ПолитКлиника медиа
СтатистикаПолитКлиника - такталган гана маалыматтар!
- Последний пост
- 16:07
- Последнее чтение
- 02:46
- Постов за неделю
- 69
- Всего постов
- 79
- Тип
- открытый
- Язык
- русский
- Категория
- Новости и СМИ (по похожим)
- В каталоге с
- 12 авг.
- 1/24сутки в ленте
- 52
- 1/48двое суток
- 59
- 1/72трое суток
- 64
Оценка по просмотрам недавних постов: пост набирает почти всё за первые сутки.
Посты
‼️ Кумтөрдү кайтаруу кимдин эмгеги? Теңгиз Бөлтүрүк 2021-жылы негизги планды өзү иштеп чыкканын айтып, өз салымын коомчулукка эске салды. Буга чейин анын Кумтөрдөгү башкаруусуна байланыштуу каржылык суроолор жана кылмыш иши да коомчулукта талкууланган. Бул талаш кайдан чыкты жана Бөлтүрүктүн Кумтөрдөгү ролу кандай болгон? Толугу менен ютуб каналыбыздан көрүңүз. Шилтеме төмөндө 👇 https://youtu.be/wS0kGZuPkn4?si=iaZg1ztj9YKjn5Jn
‼️Ноокатта Кызыл китепке киргизилген кумай кушу табылды Ноокат районунун А. Мирмахмудов айыл аймагындагы чөп базардан сатуучулар тарабынан Кызыл китепке киргизилген кумай канаттуусу табылган. Ошол эле күнү канаттуу Ноокат райондук ветеринария башкармалыгына жеткирилип, ветеринардык кароодон өткөрүлгөн. Анда кандайдыр бир оорулардын белгилери табылган эмес. Ветеринардык текшерүүдөн өткөндөн кийин сейрек кездешүүчү канаттуу коопсуз жана ылайыктуу табигый чөйрөгө кайрадан коё берилген.
📌19-августтун аба ырайы 19-августка караган түнү жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын, облустарынын айрым аймактарында жана тоолуу аймактарда өткүн өтөт, калган жерлерде жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз 15-20 метрге жетет. АБАНЫН ТЕМПЕРАТУРАСЫ: Чүйдө түнкүсүн +15…+20, күндүз +31…+36; Таласта түнкүсүн +11…+16, күндүз +28…+33; Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн +16…+21, күндүз +31…+36; Ысык-Көлдө түнкүсүн +13…+18, күндүз +25…+30; Нарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +26…+31; Бишкекте жаан жаабайт. Түнкүсүн +18…+20, күндүз +33…+35.
‼️29-августтан 6-сентябрга чейин милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт Бишкек шаарында мамлекеттик маанидеги иш-чараларды өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Ички иштер министрлиги күчөтүлгөн тартипте иштейт. 29-августтан 6-сентябрга чейин коомдук тартипти сактоого, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга жана мүмкүн болуучу укук бузуулардын алдын алууга өзгөчө көңүл бурулат. Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын аймагындагы айрым жол тилкелеринде убактылуу чектөөлөр киргизилет. Маал-маалы менен жол жабылып турушу мүмкүн. ИИМ убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт. Бишкекте августтун аягында жана сентябрдын башында ШКУ саммити, Көчмөндөр оюндарынын ачылышы өтөт.
‼️Кыргызстан Кытайдан күйүүчү май ташып келүүнүн көлөмүн көбөйтөт Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районундагы жолугушууда айтты. Кыргызстанда күйүүчү май тармагында иштеген ондон ашык компаниянын жетекчилери Кытай мунай жана химиялык корпорациясынын (China Petroleum & Chemical Corporation — Sinopec) директорунун орун басары Тянь Хунбинь менен жолугушту. Кыргызстанда мунай продуктулары менен иш жүргүзгөн ар бир ишкердин түздөн-түз иш алып баруусу жана маселени жеринде көрүп таанышуусу үчүн делегациянын курамына кошулган. Sinopec корпорациясы мунай тармагында жаңы багыттарда иш алып барууга кызыкдар экенин билдирген. Sinopec мунай жана газ тармагында иштеген дүйнөдөгү эң ири компаниялардын ичинен алтынчы орунда турат. Буга чейин Кыргызстан Кытайдан, Түркиядан жана Беларустан күйүүчү май ташып келери айтылган. Ошондой эле Орусиядан айына 100 миң тоннадан күйүүчү май алып келүү боюнча келишимге кол коюлган.
‼️Бишкекте айрым бизнес ээлери эки күнгө ишти токтотобу? Бишкектин Биринчи май райондук акимчилиги ишкерлерди 31-август жана 1-сентябрь күндөрү ишин токтото туруу өтүнүчтөрүн жиберүүдө. Тийиштүү өтүнмөнүн сүрөтү социалдык тармактарга тарады. Бул меймандар өтө турган негизги жол жээктеринде жайгашкан коомдук тамактануу, унаа жуучу жайларга, техникалык тейлөө жайларына тиешелүү. ШКУ саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өткөрүлүшүнө байланыштуу делегациялардын коопсуздугун жана үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыздоо максатын көздөйт. Кошумчалай кетсек, 29-30-август - ишемби, жекшемби. Ал эми 31-август — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү - майрам болуп саналат. Буга кошумча Министрлер кабинетинин токтому менен 1-сентябрь Бишкекте эс алуу күнү деп белгиленген. Кыргызстанда августтун аягында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы жана ШКУ саммити өтөт. Буга чейин бийлик бул күндөрү борбор калаага сырттан сыйлуу конок келерин, жол тыгыны болорун айтып, жарандарды эс алууга барууга чакырып келди.
