tgindex
Последний пост
4 авг.
Последнее чтение
14 авг.
Постов за неделю
0
Всего постов
20
Тип
открытый
Язык
und
В каталоге с
14 авг.
Подписчики
948
−1 за 1 дн.
Сутки
0
0,00%
Неделя
 
Месяц
 
Просмотров на пост
568
20 постов
Вовлечённость
59,9%
к подписчикам
Постов в день
0,0
всего 20
Упоминаний
0
каналов
Охват размещения
оценка
1/24сутки в ленте
368
1/48двое суток
421
1/72трое суток
454

Оценка по просмотрам недавних постов: пост набирает почти всё за первые сутки.

Посты

  • 4 авг.379262

    Сен бар элең. Сен бар жерде мен бар элем, мен бар жерде сен бар элең. Сенсиз бир күнүм да өтпөйт эле. Күндө баарлашаар элек. Күндө. Күн сайын. Саат сайын. Тагдыр узакташтырды. Бири-бирибизге туура келбеген мүнөздөрүбүз узакташтырды. Сен мени укпадың, мен да сенин эрежелериңе баш ийбедим. Экөөбүз тең тоңмоюндук кылып, баш бербедик. Өзүбүздүкүн бербедик. Сен өз жолуңду, өз адамыңды тандадың, а мен өзүмдү тандадым. Ушул нерсе бизди узакташтырды. Алыстатты. Жүрөктү таарынтты. Сени таптакыр унутуп койгон сыяктуу көрүнүшүм мүмкүн. Бирок күндө ойлоп коём сен жөнүндө. Жакшы жүрөт бекен, кыйналбады бекен, бир нерсе керек болсо мага айта албай атты бекен деп. Күндө ойлоп коём. Жатаарда көп ойлонуп, анан уйкуга кетем. Түшүмдө көрөм экөөбүздү. Бактылуу, кызыктуу, жылуу мамиледе жүргөн күндөрүбүздү түшүмдө көрөм. Сагынышып, кучакташып учурашып аткан болобуз түшүмдө. Бүт дүйнөм оолугуп учурашам сени менен. Бүт дүйнөм. Сагынып ойгоном. Ойгонгондо да сени эстеп коём. Бир нерсе гана мени токтотуп коёт. Тамагыма жаш тыгып, сага болгон бүт жолумду бууп коёт: Сен үчүн мен бергенчелик маанилүү болбогонум ...

  • https://youtu.be/XuYZoLd0vUE?si=5M-X1ry9oXyouvil Жаш элемин, бирок ушул ыр укмуш "тээп" атат го, неге? Күндө 120 жолу угам ...

  • без подписи

  • без подписи

  • Калганын сен билесиң. А мен кеттим. Кеч болуп калды. Эртең жумушка чыгышым керек кайра. Көрүшкөнчө, Деңизим! 27.07.2026 21:19. Измир, Түркия. Марлен Борубаев.

  • Ошол күнү сен дегеним басылды, Ошол күнү меним мага кайрылды. Ошол күнү сен деп соккон жүрөгүм, Ошол күнү Азреилге кабылды. Ошол күнү Азреилге кабылып, Сен деп соккон жүрөгүнөн айрылды. Кыялдарда жүргөн экем ай, аттиң ай, Кайран жүрөк, кан төгүлүп кайгырды. Ошол күнү кан төгүлдү, түңүлдү, Бир ойгонуп, бир чындыкты түшүндү, Бир чындыкка - миң үмүттүм үшүдү, Бир чындыгы - миң чындыгын күбүдү, Бир чындыгы - миң чындыгын жоготуп, Бир чындыкка - миң үмүттөр үзүлдү. Ошол күнү, ошол чындык, Миң үмүттү бир заматта бүлдүрдү.

