tgindex
ЖАҢЫЛЫКТАР

ЖАҢЫЛЫКТАР

Статистика

www.SEREP.kg

Последний пост
15 авг.
Последнее чтение
15 авг.
Постов за неделю
11
Всего постов
28
Тип
открытый
Язык
русский
Категория
Новости и СМИ (по похожим)
В каталоге с
12 авг.
Подписчики
1 730
−3 за 3 дн.
Сутки
−1
−0,06%
Неделя
 
Месяц
 
Просмотров на пост
291
28 постов
Вовлечённость
16,8%
к подписчикам
Постов в день
1,6
всего 28
Упоминаний
0
каналов
Охват размещения
оценка
1/24сутки в ленте
149
1/48двое суток
170
1/72трое суток
184

Оценка по просмотрам недавних постов: пост набирает почти всё за первые сутки.

Посты

  • видео или голосовое, без подписи

  • видео или голосовое, без подписи

  • видео или голосовое, без подписи

  • ❗️Кыргыз Республикасынын энергетикалык системасы убактылуу обочолонгон режимде иштөөгө өттү Кыргызстандын Энергетика министрлигинен билдиришкендей, 14-августта саат 15:34тө Казакстандын энергетикалык системасынын түндүк жана түштүк бөлүктөрүн бириктирген жогорку чыңалуудагы электр линиясындагы тышкы өчүрүүдөн улам Борбор Азиянын бирдиктүү энергетикалык системасы (ОЭС ЦА) обочолонгон энергетикалык түйүнгө бөлүндү. Кыргыз Республикасынын энергетикалык системасы убактылуу обочолонгон режимде иштөөгө өттү. Жабдууларды сактап калуу максатында автоматика белгиленген тартипке ылайык иштеди. Учурда кырдаал энергетиктердин көзөмөлүндө. Энергетика системасынын адистери иштөө режимин турукташтыруу жана электр менен камсыздоонун кадимки схемасын калыбына келтирүү боюнча зарыл чараларды көрүп жатышат. Учурда электр энергиясы өчүрүлгөн абоненттер жок, керектөөчүлөргө электр энергиясы үзгүлтүксүз берилүүдө. Электр энергиясынын кыска мөөнөттүү үзгүлтүктөрүнүн себептери тууралуу маалымат кошумча берилет.

  • ❗️Алматыдагы электр жарыгынын өчүшүнүн расмий себеби айтылды «14-августта Борбор Азиянын энергетикалык системасы тарабынан электр энергиясынын агымынын кескин өзгөрүшүнөн улам энергетикалык системада кубаттуулуктун күтүүсүз төмөндөшү катталды. Натыйжада аварияга каршы автоматтык система иштеп, Казакстандын айрым аймактарындагы бир катар керектөөчүлөргө электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурады. Учурда системалык оператор — «KEGOC» ААК зарыл болгон калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатат. Бир катар аймактарда электр энергиясы буга чейин калыбына келтирилди», — деп билдиришти ведомстводон. Энергетика министрлиги кырдаал көзөмөлдө экенин кошумчалады.

  • ❗️Өзбекстандын Энергетика министрлиги Борбор Азиядагы энергетикалык системадагы үзгүлтүк электр энергиясынын массалык түрдө өчүрүлүшүнө алып келгенин билдирди Борбор Азиянын бир нече өлкөсүндө дээрлик бир убакта электр энергиясы менен камсыздоодо үзгүлтүктөр болду. Электр энергиясынын өчүрүлүшү Өзбекстандын Сурхандарыя жана айрым башка облустарында, ошондой эле Алматы, Бишкек жана Душанбе шаарларында катталды. Өзбекстандын Энергетика министрлиги Борбор Азия өлкөлөрүнүн бириндеги авария аймактын бирдиктүү энергетикалык системасына таасир эткенин билдирди. Бирок ведомство авария так кайсы жерде болгонун тактаган жок.

