𝒏𝒖𝒓𝒖𝒍_𝒒𝒂𝒍𝒃𝒊𝒎
Статистикаhttps://chat.whatsapp.com/DQrxkus8xFJF6Jr49jCdDd
- Последний пост
- 4 апр.
- Последнее чтение
- 01:54
- Постов за неделю
- 0
- Всего постов
- 22
- Тип
- открытый
- Язык
- английский
- Категория
- Религия (по похожим)
- В каталоге с
- 13 авг.
- 1/24сутки в ленте
- —
- 1/48двое суток
- —
- 1/72трое суток
- —
Оценка по просмотрам недавних постов: пост набирает почти всё за первые сутки.
Посты
Көп нерсе адамга зыян окшойт... Тандоо көп болсо, башың адашат Каалоо көп болсо, напсиң семирет Баалоо көп болсо, көзүң май басат Жектөө көп болсо, сөзүң алсырайт Сүйүү көп болсо, баасын жоготот Күтүү көп болсо, артын муң басат Сагынычтын көптүгү ден соолуктун уурдалганы Байлыктын көптүгү тынч уйкуңдун бузулганы Анан эң арманы – баарлашууга мүмкүнчүлүк көп, бирок баарлашарга пикирлеш жок...
Жарым түндө бөлмөңдө жалгыз ыйлаганыңда Аллах Таала сен үчүн эмне дейт билесиңби?; Периштелерден сурайт: Кулумду ким ыйлатты? Периштелер жооп беришет: Аллахым, Сен баарын Билүүчүсүң. Кийин периштелер Аллах Таалага кайрылып ушинтип айтышат: Кулуң жылмайбады. Жүзүндө жылмаюнун изи да калбады... жана сен үчүн периштелер да ыйлап башташат. Аллах Таала да ушундай жооп берет. Кулум сүйгөн жана жоготкон бир нерсеси үчүн ыйлап жатат. Жана айтат: Кулум эмнесин жоготкон болсо ага Мен андан жакшысын берем; ал ушундай бир нерсе болот, дүйнө акыретте баары таң калышат. Аллах Таала бүтүн кыйынчылыктарыңды Угуучу, ар тамчы көз жашыңды Көрүүчү. Ага толугу менен ишен жана үмүтүңдү үзбө. Аягында баары өз жолуна түшөт. Жана баары кандай болуш керек болсо дал ошондой болот. "كن فيكون" "Бол" дейт, болот... Аллах үчүн баары оңой.
Эң чоң жеңиш — бул бирөөнү жеңүү эмес, өзүңдүн "колумдан келбейт" деген коркууңду жеңүү.
✨Кош бол Рамазан✨ Бизди таштап кетесиңби Рамазан? Дуба кылсам каласыңбы Рамазан? Ай башында, ай соңунда келүүчү Нафил болуп арасында Рамазан? Келер айлар куттуу болсун Рамазан, Сен сыяктуу таза болсун Рамазан! Сага кошуп кадыр түнүн жиберген Раббыбызга мактоо болсун Рамазан! Сенден калган нуруң менен күндөймүн, Сенден алган мүнөз менен гүлдөймүн Келер жылы келишиңе ишенем, Бирок, аттиң... Сен келгенде мен боломбу билбеймин... https://chat.whatsapp.com/DQrxkus8xFJF6Jr49jCdDd?mode=gi_t
🔴 КАДЫР ТҮН МИҢ АЙДАН ДА АРТЫК Аллах таала ыйык Куранда айтты: «Кадыр түн – миң айдан да артык (түн)». (Кадр сүрөөсү, 3-аят) Кадыр түн – жыл ичиндеги эң улуу түн. Мусулман адам бул түндө кандай ибадат кылбасын, ал ибадаты Аллахтын алдында миң ай кылынган ибадаттан да жакшыраак. Аллах таала мындай артыкчылыкты Кадыр түнгө гана берген. Жыл ичиндеги башка эч бир түн бул түндүн даражасына жетпейт. Миң айды жыл менен эсептей турган болсок, 83 жыл 4 айга барабар. Азыркы күндө 83 жашка чыккан адамдар саналуу гана. Эгерде адам ошончо жашка чыкса дагы ал өмүр бою ибадат кыла албайт. Бирок Аллах Өзүнүн сүйүктүү пенделерине акылга сыйгыс мүмкүнчүлүктөрдү түзүп койгон. Эгерде мусулман адам Кадыр түндү ибадат кылуу менен өткөргөн болсо, анда анын ошол түнкү кылган ибадаты – Аллахтын алдында миң айдан ашык кылынган ибадаттан да артык деп айтылган. Анас ибну Малик айтты: «Кадыр түндөгү кылынган ибадат, садака, намаз жана зекет миң айдан да жакшыраак». (Ад-Дурру аль-Мансур, 6/370)
