tgindex
КЫСКА-НУСКА

КЫСКА-НУСКА

Статистика
@kyskanuska55русский

Кыска көркөм чыгармалар. Каналга чыгармаларын сунуштагысы келгендер @tokoevmarat дарегине жазыңыздар!

Последний пост
1 авг.
Последнее чтение
19:57
Постов за неделю
0
Всего постов
133
Тип
открытый
Язык
русский
В каталоге с
13 авг.
Подписчики
627
0 за 5 дн.
Сутки
−1
−0,16%
Неделя
 
Месяц
 
Просмотров на пост
110
40 постов
Вовлечённость
17,5%
к подписчикам
Постов в день
0,0
всего 133
Упоминаний
1
каналов
Охват размещения
оценка
1/24сутки в ленте
109
1/48двое суток
124
1/72трое суток
134

Оценка по просмотрам недавних постов: пост набирает почти всё за первые сутки.

Посты

  • 55 сөздөн турган аңгемелерге сынак «Адабий Ордо» сайты «Кыргыз маданият борбору» жана «КЫСКА-НУСКА» телеграм-каналы менен бирге 55 сөздөн турган аңгемелерге сынак жарыялайт. Ушундай сынакты бир кезде New Times гезити жарыялаган, ал эми 2022-жылы «КЫСКА-НУСКА» телеграм-каналы да кыргыз калемгерлеринин арасында ийгиликтүү уюштурган. Толугу менен 👉 https://adabiyat.men/55-sozdon-turgan-kara-soz-chygarmalaryna-synak/

  • Дүйшөн КЕРИМОВ АРЗУУНУН КҮНДӨЛҮГҮН БАРАКТАП «Оо, махабат сен болбосоң дүйнөдө, Бирин-бири алмак эле ким эске!» Табылды МУКАНОВ Ал күндөлүгүн барактап олтурду. Артынан түшпөсө да, анда-санда чиймелеп жүрчү. Жазып койгону жакшы болуптур да, окуган сайын саптар арасынан алыста жүргөн, убактылуу жүргөн, ушул убактылуу дегенге каниет кылат, өзүн-өзү сооротот, жакын адамы, асыл адамы жарк деп чыга калчудай окуйт. Жаңы жыл жакындап келатканын ойлоду. Тамагы буулуп, жашы кылгырды. Өмүр өтүп атканына эмес, өзү ээн чөлдө калгандай ээнсиреп жүргөнүнө жүрөгү сыздады. Караан этээр дептерин кайра баштан барактап кирди… Экөөбүз жолугаардан үч ай мурда сен мага түшүмдө эки жолу удаа келдиң… Жайлоодо көк кашка өзөн боюндагы боз үй алдында бейтааныш жаш аял күтүп туруптур. «Үйүңүз чачылып, апаңыз жүдөп калыптыр, оңдоп койдум» деди акырын. Экөөбүз суу бойлоп бирге бастык. Негедир артыма кылчайсам, үй жанында кырк жашта дүйнөдөн өтүп кеткен эсил апам, «барагой» дегенсип муңайым баш ийкей узатып турган экен. Ылдыйлап булакка жеттик. Бир далай сүйлөшкөндөй болдук. Мени жакшы көрүп калганын, аял киши бир чындап сүйсө, айныбай турганын айтты. «Көйнөгүңүз кирдептир, чечиңиз жууп берейин» деди. Кудай акы, мындай дапдаана, айтылгандар да айгине эсте калаар түш буга чейин болгон эмес. Экинчи көргөн түшүм да ажайып… Таякем экөөбүз ак карлуу тоолордо кийик уулап жүрүп, кадимки эле комуз таап алдым. Кум арасында жатып көөнөрө түшсө да, табылгам көзүмө ысык көрүнүп турду… Ушул эстен кеткис түштөгү аян белгиден көп өтпөй өзүңө жолуктум. Көргөндө эле өмүр бою издегеним, түшүмдө келген дал сен экениңди жаземдебей билдим. Кубангандан, а балким ошол теңдешсиз зор бактыдан кокус ажырап калбайын деп, издегенимди, күткөнүмдү, түш көргөнүмдү, тапканымды ый аралаш айттым эреркеп… Жайдын толукшуган кези, ээн тоо арасы, күн шооласы кызарып, түн кирип келаткан. Барын уктуң, түшүндуң, соороттуң. Эң башкысы, кетем дебедиң, жанымда, мени жалгыз таштабай, жанымда калдың… Кийинки жылдары жер-сууга батпай буулугуп, кусаланып белгисиз бирөөнү издеп, сагынып, жаман абалда жүргөм. Эзели жатып көрбөгөн ооруканага эки жолу удаа дарыланып чыгып, оору кадырын, өмүр баркын астейдил сезгендей болгом. Ошондо жолуктуң сен. Кубангандан ыйладым, ырдадым дагы: Сен жол издеп, мен адашып жүргөндө, Асыл сүйүү өзү салып көпүрө. Табышканбыз табияттын койнунда, Ал жер ыйык – Чоңташ деген жер эле. Июль айынын бири болчу жайкалган, Булак ырдап, гүлдөр жерге чайпалган. Таптымбы деп улам карайм көзүңдү, Сен да мени жактырганың байкалган. Алыстасың, алыста, алыста… Дайыма сүйлөшөм телефондо, түшүмдө, жан дүйнөмдө өчпөс элесиң менен да. Жолугарыбызга, дагы сонун мезгилди бирге жашаарыбызга ишенем. Кызык кыялдар, үмүттөр, бардыгы алдыда… «Мужчина без любви превращается в зверя. Любовь – это великий дар открытости, открытости всему сущему». Бардыгы алдыда. Сонундун баары алдыда… ____________________ 👉 "Кыргыз поэзиясы" 🙏 Каналга колдоо көрсөтүү 🎀 Ардак такта

  • – Муну эч ким билбейт... Силер да билбейсиңер. Мен өмүр бою кара кылды как жарган калыс деген атак күттүм. Эч кимисине жан тартканым жок. Элдин баары муну оңой деп ойлойт. Бирок бир эле маселени тартышып келген эки кишинин бири мага жок дегенде бир эле тоголок алма ала келсе, ошого ичимден жан тартып турам. Бири эле мага жылуураак сүйлөсө, көңүлүм ошол тарап болот. А мен көңүлүмө жараша чечим чыгарганга акым жок. Антсе да ичимден жан тартканым жан тарткан...  Бешиктеги баланын башы ачылып, ыңаалаган үн угулду. Балканактай эркек бала экен. Бөлмөдөгү үчөө бирин бири аяп да, азыр эле уккан чындыкты эмне кыларын билбей алдастап да ойлуу отурушту. ____________________ 👉 "Кыргыз поэзиясы" 🙏 Каналга колдоо көрсөтүү 🎀 Ардак такта

  • Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ ҮЧ ЧЫНДЫК  Көптү көргөн Сулайман падыша бул жолу башы катып, айласы алты кетип отурду. Өмүрүндө көп эле маселени чечкен, кара кылды как жарган калыс бүтүмдөрдү чыгарып келген, бирок өз башындагы мүшкүл ушунчалык оор болорун билбептир. Жапжаш, сулуу, акылдуу аялы бала ордуна баш-аягы, буту-колу жок эле жумуру таш төрөйт деген эмне шумдук? Таш, кадимки эле таш. Болгону тептегиз, жыпжылма, жумуртканы узартып койгондой. Же бир элге-журтка айта алсачы. Же буга чейин балалуу болсочу. Ушунча жылдан бери эңсеп күткөн перзенти. Үч уктаса түшкө кирбеген бул кайгыдан улам каныша өңдөн азып, жинди болгону калды. Таш салынган бешикти терметип, же эмизе албай, же түңүлүп басып кете албай жарым эс болуп отурат.  Кой, отура бергенде эч нерсе чыкпайт. Же нары, же бери кылып бир жаңсыл чечиш керек, муну. Кудайга эмнесинен жазды экен? Өзү го өзү, мобу жапжаш, сулуу, бечара аялында эмне күнөө?  – Бакшы кемпирди чакыргыла! Бир билсе ошол билет.  Кемпир көп күттүргөн жок. 100гө чыкса да акыл-эси ордунда, сөзү оозунда жүргөн тымызын кеңешчиси аса таягына сүйөнүп, тааныш босогодон кирери менен кеп баштады:  – Башыңа сыноо келиптир, падышам. Кудайдан түшкөн сыноо экен. Өз көзүм менен көрмөйүнчө эмне экенин так айта албай турам.  Падыша канышанын жанында жаткан бешикти ачты.  – Мынакей, сен айткан сыноо. Бир эле нерсени айтчы. Бул таш бала болобу же түңүлө берелиби? Бул эмне деген шумдук?  Бакшы кемпир таштын бетин сыйпалап көрүп, ичинен күбүрөнүп бир аз отурду. Анан күлүп жиберди.  – Падышам, мунун жолу оңой эле экен! Кудай адамга өз күчүнө жараша сыноо берет. Бул таш кайра бала болушу үчүн өзүңүз баш болуп эң жакын үч киши эч кимге айтпаган чындыгыңарды айтышыңар керек. Болду, башка шарты жок.  Каныша ишенген жок, бирок үндөбөй тим болду. Падыша ойлонуп калды. Эң жакын кимиси бар? Аялы, анан өмүр бою далай кыйынчылыктан бирге өткөн баш вазири эле болбосо... Сулайман кемпирди жылуу-жумшак узатты да, жанындагы жигитке кайрылды.  – Чакыргыла, баш вазирди.  Ээн бөлмөдө үчөө гана калып, падыша башындагы мүшкүлдү, бакшы кемпирден уккан кеңешин айтып баш вазирге түшүндүрдү. Кимиси сөз баштаарын билбей, бир топко тымтырс отурушту.  – Мен айтайын, – деди баш вазир акыры. – Падышам, сиз чыныгы даанышман башчысыз. Дүйнөдө сизчелик калыс эл башы болбосо керек. Бирок өлбөстү Кудай, сынбасты адам жараткан эмес. Жашыңыз келип калды... Мен сиздин жаныңызда жүрүп жетиштүү эле тажрыйба топтодум деп ойлойм. Эгер эртедир-кечтир сиз көз жумсаңыз ордуңузду баса турган менден татыктуу адам жок деп эсептейм. Ушул, менин чындыгым. Алсаңыз башым тартуу. Эрк өзүңүздө.  Булардын жанындагы бешик бүлк эте түштү. Каныша селт этип жабууну ача коюп көргөн көзүнө ишенбей өңгөчүн тартып жиберди да, берки экөөнө көрсөттү. Жумуру таштын үчтөн бир бөлүгү өзүнөн өзү муз сыяктуу эрип түшүп, баланын буттары кыбырап туруптур. Бакшы кемпирдин койгон шартына ишенер-ишенбесин билбей дендароо отурган үчөө бирин бири карап калды. Падыша эми канышаны суроолуу карады.  – Падышам, муну эч качан айткым келген эмес, – деди ал. – Балким өзүмө да айтпас элем. Муну ойлогонум үчүн да өзүмдү күнөөлүү сезем. Сизге чын ыкласым менен келдим, бактылуу жашадым. Бирок баш вазир туура айтты. Жашырганда эмне, сиз менден кыйла улуусуз. Өтө эле улуу... Сиздин ордуңузду сиздей эле даанышман, эрктүү, калыс, бирок алда канча жаш, алдуу-күчтүү жигит баса турган болсо, мен аны менен бактылуу болмокмун деп ойлойм. Айып этпеңиз.  Бешиктеги таштын ортосу эрип жок болуп, баланын курсагы, бытыйган колдору кадимкидей көзгө урунду. Баш вазир менен каныша эми падышанын өзүн үмүттүү карашты. Ал оор күрсүндү.

