tgindex
АРЧА МЕДИА // ARCHA MEDIA

АРЧА МЕДИА // ARCHA MEDIA

Статистика

Бул Кыргызстандагы көз карандысыз маалымат булагы Archa Media’нын телеграмм каналы. Биз өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан окуялардын баарын болгонун болгондой, чындыкты гана жазабыз. Сөз эркиндигине КАТТАЛЫҢЫЗ!

Последний пост
14 авг.
Последнее чтение
20:58
Постов за неделю
44
Всего постов
48
Тип
открытый
Язык
русский
Категория
Новости и СМИ (по похожим)
В каталоге с
12 авг.
Подписчики
1 737
−4 за 4 дн.
Сутки
0
0,00%
Неделя
 
Месяц
 
Просмотров на пост
164
40 постов
Вовлечённость
9,4%
к подписчикам
Постов в день
6,3
всего 48
Упоминаний
1
каналов
Охват размещения
оценка
1/24сутки в ленте
143
1/48двое суток
163
1/72трое суток
176

Оценка по просмотрам недавних постов: пост набирает почти всё за первые сутки.

Посты

  • ‼️Бишкекте электр жарыгы жапырт өчүп, күйдү ✔️Бүгүн, 14-августта саат 15:34 чамасында Кыргызстандын бир катар аймагында кыска убакыттын ичинде электр жарыгы жапырт өчүп күйдү. Мунун себебин расмий органдар төмөнкүдөй түшүндүрдү. Казакстандын энергетикалык системасынын түндүк жана түштүк бөлүктөрүн байланыштырган жогорку чыңалуудагы электр линиясы тышкы себептерден улам өчүрүлгөн. ✔️Натыйжада Борбор Азиянын Бирдиктүү энергетикалык системасы (БАБЭС) өзүнчө, обочолонгон энергетикалык түйүн режимине өткөн. Кыргыз Республикасынын энергетикалык системасы убактылуу обочолонгон режимде иштөөгө өттү. Жабдууларды сактап калуу максатында автоматтык коргоо системалары белгиленген тартипке ылайык иштеди. ✔️Учурда кырдаал энергетиктердин көзөмөлүндө. Энергетика тармагынын адистери иштөө режимин турукташтыруу жана электр менен камсыздоонун кадимки схемасын калыбына келтирүү боюнча зарыл чараларды көрүп жатышат.Учурда электр жарыгы өчүрүлгөн абоненттер жок, керектөөчүлөргө үзгүлтүксүз берилип жатат.

  • ‼️10 млн сомго бааланган баңгизат менен 3 адам кармалды ✔️УКМК атайын операциянын жүрүшүндө Кыргызстанга синтетикалык баңгизаттарды жеткирүү жана сатуу менен алектенген эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койгонун маалымдады. Ага ылайык, операциянын алкагында кылмыштуу топтун 24 жана 26 жаштагы үч мүчөсү кармалды. ✔️Алардын унаасынан 6-7 миң дозага тете өзгөчө ири өлчөмдөгү синтетикалык баңгизат табылып, алынган. Ал маңзаттардын көмүскө рыноктогу болжолдуу чекене баасы 10 миллион сомдон ашат.Учурда кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн жана баңгизат жеткирүү каналдарын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштери уланууда.

  • ‼️Кумтөрдү ким алды? Президент Теңгиз Бөлтүрүктүн дооматына жооп берди ✔️Президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде Кумтөр алтын кенин мамлекетке кайтаруу кандай шартта жана кандай ыкма менен ишке ашырылганын айтып берди. Президент операция атайын жашыруун жүргүзүлгөнүн белгилеп, Кумтөрдү мамлекетке алуу планы президенттик шайлоо аяктаганга чейин эч кимге жарыяланбаганын айтты. Анын айтымында, эгер бул маалымат алдын ала ачыкка чыкса, кендеги өндүрүштү токтотуп же жабдууларды жараксыз абалга келтирүү коркунучу болгон. ✔️Президент Теңгиз Бөлтүрүктү мурда тааныбаганын, аны Акылбек Жапаров сунуштаганын билдирди. Алгач Бөлтүрүк Канаданын директорлор кеңешине жөнөтүлүп, Кумтөргө байланыштуу жашыруун документтерди аныктоо милдети берилген. Кийин кен мамлекеттин карамагына өткөндөн соң аны ишкананын жетекчилигине дайындап, ар бир чыгымды көзөмөлдөөнү тапшырганын айтты. Бирок, мамлекет башчысынын айтымында, көп өтпөй Бөлтүрүк каражаттарды негизсиз коротуп баштаган.

