tgindex
Кыргыз Поэзиясы

Кыргыз Поэзиясы

Статистика

Күнүнө каналдын тандоосундагы бирден ыр сунушталып турат. Ырын сунуштагысы келгендер @tokoevmarat жазыңыздар (3-5 ырдан ашпасын).

Последний пост
12 июл.
Последнее чтение
15 авг.
Постов за неделю
0
Всего постов
20
Тип
открытый
Язык
und
Категория
Религия (по похожим)
В каталоге с
13 авг.
Подписчики
1 371
−3 за 5 дн.
Сутки
+2
+0,15%
Неделя
 
Месяц
 
Просмотров на пост
333
20 постов
Вовлечённость
24,3%
к подписчикам
Постов в день
0,0
всего 20
Упоминаний
1
каналов
Охват размещения
оценка
1/24сутки в ленте
1/48двое суток
1/72трое суток

Оценка по просмотрам недавних постов: пост набирает почти всё за первые сутки.

Посты

  • #Ильгиз_ГИЛЯЗЕТДИНОВ (ТАЛИП) *   *   * Айырбай мерөөл болчу панарыман, Өзүңдү дегем дайым паана кылам. Азырчы, чаңырыгым аба жарат, Ак чардак айрылгансып Аралынан... Чубап артка чыйырымдын келебин, Мен өмүрдүн марасына келемин. Али деле үрүп-бүрүл көрүнөт, Асыл максат туу чокусу дегениң. ____________________ 👉 "КЫСКА-НУСКА" 🖌️ Авторлор 👍 Мыктылар - 2025, Мыктылар 2026 🙏 Колдоо көрсөтүү

  • #Малика_ЖУМАДИЛОВА  *   *   * Албуут шамал ачууланып Каарын төгүп жатканда, Булут көлгө жүгүндү… ____________________ 👉 "КЫСКА-НУСКА" 🖌️ Авторлор 👍 Мыктылар - 2025, Мыктылар 2026 🙏 Колдоо көрсөтүү

  • #Атахан_КОЖОГУЛОВ *   *   * Бул жарыктын ыр чайпалган бурчумун, тагдыр чалма салаарында булкудум. Жоготобуз деген сайын бек туруп, мокотобуз деген сайын курчудум. Жыгылаарда өзүмдү өзүм сүйөдүм, кулаарымда ырларымды тиредим. Кароолонуп ушул жолдун алысы, алоолонуп оттой күйдү жүрөгүм. Тайкүлүгүм тагдырыма эңилди, жаратканым көрдү артык, кемимди. Катарымда бараткандар бөлүндү, сапарымда жамгыр тынбай төгүлдү. Бул дүйнөнүн бир ажайып бурчумун, тагдыр байлап, тушаарында булкудум. Жоготобуз деген сайын бек туруп, мокотобуз деген сайын курчудум. ____________________ 👉 "КЫСКА-НУСКА" 🖌️ Авторлор 👍 Мыктылар - 2025, Мыктылар 2026 🙏 Колдоо көрсөтүү

  • #Шербет_КЕЛДИБЕКОВА АКЫН ЖАНА ЖАЗ Жаздар келет... Жаз келгенин күкүктөр эскеришет, Жаз келатат... А күкүктөр «кү-кү» деп жаз чакырат. Табигаттын бузулбас салты ушул, Дайыма мезгилдер алмашылат. Акындар да күкүктөй учуп чыгат, Акындар да күкүктөй таңшып чыгат. Өз доорунун алдыңкы катарында, Жашап туруп акындар, келе жаткан - Доорлордун добушун чалып турат. Акындардын алдында ыйык милдет, Өз доорунун багытын сезе билмек. Келечекке кыраакы көз жиберип, Келечекти кабарлап ырдай жүрмөк. Жашоодогу бактысы акындардын, Жаңылыкка бүт элди баштап баруу. Адамдарды суктанткан, таң калтырган, Сезимдерди эң алгач кабыл алуу. Чыныгы акын төрөлөт ырдоо үчүн, Жүрөгүндө туруктуу кайгы болбойт, Жүрөгүндө туруктуу кубанч болбойт. Ырга айланат сезими толкуп-ташып, Акындардын кайгысын, кубанычын, Эли-журту бөлүшмөк, көтөрүшмөк. Акын болсо ааламдай жүрөгүнө, Элдин жүгүн сиңирип алып жүрөт. Көрктүү жаздар дайыма кайталанат, Жаз алдында күкүктөр кайта келет. Бактылуу доорго уланат, Доорлорду акындар ырдап турат. ____________________ 👉 "КЫСКА-НУСКА" 🖌️ Авторлор 👍 Мыктылар - 2025, Мыктылар 2026 🙏 Колдоо көрсөтүү

