- Последний пост
- 12 авг.
- Последнее чтение
- 02:59
- Постов за неделю
- 1
- Всего постов
- 20
- Тип
- открытый
- Язык
- русский
- Категория
- Религия (по похожим)
- В каталоге с
- 13 авг.
- 1/24сутки в ленте
- 412
- 1/48двое суток
- 472
- 1/72трое суток
- 509
Оценка по просмотрам недавних постов: пост набирает почти всё за первые сутки.
Посты
"Мен сени өтө-өтө жакшы көрөм" дедим, кенже кызымды колума көтөрүп өпкүлөп жатып. Анан ортончу уулум жетип келди, аны да өпкүлөдүм. Оң жагымда отурган 5 жашар улуу баламды да боорума кыстым. Үчөөнү кучактап отуруп көзүм илешип кетиптир. Ошол бойдон ал түш дайынсыз жоголду. Бүгүн күн бою балдарымды сагынып жүрдүм. Кинотеатрда отуруп, киного ыйлаган болуп, качан, кайда, кантип төрөлүшү али белгисиз балдарымды сагынып-сагынып, толкундануудан көкүрөгүм мыжыгып-мыжыгып, көздөрүмдү жашылдантып алдым.
Бул күүнү былтыр монголиялык музыканттан телефонума жаздырып алгам. Күүнүн аталышы эсимде жок, бирок кандайдыр бир канаттууу тууралуу уламышка тийишеси бар деп айтышкан. Азыр ноутбугумду тазалап жатып, эсим ооп угуп отуруп калдым. Ушундай мукамдуу жана ошол эле учурда жашоого шыктаган, ыктаган обон экен. Эки аптадан кийин Монголияга сапар алабыз. Бул мен көптөн бери көксөп күткөн сапар. Киндигибиз бекем байланган могул элинин салт-санаасы менен кенен таанышып, чексиз талаасына бут баса зыярат кылып келишти чыдамсыз күтүп жүрөм. Баса, Монголиядагы монголдор менен каны-жаны бир бурят элиндеги бир уруу өздөрүн ак куудан тараганбыз деп айтышат экен. Былтыр дүйнө элдеринин тотемдик жаныбарларына арналган лагерде ошол ак куу тууралуу уламышты үй тапшырма катары аудио-визуалдык баяндама кылып жасадык эле. Бул анын шилтемеси.
без подписи
Бала жүрөгүмдүн таза учкундары себилген тоолорго көз аарчып коюп, сол ныптамдан өпкүлөгөн күндүн табына наз арта, жели жок абада максатсыз сеңселген шибердин ыргагына жуурулушуп отурсам, миң талаага сызып учкан ойлорум четинен кайтып келет. Акыркы жылы көңдөй ээн тартып жүргөн ичим толо баштаган сыңары көңүлүм тоюп, көөнүм семиргенсийт. Жаңы орулган чөптүн жытына сергип алып, тээ четтеги бака теректин башында чырылдаган чымчыктардын чырына эргип алып, ушул тоолордон ашыра-ашыра, көбүртө-көбүртө салам айткым келет.
мен ноутбуктан кыска эле деп термелей салган тексттерди телефондон караса, жыландай созулуп жатып калат турбайбы. Ушуну чарчабай окуган адамдардын убалынан сактасын
а бул рецензиядагы маанилүү абзацтардын бири: «Кассандра» тасмасы романдагы идеянын кичинекей гана бөлүгүн өзүнө батырганга аракет кылып, андан ары өз арабасын өзү тартып жөнөйт. Романда эненин жүзүндөгү эн тамга түйүлдүктөгү баланын бул кирдеген дүйнөгө келишинен баш тартуусу катары мүнөздөлөт. Ушул аркылуу автор түйүлдүктөгү баланы эмес, ал төрөлүүдөн баш тартып жаткан дүйнөнү көңүл чордонуна коюп, адамзатынын чириген, былгыган баалуулуктарын сынга алат. Ал эми тасмада бул идея тескерисинен, эненин жүзүндөгү эн тамга түйүлдүктөгү баланын келечекте жамандык алып келүүсүнүн белгиси сымал берилип калгандай ойго салат. Ушундан улам авторлор зомбулук жасаган адамды анын маңдайына жазылган тагдыры менен актап жаткандай сезим жаралат. Мисалга, тасмадагы негизги зөөкүр катары көрсөтүлгөн Жаннат Керимбаевдин каарманы прологдогу жүзүндө кассандра тамгасы бар келиндин баласы экенин билебиз. Сценаристтер бул аркылуу эгер ал төрөлбөсө мындай зомбулук болбойт эле деп бизге ымдап жатышкан сыяктуу. Жыйынтыгында жоопкерчилик зомбулук жасаган кишиге эмес, аны тарбиялаган коомго эмес, бешенеге, тагдырга, баланы төрөгөн энеге, анын жүзүндөгү кызыл такка, аны көрүп чара колдоно албай калган Толгонайга эле артылып калат. Ошондуктан тасмада зомбулук да, кассандра тамгасынын идеясы да сюжетке ыңгайлуу болсун үчүн номиналдуу түрдө гана көрсөтүлүп калган.
