tgindex
«Азаттык» радиосу

«Азаттык» радиосу

Статистика

«Азаттык» радиосунун кызыктуу маалыматтарын окуңуз. Кайрылуулар үчүн: @azattyk_elunu +996550988755 Орусча канал: @azattykrus

Последний пост
15 авг.
Последнее чтение
14:59
Постов за неделю
21
Всего постов
52
Тип
открытый
Язык
русский
Категория
Новости и СМИ (по похожим)
В каталоге с
12 авг.
Подписчики
4 049
−1 за 4 дн.
Сутки
0
0,00%
Неделя
 
Месяц
 
Просмотров на пост
435
40 постов
Вовлечённость
10,7%
к подписчикам
Постов в день
3,0
всего 52
Упоминаний
2
каналов
Охват размещения
оценка
1/24сутки в ленте
379
1/48двое суток
434
1/72трое суток
468

Оценка по просмотрам недавних постов: пост набирает почти всё за первые сутки.

Посты

  • ‼️Украинага каршы согушка эркектерди күчтөп алып кетүү Орусиянын аймактарында жайылууда. Пенза облусунда жергиликтүү тургундар бийликтин мындай өнөктүгүнө каршы өз алдынча аракет көрө башташты. Алардын айтымында, максаты эркектерди аскерге тартууга аракет кылгандардан «арачалап калуу». @azattyk_radiosu

  • Трамп Ормуз кысыгын "АКШнын аймагы" деп жакында жарыялай турганын билдирди АКШ президенти Дональд Трамп «жакында», Иранды толук жеңгенден кийин, Ормуз кысыгын «Америка Кошмо Штаттарынын аймагы» деп жарыялай турганын билдирди. 14-августта Трамп Нью-Йорк штатындагы полиция академиясында тарапташтарынын алдында сүйлөп жатып Иран «абдан жеңилип жатканын», чечим согуш аяктагандан кийин жарыяланарын айтты. Ошондой эле ал Ормуз кысыгы азыр АКШ аскерлеринин толук көзөмөлүндө экенин айтып, америкалык күчтөр уруксат бермейинче бул маанилүү суу жолунан кемелер өтө албай турганын билдирди. Согушка чейин Ормуз кысыгы аркылуу дүйнөлүк базардагы мунай жана газдын болжол менен бештен бири өтүп турган. @azattyk_radiosu

  • Мамлекет башчы Садыр Жапаров соңку маегинде президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди "президент кылуу" планы болгонун, бирок кийин анын айрым каталаранан улам бул оюнан кайтканын айтты. Ал журналист Али Токтакуновго берген маегинде Ташиев "дос бойдон кала берерин", бирок аны кызматка алып келүү планы эми жок экенин билдирди. Эксперттер президенттик шайлоонун айланасындагы соңку окуяларды саясий күчтөрдүн амбицияларынын кагылышы деп эсептешет. @azattyk_radiosu

  • 13-августта президент Садыр Жапаровдун журналист Али Токтакуновго курган маегинде айткандары кызуу талкууга айланды. Ал Кумтөр, коррупцияга каршы күрөш, Камчыбек Ташиевдин саясий жолу, Кытай менен кызматташтык тууралуу жана башка коомчулукту кызыктырган бир топ суроого жооп берди. @azattyk_radiosu

  • Европа Биримдиги жалпысынан дүйнөдө эрежелерге негизделген тартиптен алыстоо, авторитардык бийликке таянган тартипке жакындоо байкалып жатканын белгилейт. Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрү азырынча Европа Биримдигинин бул билдирүүлөрүнө расмий жооп бере элек. @azattyk_radiosu

