- Последний пост
- 15 авг.
- Последнее чтение
- 17:00
- Постов за неделю
- 5
- Всего постов
- 20
- Тип
- открытый
- Язык
- русский
- Категория
- Религия (по похожим)
- В каталоге с
- 13 авг.
- 1/24сутки в ленте
- 655
- 1/48двое суток
- 750
- 1/72трое суток
- 809
Оценка по просмотрам недавних постов: пост набирает почти всё за первые сутки.
Посты
https://t.me/suiuusaptary?livestream=39ddc85a0e6376395a
https://t.me/suiuusaptary?livestream=39ddc85a0e6376395a
Live stream started
Ата-энеңиздин, бир тууганыңыздын туулган күндөрүнө өзгөчө куттуктоо; Той, мааракелерге каалоо-тилектер Сүйүктүүңүзгө жүрөк жылыткан сезим ырлары; Мугалим же кесиптеш, досторуңуз үчүн ыр белектер; Уул-кызыңыздын өзгөчө майрамына же ийгилигине унутулгус саптар ЖОГОРУДАГЫ ЖАКШЫЛЫКТАРГА АРНОО ЫРЛАРЫ, ӨЗГӨЧӨ КААЛООЛОР КЕРЕК БОЛСО, БИЗГЕ КАЙРЫЛЫҢЫЗ!!! Арзан баада жазып берилет. Кайрылуу үчүн: 0706373721 (Ватсапп)
Чынын айтсам, сүйүү мага али жат, Жүрөгүмдө ачыла элек сырдуу кат. Башкалардай сүйүп көрбөй келсем да, Үмүтүмдү өчүрбөймүн бир да убак. Сүйүү деген китептерден окудум, Акындардын арманынан токудум. Бирок өзүм ошол сезим келмейин, Жазган ырым чала бүтүп отурдум. Балким, бир күн тагдыр өзү жолуктурар, Жаздай болуп жүрөгүмө гүл чыгар. Ошол күнү жазган ар бир саптарым, Сүйгөн жанга жетчү ыйык үн чыгар. Автору :Сатыбалдиева Мерей( merry1ine_)
Live stream started
https://t.me/suiuusaptary
🔥🔥🔥👍
Live stream started
Live stream finished (2 minutes)
Live stream started
ТАЖАДЫМ,, КЫЗГАНУУДАН. Көңүлдү каптагандай кара туман. Кусалык күчөгөнсүп барат улам. Кымбатым сезесинби,, сезесинби. Муңканып сүрөтүндү карап турам. Жүрөккө чок бассып кетиптирсин. Арылт эми махабаттын жаратынан. ~ Күндөрүм,, күндөрүмө окшобой. Көздө жашым куйулуп эч токтобой. Ашык болгон жүрөгүмө боор оруп Сезимимди сезип койчу кордобой. Жашайынчы башкалардай мен дагы. Жан дүйнөнүн Падышасын жоктобой. ~ Арман болду көкүрөккө түйүлгөн. Чарчабаймын күндөр санап күтүүдөн. Тосуп турат жолумду кара булут. Сууруп чыкчы кайгысы көп түнүмдөн. Туруштук берсем дагы баарына. Тажадым бирок,, жообу жок сүйүүдөн. ~ Айталбайм, намыстанам уятыман. Сезим жокпу, же сенде,, туя турган. Түйшүккө салсан деле чыдай берем. Түңүлбөй эч,, сезимимди кайра сунам. Ичимден кан жутуп өксүп ыйлап. Тажадым билгизбей сага,, кызгануудан. Автору Мира Кеңешова
"САГА" Кожоюну өзүң бол түнөгүмдүн, Сүйүүсүнө айландың мүнөтүмдүн. Өмүр өтүп кетпесин муңга бөлөп, Өзүң болуп кал ээси жүрөгүмдүн. Эмне десең, баарына кошуламын, Көзүң көрсөм кусадан арыламын. Сүйүү деген деңизге чөгүп барып, Өзүңдү бир көрүүгө ашыгамын. Мадина Алиббековна
АДАМ БАРКЫ Жаш улгайып, акыры соолуганда, Жанды ажал бир күнү тооруганда. Адам баркы билинет же болбосо, Айла калбай шай кетип ооруганда. Жыл өттү деп күн сайын карап артын, "Болуп калсын"- деп тилеп санап алтын. Жетпей жүрөт ким бирөө, тырмакка зар, Билбегендер бар азыр "бала" баркын. Кечпеймин деп жакынын ант урган бар. Кезигет да жашоодо ар кыл жандар. Кайдан билсин кадырын ата-эненин, Карылардын үйүнө калтыргандар... Аманат деп аярлап, салган жанын, Бир аттанып турмушка камданганын. Бат унутуп түшүнбөй жүргөн азыр, Барктабаган эркек көп алган жарын. Табуу кыйын чын досту. Күтүнбөгөм... (Башка жайда баркыңды түшүрбөгөн.) Оозу менен көбөйдү достошкондор, "Достук" эмне экенин түшүнбөгөн. Жүрсөк дагы дүйнөдө алтын кийип, Адам болуп жүрөлү — ар күн бийик. Жашайлычы адамдар, бул жалганда, Тирүү кезде адамдын баркын билип... Арген Болушов
Кайсы жолду тандайсың? Алдыңда сенин – дарбаза. Андан ары – эки жол. Кайсынысын тандайсың? Коркпогун, досум, чыйрак бол. Тар дарбаза бер жагы, Ичке, чыйыр бөлүнөт. Күтөт сазы, токою, Бороон-чапкын көрүнөт. Чоң дарбаза жагында Кенен жолу көрүнгөн. Эсепсиз эл бул жолдо, Майрам, шаңга бөлөнгөн. Татаал жолдун аягы – Гүлгө оронгон бейиш бак. Капкара түн, кайгы-муң, Тозок болот кенен жак. Алдыңда сенин – дарбаза. Андан ары – эки жол. Кайсынысын тандайсың? Коркпогун, досум, сейрек бол.