Жазуудан өөн тартып калган манжаларымды кырсылдатып алып Сынчы үчүн бир нерселерди чиймелейм, андан бош убактарымда тексттерди редакциялап коюп жүрөм. Жасаганга жаңы нерсе болгондуктан, азырынча жагып жатат. Күн сайын кызык окуяларга туш болом. Кыргыздын жашоосу кызыксыз өтпөйт да. Оюмда толтура этюддар жыйылып кетти. Баарын чогултуп бул жерге жөнөтүп-жөнөтүп салгым келет, ска. Аны жазып отурганга көчүк бошосочу бир. "Неге жазбайсың" деп эч ким сурабайт деле. Ошентсе да, сурап жатышкан өңдөнүп: "азырынча бул текстти окуп тургула, чырактарым",-деп кое берейин, ска. "Бул текст" дегеним Пирматов деген мажориктин жаңы тасмасына жазган рецензиям. Мен үчүн бул жылдын эң күтүлгөн кыргыз тасмасы болчу. Баякүнү пресс-көрсөтүүсүнө барып, көрүп келгем. "Пресс-көрсөтүүсү" десе, тиги мажорик мага пресстерин көрсөтүптүр деп ойлоп албагыла. Тасма чыгар алдында атайын прессанын өкүлдөрүнө мини-көрсөтүү кылып турушат, журналисттер, сынчылар алдын-ала материалдарын жазып даярданып алышы үчүн. Бул эми дүйнөлүк тажрыйбада ошондой. А бизде биринчиден - пресс-көрсөтүүлөрдү чанда эле уюштурушат, экинчиден - уюштуршса да, ага деле баягы эле ашкабак айпон көтөргөн "инфлюенсерлер" келишет. "Закрытый показ" деген культ пайда болду го биздин коомдо. Аны жөн эле "жабык көрсөтүү" десе, бирөөнүн ичи өтөбү дейм да. Тим эле жабык ВИП клуб сыяктанып, карапайым калк ошондой иш чараларга барууну кыялданат экен эй. Ал эми атайын кутуча менен чакырууга ээ болгон бактылуулар алган белектерине курсан болушуп, акысыз кино көргөнүнө сүйүнүшүп, фотозонадан жүз бир миң сторис тартып алып кетишет. Же бир омоктуу ой айтылса өлөйүн ошолордон, толку жок да, толку жок. Эми жалпылабайын, кээ бирлери дейинчи, эртең мени тепкилеп кетпегиле, ска. Анан ушундай безобразияга аралашкым келбей, көп учурда жабык көрсөтүүлөргө чакырышса да барбайм. Көп деле чакырышпайт негизи. Бирок бул жолу бардым. Себеби тиги мажорик 8 жыл кино тартпай жүрдү да күттүрүп. Тасма чын эле башкалардан айырмаланат. Бирок бүткөндөн кийин, ичимде бир кемтик калып кеткендей эле тыржыйып отуруп калдым. Финалы ары чапчып, бери чапчып жасалгандай болуптур. Бул тууралуу тасманын продюсерлеринин бирөөнө да "сындай бер бетке эле" дегенине: "Башы сонун башталган болчу, экинчи жарымы жаккан жок, финалы өтө эле ванильный болуп калган сыяктуу, развязкасына ишенген жокмун",- деп балп этип койдум. Билбейм, туура эле кабыл алды окшойт. Өзү сурады да. Анан кечинде, түнкү үчтөрдө үйгө кайтып келатып эле ой артынан ой келет, кой десем болбой. Анан чыдабай жазып койдум. Эмнеси болсо да, бул тасма талкууга, сүйлөшүүгө татыктуу. Авторлор өздөрү сапат тууралуу кеп кылып жаткандан кийин, аны кыргыз киносундагы контекстсиз карай албайбыз. Ошого, "көргүлө" эле демекмин. бүгүн бир казак досумдун тасма тууралуу суроосуна "фильм хороший, но восторг вокруг него говорит больше о состоянии кыргызского кино, нежели о самом фильме" деп жооп бердим. Бул эми тасма тууралуу жөн эле бейрасмий тантырап койгонум. Ал эми расмий түрдө, редакциянын атынан сүйлөгөн текстимди бул шилтемеден окугула. Кааласаңар пикир калтыргыла бул посттун астына, же инстаграм посттун астына.
