tgindex
БИЛИМДҮҮ ЖАШТАР

БИЛИМДҮҮ ЖАШТАР

Статистика
@bilimduujashtarрусский
Последний пост
14 авг.
Последнее чтение
14 авг.
Постов за неделю
2
Всего постов
25
Тип
открытый
Язык
русский
В каталоге с
13 авг.
Подписчики
2 244
−4 за 3 дн.
Сутки
+1
+0,04%
Неделя
 
Месяц
 
Просмотров на пост
990
25 постов
Вовлечённость
44,1%
к подписчикам
Постов в день
0,3
всего 25
Упоминаний
0
каналов
Охват размещения
оценка
1/24сутки в ленте
104
1/48двое суток
119
1/72трое суток
128

Оценка по просмотрам недавних постов: пост набирает почти всё за первые сутки.

Посты

  • ☪️ ЖУМА КҮНДҮ САДАКА МЕНЕН БАШТАЙЛЫ Бүгүнкү жума күнү сообу эсепсиз бериле турган амалдардын бири “САДАКА" берүүгө чакырабыз! "Күндү садака берүү менен баштоо балээлердин алдын алат.” (Дайлами) Урматтуу мусулман бир туугандар! Аллахымдын сыноосу болуп жардамыңыздарга муктаж болуп турам. Эки кичинекей жетим калган балам менен оор күндөрдү өткөрүп жатабыз жолдошум 2 жыл мурда каза болгон. Өзүм жалгыз ысык суукка карабай иштеп жүрүп бөйрөктөрүмө суук тийгизип алып иштей албай үйдө отуруп калдым.😞 дарыланууга да каражатым жок аргасыз жардам сурап кайрылып жатам жардам берип коюңуздарды суранам. Аллахым сиздерден ыраазы болсун🤲 Келиңиздер туугандар! Зелфира эжеге колдон келишинче продуктуга дагы жардам кылалы. Мбанк 0505189819 Зельфира Д деп чыгат О! Деньги 0505189819 Москвадан Единица кылып салса да болот. (О!) Абдулла бин Умар (разияллооху анху)дан риваят: Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтат: “Ким бир тууганынын муктаждыгын бүтүрсө, Алла Таала анын муктаждыгын бүтүрөт”. (Абу Дауд) Пайгамбар, саллаллаху алайхи уа саллам, айтты: “Суу отту өчүргөн сыяктуу эле, садака да күнөөнү өчүрөт”. (Тирмизи) Пайгамбарыбыз (ﷺ) айтат: "Жашыруун берилген садака Аллахтын ачуусун кетирет.” (Байхаки) Пайгамбарыбыз (ﷺ) айтат: “Жетимди кепилдигине алган адам экөөбүз, Бейиште ушунчалык аралыкта жакын болобуз” – деп, ортоңку колу менен сөөмөйүн көрсөттү. (Имам Бухари). Жума маарек болсун!🌹

  • 11 авг.166из turatalybaev

    Буюрса долбоорлорубуз биринин артынан бири чыгууда. Кайсы бири ийгиликтүү болуп кетет, кайсы бири өз максатына жетпей калат. Кандай болсо да, биз ошого даярбыз.

  • 21 июл.4314из turatalybaev

    ​📞 Өзүм чалып коем! 👋🏻 Ассалоому алейкум, урматтуу окурманым! Амансыздарбы, байкасам көптөн бери жазбай калыптырмын, бул ирет жазып пост чыгарайын дедим. ❓ Билесиздерби, бизде аябай сонун бир маселе бар, “Өзүм чалып коем” – дейт, же жумуш издеген учурда, же кандайдыр бир маселе менен бир жерлерге барганда “биз сизге өзүбүз байланышып коебуз”, “биз сизге чалып коебуз” – дешет. 🔸 Жакында эле ушундай бир окуя болду, бир таанышым, “өзү чалып коем деди эле, күтүп жатам” – деп калды. Ошондо ага өз оюмду айтып калдым. Өзүң чала бер, алар сага чалышпайт деп. 🔸Бул жашоонун чындыгы ушундай экен, өзү чалып койбойт эч качан. Сиздин жумушуңуз үчүн, азыр бирөө сизге чалып койбойт. Жөн гана ушундай. Ооба, чынчыл адамдар бар, алар сөзсүз чалат, бирок жашоонун чындыгы, көпчүлүк азыр чалбайт. Мен деле эч кимге сөз бербейт, айрымдар айтат айтып коесузбу, чалып коесузбу, жазып коесузбу деп калышат, мен аларга айтам, мен унутуп калам, сиз чалып коюңуз, сиз сурап туруңуз деп эскертем. 🔸Чынын айтканда, сиздин жумушуңуз боюнча бирөө кайра сизге чалбайт. Жөн гана кээде соц тармактардагы шортс көрүп отуруп, унутуп калат. Же өзүнүн иши сиздикинен маанилүү, ал өз иши менен алек болот. Ошо, болгону эле ошол. 🔸Айрыкча АйТи тармакта жумуш издегендер, же деги эле башка жумуштарды издеп бирөөгө кайрылгандар деле, эч тартынбай эле, бир канча убакыттан кийин, бир учурашып коюңуз, мен иш менен кайрылдым эле деген маанини билдирет, акыбалын сурап койсоңуз эле, ал өзү сиздин ишти тездетип баштайт. Сиз чалбасаңыз, жазбасаңыз, ал деле аракет кылбайт, унутуп калат, же аа өзүнүн кызыгуусу жок экен, бул ишти алып деле кете албайт деп чечимди чыгарып, аракет кылган, чалып ал акыбал сураган адамды ишке алып коет. ✅ Ошо, өзүңүздү өнүктүрө бериңиз, өлкөнүн өнүүгүсүнө салым кошо бериңиз, а биз болсо өнүгүп, өсүп, алдыга жылып жатабыз, өлкөбүз үчүн пайда алып келүүнү улантып жатабыз. ✍🏻 Турат Алыбай, агартуучу, програмчы. Каракол шаары, 21-июнь, 2026-жыл