‼️Бишкек, Ош, Манас шаарларында канча мектеп курулуп жатат? Бүгүн 18-августта Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарына барды. Ал калаа мэри Жанарбек Акаев менен бирге шаардагы курулуп жаткан объектилер, анын ичинде Президенттин турукташтыруу фондунан курулуп жаткан 10 мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышууда.
‼️Ырчы Аскат Жетиген 19-августта абактан чыгышы күтүлүүдө Камактагы акын Аскат Жетиген 19-августта үч жылдык жаза мөөнөтүн толук өтөп бүтүп, эркиндикке чыгат. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова билдирди. Ал учурда Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесинде жазасын өтөөдө. Жарандык активист, ырчы Аскат Жетигенге Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет эки кылмыш ишин козгогон: -2021-жылы март айында жасалган видео кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”); -2024-жылы 15-мартта жасаган видео кайрылуудан кийин 278-берененин 3-бөлүгүнүн (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) негизинде. Аскат Жетиген — ырчы, комузчу, обончу, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган.
‼️Көл жээгине кафе, калкыма үй курууга уруксат берүү сунушталды Ысык-Көлдүн жээгинде кафелерди жана көлдө калкып жүрүүчү үйлөрдү курууга уруксат берүү сунушталууда. Тиешелүү документ коомдук талкууга коюлду. Демилгечилер Жогорку Кеңештин депутаттары Максат Алымбеков менен Табылды Муратбеков. Мыйзам долбоору менен пирстерди, эллингдерди, причалдарды, сүзүүчү платформаларды, коомдук тамактануу жайларын, жайгаштыруу үчүн укуктук шарттарды түзүү каралууда. Бул туристтерди, спортчуларды, чакан көлөмдөгү суу транспорт каражат ээлерин тейлөөнүн комплекстүү тутумун калыптандырууга, инвестиция тартууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, чакан жана орто ишкердикке дем берүүгө мүмкүндүк берет. Азыркы мыйзамда жээктен 100 метрге чейин капиталдык курулушка тыюу салынган. Ал эми сунушталып жаткан долбоордо, Министрлер Кабинети жээктен 100 метр аралыкта айрым курулушка уруксат бере алары жазылган.
Бишкекте коомдук транспортту күткөндөрдүн нааразычылыгы күчөдү. Айрым каттамдар 15-20 мүнөткө чейин кечигип, аялдамаларда эл көбөйүп, автобустарга батпай калган учурлар жаралууда. Автобустардын каттам аралыгы эмнеге узарып жатат? «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы буга кандай түшүндүрмө берет? Толук маалыматты ютуб каналыбыздан көрүңүз. Шилтеме төмөндө 👇 https://youtu.be/TsjHJr1cUmM?si=ObWJLmsjPu6Zzvf9
без подписи
без подписи
без подписи
без подписи
без подписи
‼️"Ак-Тилектеги" коррупция: Чек арачы жана салыкчылар кармалды 2026-жылдын 16-августунда ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМК «Ак-Тилек автожол» өткөрмө пункту аркылуу жүк ташуучу унаалар мыйзамсыз өткөрүлүп турган коррупциялык ишти аныктады. Мамлекеттик Чек ара жана Салык кызматтарынын ЕАЭБ боюнча башкармалыгында иштегендер акча алуу үчүн оор жүк ташуучу унааларды Кыргызстандын аймагына тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыздап, ошол эле учурда расмий документтерде аларды бош унаа катары катташкан. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча Чек ара кызматынын аскер кызматкери Э.у.Ч., Салык кызматынын ЕАЭБ боюнча башкармалыгынын Түндүк аймактык кызматкерлери Ж.М.Т. жана О.К.И., кармалды. Оор жүк ташуучу унааны айдоочусу Н.М.С. да камакка алынды. Учурда иштин бардык жагдайларын тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
‼️Августтун аягында кыргызстандыктар бир канча күн катары менен эс алат 29-30-август - ишемби, жекшемби. Ал эми 31-август — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү - майрам болуп саналат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Буга кошумча Министрлер кабинетинин токтому менен 1-сентябрь Бишкек шаарында эс алуу күнү деп белгиленген. Майрам күнү иштегендиги үчүн тараптардын макулдашуусу боюнча кызматкерге башка эс алуу күнү берилет. Иштеген күн эмгек өргүүсүнө кошулат же эмгек акы кеминде эки эселенген өлчөмдө акчалай компенсацияланат. Кыргызстанда августтун аягында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы жана ШКУ саммити өтөт. Буга чейин бийлик бул күндөрү борбор калаага сырттан көп сыйлуу конок келерин, жол тыгыны болорун айтып, жарандарды эс алууга барууга чакырып келди.
‼️Ишкер Рысгүл Акимжанова министрдин орун басары болду Ишкер Рысгүл Акимжанова Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү чечимге Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 46 жаштагы Рысгүл Акимжанова "Бай Элим Компани» ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана башкы директору. Компания айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү багытында иштейт. 2025-жылдын 27-майында Рысгүл Акимжанова 8848 метр бийиктиктеги Эвересттин чокусуна чыгып, Кыргызстандын туусун желбиреткен. Ал Эверестти багындырган Кыргызстандын экинчи айым альпинисти болгон. 2025-жылы №19 көп мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон.
без подписи
без подписи