Көптөн Күткөн Мусульмандар Майрамы Келди Мына Орозо ай Сайраны Бир Туугандар Ушул Айды күтүшкөн Кутту болсун Орозо Айт Айлары Орозоңуз Кабыл Болсун Бир тууган Күч тилеймин Токчулуктан курулган Ушул Айда Жакшылыктар көп болсун Элибизде Ар бир үйгө кут консун Кандай Соннун Орозону кармаган Кудай үчүн өз Напсини Байлаган Орозону Сыйлап көктөп кармаса Пайгамбардын Жүрөгүндө Ал Адам Арбир жанга Насип кылсын отуз күндүк орозо Орозо бул гүл Бейишке Босого Ушул Айда бардык жаман оңолор Жаратканым Пенделерди колдосо Арбир үйгө ырыскыны чакырып Кутту кечте Жарамазан Айтылып Мына ушундай Ыйык келген Айларда Ар Бир үйгө тилейм тынчтык жакшылык Орозону кармаңыз Жүрөктөн Насип кылар Жаздуу Бейиш гүлдөгөн Мына ушундай Касиеттүү орозо тартту кылат зор бакытты күтпөгөн Орозо бул кандай бакыт жайнаган орозодо кимдер бакыт таппаган ырыскысы жанда жүргөн Орозо Орозону сагынбаган барбы Адам Ушул Айда Наристелер төрөлсүн Бапестелип Ак бешике бөлөнсүн Ата энеси арзуу кылып күткөндөй Эр Азамат Жигит болуп көгөрсүн Ооооо Күчтүү АЛЛАХЫМ Ушул Айды Дагы даалай Ирет Насип кылыңыз ушул айда арбир жандын үйүнө жакшылыкты тынчылыкты бериңиз Арбир Орозо кармаган бир туугандарымдын орозосун кабыл кылыңыз жана кылган арзуу ниеттерин жүзөгө ашырыңыз Уулу жокко Уул берип Алы жокко күч берип оруукчанга шыпа Кайгылууга сабыр бериңиз🤲🏻
شَهْرُ رَمَضَانَ الَّذِي أُنْزِلَ فِيهِ الْقُرْآنُ هُدًى لِلنَّاسِ وَبَيِّنَاتٍ مِنَ الْهُدَىٰ وَالْفُرْقَانِ ۚ فَمَنْ شَهِدَ مِنْكُمُ الشَّهْرَ فَلْيَصُمْهُ ۖ وَمَنْ كَانَ مَرِيضًا أَوْ عَلَىٰ سَفَرٍ فَعِدَّةٌ مِنْ أَيَّامٍ أُخَرَ ۗ يُرِيدُ اللَّهُ بِكُمُ الْيُسْرَ وَلَا يُرِيدُ بِكُمُ الْعُسْرَ وَلِتُكْمِلُوا الْعِدَّةَ وَلِتُكَبِّرُوا اللَّهَ عَلَىٰ مَا هَدَاكُمْ وَلَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ «Рамазан айы - бул айда адамдарга туура жол болуп, ушул туура жолдун жана жакшы менен жаманды ажыратуучунун ачык далилдери болуп (көрсөтүлүп) Куран түшүрүлдү. Силерден ким ушул айга күбө болсо (туш келсе) орозо тутсун! Ал (бул айда) бирөө ооруп калып, же сапарга чыкса, башка күндөрдө санын толтурсун. Аллах силерге жеңилдикти гана каалайт, кыйынчылыкты каалабайт. Санды толуктагыла, силерди туура жолго салганы үчүн Аллахты улуктагыла! Мүмкүн, силер шүгүр келтирээрсиңер.» Бакара сүрөсү, 185-аят
“Su akar yolunu bulur” -Суу агып, өз жолун табат. Аллах кааласа, жашооңдогу ар бир нерсе өз нугуна түшөт. Туура күндө, туура убакытта. Болгону Аллага деген ишенимиңди, аракетиңди токтотпо🌿
"في كل قلب مقبرة.. " "Ар жүрөктө бир мазар бар..."