  • https://youtu.be/ktIROyY1yBg

  • 15 мая870из turatalybaev

    ​👋🏻 Ассалоому алейкум, урматтуу окурманым. 🔹 Кечээ Ысык-Көлгө болгон сапарыбызды, жана эс алуубузду жаздым эле. Бүгүн болсо, 2-жылы Талас облусуна болгон сапарыбызды улантып жатам. Окуп, комментарий жазып, класстан басып коюңуздар. 🥳 2-жыл Талас облусу ✅ Экинчи жылы дагы бир маршрут адам болуп, топтолуп алып, Кыргыз рухунун, духунун борбору болгон, Манас атабыздын жери, далай атактуулар чыккан Талас облусуна сапар алдык. Ал жакта Беш-Таш мамлекеттик коругуна барып, телефон тартпаган, интернет тынчыңды албаган сонун жайлоодо конок болуп калдык. ✅ Бирок ал жерде жөн жата бербей, күндүзү чыгып алып, Талас облусун кыдырып, айтылуу Айтматов атабыздын айылы Шекерге чейин барып, айылдын маданият үйүндө орун алган Айтматовдун жана айыл чыгаандарынын, Ашым Жакыпбеков атабыздын музейлери менен тааныштык. Сүрөткө түштүк, баарлаштык, чер жаздык, ойнодук. Кайтып келе жатып, Кара-Буура суу сактагычка кайрылдык. ✅ Эртеси Таластын токоюн араладык, Манас ордого зыяратка бардык, Кароол дөбөгө жарышып чыктык. Манас ордо тарапта, жолдун боюнча боз үй тигип, куурдак жасаган кууруган апа бар, мен ар Таласка барганымда сөзсүз ошого кайрылып куурдак жегенге аракет кылам, бул ирет дагы командабыз менен апабыздын куурдагына курсакты кампайтып, анан Бишкекти көздөй сапар алдык, кыскасы Таласта да 2-жылдын саякаты абдан кызыктуу болду. ✍🏻 Турат Алыбай, агартуучу, програмчы. Каракол шаары, 2026-жыл.