  • Мурункудай көп ойлонбой калдым. Балким жумуш менен алек болгонума. Түнү жакшы уктап, ден соолугум жакшырып, жеген-ичкеним жакшырып, маанайым көп түшпөй калды. Кызганбай, өзүмдү жалгыз сезбей, жарты сезбей, экинчи орунда сезбей калдым. Бирөөнү да, өзүмдү да күнөөлөбөй, жеңил карап жашоого, ичимдеги оор чынжырды коё бергенсип жатам. Кыскасы, жакшы. Шүгүр. Көп нерсеге көзүм ачылды. Ошол күнкү телефон менен сүйлөшүүм — көп нерсеге көзүмдү ачты. Ойготту. Реалдуулукка алып келип койду. Көрсө, мен болбогон эле нерсе үчүн кыялданып, мени маанисиз эле эсептегендер үчүн жан үрөп, жетинчи асманда учуп жүрүптүрмүн. Ошол күнү жерге түштүм. Ошол күнү ойгондум. Ошол күнү өзүмө келдим. Ошол күндөн бери өзүмдөмүн.

  • Ии баса, сен жөнүндө күндөлүгүмө да айтып бердим. Ал да сага окшоп унчукпай угуп берет. Унутпайт дагы. Жазып, сактап калат. Күндөлүгүм да сырдашым - бирок ал айтып бермейинче түшүнбөйт. Эмнени айтсам ошону түшүнөт. Жакшылап түшүндүрүп беришим керек ага. Болбосо жалдырап карап тура берет. А сен айттырбай, көз карашымдан, дем алышымдан түшүнөсүң баарын. Жада калса өзүм түшүнбөй турган нерселерди сен бир карашта түшүнүп, мага түшүндүрүп коёсуң. Күндөлүгүмө айтып койбо ээ, укса таарынат ал. Ошого аны жаап койдум азырынча. Сени менен сүйлөшүп алайын. Күндөлүгүм - иним сыяктуу. Кээ бир нерселерди айтпашым керек ага. Ишенич жок ага, колуна кармап, ким ачса эле айтып берип коёт шап этип. Окутуп коёт, жашырышты билбейт. Эмнени жазсам, болгонун болгондой окутуп коёт. Анан билип калышат окугандар. А сен жашырасың. Эч кимге айтпайсың. Сураса да, суранса да. Ошого сен менин эң жакын досум, сырдашымсың. Эң жакын. Бирөө эле. Экөө эмес.

  • Мен сага "Тоо экөөң бирдейсиң, тоо менен деңизди бирдей көрөм, жакындыгыңар да, алыстыгыңар да бирдейсиңер мага" деген жокмун да, чынбы? Эгер ошентсем сен таарынмаксың, өзүңдү жарты сезмексиң. Анткени тоо менен деңиз эч качан бирдей боло албайт. Тоо башка, деңиз башка — тоонун орду, деңиздин орду башка. А мен дайыма сени тандайм, деңиз! Сендикмин мен. Тоону да жакшы көрөм, кичинекейимден бери тоону көрүп чоңойдум, бирок бул — менин эң жакыным тоо дегенди билдирбейт. Тоону таштабайм. Таштай да албайм. Бирок сени тандайм дайыма, деңизим! Сени менен таанышып, сырдашып баштагандан бери бири-бирибизди жакшы түшүнөт экенибизди аңдадым, сонун түшүнүштүк, сонун маектерди курдук, баары сонун эле. Сен менин жүрөгүмдү түшунгөнүң, түшүнгөнү аракет кылганың үчүн дайыма сени тандайм. Биз — эң жакын доспуз. Сырдашпыз. Жакынбыз. Бирбиз. Тоодо иштеп жүргөнүмө капа болбо, тагдыр мени тоого иштетип койду, бирок убактылуу гана. Аз күндөн кийин кайтам сага.

  • Кийинки жаңылыгым, иштеп жүрөм тоо койнунда. Шаардан, элден, сенден алыс, тоо койнунда, аттар жайлаган шамалдуу жерде иштеп жүрөм. Ошон үчүн сага тез-тез келе албай жатам. Сырдаша албай жатам сени менен. А сен башка сырдаш таап алган жоксуң да, ээ? Же башкаларга окшоп сен да мени таштап, жакын сырдашың менен кетип калдыңбы? "Сен мен үчүн маанилүү эмессиң. Жашоомдо бар болсоң да, жок болсоң да мага айырмасы жок. Сен менин жашоомдо бол, эң жакынымдан орун ал дебейм. Төрт тарабың кыбыла, каалаган жагыңа кет!" дедиңби? Жоок, сен антпейсиң, мен сага ишенем. Башкалар деди, бирок сен дебейсиң, мен ишенем сага, деңизим, толкунум менин! Мен сага жүрөгүмдүн эң тереңинен, жашоомдун эң жакынынан орун бердим, "сен элесиң эң жакыным, сенден башкага эң жакындан орун жок" дедим сага, сен да мага ошентишиңе ишенем, деңизим! Толкунум!