  • #Болотбек_ТАШТАНАЛИЕВ *   *   * Такылдайт кошунамдын дарбазасы, Ким келди экен? Тереземдин тушунда шакылдайт сук сагызган Бул эмнеси? Көкүрөктө – күндүр-түндүр күңгүрөнүп коңгуроодой кагылган бир коога бар. Корко берем, алда неден, ким бирөөлөрдөн. Коркомун достордон да, Ким билет, ойлорунда эмне балээ!?? Өз ичинде бөтөн, бөтөндөр арасында чоочунмун мен... Беймаал эч ким үйүмө келбесе экен, Түн жармында телефон чалбаса экен. Жүрөгүм үшүп болду... Корко берем, Көлөкөдөй бул сезим кетпей койду. Элеңдеп эки жагым карайм тынбай, Артымда жокпу, барбы аңдыгандар… Коркуп жашайм, Жадагалса коркомун ойлорумдан... Тишиме тилим катып, Жашырам эч кимге айтпай, Кыйкырам тоого барып, ташка барып... Кокусунан кимдир бирөө билип калса, Колума кишен чалып, Тилимди суурур бекен!?? Коркомун Актардан, каралардан, Кызылдардан. Анан да саткандардан, саткындардан… Аткандар эмес, Саткандар коркунучтуу… Уурданып бири-бирин сүйүшкөндөр, Көңүлдөштөр Коркушпай кантип күндө жолугушат? Такылдайт өз үйүмдүн дарбазасы, Шакылдайт сук сагызган... Сакта, Кудай!!! ____________________ 👉 "КЫСКА-НУСКА" 🖌️ Авторлор 👍 Мыктылар - 2025, Мыктылар 2026 🙏 Колдоо көрсөтүү

  • #Махабат_КАСЕЙИНОВА * * * Билбейм кимден күтүп жүрөм эмнени? Билбейм не деп айтат экен эл мени? Периштедей деле жашай алмакмын, Пенделикке түртүп кеттиң сен мени. Карап коюп күндүн чыгып, батканын, Карап коюп булут чалган асманын, Келем жашап мен да сендей күнөөлүү, Бул турмуштун кечип чаңын, баткагын. Улам барат күндөр чачтай суюлуп, Улам жашоо мага кызык туюлуп. Жамгыр менен бир ыйладым, тазардым, Жамгыр болду жашым менин куюлуп. Тазарса дейм, ой-тилектер мендеги, Тазарса дейм бүт адамзат жердеги. Периштедей келет жашоо кечиргим, Пенделикке түртпө кайра сен мени. ____________________ 👉 "КЫСКА-НУСКА" 🖌️ Авторлор 👍 Мыктылар - 2025, Мыктылар 2026 🙏 Колдоо көрсөтүү

  • #Анарбек_АБАЗБЕКОВ *   *   * Тийбе мага, кармалаба, жакындаба суранам, Ишенсең сен, мындай иштен эмнегедир уялам. Андан көрө аваз салып, шуулдачы, угайын, Үнүңдү угуп, эргүү алам, мен ошого кубанам! - Деп үн салды үлбүрөгөн жалбырактар жалооруп, Тентек желге тегеренген, бир орунга турбаган… ____________________ 👉 "КЫСКА-НУСКА" 🖌️ Авторлор 👍 Мыктылар - 2025, Мыктылар 2026 🙏 Колдоо көрсөтүү

