Турат Алыбаев
СтатистикаЖазган макалаларым окурмандарды изденүүгө, ой жүгүртүүгө түртөт деп ойлойм. 1. Пайдалуу маалыматтар 2. Өздүк макалалар 3. Эксклюзивдүү, башка жакта жок контенттер 4. Кызыктуу тексттер Мага жекече суроолор болсо https://turatalybaev.taplink.ws жазыңыз!
- Последний пост
- 11 авг.
- Последнее чтение
- 10:58
- Постов за неделю
- 1
- Всего постов
- 23
- Тип
- открытый
- Язык
- русский
- Категория
- Технологии (по похожим)
- В каталоге с
- 13 авг.
- 1/24сутки в ленте
- 312
- 1/48двое суток
- 357
- 1/72трое суток
- 385
Оценка по просмотрам недавних постов: пост набирает почти всё за первые сутки.
Посты
Буюрса долбоорлорубуз биринин артынан бири чыгууда. Кайсы бири ийгиликтүү болуп кетет, кайсы бири өз максатына жетпей калат. Кандай болсо да, биз ошого даярбыз.
без подписи
Ушундай да енди, ушундай да 😁
📞 Өзүм чалып коем! 👋🏻 Ассалоому алейкум, урматтуу окурманым! Амансыздарбы, байкасам көптөн бери жазбай калыптырмын, бул ирет жазып пост чыгарайын дедим. ❓ Билесиздерби, бизде аябай сонун бир маселе бар, “Өзүм чалып коем” – дейт, же жумуш издеген учурда, же кандайдыр бир маселе менен бир жерлерге барганда “биз сизге өзүбүз байланышып коебуз”, “биз сизге чалып коебуз” – дешет. 🔸 Жакында эле ушундай бир окуя болду, бир таанышым, “өзү чалып коем деди эле, күтүп жатам” – деп калды. Ошондо ага өз оюмду айтып калдым. Өзүң чала бер, алар сага чалышпайт деп. 🔸Бул жашоонун чындыгы ушундай экен, өзү чалып койбойт эч качан. Сиздин жумушуңуз үчүн, азыр бирөө сизге чалып койбойт. Жөн гана ушундай. Ооба, чынчыл адамдар бар, алар сөзсүз чалат, бирок жашоонун чындыгы, көпчүлүк азыр чалбайт. Мен деле эч кимге сөз бербейт, айрымдар айтат айтып коесузбу, чалып коесузбу, жазып коесузбу деп калышат, мен аларга айтам, мен унутуп калам, сиз чалып коюңуз, сиз сурап туруңуз деп эскертем. 🔸Чынын айтканда, сиздин жумушуңуз боюнча бирөө кайра сизге чалбайт. Жөн гана кээде соц тармактардагы шортс көрүп отуруп, унутуп калат. Же өзүнүн иши сиздикинен маанилүү, ал өз иши менен алек болот. Ошо, болгону эле ошол. 🔸Айрыкча АйТи тармакта жумуш издегендер, же деги эле башка жумуштарды издеп бирөөгө кайрылгандар деле, эч тартынбай эле, бир канча убакыттан кийин, бир учурашып коюңуз, мен иш менен кайрылдым эле деген маанини билдирет, акыбалын сурап койсоңуз эле, ал өзү сиздин ишти тездетип баштайт. Сиз чалбасаңыз, жазбасаңыз, ал деле аракет кылбайт, унутуп калат, же аа өзүнүн кызыгуусу жок экен, бул ишти алып деле кете албайт деп чечимди чыгарып, аракет кылган, чалып ал акыбал сураган адамды ишке алып коет. ✅ Ошо, өзүңүздү өнүктүрө бериңиз, өлкөнүн өнүүгүсүнө салым кошо бериңиз, а биз болсо өнүгүп, өсүп, алдыга жылып жатабыз, өлкөбүз үчүн пайда алып келүүнү улантып жатабыз. ✍🏻 Турат Алыбай, агартуучу, програмчы. Каракол шаары, 21-июнь, 2026-жыл
https://youtu.be/ktIROyY1yBg
Кудай буюрса App Store дон жакшы жаңылык келди. Эми Плей Маркеттин кабарын күтөбүз!
Кечээ Плей Маркетке жөнөтүп алдык эле, бүгүн буюрса Апп Сторго дагы жөнөтүп алдык, эми ушул экөөнүн кабыл алышын эле күтүп отуруп калабыз.