  • Китеп чыгарам деп жүрөм. Колумдан келеби, чыкканга татыктуубу, ойлонуп жүрөм дагы деле. Арасына сен экөөбүздүн маектерибизди да коштум. Чыгып калса сен да сүйүнөөр элең, ээ? Сен Измирде болсоң да, ак карлуу Ала-Тоодон кол булгалап, Ысык-Көлүнө барып мактанмакмын. Ошол куттуу жерлердеги сууларың аркылуу сүйүнүч катымды жолдомокмун. Сен да угуп чын жүрөктөн сүйүнөт элең. Бир сыйра толкуп алат элең сүйүнгөнүңдөн. Мен да Кудайга жалынайын, туурасын, түз келгенин насип кылсын биз үчүн. Сен да. Сен да суран. Туура келсе, чыксын. Чыксын китебим. Эл окусун. Жаштар окусун. Муун окусун.

  • Бүгүн да жумуштан чыгып, жээгиңе келдим. Оор жүгүмдү шалп таштап, сагынып калган сууңа, толкунуңа көз тиктим. Көпкө тиктештик. Сагыныч тараттык. Аз да болсо жеңилдедим. Чогуу күндү батырдык. Узаттык уясына. Анан мен сага бир куржун толо кир кийимим менен гана келбестен, жаңылыктарымды да ташып келдим тээ тоонун чокусунан.

  • Анда да унчукпай, мээлүүн толкундарың, жай ирмелишиң менен терең карап, аягына чейин угуп бердиң. Кээде сүйүнүп, жагымдуу маанайың менен тосуп алдың. "Азаматсың!" дедиң. А кээде катуу бороон кылып, шамал-куюнду аралаштырып жээгиңе жакын жолотпой жиндендиң. Ачууландың. Уруштуң. Анда да мен туруп бердим унчуга албай. Кандай учур болбосун, биз бири-бирибизди чындап түшүндүк. Чындап кабыл алдык. Бири-бирибизди такыр сатпадык. Күндө көрүшпөсөк да, алыстан бири-бирибизге көңүл байладык. Түшүнүшүү үчүн шыбышыбыз гана жетиштүү эле. Мен сенин демиңди, колооңду, саламыңды шыбыш менен, шамалдын алып келген деми менен алдым, тосуп алдым сүйүнүп. Мен да сага жетпей турган маалымда асмандагы жылдыздарды карап, "Деңизиме, толкундарыма салам айт" деп, жылдыз аркылуу, ай аркылуу, кээде күн аркылуу саламымда жолдодум. Тосуп алдың толкуп. Толкундап. Биз чындап бири-бирибизге байландык. Чындап.

  • Деңиз! Амансыңбы жан досум! Жан досум деп атам, анткени сенчелик мени эч ким укпады. Чын дили менен тыңшап, түшүнүүгө аракет кылып укпады. Сен гана унчукпай бүт дартымды угуп, түшүнүп, жеңил толкундарың менен жан дүйнөмө дабаа болуп бердиң. Деңиз! Деңизим менин! Сен меникисиң! Жок, жок, мен сеникимин! Ооба, мен сеникимин. Сага таандыкмын. Сенин толкундарыңда жашайм. Толкуйм. Толукталам. Ошон үчүн жаңы чыга турган китебимдин атын "Толкун" деп атадым. Балалыгым, жаштыгым сенин толкундарың менен өттү. Сенин толкундарың менен кошо толкуп, кээде тереңге сүңгүп, кээде жээкке чыгып жаттым. Толкун менен керексиздерди жээкке чаптык, чынбы? Жаным сыгылса, уга турган, тереңдигимди түшүнө турган эч ким калбай калганда сага келдим, сага айтып бердим, даттандым. Сен гана мени аягына чейин уктуң. Мен булардын баарын унутпайм. Унуткан жокмун. Сүйүнүчүмдү да сага айтып келдим. Мактандым сага.