  • #Кыял_ТАЖИЕВА АВТОПОРТРЕТ Мен жөн гана жашаганды туу тутуп, Келе жатам бал да жутуп, уу жутуп. Калчай алат эле акылым көп нерсе, Коймок элем сууну деле уютуп. Кимдигимдин кимге десең кереги, Оюм дайым жыпжылаңач денелүү. Ак жоолугум аңга түшөт ар күнү А жоругум дайыма ата-энелүү. Жашаш керек эле адамдар ушундай, Көңүлүнө конгон кутту учурбай. Мени уга албай калды көптөрү Жашаш кыйын, жашаш кыйын бузулбай… Бийлигиң да, байлыгың да мага эмес, Менин көөнүм оо анчалык жара эмес. Мен убара, мен мунара, мен аба Мен дүйнөлүк бар эмес да, жок эмес. ____________________ 👉 "КЫСКА-НУСКА" 🖌️ Авторлор 👍 Мыктылар - 2025, Мыктылар 2026 🙏 Колдоо көрсөтүү

  • #Сулайман_МАЙМУЛОВ ГЁТЕЧЕ Айлыңа жазда келем, күздө келем, Уялбай чапчайыңкы түштө келем. Алдыман орок сымал бели ийилген, Илмейген кемпир менен чалды көрөм. Айлыңа кышта келем, жайда келем, Чилдеси чыкылдаган айда келем. Түйүлүп кулун, тайдай оюн салган Муруну дердеңдеген бала көрөм. Билгизбей эл аралап басып келем, Тагдырдын салганына жашып көнөм. Тешилип эки көзүм алты болуп, «А кудай көрүнөбү сенин төбөң». «Өзүңү көрсөм ээ» деп келдим дегдеп, Тилегим бара жатты көчөңү өрдөп. Экөөбүз ашсак дагы алтымыш кыр Дагы эле мен бир Күкүк, өзүң Зейнеп. Чын эле өзүң Зейнеп, мен бир Күкүк, Келет деп туралбайсың кечээ күтүп. Түбүнөн терезеңин ыйлап-ыйлап, Гётече кете берем күнүм бүтүп. ____________________ 👉 "КЫСКА-НУСКА" 🖌️ Авторлор 👍 Мыктылар - 2025, Мыктылар 2026 🙏 Колдоо көрсөтүү

  • #Айгүл_УЗАКОВА ЖОЛУКПА МАГА, ЖОЛУКПА Кирдеген көңүл тазарбас эми кайрадан, Мен минтип тажап турган соң чындап өткөндөн. Бул тагдыр менен аркалай албайм сени мен, Канча жыл мага кымбатка түшкөн, бөксөргөн. Жаз менен чыдап, күз менен күткөн күндөрдү, Ак жайдын күнү алмашып кара жоолукка. Баратам жалгыз кайчылаш түшкөн бул жолдо, Жолукпа мага, жолукпа мага, жолукпа. Таң калба мага, жылдызым түшкөн чагымда, Жалгыздык эми бакыттай ысык көрүнөт. Көчөдөн өтсөм сөөмөйү менен көрсөтөр, Достор да чыгып, атыма айың бөлүнөт. Ишенчээк жылдар изиме салып дүрбөлөң, Кыялкеч күндөр күбүлдү дарак бүрүндөй. Кыярып бүттү жүрөккө таштап сары оору, Мен кыйбас сезим, кымбатым сага билинбей. Айдарым желге ак таңын тоскон гүлбурак, Алыстап калбай, азаптуу түштөй азгырат. Тагдырым баштап кеч калган ушул тар жолдо, Акылга эмес, санаага көңүл алдырат. Күлкүмө бүгүн тамчылап агар жаш болуп, Таалайым эмес, жолуктуң бир кез шорума. Мен жакшы билген санаанын жайын сары оору Ар кандай элпек ойлорго эми жоруба. Бүк түшүп күткөн күндөргө берип эркиндик, Жаңылгам катуу жандырып түгөл сырымды Айдады шамал касыма, доско карабай, Түтөсөм ичтен бактыма салып сыртымды. Өлөмүн дебейм, акыры турар бир кезек, Жаркылдап, бакыт курам деп бербейм убада. Кайда да болсо таналбай сени бул жүрөк, Тарттырар мага, тарттырар далай убара. Мен эми кайра жанбаймын көңүл отуна, Күйгүзүп тынды жүрөктү эзген бул санаа. Мизилдеп дагы миң түркүн өмүр батырар, Мен көчүп кетип, сен көчүп келген чоң калаа. Күз менен кеттиң күкүгү болуп көңүлдүн, Күйгүзүп албай… чырагым турат бозоруп. Караңгы бөлмөм, кабагым болбой бүркөлгөн, Кел эми, тышкы жамгырдын ырын созолук. ____________________ 👉 "КЫСКА-НУСКА" 🖌️ Авторлор 👍 Мыктылар - 2025, Мыктылар 2026 🙏 Колдоо көрсөтүү