  • 14 мая615из turatalybaev

    ​👋🏻 Ассалоому алейкум, амансыздарбы урматтуу окурмандарым! 🔹 Биздин командабыз, окуучуларыбыз жана негизи эле каалоочулар менен биргеликте 4 жылдан бери, өлкөбүздүн бир облусуна барып саякаттап жана эс алганча АйТи тармагында тажрыйба алмашып келип жүрөбүз. 🔹 Кечээ ошол мурунку сүрөттөрдөн бир топ сторис кылып чыгардым. Чынында сонун эсте каларлык окуялар, эсте каларлык иш-чаралар болуп өтүптүр. Бул постко дагы сүрөттөрдү жайгаштырып коем, шашпай ар бирин көрүп коюңуз. 🥳 1-жыл ✅18 адам болуп бир маршрутка толуп алып, Ысык-Көлгө жөнөдүк. Бишкектен чогулуп, түз эле Караколго келип жайгаштык. Караколдун жаңы ачылган “Сулайман” мейманканасынын дагы алгачкы коногу болуп, алар үчүн дагы сыйлуу конок болуп калдык. Бул күнү Караколду кыдырып, Зоопаркына бардык, Караколдун пляжына барып, бир аз сууга да түшүп алдык. Андан келе жатып, бир чакан балык фермага кайрылып конок болуп кайттык. ✅ Эртеси Караколдон чыгып, Жети-Өгүзгө сапар алдык, бир күнү кечке ал жакта ойноп күлүп эс алып, кайра-кайра сүрөткө түшүп, караколдук окуучуларыбыздын сыйын көрүп, бышырган балыктарын жыргап жедик. Көк-Жайыктын төрүндөгү шаркыратмага чейин жөө жалаңдап барып, абдан кызыктуу убакыт өткөрдүк. ✅ Кечте келип, чарчап чаалыгып жатып калдык, бирок жаштарыбыз чарчачудай түрү жок, түн жамынып айдоочубузду айдатып алып, Ак-Суунун ысык суусуна барып түшүп дагы жетише калышты. ✅ Эртеси күнү Сулайман мейманканадан таңы тамактануубузду кылып, жолго сапар алдык, сапарыбыз Чолпон-Атадагы “Рух Ордо” маданий борборунда уланды, ал жерди дагы кыдырып, бүткөн соң, Чок-Тал айылына жетип, ал жерде сууга абдан түшүп, түштү тамактанууну кылдык дагы, ошону менен Бишкекке жетип келип алдык. ⚠️ Эртең болсо, 2-жылыбыздын посттун чыгарам, сиздер лайктан басып, комментарийден жазып туруңуздар! ✍🏻 Турат Алыбай, агартуучу, програмчы. Каракол ш. 2026-жыл.

  • 20 апр.6442из turatalybaev

    Буюрса дагы бир заказыбыз аягына чыгууда, кардарыбыз ыраазы болуп, өткөрүп алып жатат. Кардардын ыраазы болгону бизди ченемсиз кубандырат.

  • 3 апр.8334из turatalybaev

    https://apps.apple.com/kg/app/kuimakulak/id6758726348 KuimaKulak Куйма Кулак мобилдик колдонмобуз App Store го чыгып, кубанычыбыз койнубузга батпай турат! App Store 1 айга жакын кыйнап отуруп, акыры кабыл алды. Эми кезек, Play Market теги эски версиябызды кайрадан жаңыртып коюу гана калды. Көчүрүп алып, жакшы ой пикирлерди жазып коюңуздар, себеби алгачкы 10-20 пикир жакшы болушу App Store дун алгоритимдери үчүн өтө маанилүү экен.

  • 25 мар.8731из turatalybaev

    ​💻 Жасалма интеллект менен сайт же приложение жасаса болобу? 🤲 Интернетте 1 айда мобильный приложение жасаганды үйрөн, веб сайт жасаганды тез эле үйрөтөм деген рекламаларды көрүп бир аз жаным кейийт. ⚡️ Ооба, негизи вайб кодиң менен веб сайттарды же мобилдик колдонмолорду бир заматта жасап койсо болот. Бул нерсени пайдаланып азыркы учурда хайп кылып, акча жасап калып жаткандар бар. Эми алар өз бизнесин кылып жатат, бир нерсе дей албайм. Бирок Кудай алдында, адамгерчилик алдында кандай сезимде окутуп жатышат деген ойдо калам. 🧠 Дагы бир жолу айтайын, ооба тез арада веб сайт же мобилдик колдонмо жасап койсо болот. Бирок баары бир ал туруктуу иштеши үчүн, же колдонмону, веб сайтты өнүктүрүү үчүн, мобилдик колдонмонун концепциясын, архитектурасын түшүнбөй туруп, таза код, таза архитектура түшүнүктөрүнө ээ болбой туруп аны кантип өнүктүрүп кетесиз? Демек сиз дагы деле программалоону өздөштүрүшүңүз керек, бирок албетте эски адат менен эмес. 🔥 Сөздүн кыскасын айтканда, “вайб кодиң хайп кодиң болгону менен, баары бир хард воркиң экен” деп бир таанышым айткандай, вайб кодиңди үйрөнө калсаңыз эле, мыкты программист болуп калбайсыз, жакшы окуңуз. Хайптан алыс болуп, мыкты адис болуунун аракетин көрүңүз! ✍🏻 Турат Алыбай - агартуучу, програмчы 📍 Каракол шаары, 25-март, 2026-жыл

