tgindex
Мой уютный мир☕️

Мой уютный мир☕️

Статистика
Последний пост
5 авг.
Последнее чтение
08:55
Постов за неделю
0
Всего постов
20
Тип
открытый
Язык
русский
Категория
Религия (по похожим)
В каталоге с
13 авг.
Подписчики
598
−1 за 3 дн.
Сутки
0
0,00%
Неделя
 
Месяц
 
Просмотров на пост
578
20 постов
Вовлечённость
96,7%
к подписчикам
Постов в день
0,0
всего 20
Упоминаний
0
каналов
Охват размещения
оценка
1/24сутки в ленте
236
1/48двое суток
270
1/72трое суток
291

Оценка по просмотрам недавних постов: пост набирает почти всё за первые сутки.

Посты

  • Ас-саламу ьалайкум Окурманым, амансынбы ) Кече жазамын деп насип болбой калды ) 1 күн “унчукпай” өткөрдүңбү ? Абалың кандай болду ? Мен “сабакта жана меймандардын алдында” сүйлөгөндөн башка дээрлик ашыкча сөз кошподум. Кызыктай сезим болду. Дайыма сериал көрүп, китеп угуп, же подкаст угуп көнүп калыптырмын. Дагы байкаганым кээде инсандардын арасында боштукту толтурууга аракет кылбоо жакшы эле нерсе экен. Дегеним: инсандардын арасында сөзсүз эле сөз бийлеп турушу шарт эмес экен. Кээде тынчтык сөздөргө караганда маңыздуураак болот сыягы. Анан да аз сүйлөгөн инсандын кадыр баркы көп сүйлөгөн инсандыкына караганда жогорураак тургандай сезилди. Ооба, билем, “жан дүйнөңдөгү өзгөрүүчү?” деген суроону камдап турасын. Бирок, бул сурооңо берер жообум жок. Ушул нерсени, өзүм да кызыгып жаткан нерсени байкай албадым. Балким 1 күндүк “унчукпоо” аздык кылаар. Сенде кандай болду ? Сен да аткарып көргөн болсон “🦋” ушул быйтыкча менен билдирсең түшүнүп алам, иншаа Аллах🤍

  • Китебимди окууну улантып жатам. Азыр окуган жеримде мынтип жазылыптыр: “тасаввуф деп аталган нерсе унчукпоо дегенди билдирет окшойт”. Көргөн, уккан, билген нерселеримди колдонуп көргөндү жактырам. Кел чогу “унчукпай” көрөбүз. Көп эмес, 24 саат Эртең ушул саатта абалымды жазам, ошол жазуума сен да белги бер, макулбу ? Рилс, сериал, кино көрбөйбүз, көп сүйлөбөйбүз, сүйлөшпөйбүз. Ойлорубуз менен эле калабызбы, билбейм. Көрөлүчү, эмнени байкайт экенбиз, эмнебиз өзгөрөт экен)

  • Сезүүлөрүбүз көрүнгөндү, сезимдер болсо көрүнбөгөндү көрсөтөт.

  • Чат gpt мен тууралуу китепти ушундай көрөт экен🦋

  • Жашоомдогу бир коркуум менен бөлүшөйүнбү ? Эмнеден коркушумду айтып берейинби ? Бир учур келип, көзүмдү жумуп ачсам 70 жаштагы кемпир абалындамын. Жашоом ушунчалык тездик менен, күнүмдүк турмушка жуурулушуп өтүп кеткен. Кантип 70 ке чыкканымды аңдабай деле калганмын. Ошол эле күнүмдүк жашоо, ойгонуу, жашоо, тамак ичүү, уктоо… болду… Азыркы руханий абалымда калып калганмын. Эң чоң коркууларымдын бири ушул. Мен муну асмандан алып сүйлөбөй элемин. Жашоодогу ошол “70 жаштагы кемпирлерди” көрүп анан пайда болгон коркуум. Ушул абал улам-улам көз алдымдан өтө берет. “Жөн эле жашоо” коркуум. Эч нерсени түшүнбөй, ойлонбой, байкабай.

  • Эмнени ойлоносун дейсинби ? Карасаң: каалоолорумду каалоом үчүн көңүлүм, көөдөнүм таза болушу керек экен. А аны кантип тазалайм ? Кантип чаң жугузбай алып жүрөм ? Жакшы амалдарды аткаруу менен десең керек. А ал амалдарды кантип аткарам, “нафсым” деген нерсе мени 1 секундга да жалгыз таштабай жатса?

  • Ойлорум чар-жайыт. Китепте “инсан бир нерсени каалоосу үчүн көңүлү аруу болушу керек” дейт. Дагы: “бир нерсени издөө үчүн күч жумшап аракет кылуу керек, тырышчаак, чыдамкай болуу керек, бирок акыр-аягында издегениңди табуу бул-тагдырдын иши” дейт. Эми айтчы, бул сөздөрдү окугандай кийин кантип ойлорум ирээттүү болсун, кантип башка инсандарды сүйлөп, алардын жашоолоруна кызыгайын ? Окуган 4 сап сөздөрдү түшүнбөй, жашоомо колдоно албай жатсам ?

  • Түшүнүү кыйын болуп жатат… Көптөн бери мындай “окуган сөздөрүмдү түшүнүү бул жакта турсун, нерв клеткаларыма жетип баруусу да кыйын болгон” китепти окуй элек болчумун.

  • “Өмүрүмдө ишке ашуусун каалаган каалоолорумдун бири - мени “сүйгөн, ашык болгон адам” деп аташса экен дедим…”

  • 14 мар.1 053281

    “Канчалык терең ой жүгүртсөк, ошончолук ааламдын керемет сырлары ачылат. Биз илимге умтулган сайын, бул жашоонун сыры, Аллахтын улуулугу, жаратуунун керемети алдыбыздан жаңы барактардай ачылып, таң калтырат…”

  • “Аллахтын алдында эң көп коркуу сезими менен жашагандар - бул илимдүү адамдар”

  • видео или голосовое, без подписи

  • видео или голосовое, без подписи

  • видео или голосовое, без подписи

  • Оку, изилден, өс. Бир жерде турба. Турган суу өз баалуулугун жоготот. Ар күнү алдыга карай умтул. Деңгээли ылдый иштерге убактыңды, күчүңдү кетирбе. Ушактарга аралашуу, жек көрүү, таарынуу, өч алуу ж.б. даражасы ылдый иштер үчүн жаралган эмеспиз. Мыкты Пайгамбардын мыкты үммөтү болуп, Аллах Таалам ыраазы болгондой, “адам” деген наамыбызга ылайыктуу жашашыбыз үчүн жаратылдык. Жан дүйнөндү тапта, тарбияла. Аны ээн эркин таштасаң, эртең чоң балээлерге тутуласың. Адал, сүйкүмдүү амалдар менен жашооңду кооздо, өмүрүңдү нурлант. Биз бул жерде түбөлүктүү эмеспиз. Кайтып кетчү жерибиз бар…

  • видео или голосовое, без подписи

  • Ар бир көз ирмемде “мен такыбаа болушум керек” деген бекем ниетибиз менен жашасак… Жашообуз кандай болоор эле…

  • видео или голосовое, без подписи

  • “Оо Умму Салама! Жакшы кулк-мүнөз адамды бул дүйнөдө да, акыретте да зор ийгиликтерге жеткирет!” Пайгамбарыбыз‎ صَلَّى ٱللَّٰهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ🤍

  • - Каждая женщина представляет собой загадку, - говорю я наконец. - Некоторых разгадать труднее, чем других, Но знаете, я обнаружил, что самые сложные больше всего стоят усилий.