  • Жапаров Ташиевди президент кылуу планы болгонун билдирди Мамлекет башчы Садыр Жапаров азыркы мөөнөтү бүткөндөн кийин УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди "президент кылуу" планы болгонун билдирди. 13-августта журналист Али Токтакуновго курган маегинде ал Ташиев "дос бойдон кала берерин", бирок аны кызматка алып келүү планы эми жок экенин айтты. Жапаров "20 жылдан бери дос болгон" Ташиевдин "эмгеги, ийгиликтерге салымы бар экенин", "беш жыл жакшы иштеп бергенин" белгилеп, бирок "жакындарына, классташтарына, группалаштарына жакшы көз сала албай калганы анын кемчилиги" болгонун, кызматтан ошондуктан кеткенин кошумчалады. "2027-жылы өзүм шайлоого барбай эле, ушу даяр болуп калса, жакшы иштеп калды, тажрыйба топтоп даяр болуп калса Камчы катышса, мен катышпай эле Камчыны президент кылып коюп, эс алууга кетсемби деген өзүмдүн планым болгон. Ушул мөөнөттөн кийин. 2027-жылы январда шайлоо болот да. Ушундай кылсам деген планым болгон. Өзүнө эки-үч жыл мурун айткам. "Даяр болгун, айлана-тегерегиңди тазала, тарбияла" деп келгем. Анан, карасам, даяр эмес. Эл эми биригип, бир Кыргызстан болуп баратса анан "сен тияктасыңбы же бул тараптасыңбы" деген болбойт. "Мен сени кызматтан алып жатам ошол үчүн, капа болбо. Кийинки шайлоого катышам десең шарт түзүп берем" деп айткам. Журналисттин "Сиз айтып туруп алдыңыз беле? Ал күтүүсүз болду деген эле" деген суроосуна: "Жо-ок, өзүнө айтып туруп эле алгам. Ал Германияда жаткан. Телефондон "Мына ушундай болуп жатат биякта, чатак, парламентте экиге бөлүп жатат" десем "Болду, сенин чечимиң, эч кандай немем жок" деди", - деп жооп берди. Жапаров Ташиев экөөнүн ортосунда "мен болоюн, андан кийин сен" деген соодалашуу эч качан болбогонун билдирди. https://www.azattyk.org/a/zhaparov-tashievdi-prezident-kyluu-plany-bolgonun-bildirdi/33829858.html

  • Жапаров Ташиевдин тушунда коррупцияга каршы күрөштөн 4 млрд доллар түшкөнү тууралуу маалыматты төгүндөдү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жемкорлукка каршы жүргүзгөн иштин натыйжасында мамлекетке 4 миллиард долларлык киреше түшкөнү тууралуу маалымат негизсиз экенин 13-августта президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго курган маегинде билдирди. "Коррупцияга каршы күрөш катуу темпте жүрдү. 4 миллиард доллардай, башкача айтканда, 300 миллиард сомдон ашык түшүптүр отчет боюнча. Ошол акча кайда кетти?" деген суроого мамлекет башчы: "Коррупциядан 4 миллиард түшкөн жок, чынын айтыш керек. Башында эле "Мына, 10 миллиард төктүрдүк, быйыл 50 миллиард төктүрдүк" деп Камчыбек Кыдыршаевич досум айтып жатканда "Ай, досум, цифралар менен ойнобо. Эртең ошончо чыкпай калса "жеп алды" деп айтат эл. Реалдуу түрдө айт" деп айткам. 300 миллиард болуп кеткени - мисалы, бирөөдөн ноутбук конфискация кылып жатса, Райымданбы же "мыйзамдагы ууруданбы", же "кустуруп" жаткандарданбы... Же, мисалы, базар баасы 100 миң долларлык батирин алса 300 миңге баалап туруп эле ала берген. Аны кимге сатасың эгер 100 миң доллар болсо базардагы баасы? Канча мүлк түшкөнү, кайра канчага сатылганы азыр ревизия болуп жатат. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунда толтура мүлк сатылбай турат, жүздөп саналат. 1 миллион доллар турса 10 миллионго баалап алып келип алган да кийин кайра сата албай калган. Ал үчүн Камчыбек Кыдыршаевичтин өзүнө комиссия да түздүргөм", - деп жооп берди. Ошону менен катар Жапаров коррупцияга каршы күрөштөн пайда болгон жок деп айтуу да мүмкүн эместигин белгиледи. Мамлекет башчы "пайда жакшы эле болду" деп, "мектептер салынганын, УКМКнын облустук, райондук борборлору бүт жаңыланганын, академия, спорттук аянтчалар, эс алуучу жайлар курулганын" кошумчалады. https://www.azattyk.org/a/zhaparov-tashievdin-tushunda-korruptsiyaga-karshy-kueroeshtoen-4-mlrd-dollar-tueshkoenue-tuuraluu-maalymatty-toeguendoedue/33829832.html

  • Садыр Жапаров Кумтөрдү алуу демилгесин Октябрь окуясынан кийин өзү көтөргөнүн айтты Кумтөрдү мамлекетке алуу 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин башталган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновдун YouTube каналына курган маегинде билдирди. Жапаров Кумтөр кенин мамлекетке алууну президенттин милдетин аткаруучу болуп дайындалган күнү эртеси баштаганын, бул милдетти Акылбек Жапаровго ишкананы текшерүүнү жүргүзүүнү дайындаганын айтты. Кумтөр мамлекетке алынарын шайлоо бүткөнчө купуя сыр катары сакташканын белгиледи. Ага чейин "Кыргыз алтында", Улуттук банк жана Кара-Балтада жаткан 500-600 килограммдай алтынын чыгарбай коюшканын билдирди. Кененирээк шилтемеден окуңуз: https://www.azattyk.org/a/33829833.html

  • Кошумча квота: электр унаасына суроо-талап өстү Кыргызстанга алып келинген электр унааларын бажы алымысыз киргизүү квотасы 15 миңден 25 миңге чейин көбөйтүлдү. Буга чейин 15 миң дааналык квота июль айында түгөнгөнүнө байланыштуу электр унааларынын баасы көтөрүлгөн эле. Учурдагы бензин кризисинин шартында электр менен жүрүүчү унааларга талап өсүп жатат.

