Стейнбек ошол мезгилдеги жакырчылык ж-а соц.теңсиздикти чебер сүрөттөйт. Адамгерчилик, тилектештик жана адилеттүүлүк сыяктуу баалуулуктарды даңазалайт. Окурманды терең ойго салат. "Гроздья" сөзү символикалык мааниге ээ: адамдын ичине топтолгон нааразычылык акыры чоң күчкө айланарын айткысы келген. Романга Пулитцер сыйлыгы ыйгарылган.

  • Кандайсыңар КИТЕПКӨЙЛӨР 😊? Жайкы эс алууда айылга келип, илгери колдон колго өтүп, талашып окулган китептерди таап алдым (1983-88-жылдары чыккан).Ал убакта көпчүлүктүн чамасы курсакты тойгузууга гана жеткен үчүн китеп сатып алышчу эмес, бирөөндө бар китеп окуйм дегендин баарынын колуна тийип айланып чыкчу дейт. Азыр баарынын китеп сатып алганга мүмкүнчүлүгү бар, а бирок сатып алып окуп жатабызбы 💭?

  • КУРМАН АЙТЫҢЫЗДАР МААРЕК БОЛСУН КИТЕПКӨЙЛӨР🎊 АЛЛАХ ТААЛА КУРБАНДЫКТАРДЫ КАБЫЛ КЫЛСЫН 🤲

  • 23 мая716112

    📷 Интернетти колдонгонго убакыт таппай калгандай кызык жашоо каалайм. Күнүңөр жакшы өтсүн! 🤩

  • без подписи

  • P.S.Чыгармада адам кейпин жамынган шайтандын образы берилет. Ошондуктан аны көпчүлүк байкабай жүрө берет. Автор бул китептин аталышы менен "шайтан деле адамдын алсыздыгын, начар сыпаттарын көргөндө ыйлайт" дегенди айткысы келиптир 😊

  • Сиздер көрүп турган Виктория доорунун бестселлери 1895-жылы жазылган🏰 Кудайга ишенбеген Джеффри Темпест аттуу карапайым жазуучу күтүүсүздөн чоң байлыка ээ болот. Аны менен кошо өзүн князь Риманец деп тааныштырган филантроп менен достошот. Тилеке каршы анын караңгы күч экенин байкабайт. Акчанын арты менен чоң үйлүү, жубайлуу да болот. Алар аны бактылуу кыла албайт. Жазуучулук атагы чыккан Мэвис Клерге көрө албастык кылат. Себеби өзүнүн акчасы көбөйгөн сайын таланты жоголуп, ач көздүүлүгү басым кыла баштайт. Кийинчерээк бул үчүн аябай өкүнөт😞 Жубайы Сибилла, Риманецти сүйүп калат. А шайтан болсо аны чанып коёт. Көп өтпөй Сибилла өзүнө кол салат. Темпестте кийинчерээк Риманецке шектенүү пайда болсо деле ээрчип жүрө берет (башынан эле Кудайдан жөө качкан, арткы дүйнөгө ишенбеген неме да). Акылдуу шайтан аны гипноздук жол менен башкарып, бизге көрүнбөгөн күчтөрдү , өлүмдөн кийинки жашоо бар экенин, Аллах Тааланын кудуреттүүлүгүн далилдейт.

  • Кандайсыңар китепкөй досторум? Дем алыш күнүңөр жакшы өтүп жатабы? Көпкө чыкпай калдым окшойт э🙈 Англис адабиятынан аябай кызыктуу роман окуп жатам, жакынкы күндөрү бөлүшөм🤗 А силер кандай китептерди окуп жатасыңар же болбосо алдыдагы май майрамдарында окуй турган пландагы китебиңер барбы? Комментарийде ой бөлүшөлү 👇🏽

  • 17 апр.1 0241

    без подписи

  • 7 апр.1 135

    без подписи

  • 22 мар.1 376122

    Китеп мем🙃

  • 21 мар.1 1374

    Арыбаңыздар китепкөйлөрүм🥰 Жаздын кабарчысы болгон Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайм🌷 Бул майрам үй-бүлөңүздөргө ырыскыны, бакытты, эл-жерибизге токчулукту, молчулукту, тынчтык жана бейпилдикти алып келсин🤲🏼

  • без подписи

  • 8 мар.1 3206

    Бүгүнкү майрамыңыздар менен куттуктайм кымбаттуу асыл аялзаты 🌹 Бактылуу күндөр, бактылуу мүнөтүңүздөр көбүрөөк болсун !Ааламга мээрим, сүйүү отун жайылтып жүрө бериңиздер 💖