  • Үндөбөдү. Макул. Абышканын колу-буттары кайрадан муздай баштады. Бир жума илгери капканга суурдун чөндөлөйү түшүп калган экен, анын эки колу менен башын катып, боздоп ыйлаганына карабай небереси темир союл менен башка чапкылап жиберди. Көзү чанагынан чыгып, оозунан кан-шилекейи сүт аралаш чыккан анын өлүгүн ыргытып жибергенде ат коркконунан тимеле арабанын догоосун сындырып коё жаздаган болчу. Ошондо мактоону күтүп мадыраңдаган небересине не дээрин билбей тили буулуп, сөзү чыкпай калган. ...Алар узак жүрүштү. Чак түш болду. Капканга түшкөн суурлар жок. “Эмне, талаадан биротоло ооп келишкенби, алар? – деп ойлоду дудук. Абышканын небереси арабадан буттарын салаңдатып, эки жактан ийин издеп ашыга элеңдейт. Карыган ат арабаны кылдырата тартып барат. Сулу менен арпага семирип алган ал суурлардын ийиндеринен корко жалтактай ойдолойт. Бир маалда ат жайлап, дөңгөлөктөр да кылдырабай калды. Ивандын арабадан кандай секирип түшкөнүн байкабай калышты. Мына, ал чайылдаган суурдун тумшугуна бир чапты. — Чоң ата, сен эмнеге бул дүлөйдү ээрчитип аласың, пайдаңдын жарымы башка бирөөгө кетип жатпайбы, – деди небереси. — Э, чүрпөм, – абышка жашылданган көздөрүн аарчыды. – Ал, бактылуу киши, капканга түшкөн суурдун адамдай болуп ыйлаганын укпайт да... ...Түн ортосу. Абышка кыйналып жатты. Небереси бейкапар бышылдап уктап жатат. Абышканын жүрөгү араң согот. Таңдын атышын көрбөй каларын сезип жатты. Туруп, уулу менен келини жаткан дөбөчөгө баргысы келди. Денеси былк этпеди. Ойлонду. Ойлор. Дагы ойлор... Жүрөгүнүн кагышын даана укту. Дүк, дүк, дүк... Кагуусун токтотоюн деген жүрөгү кемпиринин даана үнүнө алмашты: “Абышка, уламышта суурлар кайсыл бир падышанын кызы дешет. Суур да кимдир бирөөнүн баласы, баласы...”. Аңгыча, миңдеген суурлардын баштарын кучактап алып уулу менен келининин мүрзөсүн тегеректеп алып ыйлап жатканын эшиткенсиди. Ал, азаптуу тирукмушту көргүсү келбей көздөрүн жумду. Капкараңгы, эч нерсе угулбайт. Абышка бактылуу. Эми ал суурлардын кишилердей ыйлаганын эч качан укпайт. Укпайт. Укпайт. Укпайт. “Абышка эми бактылуу...” Казакчадан оодарган Айдарбек САРМАНБЕТОВ #котормо ____________________ 👉 "Кыргыз поэзиясы" 🙏 Каналга колдоо көрсөтүү 🎀 Ардак такта

  • Талгат КЕҢЕСБАЕВ КАПКАН “Биздинби же сиздин бакытпы?” Рюноскэ Акутагава Абышка таң эртеде эле туруп алган. Атын арабага кошкусу келбей турду. Күн көтөрүлгөн менен таңкы шүүдүрүмдөн улам салкын. Чыйрыгып чыкты. “Суурлар өткөн жылдагыдай чээнге эрте кирип кетпес бекен” деп камтама болуп койду. Бул ой абышканы дайыма кыйнап келет. Кыйнамак турсун карытып да бүттү. Соңку эки жылда чачтары да катуу агарып кетти. Өзү да кудум териси түлөгөн суурга окшоп калды. Каштары суюлуп, чачтары түшүп, кабагы катты. Сүйлөгөндө шилекейи чачырап, үстүңкү тиштеринен бир-экөө эле калган. Абышка жай басып баратты. Дөбөчөдөгү төмпөйгөн мүрзөлөрдү карай. Ал жакта жалгыз уулу менен келини жатат. Эки жыл мурда алар шаардан келатып, жолдон кырсыкташкан. Эми абышка он жашар небереси экөө эле… Анын кесиби – капканчы. Кийинки он-он беш жылдан бери абышканын аты айланада уламышка айланып кеткен. Аны капкан салуунун токсон тогуз ыкмасын билет дешет. Суур ийинден баш бакты дегичекти, абышканын капканына түштү дей бер. Жардамчысы – дудук-дүлөй Иван. Ал ичкич болгону менен тилалчаак. Куулугу жок. Аңчылык жылына эки ирет жанданат. Кийинчерээк айылда Ла-Тунь аттуу кытай пайда болду. Шаушектен (орустарча Чугучак, кытайлар такыр эле өзгөртүп Тачэн деп алышкан). Ал суурдун терисин да, этин да сатып алат. Атүгүл жол жээгине ашкана да ачып алды. Нары-бери каттаган жолоочулар мурчу ачуу, пиязы мол суурдун этинен тоё жеп кетишет. Айылдыктар алгач жийиркенип, кийин: “Ой, бул суур дегениң жалаң аштык жеп, эти таза болот турбайбы” дешчү болду. Кытайдын соодасы күчөдү. Андан абышка менен дудук жардамчысы да марый башташты. Бир ирет абышка кытайдын ашканасына баш багып калды. Сүйүнгөнүнөн Ла-Тунь аны төгүлүп-чачылып ой-да коноктоп кирди. Абышка тоюнуп, көңүлү кушубак тартып калган кезде кайдан-жайдандыр ал сойлоп кирди. Семиз, чаар жылан. Ийрелеңдеп кирип келди да, оролуп, бөлмөнүн бурчуна корголоду. Абышка чочуп кетти. Кытай болсо сүйүнүп: — Гыга, – деди, өз агасына кайрылып жаткансып урматтоо менен, – эгерде талаадан ушундай жылан көрүп калсаң түз эле мага алып келгин, бул – накта юань, көп юандар болот, – анын көздөрү жалжылдап турду. Абышканын колу-буттары муздай түштү. Кытай болсо жобурай берди: — Аксакал, дагы беш жүз суур кармасаң кышында кыйналбайсың, сага моторлуу лыжа сатып беремин. Ок-дарыларың да жетиштүү болот, кар үстүндөгү аңдын баарын атасың. Абышка кытайдын ашканасынан кеткенче шашты. Беш жүз суур дегениң ага эмне – бир айдан саал ашык иш... Тек, бул, акмолонун талаасынан суурлар ооп кетишпесе болгону. Абышка көпкө сыйынды. Ак баскан кирпиктеринде тунук жаш мөлтүлдөп, титиреп турду. “О, Аллах, суурларды кырып оокат кылганымды кечире көр. Балким, баары ушул күнөөсүз макулуктардын айынандыр... Мени күнөөлөбө, напсимди тыя албай калбадымбы. Ачкөздүк. Пайда”. Жок... Жок... Абышка үшкүрүндү. Өзүнчө күбүрөнүп, бетин сылай бата кылды да дөбөдөн түшө баштады. Маркум кемпири да: “Абышкам, жарык дүйнөгө неберең келди. Акмолонун суурларын кырганың үчүн эч ким сага ырахмат айтпайт, үйдө эле олтуруп, жалгыз балаң үчүн Кудайдан тилесеңчи? Ташта капканыңды, эл сенсиз эле суур тумактарды башына кийип, иттер этин таап алышат”. Абышка болсо көнбөдү. Кулак какпай койду. Эми өкүнүп жатпайбы. Аябай өкүнөт. Жалгыз уулунан ажырап калды. Анын кайгысынан абышканын жүрөгү биротоло тоңду. Капкандарын жонуна артты да, тоо кезип кете берди. Өтө өкүнөт. Кемпиринин мүрзөсүнө баргандан коркот. Эми өкүнөсүңбү, өкүнбөйсүңбү андан эмне пайда? “Чоң ата, чоң ата” деп, өз атасындай кам көрүп, кир-когуна чейин жууган келини, жалгыз баласы эми жок, түбөлүк жок. Өлгөндөр бактылуу, биз... биз... күнөөкөрбүз. Абышка чалынып кетти. Үшкүрүндү. Күн көтөрүлө баштады. Шүүдүрүм кургады. Чаң жок. Абышка үйүн көздөй келатты. Дудук атты арабага кошуп жатты. Жанында аны небереси жактырбай тиктеп турду. Ал чоң атасын көрө сала утурлай басты. “Кийинки кездери Иван небересине неге жакпай калды?” — Чоң ата, бүгүн мектепке барбай эле коёюнчу, суур кармаганга баргым келип жатат.