  • 5 мар.1 18014из turatalybaev

    ​⚖️ Эстүү эркектин уктаганы 🤲 Илгери ыраматылык чоң энем көп айтар эле, “эстүү эркек, эстен кетип уктабайт” деп. Көрсө биз ушундай тынч заманда жашайлы деп, биздин ата-бабаларыбыз, таш жазданып жатып, ээр жазданып, тердик жамынып жатып, душмандан жерин коргоп, элин коргоп турчу турбайбы. 😴 Азырчы, азыр кандай болду? Эркектин баары баатыр, жатса коңурукту кош тартып уктайбыз, эстен кетип, шилекейди куюлтуп, өзүбүздү жоготуп, эстен танып уктайбыз. Биздин минтип уктап жатканыбызга ошол тынч заманды куруп берген, канын, жанын курман кылган аталарыбыздын эле мээнетиби? 🤔 Ойлоп көрсөм, азыр аял байкуш тынч алып уктай албайт экен. Кымырылып кырынан эле жатат, бутун сунуп уктап калса, балам эмне болот, үйдүн кредити кантет, эртеңкиге эмнебиз бар, бүгүн эмне кылдык деп жоопкерчилик менен жатат экен. 👩‍💼 Байкуш аялдар, АйТи курста окуп жаткан аялдар, айдоочулук мектепте экзамен тапышырып, улам кулап жаткан аялдар, базарга барсаң товарды тандап жаткандын 90 пайызы аялдар, сатуучунун деле ошончосу аялдар. Кайда барсаң аракет кылып жаткан аялдар, жоопкерчиликтин баарын өз жонуна артып алып, бар аракетти кылып жүргөн байкуш аялдар. А эркектер эмне кылдык, жоопкерчиликтин жогунан, коңурукту тартып, шилекейди агызып уктадык. ⚔️ Бул заманда көпчүлүк эркектер калкым дебей алкым деп, урпак дебей, курсак деп гана жашап калдыкпы. Ошондуктан аялдар илгерки биздин баатыр ата-бабаларыбыздай болуп баатырдыкты, эрдикти өз мойнуна алып калыштыбы деген ой келбей койбойт экен. 🔥 Ошондо эркектер эркектин кылып, өз милдетибизди кайрадан моюнга алып, уйкудан баштайбызбы же, ушул уктаган бойдон уктап кете беребизби? ✍🏻 Турат Алыбай, агартуучу, програмчы. 📍 Каракол шаары, 27-февраль, 2026-ж. #тураталыбаев #Программисттер

  • https://youtu.be/7HaCPhZG9ho?si=t_MvVc06yyUleUsA Кечээ болгон он-лайн жолугушуунун видео жаздыруусу

  • 22 дек.1 60431из turatalybaev

    Бүгүнкү сабакка GPT дос экөөбүз ушундай кыскача конспект даярдап алдык. Мындан ары, ар бир сабакка ушундай конспект даярдап турууга бел байлап жатам 😁

  • 17 дек.1 86141

    без подписи

  • 2 дек.1 6012из turatalybaev

    Дуолинго Супердин артыкчылыктары ушундай! 1. Жеке сабактар. 2. Түгөнүп калбай турган жан. 3. Реклама чыкпайт,

  • 23 нояб.1 5051из turatalybaev

    без подписи

  • 19 нояб.1 413из turatalybaev

    без подписи

  • 17 нояб.1 0904из turatalybaev

    ​📚 Студенттердин майрамы куттуу болсун! 🤲 Ассалоому алейкум, урматтуу студенттер, бүгүнкү “Студенттер күнү” майрамыңыздар куттуу болсун! 🎓 Өзүм студент кезде кыйратып деле майрамдаган эмесмин, 1-курста гана студенттерди кабыл алуу концерти болуп, ошондо аябай чоң майрам болгон, калганы эсимде деле жок. ✨ Студентке жакшы сөз, жакшы бир куттуктоо деле чоң дем-күч болот, студент экенине сүйүнөт. Бардык студенттерди, айрыкча окуу жайды бүтүп же Орусияда иштеп жүрүп деле өзүн өнүктүрүп, өз алдынча тынымсыз билим алып жаткан, окуунун даамын таткан бардык студенттердин майрамы куттуу болсун! 🎉 Башка көп эле майрам болот, майрамдарга куттуктоо деле жазбайм, бирок бул майрам өзгөчө майрам. Себеби окуган адамдар гана, билим-илим менен сугарылган адамдар гана өлкөбүздү өнүктүрө алат деп ишенем. Андыктан ар бир окуп жаткан мекендешим билимди чын дил менен алыңыздар, өзүмө жана өлкөмө пайдалуу болоюн, ушул кесиптин мыктысы болоюн деген жакшы ниет менен окуңуздар! 🌟 Дагы бир жолу, жалпы студенттердин майрамы куттуу болсун! Ийгиликтерди жана окуудагы жетишкендиктерди каалайм! ✍️ Турат Алыбай, агартуучу, програмчы. 🏙 Каракол шаары, 17-ноябрь, 2025-жыл.

  • без подписи

  • без подписи

  • без подписи