Биздин телеграм канал - @synchykg Инстаграм баракча - https://www.instagram.com/synchy.kg/ Тредсте - https://www.threads.com/@synchy.kg Сайт - synchy.kg
Билбегендерге, биз бул айдын башында "Сынчы" деген платформаны ачканбыз. Бул долбоор киносынчылыкка багытталып, кино тууралуу талкууга, диалогго аянтча болууну көздөйт. Ошону менен бирге кыргыз коомунда кыргызча, орусча эркин жаза алган курч тилдүү авторлорду өстүрүү да негизги миссияларыбыздын бири. Сынчылык эмне үчүн керек деп баш тырмашыңар мүмкүн. Негизи ойлоно келсе, чын эле эч кимге кереги жок бекерчинин ишиндей эле туюлат. Бирок сынчылыктын коом үчүн чоң пайдасы жана милдети бар. Алар биз билип, же билбей алып жаткан маалыматтарга талдоо жүргүзүп, баа берип турат. Оорулууга диагноз койгон даарыгер сыяктуу. Сынчылык жок жерде "ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат" макалы жүзөгө ашат. Себеби коом кайда турганын, кайда баратканына баа бербестен, өтүгүн башына кийген бойдон эшек жайлоо болуп аңга кете берет. Биз уккан ырларыбыз, көргөн кинолорубуз, окуган китептерибиз биздин алдыдагы 5-10-15 жылдардагы өзүбүздү алып жүрүү моделибизди калыптандырат. Эгер азыр коомдо бир былгыган иштер болуп жатса, анын үрөөнү 2000-жылдардын башында себилген деп билгиле. Азыркы окуяларга реакция кылуу өтүшүп кеткен оорунун симптомдору менен күрөшүүдөй пайдасыз, акыбетсиз жумуш. Бул киносынчылык тууралуу жазган эссемден үзүндү: "Сынчылык — бул байыркы кесип. Учурда кинодо эле эмес, поэзияда да, театрда да, музыкада да, адабиятта да сапаттуу сын дээрлик жокко эсе. Өз тармагында терең адистиги бар, көптү окуган, ою курч, тили өткүр адамдар кайда кетти дейсиң. Алар жок эмес, бар. Күндүзү чырак менен издеп тапса болот. Бирок аларды уккан коом барбы? Бул нерсе суроо бойдон калат. Көрөгөч, билгич адамдардын ордун мутациялашкан коомдо кимдер басып калды?" Долбоордо азырынча киного басым жасаганыбыз менен, келечекте маданияттын башка багыттарын да өзүбүзгө камтыгыбыз келет. Ал үчүн бизге күчтүү авторлордун курамы керек. Ал үчүн биз бул айда мыкты рецензияга сынак жарыялаганбыз. Бирок бизге өтө аз сандагы гана жумуштар келип түштү. Ошондуктан сынактын мөөнөтүн 20-июнга чейин узарталы деп жатабыз. Мен ишенем, менин окурамандарым аң сезими тунук, акылы курч жаштар экенине. Ошондуктан катышыңыздар. Сынактын шарттары бул жерде
без подписи
Бул ошо өткөн жума барган эки подкаст: 1. "Манас" радиосунун 1-курсунун студенти жаштарга арналган "Жалын" деген подкастына чакырган. Жеке чыгармачылык тууралуу үстүртөн сүйлөштүк. Калориясы аз эле подкаст болду. https://youtu.be/te3Cjq93GEM?si=5LCGZmkkC7I1WdOq 2. Кайра эле ошол "Манас" университетинин бүтүрүүчүсү дипломдук ишине подкасттардын сериясын тартып жатыптыр. Ошого да барып, бакылдап бергем. Бул жерде бир аз оорчундуу маселелерди талкуу кылганга мүмкүнчүлүк болду. https://youtu.be/-1Y69lfW6is?si=UbSTFvyzPx8IjKmP Эки подкасттын тең тизерлерин көрүп эле чалкаман кеттим. Интриганы бышыра беришкен экен. Аны көрүп алып, мен ушинтип айттым беле деп өзүм таң калып