  • Ширин тиги тушту кара деп ымдады. Бурулсам эле аны менен тиктеше калаарым шексиз... Курсагы челектей болгон тиги киши кекиртегин кыра кыйкырып, алкынып-булкунуп микрофонду көпкө ээледи. Тажаганыбыздан шатырата кол чапсак да, кырмызы галстукчан бул “коногубуз”, узундан-узун ырын окуп… бүтүрүп жиберди. Кудай жалгап, биздин ырчы жигитибизге да кезек келди. — Баарыңыздарды бийге чакырам! – деди Улар. Орто толуп, четтегилер суюла түштүк. Кырк жылдыгын белгилеген бүтүрүүчүлөр, тим эле бири калбай бийге чыгышпадыбы. — Ээ, булардын тытынгандарын көр... — Айтпа, зарналары кайнайт го. — Силер бийлебейсиңерби? Чолпонай эжекем топ-топ болуп ар-ар жерде турган мугалимдерге кошулбай биз менен. — Эжеке, мындай топтун ичинде тикеге секирип эле бийлебесең, жан жакка кыймылдап болбойт. Бакыттын сөзүнө эжекебиз бырс эте күлүп алды. Көрдүм... ал бийлеп жатыптыр. Классташы Жанаргүл менен экен. Бирөө байкап калбаса деп, дароо көзүмдү тарттым. — Жанаргүлдүн кубанычы чексиз го! Тиги ага сүйүүсүн билдирген турбайбы… Канзада экөөбүздүн каректерибиз тиреше түштү. — Калп! Калп! – деп шаштырган ички үнүмдү уу ичкендей жутуп жибердим… — Койчу, ай! Койчу, Канзада!.. Шириндин тепкедей мурду түрүлө түштү. Канзаданын калган кеби үзүл-кесил кулагымда чуулдап, денем коргошундай куюлуп баратты… Үйгө капалуу кайттым. Эмнегедир, анын биринчи каты эсиме келди. Ак барактагы төрт сап ырдын ар бир тамгасы кирпигимде илинүү. Ээн жер болсо, бакырып-бакырып ыйламакмын... Анан да, “Сабактарыңды жакшы окугун, Чынара” деген Чолпонай эжекемдин үч жыл алдың айтканы кулагыма жаңыра түштү. Кат алганым үчүн кепке калып, күнөөлүү болбодум беле, ошондо. “Сабактан кийин мага жолук” деген эжекемдин маңдайында, эмне дейм деп калтырап турганымчы... Канча турдум билбейм, бирок, ошол учур бүтүн ааламдын бар салмагы менин мойнумда турганы чын болчу. Жүрөгүмдүн чымырканган жалгыз жообун айта аламбы дегем... Эжекем ак кагазына эмненидир чиймелеп жаза берген... жаза берген... Апама катпы дейм. Анан, анан... мени эми эстегендей, карегин каткан кирпиктерин көтөрбөй: — Сабактарыңды жакшы окугун, Чынара... Бар, бар бара бер, – деп койбоду беле. Кулактары тикчийе күтүп турган досторума кеселдей сүйрөлүп чыкканмын. Анткени, аңгыраган кенен каанада көздөрүндө мөлт-мөлт жаш кылгырып эжекем жалгыз калбадыбы... Эжекем эмнени жазды эле?.. Ак барактан башка да эжекемдин дардын угаар бирөө барбы? – деп жибергем. А азырчы?! Азыр мен да сиз сыяктуу мелт-калт болуп толуп турам!.. Эми эмне кеңеш бересиз, эжеке?! Айтыңызчы, туура жоопту сиз гана билесиз! Бул жашоодо... ыйлатпаган сүйүү болобу, деги?! — Чика, дарбазаңдагылар кимдер?.. Анаранын божурап сүйлөп келатканын эми байкап, ойумдан ойгоно түштүм. — Кошуналар болсо керек… — Ичегилерим жабышып калды, батыраак үйгө жетпесем болбойт. Анара кете берди. Тигилерге карайм: — Кимдер?.. Эмнеге биздин үйдүн тушунда турушат? Ве-велосипеддери барбы?.. Ой!.. Ой!.. Мүмкүн башкадыр? Ай-иий! Эмнеге келди десең? Тү-тү, эмне деп эле жатам!.. Жок шамалды жиреп, тигилердин жанына жетип келдим. Бетим от. Тегиз жерден мүдүрүлүп, жол боюна чыгара салынган Адыл акенин короосуна да жабышып кала жаздадым. Түздөлдү-үм… — Майрамың менен,Чынара. Досу колун сунду. Байкатпастан суу болгон алаканымды капталыма сиңире сүртүп үлгүрдүм… — Келгиле… — Ысып-күйүп кетипсиң го... — Ооба… ооба… Азыр, азыр эле… жалбырттап кетпедимби… дейм ичимен. Ал, жаркырап турду. Жеңи кыска апакай көйнөгүнүн төш чөнтөгүнө сары гүл тагып алыптыр. Менин сары гүлүм го!.. Гүл жарашкан көйнөк. Гүл жарашкан жигит… туурасы!.. Күттүрүп жатат… ал дале мени куттүрүп турат… Жылмайганы саламдашканга өтчү беле?! — Майрамың менен, Чынара!.. Өх-х!.. Андан бери көп жыл өттү. Бирок, ошол күндү дале бүгүнкүдөй эстей берем. Кара-Дөбөнун жайнаган гүлдөрүнөн, бат соолучу сары гүлдү неге тандадың экен… #Матисаков_мектеби ____________________ 👉 "Кыргыз поэзиясы" 🙏 Каналга колдоо көрсөтүү 🎀 Ардак такта

  • Максуда ОРМОНОВА КАРА-ДӨБӨНҮН ГҮЛДӨРҮ — Мына кызым, сенин акыркы коңгурооңо Кара-Дөбөнүн куд-ду өзүнөн гүл терип келдим. Апам, гүл оролгон кемселин алдыма жая салды. — Ай-ий! Ак, кызыл, пушту, мала кызыл мандалактарды карап, колумду кайсынысына сунаарымды билбей турдум. Күлгүн түс кийик оттун гүлүнөн да бар. Анан да мага бала кезден жакчу момпосуй жыттанган сары гүл, биз аны токоч гүл деп атачубуз. — Жактыбы, кызым... Апамдын маңдайы тер эле. Суу болгон жоолугун өйдө көтөрүп, көйнөгүн желпилдетип шамалдап алды. — Таң атпай эмне мынча убара болдуңуз... Тиги атыр гүлдөрдөн эле алып кетмекмин да… Жаным кейип, апамды кучактап калдым. — Эжекелериң кубансын дедим. — Чолпонай эжекеме берейин… — Чолпонайдын мээнети зор. Апамдын сөзү өктөм чыкты. Эжекем колуна бөбөгүн көтөрүп, таштап кеткен жигитин издеп келген экен. Жолдошу экөө университетте бирге окушкан турбайбы. Кыздардан уккандан бери таң калып бүтпөйм. Сүйгөн кызына дарегин айтпай кеткен жигит да жигитпи?! Апам деле билсе керек... Батынып сурай албайм… Мектепке жакындаган сайын чатыштай баштадым. Ал, мени карап тургандай... — Гүлдү кайдан алдың? Ушундай гүлдесте бар бекен, ээ?.. Досторум жабыла тегеректеп калышты. — Жыты-ын! Жытын, ай! Мм… мм… — Кана, кана… жылгылачы! Ой, жылсаңар бир аз мен да көрөйүн, мен да жыттайын!.. Анара барпалаңдап, кыздарды четке сүрүп келатты. — Чика, Анарадан абайла! Абайла Анарадан!.. Ширин безилдеп жиберди. Баарыбыз кыраан-каткы күлкүгө баттык. Анара барбайган мурдун созо маңдайымда туруп калды. — Акырын! Акырын, ай! Ушу, ушу сен… Анара гүлдестени жыттамак турсун жеп коё жазды. Биз өз классыбызга кирдик. — Түшүнбөдүм, бул гүл кайдан?.. Улар да ток ургандай гүлдестеме кадалды. — Кара-Дөбөнүн гүлдөрү. — Жайлоонун жыты. Мас болдум, мас болдум… Улар темтеңдей басып бараткан, Чолпон эжекебиз кирип келди. — Сага эмне болду, Улар?.. — Аа, оо… тиги… Чика... Чика да, эжеке. Баарыбызды мас кылбадыбы… Чолпонай эжекеме асман көк көйнөгү куп жарашыптыр. Үлбүрөгөн ак жоолугундагы бирин-серин чийме гана ширенкенин чачылган данындай көрүнүп кетти… — Бийиңер, ырыңар даяр?.. — Ии эжеке, түнү менен даярдандык… — Азаматтар. Бул күндүн баркына кийин жетесиңер… Эжеке узун кирпиктүү карагат көздөрүн балбылдатып, ирмеп-ирмеп алды. — Эл алдына чыкканда ырдай албай калсам сен күнөөлүү болосуң, Чика… Улар жаныма келип отурду да кайрадан гүлдү жыттай баштады. — Мүмкүн, мастыкта жакшыраак ырдаарсың?.. Ал экөөбүз күңкүлдөп, эжекебиздин жаныбызга келип калганын байкабай калыппыз. — Чынара, гүлдөрүң кооз экен… — Сизге, сизге алып келгем… Мен гүлдестемди эжекеме суна койдум. — Тоо гүлдөрү турбайбы… — Апам Кара-Дөбөдөн терип келди. Мен тура электе тоого чыгып кетиптир… “Энелерди сыйлаш керек” дей берчү эжекеме актанып жибердим. — Энелер ушинтет да. Эжеге менин кубанганымды айтып кой, ээ… Эжекем, гүлдестени колуна алды да, жыттап-жыттап өз ордуна барды. Кыр ашып келген эжекемдин, бөтөндү бөйрөккө тепчү элет азабын тартып, турмуштун тегирменинде ун болуп күбүлүп жүргөнүн укканда, “Эжекебизге мына биз бир тууган, мына биз боор болобуз!” деп сөз бергенбиз. Сыртта майрамдык салтанат башталды. Чыга бериште кир-чаңды миз-зилдете сүрчү Наркан эже туруптур. Эже бүгүн жасадак. Жоолугун мынча чысырата байлаган, эки көзү эки жакта сүзүлүп… — У-уй, кана гүлүң? Кана баягы гүлүң?.. Тастая карап турган Наркан эже сая тиктеди. — Чолпонай эжекеме бердим. — Чолпонай эжекесине берген имиш-ш. Таап берипсиң… Сүйлөнгөн бойдон калды. Тиги… аны… кайдан угуп калган экен. Мени көрду дегенче уш-шу зоңкойгон Наркан эженин кеби даяр – “Ы-ы…жасанып-п... Оо, онун апасы анча-мынчаларды ийнеге сайып, тамекидей тизип коёт, ы-ы…” Мен болсо ушуну эстеген сайын чыйралам. Эшик шыпырганда дикилдеп, тушубуздагы балпайган Макмал эже тарапты да суу сээп тазалап кетем. Эженин “Багың базардай ачылсын!”- деп берген батасын Наркан эженин ийнесине калкан тутам. — Чика, тигине… маңдайыбызга келди…