  • ❗️Тажикстандын Энергетика министрлиги өлкөдөгү электр энергетика системасындагы масштабдуу үзгүлтүккө комментарий берди Тажикстандын Энергетика жана суу ресурстары министрлиги бүгүн, 14-августта саат 15:15те Душанбе шаарында жана өлкөнүн бир катар шаарлары менен райондорунда электр энергиясынын массалык түрдө өчүрүлүшүнө байланыштуу кырдаалга комментарий берди. Министрликтен билдиришкендей, учурда электр энергетика системасын калыбына келтирүү иштери күчөтүлгөн режимде жүрүп жатат. Системанын кадимки ишин мүмкүн болушунча тез арада калыбына келтирүү үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүүдө. Ошол эле учурда электр энергиясынын өчүшүнүн так себеби азырынча аныктала элек. Энергетика министрлиги масштабдуу өчүрүүгө Нурек ГЭСиндеги авария себеп болгон деген маалыматты четке какты.

  • 💡Электр энергиясы бир гана Кыргызстанда эмес, коңшу Казакстан жана Тажикстанда да өчтү. Расмий маалымат азырынча таратыла элек.

  • 📍Өлкөдө магнитудасы 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды Сейсмология институтунан билдиришкендей, бүгүн, 12-августта саат 13:14тө очогунда күчү 5,5 балл болгон жер титирөө катталды. Алдын ала маалыматтар боюнча жер титирөөнүн очогу Кыргызстанда, Ак-Чий айылынан 20 чакырым түштүк-чыгышта, Чолпон айылынан 25 чакырым түштүк-батышта, Кочкор айылынан 38 чакырым түштүк-батышта, Бишкек шаарынан 120 чакырым түштүк-чыгышта. Калк жашаган аймактарында жер титирөөнүн күчү: Ак-Чий, Туз, Эпкин, Чолпон, Комсомол, Орток айылдарында - 5 баллга жакын, Кочкор, Кызарт, Жумгал айылдарында - 4 балл, Бишкек, Токмок, Балыкчы шаарларында - 3 балл.

  • 📍Кечээ, 11-августта Лейлек районунун Мурас айылында нөшөрлөгөн жаан жаап, сел жүрдү.

  • 🚍 Бишкекте автобус эки өспүрүм кызды сүзүп кетти ➡️ SEREP MEDIA

  • ❗️Маданият министрлиги Тарых музейинин 4-5-кабаттары Кытай тарапка өткөрүлүп берилгени тууралуу маалыматты четке какты ➡️ SEREP MEDIA

  • ☔️ Шашылыш билдирүү: Сел жүрүшү мүмкүн 8-августтан 11-августка чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу бар.

  • ❗️УКМК: Кубанычбек Конгантиев мамлекетке 15 миллион долларлык мүлк өткөрүп берди ➡️ SEREP MEDIA

  • 📍Ак-Талаада сел жүрүп, 18 үйдүн короосун суу каптады 5-август таңда катуу жаандан улам сел жүрүп, Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл аймагындагы Жаңы-Тилек айылында 18 турак жайдын короосун суу каптап кеткен. Учурда жеринде 12 куткаруучу, атайын техника жана жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрү тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

  • 🌪Шашылыш билдирүү: Катуу ашамал күтүлөт Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.

  • 🇰🇬 Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы Таласта белгиленет Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган негизги майрамдык иш-чаралар быйыл 11-12-сентябрда Талас шаарында өткөрүлөт.

  • ☔️ Шашылыш билдирүү: Сел жүрүшү мүмкүн Эртең, 3-августтун күндүн экинчи жарымында жана 4-августтан 6-августка чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу бар.

  • ⛰ Боом капчыгайында таштар кулап, жол бир тараптуу ачылды ➡️ SEREP MEDIA

  • видео или голосовое, без подписи

ЖАҢЫЛЫКТАР — tgindex