  • без подписи

  • Мындан кийинкилерин да бөлүшөйүн деп, кайра токтоп калдым. Ойлонуп калдым, өтө эле жеке маселелер болуп кетет экен деп . . .

  • без подписи

  • Жаштыгымды сага ишенип тапшырганым үчүн ыраазымын, гүзел Измирим!

  • 30 июн.1 012152

    ___ , ben seninle karşılaşacağımı bilseydim, başka türlü yetiştirirdim kendimi ...

  • 15 июн.1 444722

    Кечээ кечинде жумушка чыктым официант катары. Түркияда биринчи жолу кара жумуш иштеп көрдүм, жакты. Шаардан алыс, тоолуу аймагында жайгашкан кафе экен. Кофе, таттуу алгандарга - ат минүү бекер. Түркүн тамактарды да бар, кооз, жагымдуу жер. Суусундуктардын түрүн жаттап, ташып, кофе жасоо менен таанышып, чуркап жүрүп эле өтүп кетти убакыт. 18 жаштагы өзбек бала да иштеди мени менен. Баёо, ичинде кири жок, адилеттүү, жаш болсо да эмгекчил бала экен. Мен жокто чай пулу беришкен экен, мага берип койду, чогуу иштедик, сиз ала бериңиз деп. Үйүн, апасын сагынып жүргөнүн, кеткиси келип жатканын билдирди. Эч ким менен мындай ачылып сүйлөшө элек экен, кайра-кайра сүйүнүп атканын билдирип, жан тартып жатты. Тез-тез келип туруңузчу дейт, бир боорум десе . . . Жумуш бүтүп, эки жакты жыйнаган соң ошол жерде иштегендердин бири шаарга чейин мотоцикли менен ала келди. Деңиз жээгинде, тоо койнунда, унаа жок кенен жолдо - мотоцикл менен учкан укмуш экен ай! Тим эле айга учуп бараткандай алеп-желеп болуп жаттым. Жайдын жылуу илеби, деңиздин жеңил шыбышы, күндүн алгачкы саламдары - баары мени кучактап, мени гана эрмектегенсип, жан дүйнөмө чейин тийишип жатышты. Көпкө көрүшпөй калып, сагынышып калган достордой - бири-бирибизди кучактап, денизди бойлой куушуп ойноп бараттык. Мечиттин жанына таштап койду. Таңкы намазга азан айтып жатыптыр. Дароо жылуу сууга даарат алып, мечитке кирдим. Мечит да эч жерде көрбөгөндөй кооз эле. Түрктөрдө маневият деп коёт, жакшы аурасы, берекеси, куту сезилип турган нерселерге. Мечиттин сырты да, маневияты да сөз менен түшүндүрүп бере алгыс берекелүү эле. Бир капталы деңизге, бир капталы тоого карап турат экен. Төрт киши жамаат болуп, таңкы парзыбызды аткардык. Чыкканда да күн нуру, деңиз толкундары, уктап жаткан шаар - жаңы келиндей ийилип салам берип, тосуп алды. Береке, кут деп ушуларды айтса керек, ээ? А азыр метронун ачылышын күтүп отурам. Аба таза. Тоолуу, деңиздүү аймак жаңы гана ойгонуп жатат. Бир аздан кийин ызы-чуулуу, баары бир жакка шашкан, бири-бири менен иши жок кишилерге толгон шаарыма кирип барам. Агымга аралашып кирип кетем ошол бойдон. Университет, сабак, сынактар . . . Жаштыгым ай! Сени жогото электе эле жоготкондой кайгыра берем. Кетишиңди билип туруп, кеткенде кандай болом деп сыгыла берем. Ошол эле учурда - эң жакшы деңгээлде жашап, колдонуп атам сени, жаркыраган жаштыгым ай! Кычыраган, шатыраган, бакылдаган, күүлөнгөн, түрдөнгөн жаштыгым ай! 05:50 15.06.2026 Измир Марлен Борубаев.