  • Жайында ушул шаркыратма астында туруп, башыбызга түшкөн сууга карабай өбүшүп каткырган элек. Анын эриндерин күмүш тамчыдан талашкан элем. Ал бир эле жолу келчү ирмемдер беле... Андагыдай ышкылуу, ширин даамды таппай, ансыз да түпөйүл жүрөк муздап бараткансыды. Азыр ошол жайдагы махабатыбыздын көмүлгөн муз дөбөсүндө тургандай сезип кеттим. Бут алдыбыздагы муз дөбө мүрзөдөй сезилди. Бул биздин аруу сезимдерибиздин эмес, тескерисинче, кызганыч, таарыныч, түшүнбөстүктүн мүрзөсү болсо кана… – Не болду? – Эч нерсе… – Айтпайсыңбы? – Эч нерсе… “Аны менен да ушинтип өбүштү бекен? Балким салыштырып аткандыр? Кимибизди сүйөрүн билбей ортодо чайналып аткан жокпу?” – Ушул ойлор кайдан келди экен, ичимден кан өтүп кеткендей ачышты. Кучактаган колумду бошотуп бурк эттим: – Кетсең кетчи, нары... Кет нары... Бир жолу… Ал мындайды күткөн эмеспи, жүзү каракөк тарта түштү да, дароо кучактады: – Кетпейм... Эмне болуп атасыз?.. Жүрөгүм катуу дүкүлдөп атты. Кучакташып бир топко үндөбөй калдык. Көзүмдөн жаш чыкпаганы менен ыйлап аттым. Үн чыгарбай, жаш чыгарбай, ичимден ыйладым. Жүрөгүм ыйлап атты. Ал мени өпкүлөп, а мен өбө албадым. Бекем кучактап тура бердим. Кучагымдан чыгаргым келбеди. –Эмне болуп атасыз? – деди Зирек. – Билбейм… – Кыйналып кеттиңизби? – Ооба. – Кыйналбаңызчы... Эч нерсе болгон эмес. Мага сизден башканын кереги жок. – Чынбы? – Чын. Мындан кийин кызганбай жүрүңүзчү. Кантип ошондой ишке барайын, сиз турсаңыз… Ушул ирмемде “аялдан амал качып кутулбайт, алдап аткан жокпу?” деп ойлодум. Бирок азыр алдап аткан болсо да ишенгим келип: – Алдап аткан жоксуңбу? – деп сурадым. – Жок. Неге алдамак элем. Кучагыма дагы бекем кысып: – Мен сени эч кимге бербейм, – дедим. – Бербеңиз мени эч кимге, – ал да жабышты. Кайтып келатканда байкоостон ал мени карга өзү менен кошо ала жыгылды. Колунан тартып тургузайын десем: – Жатпайсызбы? – деди. Ойногусу келгенин түшүндүм. Жанаша жатып калдым асмандагы бозоргон булутту тиктеп. “Азыр кар чачат болуш керек” деген ой жылт этип-этпей бетиме, моюн-башыма кар солоно баштады. Аптыгып башымды көтөрө калдым. Чыканактап алып бир колум менен мен да ага кар чачтым. Ал мени кар менен аябай ургулады. “Сүйүү менен уруп атты бекен?” деп ойлодум. Анан тура калып колума кар чеңгелдеп тоголоктодум да, чындап эле баштан ары уруп калдым. Эми эле каткырып аткан неме мостоё түштү. Олдоксон аракетиме беймаза болдум, “анын жүрөгүнө муз бүркүп алган жокмунбу” деген ой менен алышып, чачындагы карын күбүй баштадым. Курткасын да күбүдүм. Анысы да кардай аппак эле. Ичимден бул кыздын ичи деле ушундай аппак да, бардык адамдарга бирдей мамиле кылат деп ойлодум. Бугум чыгып жеңилдей баштаганымы сездим. Балким мага деген сезимин баалай албай жүргөндүрмүн, бага албай, аздектей албай жүргөндүрмүн... Уяла түштүм. – Көк муштум болуп үшүп калдың го, ээ? – Ии... – Жүрү кетели. Машине менен ылдый түшүп келаттык. Коктудан түшө берерде дагы баягы кызыл топурак аралаш жолбун сууга жолуктук. Бул жак жылуурак келип, кар эрип аткан экен. “Муз дөбө качан эрийт болду экен?” деп ойлодум. Жазга чейин узак ко… Жогорку Адабий Курс ____________________ 👉 "Кыргыз поэзиясы" 🙏 Каналга колдоо көрсөтүү 🎀 Ардак такта

  • Дүйшөмамбет ОРОЗАЛИЕВ МҮРЗӨДӨГҮ ӨБҮШҮҮ Сол колум менен рулду башкарып бараттым. Оң колумду быйтыйган алакан, манжалар назик сылап, улам кысып, эркелеген сайын алаканым тердеп чыкты. – Колуңуз тердеп атат, ээ? – Колум эле эмес, жүрөгүм да тердеп... – Ошентип ыр жазыңыз. Хи-хи-хи. – Хе-хе. Макул, жазайын. Жайында келген элек бул шаркыратмага. Январдын он үчүндө күн жылуу негедир. Тоо таяна бергенибизде жолду бойлой, жол таманында жыбылжыган жолбун суу жолукту. – Машинени жаңы эле жуугам да, – ылай сууну чачыратпай акырын аярлап айдай бердим. Ар кептин башын чубап сөзүбүз түгөнбөйт. Ал экөөбүз кадимкидей сүйлөшүп келаттык, анын жаркылдаган жүзүнө караган сайын ичим туз куйгандай ачышканын айт. Коктудагы бурулушка машинени токтотуп, ээрчише өрдөй бердик. Дулдуюп алдыда бараткам, буту тайып чайылдаганынан бурулуп, колдон ала жигит катары тайгалактан сүйөп өткөрдүм, ал табиятка суктанып баратты. Жыгылып калбасын деп улам аны карап коём. Муздак сыдырмак бетке урду. Коктудан чилденин жашынган шамалы чыга калгансыды. – Суук ко, – ичиркене түштү Зирек. – Ооба. Суук экен, – дедим кар малтап алдыда жол баштап. Бир маалда мойнума кар кирип кетти. Дароо кылчайсам, кар уучтаган колун силкип, каткырган тейде качып калды. Бир акындын “Бир тоголок кар деп жүрсөм жаңылып, \ бир тоголок сүйүү менен урупсуң” деген ырын эстедим. Бирок “сен да ошенттиңби” дей алган жокмун. Демейде оозума келгенди оттой берген жаным бүгүн мелтейдим. Ал эмнени күттү, билбейм. Аны кар менен уруп жооп бергим да келбеди. Күлүмүш болуп эңкейе карды күбүп, жолду уладым. Мага бир тоголок сүйүү эмей эле бир тоголок кайгы менен ургандай сезилди. Мостоё түштүк экөөбүз тең. Ургулашып ойносок болмок да. Ал балким менден ушуну чындап күткөндүр. Шаркыратмадан түшкөн суунун үстүн муз каптап, тоңбой ачык калган, кээ жеринде чала тоңгон жука муздун астынан суу бир нерсени былдырайт. Сырдуу былдырагансыйт, обонун ичинен кайрыгансыйт. Жетмегибиз тозок болду. Жолдогу тайгалак, муз, кар, муздак шамал мен үчүн түккө арзыбас нерсе эле. Жан дүйнөмдөгү бороон кыйнады. Бир нерсени сурай албай, бир нерсени айта албай, ал суктанган табиятка суктана албай, кара күчкө башымды ийкегилеп жүрүп отурдум. Абайлап, жетелешкен бойдон шаркыратмага жеттик. Зирек сүйүндү. Сүрөткө тартып атты. Мени тартты. Телефонун мага сунуп “мени тартып коюңуз” деди жаркылдап. Тарттым. Анан: – Келчи бери, кучакташып сүрөткө түшөлү, – дедим да сол колум менен мойнунан кучактай, оң колдоп селфи кылдым. Ичимде бугум толуп чыкканбы: – Балким мындан кийин чогуу сүрөткө түшпөйттүрбүз… – бул сөз оозуман кантип чыкканын байкабай калдым. – Неге? Түшөбүз да, – деди сыр бербей. Жайындагы күмүш тамчы чачыраткан узун шаркыратманын жарымы эле көрүнүп турду. Эки капталындагы аскага жабышкан муз тилкелеринин ортосунан сыгылып араң чыккансыган, ак көбүктүү шаркыратма жүдөгөн түрү менен тосуп алды бизди. – Өйдөрөк чыкпайлыбы? – деди Зирек шаркыратманын жерге түшкөндөн баштап тоңуп, улам бийиктей берип дөбө болуп калган музунун жарымына дейре чыгып барып. Ошол учурда “Биздин сүйүү да ушинтип жарымы тоңуп, жарымы калган белем?” деген ой мээме кылт деди. Жүрөгүмөн кан тамчылап аткандай болду. – Чыкпай эле коёлучу... Жыгылабыз, – дедим оройлоно. Сунган колумду кармаган бойдон тайгалана кучагыма жыгыла берди. Менин айтканыма жооп катары тамашаладыбы же буту тайыбы – билбейм, бирок бетиме урунган кулак-мурдунун өлгөн кишиникиндей муздап калганын сездим. Ал адатынча чап жабышпай, коомай кучактады. Эриндер жакындаша берди. Аймалай баштадым. Шаркыратма тараптан соккон муздак шамалдын шыбырын шаркыраган доош жутуп кеткенсиди. Кучагыма канча кыссам да мурдагыдай эмес, салкыныракпы же бир нерсени ойлоппу, айтор, башкача маанайын сездим. – Эмне болду? – дедим шыбырай. – Эч нерсе…