Ашыкпай салсаң акылга, 🧠✨ Аял зат — деген асыл да. ❤️ Жоодурайт периште сымал, 👼🏻 Жоолугу турса башында! 🧕🏻🌷 Ар бир бүртүк нур кошулуп жүзүңүзгө, 🌟 Ыйман толсун ар бир айткан сөзүңүзгө. 💎 Жоолугуңуз коргон болуп ар дайым, 🛡️ Бакыт берсин Жаратканым өзүңүзгө! 🤲🏻💖 Баарыңыздарды куттуктайм 🌸❤️
Байлык-бийликтин ээси болгуча, жакшы сөздүн ээси бол! Анткени жакшы сөз акылга азык, жүрөккө дары, денеге кубат болот. Жакшы сөз сүйлөө садака болот. Ал эми садака жакшы сезим менен оорууга шыпаа алып келет. Ичибиз толо ширин сөз.Ошол ширин сөздөрдү эмнеге башкаларга айтуудан сараңдык кылабыз.
Кордобо кыргыз аялды, Жоопкерсиз наадан сен болсоң, Күнөөлүү ага аялбы? Эркек бол! Эркек каарданбай, Катынга окшоп назданбай, Аялдык сапат сага өттү, Таарынуу, чачты тарамай! Эркек бол! ЭЙ эркек бол!!! Жырткыч болбой эстүү бол, Кудайым сага күч берген! Үйүңдү корго деп берген! Адалдан иштеп күч менен, Үй бүлөңдү бак деген! Алсызды аяп кордобой, Жөлөк болуп кой деген! Акылың болсо эгерде, Күчүңдү туура пайдалан, Чочкодон төмөн болбостон Эректей болгон эркек бол!!!! https://chat.whatsapp.com/DQrxkus8xFJF6Jr49jCdDd?mode=gi_t
Админкаңыздар эми 18ге чыкты😄❤️
Рамазанга мыкты белек 🎁🕌 Ыйык Рамазан айы кирип келатат — ибадатты жеңилдеткен электрондук жайнамаз менен намазыңды толук жана так аткар! 🔹 5 тилде сүйлөйт 🔹 Намаз окууну үйрөтөт 🔹 Балдарга да, чоңдорго да ылайыктуу 🔹 Үй-бүлөгө эң пайдалуу белек 🔥 Акция баасы: 2500 сом 🚚 Жеткирүү акысыз 📞 0226119400 Рамазанды береке менен тосолу 🤲 Себепке жол ачкан белек — бүгүн ал! Жакындарыңызга ата энеңизге сонун БЕЛЕК🤩🤩🤩😍 Акцияга жетишип калыңыздар эң сонун мүмкүнчүлүк Жакындарыңыздар менен бөлүшүп коюңуздар ❤️
Кемчиликсиз адам болууңуз шарт эмес. Эң негизгиси жасалма болбоңуз…
👦 Акылга толуп калган бала апасына кайрылып: — Апа, мага кеңеш бериңизчи, бир өмүргө жете турган, — деди. 👩🦳 Апасы айтты: — Балам, сен жөнүндө эч ким, эч качан, 🤲 АЛЛАХка даттанбасын! ✅ 🌟 Ушунчалык жакшы Адам бол. ⚔️ Душманың да сага душман болгонуна өкүнсүн.
Алла берсе — сыноо менен берет, алып койсо — сыноо менен алат. Сыноосуз берешендик да, жоготуу да болбойт. • Иман күчтүү болсо, жол оор болбойт; жүрөк күчтүү болсо, жүк оор болбойт. • Акылың сени коргойт, тилиң сени сатат. Тилиңди бекем кармаган — душманына алдырып койбойт. • Жакшы адам сенин кемчилигиңди жашырат, жаман адам сенин жакшылыгыңды да көрбөйт. • Жалганды сүйлөш оңой, бирок жүрөктү алдай албайсың — ал чындыкты үнсүз айтып турат. • Сабыр — кайгыны кетирбейт, бирок кайгыга чөгүп кетүүдөн сактайт. • Өзүнө ишенген адам бийик, башканы тебелеген адам төмөн. • Дос адамды бакытта эмес, балээ келгенде тааныйсың. • Акыл сөз издөйт, наадан ызы-чуу издөйт. • Ыйман — жүрөккө нур, күнөө — жүрөккө так. Такты тазалай турган жалгыз нерсе — тобо. • Күндүн өзүндө көлөкө бар, адамдын өзүндө кемчилик бар. Кемчиликсизди издебе — таба албай кыйналасың. • Сүйлөбөй койгон сөз — зыянсыз, айта салган сөз — көп учурда жара. • Тынчтык — үнсүздүктө эмес, жүрөктүн токтоолугу менен келет. • Байлык — колдо турган нерсе; ырыс — жүрөктө турган нерсе. Колдогу кетет, жүрөктөгү калат. • Сураган нерсең кечигип жатса, Алла сен сурап жаткан нерсени эмес, сага ылайыктуу болгонун даярдап жатат. • Өмүр — күндөрдүн саны эмес, жүрөккө тийгизген таасиринин саны. • Жакшы сөз — садага; жаман сөз — жара. Экөөсүнүн баары кайтып келет. • Армандан чоң жүк — өкүнүү. Арманга сабыр кылсаң жеңилдейт, өкүнүчкө эч нерсе жардам бербейт. • Өзүңдү актаганыңча, өзүңдү оңдогон жакшы.