  • Прокурорлор Ташиевдерди абакка кесүүнү сурады | ЖАҢЫЛЫКТАР | 13.08.2026 • Камчыбек Ташиев баш болгон сегиз адамдын иши шаардык сотто каралууда. Прокурорлор алардын пробациялык жазасын абак жазасына алмаштырууну сурап жатышат. • Талибан кыймылы Ооганстандагы бийликти басып алганына беш жыл болот. Өлкө экономикалык каатчылыкка батып, медицина тармагы жапа чегүүдө. • “Кыргызфармацияда” дары, медициналык жабдыктарды сатып алуудагы мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иши козголду. Ал жерде бюджетке 138 млн сомго жакын зыян келтирилгени айтылды. https://www.youtube.com/watch?v=Q02cEflTiCw

  • Корумду чокусунан түшүп келе жатып 10 күндөн бери дайынсыз болгон үч альпинистти издөө уланууда. 13-августта аба ырайы ачык болуп, 5700–6150 метр бийиктиктен дрон аркылуу жаңы кадрлар алынды. Азыр издөө штабы дронго тартылган видеолорду карап чыгып, альпинисттердин изин табууга аракет кылууда.  #azattykproject2026

  • Прокурорлор Ташиевдерди абакка кесүүнү суранды Бишкек шаардык сотунда «75чилердин иши» боюнча апелляциялык арыз каралууда. Прокуратура биринчи инстанциядагы соттун чечимин өзгөртүп, Камчыбек Ташиев баш болгон сегиз адамга абак жазасын берүүнү суранды. Сот жабык өтүп жаткандыктан отурумга журналисттер киргизилген жок.Прокурорлор “75чилердин катына” байланыштуу райондук соттун өкүмүнө каршы шаардык сотко апелляциялык арыз бергени 3-августта белгилүү болгон. Мунун алдында Камчыбек Ташиевдин жана Курманкул Зулушедин адвокаттары да райондук соттун чечимине нааразы болуп, кийинки инстанцияга кайрылган. #azattykproject2026

  • Прокуратура шаардык соттон Ташиев баш болгон сегиз адамды абакка кесүүнү суранганы белгилүү болду Бишкек шаардык сотунда "75чилердин катына" байланыштуу чыккан өкүмгө каршы прокуратура жазган апелляциялык арыз каралууда. Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов отурумдун алдында журналисттерге прокуратура жаза жеңил болуп калды деп арыз бергенин айтты. Ал мамлекеттик айыптоочулар Ташиев баш болгон сегиз адамга чыккан райондук соттук соттун пробациялык сыноону абакка камоого алмаштырууну суранганын билдирди. "Акталган беренени жокко чыгарып, санциянын чегинде жаза берүүнү суранууда. Экинчи берене боюнча да жаза жеңил болуп калды дешүүдө. Биздин күнөөбүз жок. Биз актоону суранабыз", - деди Айткулов. Сот жабык өтүп жаткандыктан журналисттер киргизилген жок. @azattyk_radiosu

  • ‼️Электромобилдерди бажы төлөмсүз киргизүү квотасы 25 миңге көбөйтүлдү Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши Кыргызстанга электромобилдерди бажы төлөмсүз киргизүү квотасын 15 миңден 25 миңге чейин көбөйттү. 10-августта кабыл алынган чечим он күндөн кийин күчүнө кирет. Кыргызстан ушуну менен 10 миң квота алып, жалпы лимит 66,7% өстү. Армения үчүн квота 15 миңден 20 миңге көбөйтүлдү. Өзгөртүүлөр Бажы бирлигинин комиссиясынын бирдиктүү бажы-тарифтик жөнгө салуу жөнүндө чечиминен кийин киргизилди. Чечим күчүнө киргенден кийин импорттоочулар Кыргызстанга 15 пайыздык бажы төлөмүсүз дагы 10 миң электромобиль киргизе алышат. Кыргызстанга 2026-жылга 15 миң квота бөлүнгөн. @azattyk_radiosu