  • – Оой, Туке, рахмат, рахмат. Далай жер көрүнөт тура. Тигинде менин дүкөндөрүм. Бирок жай жылганы жаман экен. Мындан тезирээк айланганы жокпу? Мисалы селкинчек сыяктуу. – Бар андай, азыр төмөн түшөлү. Саамдан кийин ээрчишкен экөө айланчу каруселдин жанында турушту. Кыдыракей бир орундук орунтуктар чынжырларда салаңдап тегерете тизилет. – Кана Маке, сен отур. Кел. Курчан. Антпесең учуп кетесиң. Курбусун отургузуп, коопсуздук курун коногунун белине курчап болгон Турган четке чыга берди. – Ой, Туке, отур сен дагы, мен жалгыз тепмек белем. – Макул, иштетип коюп отурайын. Турган каруселди иштетип, машина жай козголо баштаганда жүгүрүп барып отурду. Карусель айланып кеткендиктен, экөө тегеректин эки тарабында болуп калышты. Адеп саал жай айланган карусель улам барган сайын ылдамдыгын арттырды. – О-ой, Туке. Мына учат деген, ыраазымын, ыраазымын. – Матайдын үнү каруселдин күүлдөгүнөн курбусуна үзүл-кесил угулду. Карусель ылдамдыгын арттырып баратты. Күүлдөгөн үн барган сайын кооптуу чыгып, тездеген сайын чынжырларга илинген орундуктар борбордон алыстай берди. Электрдик кыймылдаткыч барган сайын кооптуу дуулдап, абада каруселди тир укмуш тездикте айлантып, тегеректин эки башындагы адамдар камгактай учуп, экөө белгисиздиктин мейкинине эрксизден ыргытылгандай болуп кетти. Бул коркунучтуу эле – көнбөгөн, андан дагы жаш өткөн сайын кыймыл азайып бараткандагы адаттан тыш жүрөктү оопколжуткан каруселдин алып учканы болучу. Көп өтпөй Мантайдын жанагы маңдай жарыла сүйүнгөн кубанычы кайдадыр тарап, эми жан айла кылган кыйкырыгы чыкты: – Токто…от! Токтот! Турга...ан! Токтот дейм! – Бул үн жанагы кызуу адамдын үнү эмес, жандалбастаган, акыл-эстин үрөй учурган үнү болучу. Үн Турганга үзүлсө да жетти. Ансыз да өз айласын таппай калган Турган кызуулуктан улам жаңылыштык кетиргенин түшүнө койгон эле. Кантип жерге түшүп, кантип каруселди токтотуунун айласын издеп жаткан. Каруселдин ылдамдыктан улам четке ыргыткан күчү аны жерден итапкан алыстатып, кере тартылган чынжырдын күчүнөн күзгү муздак аба коюн колтукка кирип, этек-жеңди делпилдетип жүрөгүнүн үшүн ала баштаган. Жерге түшө алчудай эмес, өтө эле бийиктеп кетишиптир. Орундуктан ажыраар менен борбордон четтөөчү чоң күч аны тигиндеги темир тосмолорго уруп салчудай, аман калаар түрү жок. Айласы куруй түштү. Кудайдан болуп кимдир бирөө эле келип калып токтотпосо жерге түшө алышчудай эмес. Ушу тапта Мантайдын үнү дагы чыкты, ага кошулуп Турган дагы кимдир бирөөлөрдү жардамга чакырып тамагы айрылганча кыйкыра баштады. Теребел керең – дудук болуп калгансып, алардын үнүн каруселдин дуулдаган үнүнө кошуп жутуп алып жатты. Кеч күздүн муздак абасы, түнкү тынчтыгы үндү алыска таратып жатса дагы тегеректеги кызуу уйкуда жаткан адамдардын эч кимисин ойгото алган жок окшоду. Адамдардын кыйкырган үндөрү жарым саат-бир сааттай чыгып турду дагы, бир убакта басылып калды. Анткен менен каруселдин дуулдаган үнү өчөшкөндөй улана берди… Эртең менен эрте, караңгылык али тарай электе сейил бакка жакын жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдөн бирөө чуркап чыкты дагы адатынча паркты айланып жүгүргөнү келип, дуулдай айланып жаткан каруселди көрүп, тегерене карап жүрүп каруселди пультунан токтотту. Анан эс акылынан ажыраган жана сууктан зыңкыя тонгон эки адамды жерге түшүрүп эстерине келтире албай койгондо, үйүн көздөй чуркады. Телефондон “тез жардамды” чакырып коюп кайра жетип келди. Ал кайтып келгенде экөө дагы эле эстерине келе элек эле, бирок тирүүлүктүн жышааны аларды таштап кете элек болучу. Аңгыча “тез жардамдын” врачтары пайда болуп, аларга кабар кылган жаш жигит “дуулдаган үн түн бир оокумунда эле чыгып жатканын, булардын зыңкыя тоңуп калгандарын” кайталай четте турду. ____________________ 👉 "Кыргыз поэзиясы" 🙏 Каналга колдоо көрсөтүү 🎀 Ардак такта

  • Рыспек АДИЕВ КАРУСЕЛЬ – Ал, алып жибер. – Алдым. Рахмат. Уктап калып балээге кабылбайын... Көбөйүп кетти. – Алып ий, эми. Ушу кичинекей немени, эмне? – деп бакылдаган коңшусу калай кружкадагы ичкиликти караңгыда көрбөсө да, тигинин толук ичпегенин билип, кыйнап турду. – Суукта эмне. Дайыма эле ичип жаттык беле. – Ошентсе да, текшерип келип калышса дегеним. – Эми, сенин каруселдериңди ким алмак эле да, ким келмек эле. Таң аткычакты көп бар, тарап кетет. Мына меники жооптуу – соода точкалары. Өзүң билесиң башы ооругандардын бардыгы “бирдеме барбы” деп келе беришет. – Биртоптон бери тынчып калышты го? – Ооба, суук түшкөнү тынчып калышат. Бу суукта жашы өйдөлөй түшкөндө иш таба албаган, кароолчулук менен жан баккан экөөбүзгө окшогондор гана түн күзөтөт. Дегеле жашоонун өзү сенин каруселиңдей экен го, чиркин. Айланып жүрүп кайра баягы жериңе келип отуруп калат экенсиң. – Айтпа, түн күзөтүп калам деп эч бир ойлобопмун. – Анан эмне, ким эле ойлосун? Көрүп атабыз го, бир кезде бийликте жүргөндөрдү дагы... Дегеле, бийликтин өзү карусель. Анан сен экөөбүз ким болуп калыптырбыз... Кел, алалы! Ушинтип райондун борборундагы сейил бактын – көбүнесе балдарга ылайыкталып жасалган парктын кароолчусу Турган менен жакыyкы катар тизилген майда дүкөндөрдүн күзөтчүсү Матай бирин бири сыйлап отурушту.  Кыш кабарынан салган кеч күздүн түнү суук эле. Кароолчулардын бири көзөмөлүндөгү бак-шактуу сейил бактын жетиштүү чоң аянтын, экинчиси дүкөндөрүн айлана карап чыгып, бардыгы жайында дегендей парктын четиндеги орундуктардын бирине жайланыша отуруп, узун сөзгө киришкен. Жылуу кийинишкен экөө эр ортону жашына барып калган жашташ адамдар эле. Үч күндө бир жолу күзөткө турушса дагы, түн бакырдыкы дегендей, убакыт жетиштүү болгондуктан экөө мурун-кийин тааныш болбосо да акыркы кезде жакындашып, сөздөрү бүтчү эмес. Ар кимиси өзүнүн чоо-жайын айтып берип, бирин бири жакшы билип калышкан. Кээде дүкөндөрдү кайтарган Мантайдын табылгасынан ичип, ала-күү болуп ичтеги сырларын дагы төгүп алышчу. Мына эми да сыйлашып, чечиле отурушту. – Кел эми, Туке, алалы. – Рахмат Маке. Алалы. – Ай, кошуна. Дайыма эле менин шабашкамдан ала бербей, сеникин качан көрөбүз? – Менде кайдагы шабашка? Балдар күндүзү ойногон каруселден башка эмне бар?.. – Турган сөзүн айтып бүтпөй токтоду. – Каруселге отургуз. – Отурсак болот, эмне экен? – Отуралы, балалыкты бир эске салып. Кана алып жибер. Мен алдым. – Матай ордунан тура жөнөдү. Өйдө болор менен кызуусунан темтеңдей түштү. Коңшусунун тарткынчыктай дале отурганын көргөндө кайрадан үн катты. – Ай, Туке эмне болду? Же буга да жарабайсыңбы? Кошунасынын сөзүнө намыстанып кеттиби, адеп тарткынчыктаган сейил бактын күзөтчүсү дагы тамтаңдай тигинин артынан турду. – Жүр, Маке. Сейил бактын аттракциондору сенден айлансын. Сени азыр каруселдин түрүнө отургузайын. Ээрчишкен экөө электр жарыгы кечтен бери өчүрүлгөн, анткен менен Ай жарыгынан алаканга салгандай көрүнүп турган сейил бакты түндүн бир оокумунда аралап жөнөштү. Ичирткенткен суукка карабастан кароолчулар ичимдиктен жана жылуу кийинишкендиктен ала күү болуп дакдая ээрчишип баратышты. – Маке, мобуга отургузайын, – деди, наристелерди мингизип айлантчу, ар түркүн айбанаттардын келбетинен жасалган каруселге келгенде. – Мен жалгыз айланмак белем. Сен дагы отур. – Макул мен иштетип коюп, барып отурам. Карусель иштеп атка минген Матай айлана баштаганда Турган дагы жүгүрүп барып экинчи бир атка минди. Бир айланып калганда Матай үн салды: – Муну кой, өңкөңдөтпөй, кичинекейлердин оюнчугу экен, башкасына отуралы. Минген атынан жылмышып түшкөн Турган каруселди токтотуп, курбусу түшүп келгенден кийин катар турган каруселдин бирине токтоп: – Маке мына бул “карусель обозрения” дегенге отуралы. Анча бийик эмес, бактардын башы тосуп калат, ошентсе да далай жерди көрөсүң, – деди. Эми курбулар каруселдеги кабинанын бирине чогуу отуруп, бийиктикке жай көтөрүлүп баратышты. Тегерек ай жарыгынын астында ууздай агарып итапкан жер көрүнөт экен.

  • – О, журт, ар үйдүн кызыл от жалаган казаны быйыл ырыска толот. Ал үмүтүңөр ордунда. Бирок азыр кыш өз мойнун үзө элек. Ак канатын сермеп, кыш чапкыны тоо ашканы менен артында аз эпкини турат… Ай, жаңылбасам, аптанын аягында мынабул көгү тушарга келип калган ой-тоо бир жолу кар жамынат. Ошондо жаш төлүңөр кантер экен? Эмитен алдын ала сактанарсыңар… Манаке ушуну айтканда кишилер эндирей калышты. Кыдыр аке тек мыйыгынан күлдү: – Э Манаке ай… Эсепчи, эсепчи десе ушул жолу артык эсептеп койдуңузбу деймин. Күкүк чакырып калгандан кийин да кыш кайтычу беле, жарыктык… Баамчыл Кыдыр ушуну айтканда Манаке кейип кетип: – Мага ишенбегениң, тебетейиңидн кырбуусуна кар толуп, ошо малыңды кайралбай жүргөндө бир ишенерсиң. Ошондо жаш төлдөгөн малың ийсөөгө жалгыз тал чөп жок ыргала түшкөнүн көрүп, Кыдыр, сен өзүң баш болуп төөңдү комдотуп, аксуулук орус туугандын үймөгүнөн чөп жүктөтүп аткан жеринде кездешейинчи… – деп Манаке аке ордунан туруп, атына минип кылчайбастан бастырып кетет. Кадырман Кыдырдан жасканган кишилер үндөбөдү. Кыдыр өзү да байкабай муз жутуп ийген кишиче этиет болду: “Ай, кантээр экен? Эртең айтканы келсе, айыптуу болуп калдым го, бу Манаке эсепчиге” – деп. Аптанын аягында Манаке эсепчинин айтканы келди. Таң эртеңден мемиреп ачык турган асманды коңур булут каптады. Жыпжылуу аба салкындай калды бат эле. Адегенде сейрек-сейрек кар жалбырактап каалгый түшө баштады. Ал улам калыңдады. Улам тездеди. Анан жер бетин биротоло каптап алчудай лап-лап жайнады дейсиң, он-он беш кадам жердеги караан не мал, не киши, не дүмүр экени таанылбай калды. Ой-тоо апапак болуп, айлана чаңыттады. Жайыттагы мал буюкту. Жаш төл безеленип, козу-улак энесинен адашты. Жайыттан ал малды көздөөгө үйбүлө бүт жөнөдү. Атчандар бири-бирине үн берди обочодон: – О, Султа-ан! Мал четине жеттиңби? – Турду аке-е! Койлор зоо түбүндө ыктаптыр! Ошо үн беришкен кишилер ат үстүндө шөлбүрөштү. Манаке айткандай: тебетейлеринин кырбуусуна кар толду. Өздөрү кайыкты. Күн кечтеген сайын аяз бети-колду чымыратты. Тизеге жакын жаап салган кар кандай күтүүсүз жааса, ошондой күтүүсүздөн тып басылды. Жарыктык жылкы баласы кар тээп оттойт дечи. Уй, кой, эчки кол карап, жалооруй маараганы сөөктү сыздатты. Малсаак кишилердин көздөрүнө жаш келди. Бирок айлалары канча? Күнгөй беттердин карын күрөп, кой оттоор жайыт ачкандар жандарын сабашты. Ошондо Манаке эсепчи атына минди да, Кыдыр акеге кездешкени жөнөдү. Алкымдагы Кыдыр айлын көздөй барбастан, ойдогу үймөктөргө карай тизгин алган болучу. Жүрүштүү чоң торунун бөрү желиши менен шыдыр келаткан Манакеге Аксуунун боюндагы үймөктү айлана турган караан алыстан ак шейшептин бетинде үймөлөктөшкөн кумурскадай болуп көрүнгөн эле. Эми жакын келгенде орус тууганынан чөп алып, комдуу төөлөрүнө жүктөтүп аткан Кыдыр акени тааныды. Манаке шыдыр келип салам айтты Кыдырга: – Ассалома алейкум, Кыдыр аке! Жүктөөр мол болсун! Кудай сактаар. Күн ачылды. Жаздын жылуусуна көнө калган мал бир түндүн аязына чыдап коёр. Жаздын илеби бар эмеспи, эртең кар ала-шала эрийт. Күнгөйлөр, кашаттар карарат. Бир сактанчу жагдай: суук тиштей калган көккө ачыккан мал жабыша калар. Ич өткөнү болор… Андан да кудай сактаар… Бирин-экин чыгым болот дечи… Ошондо акылман Кыдыр Манакеден кечирим сурады: – О, көзү ачык эсепчим! Мен күкүккө ишенип пенделик этипмин. Айыбым мойнумда! Күн жылыганда бир кайрылыңыз. Чакырганым ушул. – Э аңдабаган адам иште жаңылбагыдай ал – олуя бекен. Жарыктык бул жолку сары кар тушардан жаар деп болжогон элем. Терең жаап салып, мен да эсебимден аз жазып калдым… Журт малына сак болушсун! Манаке эсепчи кайра тартты. ____________________ 👉 "Кыргыз поэзиясы" 🙏 Каналга колдоо көрсөтүү 🎀 Ардак такта