  • 6 мар.1 26022

    без подписи

  • 6 мар.1 27213

    Адам катуу апатияга кирет. Жардамчысы Ли болбосо эгиз балдар жашап кетет беле ким билет⁉️ Катуу стресске түшкөнү үчүн балдарына ат койгонду деле унутуп калат. Сэмюэль аларга Кейлеб ж-а Арон ысымдарын ыйгарат. Балдар энесин өлгөн деп чоңоюшат. Атасы аларга чындыкты айткысы келбейт. Эгиздер жетилет. Адам Кейтти таап, жүзмө-жүз көрүшөт. Балдардын атасы бир тууганы Чарльз экенин билет. Ошентсе да балдардан кол жуубайт. Эгиз уулдар энесинин ыплас иш кыларын билет. Арон көтөрө албай армияга качат. 1-дүйнөлүк согушка катышып каза болот. Уулунун өлүмүнө чыдабаган Адам инсульт болот. Кейлеб өзүн күнөөлүү сезет. Жардамчы Ли ата мн уулдун мамилесин бекемдейт. Автор бул романда Адам Ата мн Обо Эненин жана уулдары Кабил мн Хабилдин икаяларына көп токтолот. Себеби тарыхтагы биринчи жамандык мн жакшылыктын чогуу жүрүшү, 1-жаман иш Кабилдин Хабилди өлтүрүшүнөн башталат. Ал эми каармандар Сэмюэльдин үй-бүлөсүнөн ынтымак, адамгерчиликти, Трасктардан үй-бүлөлүк мамилелерди, Кейттин үй-бүлөсүнөн жакшыдан да жаман туулушу мүмкүн экенин үйрөнөбүз. Китептеги маанилүү түшүнүктөрдүн бири "timshel", "сенде тандоо бар", эмне гана башка түшпөсүн ар бир адамда жакшы жака бурулуу мүмкүнчүлүгү бар дейт. Б.а. тагдыр сени толук башкарбайт, сенин тандоолоруң да маанилүү.

  • Сайрус уулдарына кайдан тапканы белгисиз чоң суммада мурас калтырат. Чарльз шектенет, чочулап колдонгусу келбейт, үйдөгү чарбалык иштерине берилип кетет. Адам бай болдук дейт да көчө таптап күн өткөзөт. Романдагы дагы бир маанилүү каарман Кейт. Өз ата-энесин үй мн кошо өрттөп өлтүрүп сойкуканага качып кетет. Ал жердин ээси сабап өлүмдөн кутулат. Адам мн Чарльз чогуу жашап жүргөн күндөрдүн бири Кейт оор жарадар болуп босогосуна келип калат. Адам аны сүйүп калат. Чарльз мандеми бар деп каршы чыгат. Ошентсе да Адам Кейтке үйлөнөт. Экөө Сэмюэль жашаган Кинг-Ситиге көчөт. Адам, Сэмюэль мн таанышып достошот. Жашаган жерин аялы үчүн бейиш бакчасына айлантуу планын курат. Кейт экөө эгиз уулдуу болушат. Эртеси эле күнү аялы күйөөсүн тапанча мн ийинге атып качып кетет. Баягы эле көнгөн сойкуканага барат😖

  • Автор: Джон Стейнбек Роман: Бейиштен чыгышты карай(К Востоку от Эдема) Чыккан жылы: 1952 Сэмюэль Гамильтон Ирландиядан Америкага көчүп барган эмигранттардын бири. Калифорниянын Салинас өрөөнүнө жайгашат. Акчасы тартыш болгон үчүн арзан жер тилкесин сатып алат. А арзан жер бардык жакта болгондой эле суу тартыш, көп нерсе өспөгөн сары талаа болот. Аялы Лиза экөө 5 кыз, 4 уулдуу болот. Оор шартта жашаганына карабай аялынын мээнеткечтиги, өзүнүн креативдүү ой жүгүртүүсү, жашоого болгон оптимисттик көз карашы менен 9 баласын тең билимдүү, аракетчил кылып өстүрөт. Ошол эле чөлкөмдө Сайрус Трасктын үй-бүлөсү жашайт. Аялы каза болуп 1 ге чыга элек уулу Адам экөө калат. Көп өтпөй Алисага үйлөнөт да Чарльз дүйнөгө келет. Чарльз тентек, шумпай болуп өсөт. Адам болсо жоош, ак көңүл. Атасы жооштун жооштугу калсын деп Адамды армияга жиберет.Чарльз аны аябай кызганат. Ичинде кек пайда болот. Адам армиядан кайтканга чейин атасы да, өгөй энеси да каза болот.

  • Амансыңарбы китепкөйлөр 😊? Америка адабиятынын сап башында турган жазуучусу, Пулитцер, Нобель сыйлыктарынын ээси Джон Стейнбектин көлөмдүү романын детальдарга чейин анализ кылып жатам, упузууун рецензия окуганга даяр тургула э🤓?