  • #Эрнис_АСЕК_уулу ИЛИНГЕН СҮРӨТТӨР Канча Күйүт, канча Үмүт ааламда, Канча Кайгы, Кубанычы бириккен? Кабак түйгөн, бырыш жүздүү асманда, Кайсы кудай сүрөттөрү илинген? Ырысы жок Ыйман калып талаада, Ырдап жүргөн кылымдарын жоготкон. Ыкшып күлгөн эми Ынтымак калаада, Бир тыйындын жекиргенин тоготкон. Көз ирмемдер келет сөздөн айрылып, Көлдөр келет көлчүктөрдөй чачырап. Көк караган чыт курсактар жабылып, Көз боегон сойкуларга жалдырап, Турат Бүгүн. Турмуш турат ыйлаган. Туура тарткан жөргөмүштөр желеси, Туш-туш жактан кол чабуулар угулат, Турсийи жок Кыргызстандын денеси, Сүрөт болуп жазылса да баракка, Сүйүү бойдон жүрөгүмө тигилген. Сүйүнбөгөн бырыш жүздүү асманда, Сүйүү кудай сүрөттөрү илинген. 1989 ____ 👉 "КЫСКА-НУСКА" 🖌️ Авторлор 👍 Мыктылар - 2025, Мыктылар 2026 🙏 Колдоо көрсөтүү

  • #Элмира_АЖЫКАНОВА КЕЛИП КЕТ Билемин сен жакта али кыш, Бишкекте гүлдөдү өрүктөр. Сөз менен айта албайм жеткирип Кусамды көзүмдөн  келип көр. Канча жыл шыбырап сүйлөшүп, Капаска камадык сүйүүнү. Баратат улгайып өмүрлөр Бакыттын чечилбей түйүнү. Келип кет жазганбай эч кимден беймарал, күн жарык, түн узун. Эл айтат деп жүрүп ансыз да Өткөрдүк жылдарды тымызын. ____________________ 👉 "КЫСКА-НУСКА" 🖌️ Авторлор 👍 Мыктылар - 2025, Мыктылар 2026 🙏 Колдоо көрсөтүү

  • #Мырзабек_САМАТОВ КАЙНАТАМДЫН КЫЗЫНА Эске түштүң ээлеп алып эркимди, эрке сулуу эпсиз ыйга теңсиңби? Эрме чөлдүн эңсөөсүнө кабылып, эсим кетти эптей албай энчимди. Оролосуң ойлорумда онтотуп, ооруларым айыктырчы токтотуп. Ортосунда сүйүүдөгү бульвардын, олтурамын оомат күтүп жол тосуп. Көкүрөгүм кабылбасын арманга, кумар көзүм келе койчу жардамга. Кезиксем деп күйүт менен күн санап, күтүп сени олтурамын ар танда. Аптыксам да сени сүйүп ченебей, азгырасың ашыктыгым кенебей. Аян күтөм кудайымдан ар күнү, арзууң болсо айтчы мага кенедей? Жүрчү элем төштү кагып мардайып, жаным сыздап жабыркадым ал тайып. Жете албай кайнатамдын кызына, жүрөгүм да бараткансыйт картайып. ____________________ 👉 "КЫСКА-НУСКА" 🖌️ Авторлор 👍 Мыктылар - 2025, Мыктылар 2026 🙏 Колдоо көрсөтүү