  • Борбор Азия дагы бир мунай иштетүүчү ири заводго муктаж. Мындай пикирин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон август айынын башында Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын башчыларынын бейрасмий саммитинде билдирди. Рахмон биринчи кезекте аймактын ички керектөөсүн жаба ала тургандай ири мунай иштетүүчү завод курууну сунуштады. Анын айтымында, мындай ишкана Борбор Азия өлкөлөрүнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдап, күйүүчү майга болгон өсүп жаткан суроо-талапты канааттандырууга жардам берет. @azattyk_radiosu

  • Колумбияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 200дөн ашты Reuters жергиликтүү бийликке шилтеме берүү менен зилзалада 200дөн ашуун киши каза тапканын жазды. CNN телеканалынын эсептөөлөрү боюнча, кеминде 213 адам өлгөн. Буга чейин Asocapitales кеминде 169 адам мерт болгонун жазган. Куткаруучулар урандыларды тазалап жатышат. Кыйраган Кали жана Перейра шаарларында куткаруу иштери түнү бою жүрүп, дагы эле уланууда. Бийлик өкүлдөрү маркумдардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин эскертишти. Колумбияда 10-августта болгон жер титирөөнүн магнитудасы 7,4 баллды түзгөнүн өлкөнүн Геологиялык кызматы кабарлады. @azattyk_radiosu

  • Президенттин агасынын аты аралашкан “кеңсе” талкуусу | ЖАҢЫЛЫКТАР | 11.08.2026 • Колумбияда 7 баллдан ашкан катуу жер титирөө 160тын тегерегиндеги адамдын өмүрүн алды. Өлкөнүн ири шаарларынын бири Калиде 20дай имарат кулап, адамдар уранды алдында калган. • “Бийликти күч менен басып алуу” жана “Массалык башаламандыктар” беренелери менен айыпталып жапырт кармалган саясатчылардын соту жабык уланмай болду. • Президенттин агасынын аты аралашкан “кеңсе” тууралуу талкуу уланууда. Ишкер Сыргак Кенжебаев менен катар эле “Кумтөрдүн” мурдагы жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк да кендин айланасындагы окуялар боюнча утур-утур билдирүү жасоодо. https://www.youtube.com/watch?v=4VjboRGaBbU

  • ‼️10-августта Татарстан төрт жарым жыл мурун Украинада согуш башталгандан берки эң көп адам өмүрүн алган чабуулга кабылды. Акыркы расмий маалымат боюнча Нижнекамскиге дрондордун чабуулунан 13 киши каза болду. Алардын жетөө Өзбекстандын жараны. Каза болгондордун арасында тажик жарандары да бар. Украин бийлиги "Танеко" мунай иштетүүчү заводуна сокку урганын билдирди. Кремль бул маалыматты ырастай элек. 10-августта эртең менен Татарстандын Нижнекамск шаарына учкучсуз учактар чабуул койду. Орусияга караштуу жумурияттын башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, жергиликтүү убакыт боюнча болжол менен саат 08:30да дрондор менен «жапырт чабуул» коюлду. @azattyk_radiosu

  • Ташиевдердин иши шаардык сотто карала баштады | ЖАҢЫЛЫКТАР | 10.08.2026 • Атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев баш болгон сегиз адамдын иши Бишкек шаардык сотунда карала баштады. Райондук сот аларга үч жылдан пробациялык жаза берип, айыпталуучулар эркинде калган. • Президенттин администрациясы “мамлекет башчы Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаров жана анын уулу Азат Жапаров Бажыда коррупциялык иштерди уюштурган” деген сөздөрдү четке какты. Бул тууралуу жакында эле чет жакта жүргөн ишкер Сыргак Кенжебаев айтып чыккан. • Чоң-Алайда Корумду чокусуна чыгып дайынсыз болуп жаткан чет өлкөлүк үч альпинист изделүүдө. Алар 2-августтан бери байланышка чыга элек. https://www.youtube.com/watch?v=fvUrPaCiHbQ

  • Wildberries Казакстанга көчөт, кыргыз ишкерлер эмне болот? Украин армиясы Орусиянын ар кайсы аймагындагы Wildberries’тин 20дай кампасына сокку урду. Миңдеген кыргызстандык ишкер/соодагерлер зыян тартты. Ал арада Wildberries коңшу Казакстанда ири кампа комплекстерин куруп жатканы маалым болду. Ал эми Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Wildberries маркетплейсинин кампаларын Кыргызстандын аймагына жайгаштырууну сунуштады. https://www.youtube.com/watch?v=D6_gQybrkUA

«Азаттык» радиосу — tgindex