• Азан чакырык — рух үчүн белек. Белекти кабыл албасаң, белек ээсин да күтпө. • Исламды көрүп сүй, бирок мусулмандын кемчиликтерин көрүп динден качпа. Дин — кемчиликсиз, биз — пенде. • Байлыгым бар деп мактанба — жүрөгүңдө ыраазычылык жок болсо, эң жакыр сенсиң. • Өлүм — кетүү эмес, өткөнгө чекит. Сенсиз да жашоо уланып жатканы — дүйнөнүн убактылуу экенине сабак. Күндүн нуру тийбеген жүрөккө карангы ой бат келет. Жүрөктү тазалаган — зикир, тилди тазалаган — чындык.
“Мага жолдош болчу адам”🫀 Сүйсүн мени - башка адамга кыйбасын, Ата-энемди, ата-энесин сыйласын. Бекем болуп ичиндеги ыйманы, Жымыңдашкан кыздарга көз кыспасын. Кошоматка жагынбасын бирөөгө, Жаман жүрүп,батпасын эч күнөөгө. Жума күнү мечит карай бет алсын, Жаамы журтка жакшылыкты тилөөгө. Күчтүү болсун коргогонго билеги, Жакшы жолго ыктап турсун тилеги. Түшүндүрүп көз караштан баарысын, Өзү токтоо, сүрдүү болсун кареги. Чынчыл болсун ишеничтен чыкпаган, Өз жумушун мыкты билип аткарган. Болсун жана барк-бедели жогору, Дос-душманы сыйлап аны барктаган!
“Эй жигит, көкүрөгүн үмүт тепкен, Ук мени көңүл менен, ак дил менен! Терс кетпей адилеттин жолун жолдо, Жаштыкты кор тутпагын турса колдо. Жаштык өтөт көз ирмемде — баалай бил, Кармасаң да өмүр бүтөт — билип жүр. Жаштыгыңды болбос ишке коротпо, Тобоо кылып, жаман ойду жолотпо. Кайда жаштык! Кээде катуу өкүнөм, Пайдасы эмне, сөздү бүттүм эми мен. Кимдин жашы кырктан өтсө болжолу, Жаштык менен кош айтышып койгону. Карып калдым, элүүдө менин жашым, Кап-кара кузгун эле, аккуу башым... Алтымыш «кел бери* деп үндөп турат, Барармын жыгылбасам жолдон сулап! А кийин, алтымыштан ашкан адам, Жай өтүп, суук кышка кирет анан. Отузда чогултканың — элүүдө жок, Алтымышта не калып, эмне болот! Элүү жашым — сага барбы жазганым? Кай күнөөмө кырсык айдап баштадың? Жаш кезимде баары кубанч, күлкү эле, Эми ичкеним — уудай ачуу бир неме! Ийилбес жебе элем, жаадай болдум, Жүрөгүм учкан жебе, толбойт ордум. Жаш кетти карылыкка берип кезек, Бул үлүш менден өтүп, сага жетет. Жардам бер акыйкатчым, көңүл душман — Карыдым, жылдар мага болду душман! Чидерсиз түз басалбай чалыштаймын, Байкушмун, көз начарлап көрбөй калдым. Күлкү жок, көкүрөктөн жалын өчтү, Чакырба, күтпө эми — жаштык өттү. Көзүңдү ач, эй кексе чал, өлүмүң ак, Жоктогун өткөнүңдү ыйлап, муңдап... Көп күнүн өмүрүңдүн өзүң жедиң, Өлгөнчө көп жалынып, кечир дегин. Жараткан түбөлүктүү, муң билбеген, Тирүүгө — өлүм буйруп койгон белең! Сага айтып, жалгыз гана тилейм сенден, Көрөр күн, өмүрдү узун кылсаң экен.” 📖 ”Куттуу билим” 🪶 Жусуп Баласагын