Жан дүйнөнүн сөзү❤️🩹
Статистика- Последний пост
- 16 авг.
- Последнее чтение
- 16 авг.
- Постов за неделю
- 2
- Всего постов
- 22
- Тип
- открытый
- Язык
- русский
- Категория
- Религия (по похожим)
- В каталоге с
- 13 авг.
- 1/24сутки в ленте
- 216
- 1/48двое суток
- 247
- 1/72трое суток
- 266
Оценка по просмотрам недавних постов: пост набирает почти всё за первые сутки.
Посты
Эч кимдин чынысында чай кашык болбогула! Шекер ээригенден кийин, сыртка чыгарып коюшат!...
Адам баласын, сынабаган нерсенин булбулу, сынган нерсенин дүлөйү дегени бекер эмес: Айтуу оңой жашабаганга; жашап көрсүнчү, пикири ошол элеби? Ар бир жүк жеңил көрүнөт көтөрбөгөнгө; көтөрүп көрсүнчү, пикири ошол элеби?
Келгиле, бир аз чыныгы жашоого аралашабыз. Достордун чогулганына олтурабыз, чайды деминде ичебиз, китептерди текчеден түшүрүп саптарынан өзүбүздү издейбиз. Жүрөгүбүздү да, тилибизди да дубадан куру калтырбайбыз. Колубуздан келгенин жасайбыз, аракетибизди кем кылбайбыз. Калганы болсо, Раббибизге болгон ишенимибизге тапшырылсын.
Мамилелер эки адамдын аракети менен жашайт; Эгерде бир тарап жүктү көтөрүүнү токтотсо, экинчи тарап жүктү жалгыз көтөрүү адилетсиздик болот.
Бизди билгендер билет, билбегендер өзү билет.
"Жашоо адамга ал нерсени канчалык чоң көрсө, ошончолугун айтып берет." Кээ бирөө тоого карап Аллахтын кудуретин көрөт, кээ бирөө болсо жөн гана таш көрөт. Кээ бирөө жамгырда ырайымды окуйт, кээ бирөө болсо жөн эле сууланат. Кээ бирөө балалыгын максалсыздык деп эстейт, кээ бирөө чоңоюуну эрдик санайт. Кээ бирөө коштошууну жүрөгүн жетилдирген сабак деп билет, кээ бирөө болсо кектерин өмүр бою көтөрүп жүрөт. Кээ бирөө напси менен күн сайын күрөшөт, кээ бирөө болсо бүт өмүрүн башкалар менен урушуп өткөрөт. Кээ бирөө унчукпай ойлонуну тафаккур билет, кээ бирөө жалгыздыкты жаза деп ойлойт. Кээ бирөө кечирип жеңилдейт, кээ бирөө ачуусу менен өз жүгүн оорлотот. Кээ бирөө колундагысына шүгүр кылып байыйт, кээ бирөө болсо бардыгы менен да кем сезинет. Кээ бирөө ар бир сыноодо Раббисине бир аз дагы жакындайт, кээ бирөө болсо ар бир жеңилдикте Аны унутат. Ал эми адамдын чыныгы улуулугу — караган жеринен хикметин көрө билүүсүндө, башынан өткөн ар бир абалды кулчулугуна себеп кыла билүүсүндө жана Жаратканга таза жүрөк менен кайта алышты каалоосунда.
Бул кадар караңгылык бизге жарашпайт. Жашоону толугу менен кайгыдан турат деп ойлочудай өзүбүздөн алыстап кеттик. Ал эми кээде ичинен чыккан бир салам, чын дилден сүйлөшүү, демделген бир чай жана жүрөктөн кылынган бир дуба — узун-узун курулган сүйлөмдөрдөн да көбүрөөк айыктырат адамды.
Адам өзү кааласа-колунан келбегени жок. Чын жүрөктөн сурасаң-Кудайдын бербегени жок.
Эгер жашоо сени абдан кыйнаса, бил: Аллах ар кимдин күчүнө жараша кар берет, эч кимге көтөрө албаган жүктү жүктөбөйт.