  • Түгөлбай СЫДЫКБЕКОВ МАНАКЕ ЭСЕПЧИ Өткөн кылымдын экинчи жарчысында Көл башында Чолпон айылында Манаке деген жыл эсепчисин мен бала чагымда чоң кишилер урмат менен айтышар эле. – Манаке аке, жыл эсебинен жаңылып көрбөгөн киши экен го? – деп бири таң калса: – Көзү ачык киши болгон тура, жарыктык, –деп экинчиси ал кишинин ысымына сыйынып сакал сылачу. Манаке аке жөнүндө билгиси келгендер кепке кулак төшөйт. Ажылдап-бажылдап талашканы жок. Кишилер момурап жоош олтуруп кеп кезегин күтөт. Сүйлөп жаткан киши кебин аяктаганда бири этиет сурайт: – Манаке акени көрүп калгандырсыз? – Э көрдүм ал кишини. Ноочо алыбеттүү, суйдаң жээрде сакалы чап жаагына, нурдуу ырайына жарашкан киши эле, жарыктык. Сыртынан сабырдуу өңдөнүп туруп эле, ичинен: “тыякта бир кишиге жакшылык этмек элем” дегенсип алданемеге оюн бөлүп, бир жакка жөнөчүдөй болуп көрүнчү. Айя, Манаке акенин ал сырын билген кишилер: өз үйүнөн эрте аттанышчу. Ал кишиге эрте келишчү. “Кеп кези кетсе – кеп атасы өлөт. Өз жайытын оттобогон мал арык. Өз маалында себилбеген үрөн өнбөйт. Кеч аттанган жолоочунун сапары чукул. Э, калайык!” – деп бир кишиге айтканы – көпчүлүккө айтканы. Көрсө, ошо бир кишиге айтканы калкка жетет тура. Бир киши деп оюңду айтсаң дагы, катсаң дагы эртедир-кечтир ал оюң көптүн кулагында. Шыбырды жел учурат. Күбүрдү сел айдайт. Кишинин кишиден жашырган кеби – ордун таппай арам өлөт… Азырейил учунда турса, андан жасканбай айт. Чын кеп эч карыбайт. Анын тамыры тереңде. Бүгүн куурап көрүнсө, эртең көк-жашыл! Чындын тамырына балта соккон – баатыр эмес, ою тайыз, кеби мокок. Ошондон улам ал өзүнөн өзү коркот. Балтасы колунан ыргып түшөрү менен, ал балтасынан мурда өзүн басат. Ал калган жерде мал оттобос арам чөп чыгат… Э, калайык! Сен өзүңдү ошондон сакта! Жан-жаныбар энчилеш. Тагдырлаш. Малыңды жуттан сакта! Эгиниңди маалында эк! Ушул накыл кептерди маселдете айтып, өз эсебинде кыш жылуу болсо Манаке аке кишилерге тике эскертет: – Алдыңкы кыш коңур. Бороон чапкын өлчөлүү. Күнгөй кара, сеңир ала. Төрттүлүк малга жайыт берет. Өз-өз конушуңардан быйыл козголбогула. Ай, чын куранды онртолоп барып, бир-эки күндөй сары кар чапкындаар. Андан чочубагыла. Күндүн көзү ачылары менен жер тоборсуйт кадимкидей! Бул кыш эсепчи Манаке айткандай коңур өтөт. Малы кыштан эттүү чыккан журт көңүлү жай. Чыгымсыз төлү эрте торолот. Жер чийгени эгинин эртелеп эгет. Быйыл кыштын ак буурасы чамынат. Көл башында кар калың жатат. Кыш мойну узун. Эртелеп Узун күңгөйдү сеңирдеп барып, Чолпон-Ата, Кара-Ой, Сары-Ойлоп коюңарды кыштаткыла! Көл башын кыштаганың өлүгүн шатылап – колдон кол жууйсуң. Манаке эсепчинин бул айтканын койлуулар кың дебей кабыл алып, каат жылы Узун күнгөйдү сеңирдеп көчөт. Көчпөй калгандары айткандай эле ойду-тоону кар басып, майда жандыкка от бербей калганда, жаныбар кой-эчки жайытка жетпей биринин жүнүн бири жейт… Бул алаамат иш жүзүндө алда нече жолу аныкталган. Манакенин эсеби жалган болчу эмес. Ошондуктан көл башындагы журт атайылап киши атказып, Манаке акеден алдыда жыл мүнөзү кандай болорун угуп кайтышчу. Малчыга, эгинчиге Манаке кеңеши оң өбөлгө. Анткени соконун чыгышына, үрөндүн өз маалында себилишине кыш катуусу, жаздын эрте не кеч келишинин таасири чоң. Бир жылы – Көл башына жаз эрте келди. Бат эле ой-тоо көккө оронду. Көктө торгой безенип, токойдо күкүк чакырды. Көк майсаңда кулун оюн салып, бет-беттерде козу-улак так түйүлүп – кыштын ак буурасы небак эле жоошулуп, Улуу Тоону ашып кеткендей болду. Ошо эрте жаз күнү жан-жаныбарларды бейкам этип койгон кезде, тиги дагы бир уруу элдин акылманы Кыдыр аке баштаган кадырман кишилери маек куруп олтурушуп: – Кудай жакшылыгын бери – жаз эрте келди. Дыйкан эгинин эрте эгип, төл эрте ирденди. Быйыл ак төөнүн карды жарылган жыл болор, – деп кишилер жадырашканда Манаке алды жакка тике карап, үнүн көтөрө салып жалпыга угуза айтты:

  • Түшкү тамактан кийин Оля альбомду өз бөлмөсүнө алып барып, үстөлдүн суурмасына бекитип койду да, кийинки күнү альбомдогу бардык аткаминерлердин сүрөтүн алып ыргытып, ордуна институтта чогуу окушкан курбу кыздарынын сүрөтүн коюп алды. Ошентип, сүрөттөгү аскер формаларынын орду кыздардын ак көйнөктөрү менен алмашты. Ал эми улуу урматтуунун уулу Коля болсо, аткаминерлердин формасын кызыл боёк менен боёп, сакалы жокторго күрөң сакал, муруту жокторго жашыл мурут тартты. Боёгонго эч нерсе калбай калганда, сүрөттөгү кишилердин сөлөкөтүн кесип алып, көздөрүн төөнөгүч менен көзөп, аскер оюнун ойноого өттү. Титулдук кеңешчи Кратеровдун сүрөтүн кесип алып, ширеңкенин кутусуна салды да, ошол боюнча атасы отурган кабинетке алып барды: — Ата, карасаң, монумент эмес бекен! Жмыхов алгач боору катканча каткырып күлүп, андан соң жыгылып кетчүдөй солк этип барып оңолду да, Коляны колдон тартып бетинен шалп эттире өөп, мындай деди: — Тентек десе, апаңа алып бар. Апаң да көрүп калсын. Которгон Таштанбек ЧАКИЕВ #котормо ____________________ 👉 "Кыргыз поэзиясы" 🙏 Каналга колдоо көрсөтүү 🎀 Ардак такта