  • #Салтанат_ОРОЗОБЕКОВА *   *   * Куштар учпас. Учу барбы дүйнөнүн? Учум таппай мен өзүмдүн, куураймын. Суулар акпас. Түбү барбы дүйнөнүн? Түбүм таппай, түйүнчөктөй кулаймын.   Кайда сызып учаарын да куш билет. Кушту коюп, өз дүйнөмдө учайын. Суу да билет кайда агып бараарын, Сууну коюп, түбүмдү таап алайын.   Жылаан учкан дүйнө жоктур дүйнөдө? Жылаан сымал, сойлоп жүрөм мен деле. Жылаажындай шыңгырасам эмине, Жок дегенде, шыңгырайлы, келгиле!   Таштар жааган талаа бардыр дүйнөдө? Таштай катып калабыз ээ, дүйнөдө. Таш жаабасын! Сүйүү жаасын, а көрөк, Эч болбосо, сүйүү менен өлгүлө! ____________________ 👉 "КЫСКА-НУСКА" 🖌️ Авторлор 👍 Мыктылар - 2025, Мыктылар 2026 🙏 Колдоо көрсөтүү

  • #Абдылда_БЕЛЕКОВ АЙ БАРАТАТ Ак булутту аралап, Ай баратат, Аккуу болуп көлдөгү жай баратат. Аталбайсың Ак кууну оңой менен, Жеталбайсың айга да жел ой менен. Жеткичекти жетпестен калган жакшы, Жетип азап жегиче арман жакшы. Жетем десем сулуу Ай жетер элем, Көк деңизин булуттун кечер элем. Сүзө бергин алтын Ай көгүң менен, Мен карайын өзүңдү теңим менен. Сага жакшы сезилсе булуттуу көк, Мага жакшы көктөм жер жемиши көп. ____________________ 👉 "КЫСКА-НУСКА" 🖌️ Авторлор 👍 Мыктылар - 2025, Мыктылар 2026 🙏 Колдоо көрсөтүү

  • #Гүлүмкан_ИСАЕВА *   *   * Көп жылга алыс калып, Көп жылдык сагынчты алып, Качандыр үйгө кайтып келүүгө окшош сени ойлогон… Өмүрдүн күзү менен таң атырып, Көңүлгө дале жашыл жаз чакырып, Эч качан чаңкоо канбоо, кумар канбоо – сени ойлогон… Узак сөз учун улап, Ойлорду кытыгылап, Бейтааныш бирөө менен маектешүү – сени ойлогон… Унутуп калып кай бир чалууларды, Убакыт унут калып көппү-азбы, Күн бою бир нерсеге таасирленүү – сени ойлогон… Сени ойлоном… Сени ойлоо – өзү жашоо! Күз. 2025-ж. ____________________ 👉 "КЫСКА-НУСКА" 🖌️ Авторлор 👍 Мыктылар - 2025, Мыктылар 2026 🙏 Колдоо көрсөтүү