  • видео или голосовое, без подписи

  • видео или голосовое, без подписи

  • видео или голосовое, без подписи

  • ‼️“Абал начарлап баратат"- Кыргызстандыктар Кел-Суунун абалына тынчсызданууда ✔️Социалдык тармактын колдонуучулары Кел-Суу көлүнүн жана Нарын аймагындагы популярдуу туристтик жай болгон Көк-Кыя өрөөнүнүн таштандыга толуп баратканын белгилешүүдө. Билдирүүнүн автору бир нече жыл мурун көлдүн айланасы бир топ таза болгонун айтууда. Автор Кел-Суу жана Көк-Кыя аймактарынын туристтер арасында популярдуулугу өсүп жаткандыктан, аталган аймакка көбүрөөк көңүл бурууга чакырды.

  • ‼️29-августтан тарта милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт ✔️29-августтан 6-сентябрга чейин мамлекеттик маанидеги иш-чараларга байланыштуу Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым аймактарында жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, көрсөтүлгөн мезгилде ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурушат. ✔️Айрым жол тилкелеринде транспорт каражаттарынын кыймылы мезгил-мезгили менен убактылуу жабылышы мүмкүн. ИИМ жарандардан киргизиле турган чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылып, жол тыгындарына кабылбоо үчүн каттамдарын алдын ала пландаштырууну сунуштады. Ошондой эле айдоочулардан жол кыймылын жөнгө салып жаткан милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын так сактоо суралды.

  • ‼️Кыргызстанда орточо эмгек акы 53 759 сомго жетти ✔️Кыргызстанда 2026-жылдын январь-июнь айларындагы орточо эмгек акы 53 759 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет өткөргөн маалымат жыйында айтылды. Экономикалык ишмердүүлүктүн бардык тармактарындагы ишканалар жана уюмдар боюнча 2026-жылдын июнь айында (2025-жылдын июнь айына салыштырмалуу) орточо айлык номиналдык эмгек акы 27,5 пайызга өскөнү белгиленди. ✔️Эскерте кетсек, май айында орточо эмгек акы 51 888 сомду түзгөн. Расмий маалыматтарга ылайык, айлыктын өсүшү 3,6 пайызды түздү. 2026-жылдын июнь айындагы көрсөткүчтөргө таянсак, эмгек акынын жылдык өсүшү төмөнкү тармактарда эң жогорку деңгээлде болгон: ▪️искусство, көңүл ачуу жана эс алуу — 49,2 пайыз, саламаттыкты сактоо жана социалдык ▪️кызмат көрсөтүү — 43,7 пайыз, ▪️билим берүү — 42 пайыз, ▪️айыл чарбасы, токой чарбасы жана ▪️балык уулоо — 36,1 пайыз, ▪️кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк — 33,1 пайыз.

  • видео или голосовое, без подписи

  • ‼️Кичинекей кыздын кулагынан сөйкөсүн чечип кеткен аял кармалды ✔️Милиция аталган кылмышка шектүүнүн ким экенин аныкташты, ал 2005-жылы туулган С.Т. аттуу аял болуп чыккан. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга камалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси "Каракчылык" боюнча кылмыш иши козголду. Аял уурдалган сөйкөлөрдү кайсы жерден таштаганын көрсөткөн. Зер буюмдарын сатып алган адамдар аларды өз ыктыяры менен милицияга өткөрүп беришкен.

  • ‼️”Ташиев кызматка келбейт”-Садыр Жапаров ✔️Президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев менен учурдагы мамилеси жана анын кызматка кайрадан келиши мүмкүнбү? деген суроого жооп берди.

  • ‼️Сабыр Жапаров бажыны көзөмөлдөйбү? Президенттин жообу ✔️Президент Садыр Жапаров соңку учурда талкууланып жаткан агасы Сабыр Жапаровдун бажыдагы таасири боюнча Сыргак Кенжебаевдин билдирүүсүнө жооп берди. Видео:Али Токтакунов

  • ‼️”Ташиевди президент кылуу ниетим бар болчу”- Садыр Жапаров ✔️Президент Садыр Жапаров журналист Али Токтокуновго берген маегинде соңку саясий маселелерге токтолду. Анда ал Камчыбек Ташиев боюнча да суроого жооп берип, досун президенттикке алып келүү планы болгонун ачыктады.

  • ‼️«Вазелинге» карата козголгон кылмыш иштин материалдары сотко өттү ✔️Биринчи май райондук сотуна «Вазелин» каймана аты менен белгилүү болгон УКМКнын мурдагы кызматкерине карата козголгон кылмыш иштин материалдары келип түштү. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы маалымдады. Соттук отурум 17-августка белгиленди. К.У.К. аттуу жаран коррупцияга шектелип, №21 тергөө абагына киргизилген. ✔️Буга чейин социалдык тармактарда спортчулардын, УКМКнын кызматкерлеринин, ишкерлердин, милиция кызматкерлеринин жана башка адамдардын сүрөттөрү камтылган видео тараган. Роликтин авторлору аларды УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбековдун «40 чоросу» деп аташкан. Аталгандардын арасында «Вазелин» да болгон. Ал УКМКга чейин милицияда эмгектенген.