  • Антон ЧЕХОВ АЛЬБОМ Катуурак шамал болсо кулап калчудай кейиптенген Кратеров деген титулдук кеңешчи алдыга бир кадам таштады да, Жмыховго бурулуп: — Улуу даражалуум! Бизге көрсөткөн аталык камкордугуңуз жана узак жылдарга созулган жетекчилигиңизди эске алып… — Он жылдан ашык мөөнөткө созулган, – деп кошумчалай кетти Закусин. — Ооба, он жылдан ашык убакытка созулган жылдарды эске алып, биз, cиздин кол алдыңызда иштегендер, биз үчүн салтанаттуу… мына… ушундай күнү сизге болгон терең урмат-сыйыбыздын белгиси катары, бардыгыбыздын сүрөтүбүз салынган мына бул альбомду белек кылуу менен дагы далай жылдар бою, кандай десем… көзүңүз өтүп кеткиче биз менен бирге болууңузду каалай тургандыгыбызды билдирип өткүбүз келет… — Чындык жана өнүгүү жолундагы өзүңүздүн аталык кеңешиңиз менен… – деди эми Закусин, чекесиндеги чыбырчыктай түшкөн терди аарчып жатып. Анын чыны менен эле абдан сүйлөгүсү келип, ал тургай, айта турчу сөзүн дагы камдап келген көрүнөт. — Мындан ары дагы урмат-сыйдын үстүндө болуңуз. Ар дайым желегиңиз эмгектин, коомдук аң-сезимдин урматына желбирей берсин! – деп, сөзүн аяктады. Жмыхов жашып кетти. Сол жаагы ылдый сарыгып бараткан көз жашын сүртүп: — Мырзалар! – деди үнү каргылданып. – Сиздерди мына минтип менин арзыбаган мааракеме көңүл бурат деп үч уктасам түшүмө кирмек эмес… Эмне дээримди да билбей калдым… Бул көз ирмемдерди мен өлөр-өлгүчө унутпайм, жана ишенип коюңуздар… достор… бөтөн бирөө сиздерге менчелик камкордук көрбөйт… Балким, ким бирөөңүздөрдү капа кылып койгон күндөр болгондур, бирок ишенсеңиздер, анын бардыгы сиздердин гана пайдаңыздар үчүн эле… Мына ушундан кийин чыныгы штаттык кеңешчи Жмыхов титулдук кеңешчи Кратеровду кучактап бетинен өөп, толкунданып жаткандыгына байланыштуу сөз сүйлөй албай жаткандыгын билдирмекке ишарат кылды да, кымбат баалуу альбом тартуулашпай эле, тескерисинче, аны тартып алып койгону жатышкансып, бышактап ыйлап жиберди. Бетинен өпкөнүнө жетине албай кеткен Кратеровдун өңү кубарып кетти. Ушундан соң начальник өзүнө келип, дагы бир нече жалындуу сөздөрдү айтты да, дээрлик бардыгы менен кол алышып коштошкон соң, арабага отуруп узап кетти. Каретада кетип бара жатып дагы бир ирет ыйлап алды. Үйүндө аны дагы бөтөнчө кубанычтар күтүп жаткан. Үй-бүлөсү, жоро-жолдоштору жана жөн гана тааныштары аны эзели болуп көрбөгөндөй кызуу кол чабуулар менен тосуп алгандыктан, ал: “Чыны менен эле ата мекенге опол тоодой эмгек кылган экем да, эгерде мен болбосом мекен кургурдун шору шорподой кайнамак тура”, – деген ойго келди. Ошентип, дасторкон үстүндө не бир сонун жан эргиткен сөздөр айтылып, көкүрөккө көкүрөк тийишип, көздөрдөн кубанычтын жашы акты. Бир сөз менен айтканда, Жмыхов эмгеги эл тарабынан мынчалык жылуу кабыл алынат деп күткөн эмес. — Мырзалар! – деди ал бир маалда отургандарга кайрылып, – Мен өмүр бою ак иштегенге аракет кылдым. Көпчүлүк учурларда ал аракетимдин берекетин эмес, кесепетин көргөн күндөр да болду. «Ак ийилет, бирок сынбайт» демекчи, мындайда мен «публика биз үчүн эмес, биз публика үчүн» деген принципти кармандым. Дегеним, ошондогу тарткан азаптарым үчүн мен эки саат мурда эң жогорку сыйлыкка жеттим! Кыскасы, менин кол алдымда иштегендер чогулуп мага альбом белек кылышты… Мына! Бул үчүн мен Кудайга чексиз ыраазымын. Майрамдык физиономиялар альбомду колдон-колго өткөрүп карап жатышты. — Жакшы альбом экен! – деди Жмыховдун кызы Оля. – Менимче ал жок эле дегенде элүү рубль болсо керек. О, тим эле шумдук! Атаке, сен бул альбомду мага бер. Мен муну катып коём… Макулбу?

  • Байкабасов келинге жакындап келди да, сөзүн улантты: — Эмне сизди оң каарман этип жазарыма ишенбей жатасызбы, кандай каарманды жаратуу өзүмдүн эрким, мени эч ким зордуктап жаздыра да албайт, зордуктап жаздырбай коё да албайт. — Агай, мени аябай көкөлөтүп жибердиңиз го анда, чындап эле ошондой болсо... — Ишенип кой, сөзсүз сен жөнүндө жазам, ал үчүн мына ушул экөөбүз жээгинде отурган суу күбө болсун, андан көрө оң каарман болууга макулдугумду бердим дегин, – деп Сонундун көзүнө карады. — Эмне макул эмессиңби? Унчукпайсыз да? — Макулмун, бирок... — Мына бул сөзүң мага жагат, кел бетинден өөп коёюн, – деп бир өптү. Бул өбүүдөн жанакы жүрөккө түшкөн учкун тутана түштү. Эки көз бир-бирине тиктеше түшкөндө эмне болуп кеткенин да сезбей калышты. Сонун каршылык көрсөткөн жок. Ошентип экөө эң алгачкы жапайы сүйүүнүн «ширин үзүрүн» көрүштү. Бул күндүн кантип кеч киргенин сезбей калышты. Сонун колун сууга жууп келип, төшөктү машинанын арткы отургучуна салып, стакандарды жууп, аны-мунуну жыйыштырып бүткөн соң машинага отуруп жолун улантты. * * * Көктө жылдыздар жымыңдайт. Ары-бери өткөн машиналар да барган сайын сээлдей түштү. Экөөнүн жаңыдан тутанган жапайы «махабаты» чала калган сыяктуу сезилди, Байкабасов сөзүн улантты. — Сонун, түн азыр саат он эки болуп калды. Эми сен биздин үйгө эле жатып алып, окууга эртең баргын. Керек болсо мен өзүм сени издеп барып жолугушуп турабыз. Бирок сени аялыма, Жумгалдагы эжемдин кызы сага айтып журген Жаңыл ушул деп тааныштырам, сен да шек алдырбай: «Эжем кандай жатат» – деп сурап калса: «Жакшы жатат» – деп жооп бергин, башка ашыкча сөз кылбагын – деп ага үйрөттү. Үйгө келген соң аялына «жээним» деп өзү айткандай тааныштырды. — Таякенер силер жөнүндө көп эле айтат, барып таанышып алалы деп ойлосок да эч мүмкүнчүлүк болбой жүрөт, кандай, эжемдин дени сак, жакшы жүрөбү? – деп сурады. — Жакшы жатышат, — деп кыска гана жооп берди. Чай-пай ичкен соң «жээнге» өзүнчө бөлмөгө тошөк салып берди. Байкабасов аялына айтып жатты: — Мен радиого телефон чалдым, он бет өлчөмүндөгү очеркти саат тогуз-ондон кечиктирбей алып келип бериниз, – деди. Мен азыр таң атканча жазып бүтүрө коёюн деп, – бөлмөсүнө кирип жазуу машинкасын тыкылдата баштады. Электр жарыктары өчөрү менен «жээни» жаткан бөлмөгө барып «шып» этип койнуна кирип кетти. Бир маалда Байкабасов чочуп ойгонуп, шаша-буша кийинди да, шек алдырбай короого чыгып, буту-колун чоюп адатынча дене тарбия ойной баштады. Аялы түндө чай менен жаткан «жээнине» тамак жасоо үчүн камын көрүп жатты. Аялы терезеден отуруп тура калып буту-колун чоюп жаткан кызыл турсийчен  эрин көрүп таң калды: «Мунун кызыл турсийи жок эле бул кайдан пайда болуп калды?», – деп ойлонуп, көңүлүнө бир нерсе «тык» дей түшүп, «жээни» менен соо эмес экендигин дароо сезди. Бирок эч кандай шек алдырбастан тамагын даярдап, дасторконун жайнатып сөзүн минтип баштайт: — Жээн, шаар ичинде баары эле сатык болот, жалгыз таякеңден башка бул үйдө эч ким иштебейт. Таякеңдин чекесине бүткөн жалгыз эле турсийи бар эле, аны байкабай сага берип салыптыр, кантсин таякең ушундай боорукер адам, азырынча турсий сатып аларга акча жок, таштап кет, ушул бойдон жоголуп кетпей, таякеңди көп эле сагындырбай келип тургун, – дейт. Ошондо келин эмне дээрин билбей, үйдөн араң чыгып кеткен экен. Ал эми Байкабасовду кара теке сүзүп, бир топко дейре үйүнөн бороон учуруп «Бороондуу үй» деген роман жазган имиш. ____________________ 👉 "Кыргыз поэзиясы" 🙏 Каналга колдоо көрсөтүү 🎀 Ардак такта

  • Абдылда КАРАСАРТОВ БОРООНДУУ ҮЙ Бул окуя мындан жыйырма-отуз жыл илгери болгон. Белгилүү бир жазуучунун (аты-жөнү өзгөртүлдү) Ат-Башыдан Фрунзеге — үйүнө өзүнүн жеке менчик жеңил машинасы менен келе жатып, жолдо бир караан турганын көрөт. Ал өз ичинен: «Бир аялзат болуп кол көтөрсө экен» – деп ойлонот да, машинасын акырындап айдай баштайт. Жакындаган сайын караандын чын эле аял экени байкалат. Ойлогону келип, аял кол көтөрөт да, ал машинаны тык токтотот. Орто бойлуу, сулуучумак келген, жайдары мүнөз келин жылмайып: — Саламатсызбы, агай, – деп салам берди. — Саламатчылык. — Фрунзеге бара жаттым эле, эч болбоду дегенде Балыкчыга дейре мени алып алсаңыз? — Карындаш, сени алат элем, бирок аялым бар, ошондуктан сени албай эле машинама отургузуп алайын, – деп тамашалады. Келин уялып жер карап, «бырс» күлүп жиберди. Эшикти ачып, келинди отургузуп жолду улантты. Бир аз жүргөн соң жазуучу сөз баштады: — Карындаш, кыргызда жол жүргөндө «Ат жалына казан ас» деген сөз бар. Фрунзеге жеткиче дагы көп, ошондуктан сүйлөшүп отуралы, Фрунзеге эмне жумуштап бара жатасыз? — Өзүм мугалиммин, сырттан окуймун, жайкы сессияга бара жаттым эле, – деп жооп берди келин. — Кайсы окуу жайында окуйсуз? — Университетте. — Кайсы факультетинде? — Тил-адабият факультетинде. — Оо, анда кесиптеш турбайбызбы, мен да ошол факультетти бүтүргөнмүн. Келин бир аз мурдагыдан жеңилдене түштү. Бирок атыңыз ким болот деп суроого батына албады. Жазуучу келинге суроо берди: — Байкабасов Момунбек дегенди уктуң беле? — Ооба, агай, укмак түгүл «Үйдөн чыккан бороон» деген романын да окуп, окуучуларга сочинение жаздырганмын. — Ошол агайың мен болом. — Мен кандай киши болду экен, бир көрсөм болот эле деп эңсеп да жүргөнмүн, – деди. Келиндин сүйлөгөн ар бир сөзү Байкабасовго сонун угулуп жатты, дагы сурады: — Менин романым сизге жактыбы? — Аябай жакты, ошондуктан өз окуучуларымдын бардыгына окуттум, эми дагы окутуп, сиз менен сүйлөшкөнүмдү да айтып берем, – деди сүйүнгөндүгүн туюндуруп. Байкабасов да өз романынын окурмандарына жагып, мынчалык өз кулагы менен уккандыгына жетине албай, ичинен сүйүнүп жатты. — Карындаш, жакшы кебиң бар экен, эми таанышып алалы, атыңыз ким болот? – деп келинге колун сунду. — Атым Сонун, – деп колун берди. Байкабасов келиндин колун кармап туруп: — Атың да Сонун, кебиң да сонун, өзүң да сонун экенсиң, айла канча, эгер аялым жок болгондо: «Мени алып алыныз дегенде жок дебестен макул дээр элем», – деди. Сонун: — Коюнузчу агай, – деп ого бетер кылыктанып маанилүү жылмайды. Бул жолу эки көз кагылыша кеткенде жүрөктөрүнөн учкун чачырагансыды. Байкабасов: — Сонун, суусап да калгандырсың, Ат-Башынын бал кымызы менен козунун эти, май боорсок да бар, керек болсо бөдөнөнүн (аракты айтмакчы) сүтү да бар, оңтойлуу бир жерге отуруп, кобурашып бир аз шам-шум этип алалы, – деди. — Мейлиниз, – деп Сонун кыска гана жооп берди. Байкабасов машинаны жолдон обочо, шар аккан суунун боюна токтотуп, машинанын арткы отургучундагы төшөктү алып чыгып жерге салды да гезитти жайып анын үстүнө эт, боорсокторду коё баштады. Стаканга кымыз куюп Сонунга сунду. Ал болсо: – Сиз ичиңиз, – деди урматтагандыгын билдирип. — Жок, сиз коноксуз, коноктон мурда ичүүгө болбойт, – деди Байкабасов. Келин ичип жиберди. Андан сон өзү ичти да, бир нерсе эсине түшө калгансып: — Дагы бир стакан бар эмес беле, аны унутуп калган турбаймынбы, – деп экинчи стаканды да алып келди. Экөө аны-муну копкө сүйлөшүп отурду, келин да эми жайдарыланып, өзүн эркин сезип, кысылып-кымтынбастан сүйлөй баштады. Байкабасов дагы сурады: — Менин романымдагы каармандар сизге жактыбы? — Аябай жакты, ошол каармандарыңыз тирүү барбы? — Баары тең тирүү, сизди дагы кийинки чыгармаларыма оң каарман кылып жазууну көңүлүмө бүгүп койдум. — Коюңузчу агай, мен андай каарман боло албайм, чындап эле ошондой каарман болсом өзүмдү бактылуу сезер элем!