  • #Түмөнбай_БАЙЗАКОВ КЫРГЫЗ ЖЕРИ Ала-Тоо ак калпагын кийген кезде, Аскасы көк асманга тийген кезде. Мен дагы жолго чыгам таңды тосо, Кучактайм ой-кырларын нурга кошо. Улуусуң, кыргыз жери, нурдан бүткөн, Сулуусуң кыргыз жери, ырдан бүткөн. Ысык-Көл – жердин көзү, кырлар-кашы Адырлар – көкүрөгү, токой – чачы. Дайралар – кан тамыры, чоку – таажы Седеби, топчулары – ар бир ташы. Кең түздүү, гүл денелүү – кыргыз жери, Күн жүздүү, берекелүү – кыргыз жери. Жылдыздар көк бетинен өчкөн кезде, Көл чалкып, тоолор койнун ачкан кезде, Дил жаркып, таң күлкүсүн чачкан кезде, Көркүнө көрк кошулат кыргыз жери. Сезилет ата мээри, эне мээри. ____________________ 👉 "КЫСКА-НУСКА" 🖌 Авторлор 👍 Мыктылар - 2025, Мыктылар 2026 🙏 Колдоо көрсөтүү

  • #Айгүл_МОЛДОКУЛОВА БАЗАР ТУРМУШ Баш бактым базарына баш калаанын, Баамдадым баасын, анан башка жагын. Баратат оор жүк тартып арабага, Балакай балтыры ичке, ачка карын… Өйдөдөн өбөк таппай кайыр сурап, Ылдыйда ындыны өчкөн айым турат. Жөлөөрү жөөлөп өтсө жарга такап, Бөлөгү келээр бекен алын сурап… Кастарлап катып кээде урунгандыр, Кары эне сатып эски буюмдарын. Кареги караңгылап турат бурчта, Кантейин көрөөрмүн деп буюрганын… Алдына коюп айнек таразасын, Ак сакал турат ойлуу кайчы жолдо. Табышмак, жолун ачып көзөнөктүн, Тагдырым бурулат дейт кайсы жолго… Сатуучу, кардар, жүктүү арабалар, Карылар жакыны жок аяп алаар. Кайчы жол кайырчыны адаштырган, Тагдырдын ташын тарткан таразалар… Туңгуюк туман тосуп узап жолдор, Туура нук издеген эл, тушап жолдор. Шамалдын багытына каршы туруп, Шам кармап барат бала... Узак жолдор... ____________________ 👉 "КЫСКА-НУСКА" 🖌️ Авторлор 👍 Мыктылар - 2025, Мыктылар 2026 🙏 Колдоо көрсөтүү