Баалоону билбегенге берилген баалуулук убакыттын өтүшү менен арзандап кетет. Дайыма берүүчү тарап болу, көп учурда баалуу көрүнүү эмес, адатка айланып кетүү. Ошондуктан баарына бирдей эшикти ачуу, бирдей ишеним берүү туура эмес. Мээримдүү болу башка, өзүңдү пайдаланууга берүү таптакыр башка. Жакшы жүрөгүңдү сакта, бирок чектериңди да сактоону унутпа. Себеби адам эң көп татыктуу эместерден улам чарчайт.
Тажадым деп,белек болгон өмүрдөн. Жаш актырып муңга толгон көзүңдөн. Эмне үчүн келгенмин деп жашоого, Жок дегенде сурадыңбы өзүңдөн... Ойлончу,сен билесиң, эстеп көрчү эмнеге? Бул өмүрдүн сага кызыгы эмнеде?! Сыноо экенин унуткарып эстейбиз,.. Качан гана,башка сыноо келгенде. Өмүр деңиз,а биз сүзгөн кемеси, Канчалаган кеме чөктү,кишилер жок кечээки. Шүгүр кылып,ойлонолу ким билет... Келээр бекен бүгүн күндүн эртеси?..
Жан дүйнөмдөн жалгыз орун табааларым Сен болдуң уйку бербес санааларым✨ Эч нерсени тоготпой журдум эле😊 Эми минтип жүрөгүмдү жаралдың❤️
Билесиңби?… Канчалык качсаң да үмүт сынган жерден кайрадан жашылдайт. Адам кайрадан сүйөт, кайрадан үмүттөнөт жана кайрадан эч нерсе болбогондой жылмаюуну улантат.
Кеч болсо да түшүндүм: сүйбөгөндүн шылтоосу, сүйгөндүн аракети көп болот экен. Тагдыр аракетти сүйөт, сүйгөндөрүңдү тагдырга таштай албайсың🍂
Эгер бир нерсе болбосо; Же андан да жакшысы болот экен, же болушу керек эмес экен. Ошол учуп жүргөн куштарга карачы! Не эгет, не жыйнайт!.. Алардын ырыскысына кепил болгон Аллах; Сени да карабай койот деп ойлойсуңбу. Жөн гана сурай билсең болгону.
Жашоо - бул окуя. Ал эми бир адамды сүйүү, ал адамдын окуясын сүйүү дегенди билдирет…
Адам кээде эң көп эмгек кылгандарынан берилгендик күтөт, бирок ар бир күтүү жүрөктү дагы бир аз чарчатат. Ал эми чыныгы тынчтык — кылган жакшылыгыңдын эсебин адамдарга эмес, Раббиңе тапшыра алганыңда!.
Өзүңө жакшы карай баштаган учуруңда Өзүңдү дагы жакшы сезе баштайсың. Дагы жакшы сезгенде Өзүңө жакшы карай баштаган учуруң Ал тургай дагы жакшы нерселерди өзүңө тарта баштайсың. Баары сенден башталат. Өзүңө өтө жакшы кара.
Жакшы адам болгонуң үчүн башыңа дайыма жакшылык келе бербейт. Өтө көп курмандык кылдың деп эле баары сени жакшы көрө бербейт. Кыйналдың деп эле дүйнө сага сыйлык сунбайт. Өмүр — эмгек канчалык болсо, сыноо да ошончолук. Ниетиң канчалык таза болсо, чындык да ошончолук болот. Баарына берген баалуулугуңду өзүңө кайра аласың деп ойлосоң, эң чоң көңүл калууну башыңдан өткөрөсүң. Себеби кээ бир адамдар жакшылыкты баалагандын ордуна аны пайдаланууну тандайт. Ошондуктан: _Жакшылык кыл, бирок жообун адамдардан күтпө. Курмандык кыл, бирок өзүңдү түгөтпө. Сүй, бирок өзүңдү арзандатканчалык эмес._ Чыныгы тынчтык адамдардан күтүүнү үзүп, аны Аллахка байланыштырганда башталат. Ошондо кылган жакшылыгың да текке кетпейт, тарткан кыйналышың да маанисиз калбайт. Түшүнбөдүңбү? Кайра оку.
Ассаламу алайкум арбаныздар. Биздин ватсап жана телеграмм канал үчүн күн сайын кыска тексттерди даярдап, жарыялап турган админ керек. Эгер жазып, бөлүшүүнү жакшы көрсөңүз жана убактыңыз болсо, жазыңыз. 0701325932