  • Бакай АЛМАЗ ТОЛУП-ТАШЫП ЖАШАГАНДЫ ЖАКТЫРАМ Жактырам. Жашоону толуп-ташып жашаганды жактырам. Ойгонуп көчөгө чыкканымда абанын мээлүүн, жарык болгонун жакшы көрөм. Көөнөргөн дубалдарынан, балким, унутулууга моюн сунган тарыхый үйлөрдүн жанынан өтүп баратканда көчөдөгү жолбун мышыктардын мага таңыркап караганын, тамак жегендерин караганды жана алардын ар түркүн-түстө экенин көргөндү жактырам. Алардын менден чочуркабай, «кайсыл кишинин санын көбөйткөн неме болуп кетти экен?» деген тейде астейдил тиктегендерин жактырам. Дал ошол учурда көктө ак чардактар ызы-чуу сала ойкуп-кайкып учуп жүрүшкөнү да мага жагат. Айрыкча, алардын караңгы деңиз жактан аппак тулку ай нуру менен чагылыша салабаттуу учуп келе жатышканына күбө болгонду өзгөчө жактырам. Колумдан келсе эрте турганды, жакшы тамактанып, жылуу сууга жуунганды жактырам. Пайдалуу бирдемелерди окуп жана көрүп, күнүмдү берекелүү кылганды жактырам. Көз ачып-жумганча кеч кирип кетпеген күндөрдү жактырам. Адамдардын мага жылмая салам бергени жагат, анан да кайсыл жумушумду болбосун үтүр-чекитине чейин кынтыксыз аткарган жагат. Ишимди чуркап-чуркап бир жансыл кылганды жактырам. Чарчаңкы иш күнүнөн кийин көңүлүм түгөл үйүмө кайтканды жактырам. Кеч киргенде үйүмдүн жанынан демейдеги мелмилдеген деңиздин көрүнбөй караңгыга сиңип, «жашырынып» алганы жагат. Жаңы адамдар менен таанышкан жагат. Алардын мага али тааныш эмес, а бирок жагымдуу энергиялары жагат. Ошондой эле алар менен ары-бери шакаба чегип, жакын жоро-жолдош болуп кеткенге чейинки тартынып-кысынуулары, жасалма сыпайыгерчиликтери жагат. Менин карегим, жакшылыгым тийген адамдардын карегинин ичине чейин күлүп, бактылуу болгондорун жактырам, мени «мен» болгонум үчүн гана урмат көрсөтүшкөндөрүн жактырам. Анан да мага изденген, ар түрдүү пикирлерге ачык кишилер менен маектешкен жагат. Маңдайымдагы кишинин сукбатын узакка кулак төшөп укканды, аны сүйлөткөндү жана ким болбосун сүйлөп жаткан сөзүнүн оо бир салмактуу сезишин, өзүн ичинен маанилүү киши сезип, өзү менен сыймыктанышын, өзүнө болгон ишениминин артышын жактырам. А кээде алардын өзүмчүл болбой, менин да пикириме бир ооз кызыгып коюшкандарын жактырам. Сукбатыбыздын бир тараптуу эмес, жандуу жана кызыктуу болгонун жактырам. Адамдардын сүйлөгөнүнөн, эмоцияларынан жана пикирлеринен аларды анализдеген жагат. Мага жакпаган адамдарды көрбөгөндү, менин ачуума тийгендерди кийинчерээк эстеп сөккөндү жактырам. Аларга чексиз симпатия менен мамиле кыла алганым кез-кезде жагат мага. Күнүмдүн бир канча саатын шаардын китеп дүкөндөрүндө өткөргөндү жактырам. Китептерди узакка бир-бирден карап, аталыштарын окуганды жана мага жаккан китептин арзан баада, а жакшысы колдонулуп кайра сатылган китеп болгонун жактырам. Көңүлүмө төп келген китепти сатып алганды жана аны китеп текчеме жайгаштырганды жактырам. Аларды дароо окубай, чогулткан жагат. Ар бир китебимдин мага белекке келгенин эмес, өзүм карап-кармалап сатып алганды сүйөм. Ар дайым кеткенди жактырам. Кайдадыр бир жактарга жол алып, өзүмөн качуунун аргасыз, апенди аракеттерин көргөндү жактырам. Канча жагымсыз болсо да кыйынчылыктардын артынан келген тажрыйбаларды, жашоодогу ар бир кыпындай сезимди сай-сөөгүм менен сезип жашаганды жактырам. Жашоодо ар бир нерсени даамдап, жасап көргөндү жактырам. Мына ушулардын баарына карабастан кээде мага сезимсиз, жеңил-желпи, эртеңки күнгө кам санабай адыраңдап-шадыраңдап жашаган жагат. Ашыкча стресстен арылуу үчүн мага жакпаган адамдардын аркасынан сүйлөгөн жагат. Кайсыл жерлик болбосун досторумдун өлкөлөрү тууралуу талылуу жерлеринен кармап кыжырларына тийгенди, аларды чексиз актанууларга мажбур кылганды, а бирок көңүл оорутпаганды жактырам. Жаңы, супсулуу, күйүп-жанган адамдардын мени менен таанышкысы келгенин жактырам. Анан да көңүлүмө жакын кишилер менен түн бир маалга чейин шарактап, бокал кагыштырган жагат. Жаштыктын бүтпөстөй, түгөнбөстөй сезилгенин, эртең таң атпай тургандай жыргаган мүнөттөрдү жактырам. Мага жашоону толуп-ташып жашаган жагат. ____ 👉 "Кыргыз поэзиясы" 🎀 Ардак такта

  • Иван БУНИН СУЛУУ Аялынын каза болгонуна бир далай убакыт болгон арык, узун бойлуу, көзүнө такай йод түсүндөгү көз айнек тагынган кары мамлекеттик кызматкер кайсы бир аскер зардалынын өзүнөн алда канча жаш, нары сулуу жана да анча-мынча сулууларды бучкагына теңей бербеген, бою – чарчы, үй оокатына бүйрө кызына баш кошту. Ал өзү кишиге чечилип сүйлөй бербегени менен, кудайга кантет, алганы өз баасын жакшы билет. Көптөгөн губерниялык атка минерлер сыяктуу эле ашыкча акылы, не кишиге жугуму жок көптүн бири экенине карабай мунун эки курдай үйлөнүшү жана эки мертебе тең ай чырайлуу кыздарга туш болуп отурушу, коңшу-колоңду: “капырай шумдук!” – дедиртет; ичин туз куйгандай ачыштырат. Экинчи алганы, биринчи никеден калган тигинин жети жашар баласын кайрып-куйруп, ачык эле жек көрүүгө өттү. Атасы буга не демек? Өзүн анткор тутат, субай-салтаң келген неменин көзүнүн агы менен тең айланып, бул кылыгына көз жумат; баласын барсыңбы? – дебейт. Буга баланын ындыны өчөт. Кандай күнгө туш болуп калганына акылы жете бербей элеңдейт, тымызын көз жашын кылгыртып, эне мээримин күсөйт. Баштагы оюнкарак мүнөзү түнт тартып, сөз сүйлөөдөн айбыгат. Үйлөнүү тоюнан кийин дароо эле аны атасынан бөлүп, ашкананын жанындагы көгүш баркыт менен тышталган эмеректери бар анча чоң эмес бөлмөдөгү диванга жаткырышкан. Бирок, баштагысындай эле ал тынч жата албай, нары-бери оодарыла берип, адатынча үстүндөгү жуурканы менен кошуп алдына салынган шейшепти жерге тээп салып жүрдү. Баланын бул адаты сулуунун кыжырына чындап тийген белем, бир күнү ал үй кызматчысын чакырып алып мындай деди: – Кудая тобо, мындай шумдукту ким көргөн, минтип отурса, жакында бул дивандын баркытынын ышпалдасын чыгарат. Настя, тиги ыраматылык айымдын коридордогу сандыгына баякүнү мен каттырып салган жер төшөктү алып чык да, мындан кийин буга жерге эле салып бер! Мына ушундан кийин бала тагдырына моюн сунгандай болду; үй ичиндеги турмуш менен дагы эч кандай иши болбой бири-бирине коёндой окшош күндөрдү башынан кечирип жатты: күнү кечке конок бөлмөсүнүн бурчуна отуруп алып, грифель тактага үйдүн сүрөтүн тартат же ыраматылык апасы сатып берген сүрөтүү китепке үңүлүп, шыбырап окумуш болот, көздөрүн божурайтып терезеге тигилет... Кечкисин диван менен жыгач челектин ортосуна жерге жатып уктайт; төшөнчүсүн өзү салып, азанда өзү жыйнап, дыкат бүктөйт да, апасынан калган эски сандыкка алып барып салат. Сандыкта анын мындан башка көптөгөн майда-чүйдө оокаттары катылган. 1940-жылдын 28-сентябры Которгон Таштанбек ЧАКИЕВ #котормо ____________________ 👉 "Кыргыз поэзиясы" 🙏 Каналга колдоо көрсөтүү 🎀 Ардак такта