Плей Маркетке колдонмо чыгаруу деле биз үчүн, бир чыгарма жазып чыгып, аны басмадан чыгаргандай эле нерсе ай! Жаныбыз чыгып жатып, араң чыгарабыз го чиркин! Эми Плей Маркет жамаатынын кабыл алып, макулдук беришин гана күтүү калды
🥳 Сериалыбыздын 3-жылын чыгарайын анда. 👋🏻 Ассалоому алейкум, урматтуу окурманым, Ысык-Көл, Талас облустарына болгон саякатыбызды кыскача жазып калтырдым, эки кезек 3-жылга келип жетти. Биз 3-жылда Нарын облусуна саякат кылганбыз. Анда эмесе, Нарын облусуна болгон саякатыбызды жазып калтыра кетейин. ✅ 3-жыл 🔹 Бул жылы адам көп болгон жок, бирок ошентсе дагы, бир чакан маршрутка толуп алып, өзүбүздүн туулган аймакты көздөй айдадык. Негизи түштүк тарапка барат элек, бир аз кечигип калдык, анан барам дегендер дагы аз болуп калды, ошондуктан Нарын жергесин тандадык. Бишкектен чогулуп, жолго чыкты эртелеп, күн аябай ысып турган учур эле, шашып эле Балыкчыга жеттик, сууга түшүп, бир сергип алганга айрымдарыбыз жетишти, бирок убакыт бир аз кечтеп жаткандыктан, шашылык эле Кочкорду көздөй бет алдык. 🔹 Кочкор аймагындагы Чоң-Туз шахтасына бардык, жайдын ысык күнүндө кайдан билдик, шахтанын ичи муздак болорун, эптеп колго тийген чапан-чупанды кие салып, шахтаны бир топ кыдырып, мед сестра эженин айтып бергендерин оозубузду ачып угуп жаттык, көрсө бул шахта жөн гана туз казбай, бир топ ооруга шыпаакана дагы турбайбы. Туздан чыгып, ошол жерге жакын жердеги Күйгөн сууга дагы күбө болдук, андан нары карай Жумгалга жолубузду уладык. 🔹 Биздин максатта Жумгалдан түз өтүп, жаңы Түндүк-Түштүк жолу аркылуу, Тогуз-Торо тарапка чейин жетип, эстакадалык жолду көрүп кайталы дедик эле, бирок өтө кеч кирип кеткендиктен, ага жетпей, Чаекти бир айланып, кайра өзүбүз туулган айылга кайттык. Айылдашым, карындашым Нурзаданын агалары бир чоң козусун союп, конок камын көрүп, күтүп жатышкан экен, бул жакка келип, козунун этине тоюп, кыздарыбыз ал үйдө, жигиттерибиз башка үйдө жатып калдык. 🔹 Эртеси туруп, таңдан эле Соң-Көлдү көздөй сапар алдык. Соң-Көлгө жетип, менин бир тууган карындашым, күйөө баланын сыйын көрүп, алардын атайы конокторго арналган боз үйлөрүнөн орун алдык. Күйөө балабыз бир козусун камдап турган экен, козу союп эт салайын десе биздин шаардык программисттерибиз чалкасынан кетип эт салдырбай койсо болобу, бир куурдак болсо жейбиз, эт салсаңыз кетебиз дебеспи. Ошентип бул күнү кечте куурдак менен жатып калдык. Беш бармак жебей калганыма бир аз башкача болуп мен дагы жатып калдым, эмне кылат элем. 🔹 Эртеси таңкы тамактан кийин эле, Соң-Көлдүн түштүк тарабы менен, Молдонун белин ашып, Ак-Талааны көздөй сапар алдык. Ак-Талааны көрүп, Нарынга жетип, Нарын шаарын бир айланып карадык, жолдору жасалып, шаар ичинде жүрүү абдан кыйын болуп жатыптыр, борбордук Азирет Али мечитин көрүп, ал жердеги эркек балдардын медресесин зыярат кылып эле, кайра артка кайттык. Ошону менен 3-жылдын сапары да жакшы аяктады. ✍🏻 Турат Алыбай, агартуучу, програмчы. Каракол шаары, 2026-жыл.
без подписи
без подписи
без подписи
без подписи
без подписи
без подписи
без подписи
без подписи
без подписи
без подписи
без подписи