  • #Кожогелди_КУЛТЕГИН МОСКВАДАН АЛАЙКУГА ЖАЗГАН КАТ Кандай, Таалай? Кандай эл-журт? Аманбы? Кат алганда канттай шимийм кабарды. Кабелтеңдик, кабылуулук жарашкан кандай деги канат-түптөй Алайку?.. Арыбасын даарат алган ак таңдар, арыбасын ат сугарып жаткандар. Сабиз кейпте самсаалаган муздарды сабиз сымал жеп жүргөндүр жаш балдар? Маторго отту тосуп шопур сөгүнүп, маңдайкы үйдө кыздар чачын өрүнүп... Кечке таяп – чөп артынган атчандар келүүдөдүр «Ф» тамгадай көрүнүп? Алыста маа баары көзгө тартылат – аркы тоодон Ан-2 (два) үнү каркырап... Апасынын болжураган уулундай ар бир үйдү жандап жапыз там турат. Кеңсе алдында бир аз адам – жыйылган, гезиттер жүр керзовойго тыгылган. Маңдайда тээ машинаны шарт таанып, маектерин кайра улантат: « – Быйыл мал...» Өтсө бирөө кеңсе карай энтигип – өрмө камчы кар чийип да, жер чийип... Каатчылыктан тургансыйт эл көңүлү там башында моло чөптөй кемтийип... Ушундай-ээ? Айтчы, досум, чындыгын? Угам суунун муз алдында шылдырын. Кампа жакта кап өңөргөн аркы ким – алперейин жерге түшкөн чылбырын... Эшик аңдып күрөндүлөр тур жылбай, эки көздүү дандыр – кудум куржундай. Жалтыроодо чана тепкен эңиш жер жаш баланын агып калган мурдундай. Кашааларга качып чымчык, каргалар – майда класс чыкса көчө шаңданаар, өпөңдөтүп зоот аттарын топ солдат өтпаратса – «орус!» дешип таңданаар... Чынбы, Таалай? Биздин айыл ушул да? Жол-дарактын жогорку бир учунда. Ат үстүндө колгап чечпей кол коюп, ал жерде сен актипсиң бул учурда. А мен жүрөм... Окуу көңүл жубатып... Айтпа суукту! Бирок бүгүн күн ачык. Кайра-кайра Москвада саат тиктейм канча болду Бишкекте деп убакыт... Ортосунда кагаз менен каректин оо, күн-саатым – кырсылдаган данектир. Ата-Журттан Адабият-Журтуна арык алып өтүш үчүн алекмин. Ааламдын бүт аң-сезимин тепчиген Останкино – ишпиристей деп жүрөм. Аны тиктеп тереземден күзгүдөй – Останкино боло калам, эх, бу мен... Аскар үйлөр айкалышып – жаркырап, алыстыкты жатат көздөн кайчылап... А бирок да алы-ыс, алыс ойлогон адамдарга а Москва бай турат. Шаани менен шагдам жүрүп, тез жүрүп, шашып кошо таң атып да, кеч кирип... Зор калаанын таасири бир зор экен кипкичине – байкуштугуң сездирип. Көп нерсенин аты алмашып тетиктей, көчөлөрдө митинг... талаш... чекишмей... Аларды тынч басыш үчүн тургансыйт алайкулук аксакалдар жетишпей... Ыштаны жок гезит жайнап, кокуй күн, ыштаны бар жандар сатып олтур миң. Кайда болсун катар-катар кезектер таштарындай сенин эсеп-чотуңдун. Азыркы салт – арты ким деп таанышмай, арзуусун да алды-артынан табышмай. Кымбатчылык көгөнүнө – кезекке кыналыша баш байлап эл жабыкты-ай... Кызыл-тумшук салаасына кыстарып, кызыл-тумшук чылымчан жүр кыздары. Кыялданып басчу Кызыл-Аянттан кызарат жүз... кычап кыштын ызгаары. Кээде өзүмдү, – келди эми деп кезегим, – келечекки чет элдиктей сеземин. Дүңгүрөгөн шаар шыбырайт ар кимге: «Дүйнөдөгү эң улуу эл – өз элиң!!!». Каатчылыкта кат жайылып астыга, барчылыктын байлыгындай ташсын-аа?! Кошкун эми, көрүшкөнчө жакшы тур. Кожогелди. Бештин айы. Москва. 1991-жыл. ____________________ 👉 "КЫСКА-НУСКА" 🖌️ Авторлор 👍 Мыктылар - 2025, Мыктылар 2026 🙏 Колдоо көрсөтүү

  • #Динара_ШАЙДИЛЛА_кызы *   *   * Сыйлаганым, Алыстардан, Аскалардан келдиңби? Келдиңби же Жер астынан Сууну бөлүп, таш жарып? Күтүүсүздөн Жан дүйнөмө Жарык берип, асманым, Күндөй чыктың Как төбөмдөн Күлө карап кашкайып. Сенин үнүң Доор ырындай, Көп кылымдан угулган. Бактылуумун Угуу сени Жалгыз мага буюрган. Бүгүн мени Кубандырсаң Жүрөгүмдү мекендеп, Таштап келдиң  Кандай жерди Бактысыздай туюлган? Ыйлаганым, Көз жаш төкпөй, Ич-ичинен буулуккан, Күйүтүнөн  Кубанычы Суз экенин унуткан. Окшош издеп, Жан дүйнөңө Жерден жолдош табам деп, Учуп келдиң... Угуп келдиң... Түшүп келдиң булуттан. ____________________ 👉 "КЫСКА-НУСКА" 🖌️ Авторлор 👍 Мыктылар - 2025, Мыктылар 2026 🙏 Колдоо көрсөтүү