  • ‼️Бишкектеги автобустагы мушташ: Экинчи тараптын версиясы ✔️Бишкектеги N2-автобустагы башка жүргүнчү менен жаңжалга катышкан 34 жаштагы Паризат окуянын өз версиясын айтып берди. Анын айтымында, ал эки күн иштегенден кийин апасы менен ооруканага бараткан жана телефон аркылуу ооруканадагы кызматкерлер менен сүйлөшүп жаткан. Паризат аял жанына келип, орун берүүнү суранганын байкабаганын айтты. Анын айтымында, жүргүнчү кырдаалды туура эмес түшүнүп, атайылап турбай, «телефонун чукулап, адепсиз отурат» деп ойлогон. «Мага мойнума түртүп, жаман сөздөрдү айтып, тарбиямды жамандап, адепсиз деп айтты. Мен ага көңүл бурбай, оорукана менен сүйлөшүүнү аягына чейин уланттым», — дейт Паризат.

  • ‼️Министрлик: Кыргызстанда эт арзандап, картошка кымбаттады ✔️Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргызстанда, Казакстанда жана Россияда негизги азык-түлүктөрдүн бааларына салыштырма мониторинг жүргүздү. Мониторингге ылайык, Кыргызстанда картошканын баасы 2,7%, пастерленген сүт 0,8%, тоок жумурткасы 0,6%, бөлкө нан 0,3%га өскөн. Ошондой эле өсүмдүк майы менен кумшекердин баасы 0,1%дан жогорулаган. ✔️Ошол эле учурда каймак май 1,9%, пияз 0,9%, уй эти 0,4% жана кой эти 0,1%га арзандаган. Казакстанда пияз 3,1%га кымбаттаса, картошканын баасы 1,8%га төмөндөгөн. Россияда кумшекер 1,3%га кымбаттап, картошка 2,8%, сабиз 2,4%, пияз 1,1%га арзандаган. Калган азык-түлүктөрдүн бааларында олуттуу өзгөрүү катталган эмес.

  • ‼️Айыл чарба министри телефон номурун жарыялады ✔️Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков байланыш номурун социалдык тармакка жарыялап, айыл чарба багытындагы көйгөйлөр болсо өзүнө түз кайрылууга чакырды.

  • ‼️Курсан Асанов соттун чечимине эмне үчүн даттанганын түшүндүрдү ✔️Бүгүн, 13-августта, Бишкек шаардык сотунда «75-иш» боюнча апелляциялык арыздарды кароо уланды. Жыйндын алдында Курсан Асанов журналисттерге Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эмне үчүн макул эместигин жана апелляциялык инстанцияда эмнеге жетүүнү көздөп жатканын айтып берди. ✔️Биринчи инстанциядагы соттун чечими тууралуу суроого жооп берип жатып, Асанов иштин башка катышуучуларына карата чыгарылган чечимдерди талкуулоого ниеттенбестигин, өзүнө коюлган айыптоолор боюнча гана сүйлөй аларын белгиледи. «Мен өзүм жөнүндө айта алам. Мага коюлган айыптоолор боюнча күнөөмдү толугу менен мойнума алган эмесмин. Биз өз позициябызды жана макул эместигибизди билдиргенбиз», — деди Курсан Асанов. ✔️Ал өзгөчө бийликти күч менен басып алууга байланыштуу коюлган айыптоону белгилеп, соттук териштирүү башталгандан бери эле ага макул болбогонун баса белгиледи.

  • ‼️Бишкекте сегиз жаштагы кыздын алтын сөйкөсүн жулган аял изделүүдө ✔️Бишкекте сегиз жаштагы кыздын алтын сөйкөсүн жулган аял изделүүдө. Бул тууралуу Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынан тастыкташты. Баланын апасынын айтымында, окуя 12-августта саат 14:40 чамасында үйдүн короосунда болгон. Белгисиз жаш аял кыздын жанына келип, апасынын айтымында, алгач балага ишеним арттырган. Андан кийин аял кызды колуна алып, кармап туруп, зордоп сөйкөсүн чечип алып, изин жашырып кеткен. ✔️Апасынын айтымында, сөйкөнүн баасы 40 миң сомго жакын. Шектүү аял байкоо камераларына түшкөн. Милициядан бул факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталганын билдиришти. ИИБ кызматкерлери окуянын бардык жагдайларын, видеого түшкөн аялдын инсандыгын аныктап, аны кармоо чараларын көрүп жатышат.

АРЧА МЕДИА // ARCHA MEDIA — tgindex