Нуралы Ниязбаев Тазаралы Конок болуп келдик биз бул өмүргө, Өстүрөлү сүйүү гүлүн көңүлгө. Сактагын, ошол гүлүң соолубасын, Жүрөгүң жакыныңдан оорубасын. Жан дүйнөбүз тазарып, Кудай бизди колдосун. Жамандыкты алып салып, Жакшы ишке бизди жолдосун. Жактырып жамандык көнбөйлүчү, Кас-душмандай ортобузду бөлбөйлүчү. Арамданып калтырбайлы көңүлдү, Урмат-сыйда узарталы өмүрдү.
❤️🔥Өчпөс сезим🤍 Тагдырым таш боор болуп сынаса да, Талкалайм деген ойдо камаса да. Мен сени баары бир да сүйө берем, Жүрөгүм миң бир ирет канаса да. Тосушсун алдымдан , аска-зоолор, Токтотпойт эми мени эч бир тоолор. Баш тартуу алсыздыктын белгиси го, Мендеги сүйүү ыйык, аскадай зор. Көздөрүң мага бакыт тартуулаган, Көңүлүм сен деп гана арууланган. Дүйнөнүн байлыгына алмашпаймын, Сезимди бир өзүңө арнап алгам. Мейли, мени түшүнбөсүн жакындарым дагы, Мейли, чапсын тагдырдын толкундары. Түбөлүк сени сүйүү менин эрким, Жашоомдун эң бир кымбат алтындары. Кайрылбайм, кайтпайм эми бул жолумдан, Кармадым бакытымдын ак колунан. Баарына кайыл болуп сүйө берем, Чыккычакты акыркы демим оозумдан.
ТАГДЫРЫБЫЗ БИР КЫЛБАЙТ... Тагдырыбыз бир кылбайт түбү бизди, Жек көрөмүн кездешкен күнүбүздү. Чын айтайын, бактылуу болоор элек, Көрбөгөндө бирибиз бирибизди... Автору: казак акыны Бек Жылкыбаев. Кыргызчалаган: Максат Дүйшөн уулу.
СҮЙӨМ БИРОК… Кечир эми! Кетем өзүм ыраактап, Жан дүйнөмө болбо үмүт, тамызгы. Сендик сүйүү мага бербей ырахат, Сендик сүйүү – канча жашым агызды. Мээни мыжып, сендик ойлор курутуп, Мен жарыкты таппай турдум жолуман. Кээде ааламда, өзүмдү-өзүм унутуп, Кечип кетким келди бары-жогунан. Жараткандан нечен сурап кечирим, Жазылганын көрөм дедим чекеме. Кыйналганча башкара албай сезимим, Коюу түнгө сиңип кетсем бекен ээ? Далбас уруп, даам албайм деп сүйүүдөн, Далай уктум, акылымдын жемесин. Бирок айтчы? Эми кантип түңүлөм, Бар дүйнөмдү ээлеп турса элесиң? Үмүтүмө боло көрбө тамызгы? Жүрөгүмдүн илдетине себепсиң. Сендик сүйүү канча жашым агызды, Сүйөм бирок… Аттиң, мендик эмессиң! Калича Жакыпова
КОШ БОЛ... (Диалог) — Билесиңби? Азыр мен, сени эстеп жатам. Негизи, ар түнүмдө Өзүңдү сагынуудан, Чөмүлүп ойго батам... — Сеземин... Мен дагы сагынамын. Тыялбай көз жашымды, Ичимден өксүк тартып, Санаага малынамын... — Кызык... Тагдыр бизди кошпогону, Ажырап эки жолго, Сени да, мени да Жалгыздык коштогону... — Эх-х-х... Көнөбүз, айла канча? Миң ирет ыйласак да, Тагдырдын бизге салган Жолдору башка-башка... — Ооба... Көнбөскө айла барбы? Жашоону улантабыз, Өмүрдүн ураганча Тээ түпкү пайдубалы... — Кош бол... Арманым жалгандагы, Бир өмүр сүйүп, бирок Бир болуу буйрубаган Ырлардын баш каарманы... .................. КОШ БОЛ ! ✍️ Максат Дүйшөн уулу