кеттим. Мурдакүнү Шайлообек досум: "Манастагы подкасты көрдүм... сени ушундай подкастка көбүрөөк чыкса дейм, узунурак анан жакшы бир интерьвю алганды билгенге. Сенин сүйлөгөнүндү уккум эле келет,"-деп жазыптыр. Аны уккандан кийин мардайып кринж болбой калдым. Шайлообек айтып атса, неге кринж болом. Мурунку текстте наалыганым менен, баарыбир диалог куруу, сүйлөшүү маанилүү да. Ошо кечээ Умсунай досум да каналыңда талкуу кылганга комментарий ачып кой дейт. Ачып койдум, ска. Талкуу кыла бергиле, мага не
Кечээ бир студенттик подкастка чакырышканынан, бекер жатпай деп барып келдим. 1 саатка созулган сүйлөшүүнүн имитациясынан кийин ичимде кенедей боштук сакталып туруп алды. Анан сүйлөшүүнү секске салыштырдым. Кечээги подкаст сезимсиз секстей, кургак, кумарсыз болду. Ар бирибиз өз ишибизди бат-баттан так аткарып, убакыт бүтөрү менен, коштошуп кеттик. Мен болсо сойку сезими менен сыртка бет алдым. Подкасттар биздин турмуштагы маектешүүнүн порнографиясыбы дейм. Күн сайын түркүн-түркүн кулпурган видео/аудиоподкасттарды укканча эмоционалдык мастурбация жасап алып, жарыбаган жашообузду уланта беребиз да. Жандуу маек куруу, каалап, көксөп, суусап сүйлөшүү азая берет да . Муну жазып бүтүп коюп, бүгүн дагы бир студенттик подкастка тартылганы барам. Өзүмдөн сурап коем, жакпаса эмне себептен макул болдуң деп. Анан Муракаминин аял каарманынын айтканы эсиме түшөт. Өзүмдөн бир жийиркенип алып, интернеттен так цитатасын таап, төмөнгө тиркейм. Жөнөтөм... «Я спала со многими мужчинами. Не потому, что мне этого хотелось, и не потому, что они меня хотели. Просто мне было так страшно, что я не могла отказать. Я боялась, что если откажу, то останусь совсем одна в пустом мире. Секс для меня был чем-то вроде подтверждения того, что я еще существую» ска.
Чет элдик таанышымдын өзү жөнүндө даректүү тасмасын көрүп отурсам, атасы жөнүндө мынтип айтат экен: "Камерада, сүрөттөрдө ал дайым камкор ата болчу. Бирок каникул бүтүп, камера өчөрү менен, ал дайым артынан чоң боштук калтырып Париждеги жашоосуна кетчү. Мен ал боштукту тынымсыз тамак жеп толтурганга аракет кылчумун. Антсе да кардым дайыма ач бойдон кала берчү..." Бирин-экин эле сүйлөмгө жашырынган поэзия көкүрөгүмдү тешип өтүп кетти. Унутпаш үчүн бул жерге жазып коеюн.. * Бир дос кызымдын көздөрү жашка толо, кусага бөлөнгөн үнү менен айтканын эстейм. "Колдорубуз эч үзүлчү эмес. Кайда жүрбөсүн, шадылуу алакандарына колумду мыжыга кармап алчу. Азыр эстеп отуруп, колдорумду жыттап-жыттап алчу болдум..." Ным тарткан алаканымды мурдума алып келип, бул манжалар кармаган колдордун жыты калды бекен деп, демимди ичиме терең тарта жыттап көрөм. Самын аралаш тердин эле жыты... * Декабрдын жыйырманчы түнүндө 4 ай бою сүйрөп жүргөн Муракамини акыры жыгыта окуп отуруп, акыркы беттеринде: "Тишина в последний раз обняла нас обоих",- деген сүйлөмгө көзүм жабышып калды. Китептен баш көтөрүп, эки жакты карасам, күңүрт тарткан бөлмөдө жалгыз отурупмун, жымжырттыкка кучакталып. Кээде чебер токулган ырга караганда, жөнөкөй эле сөздөрдө ушунча көп сезимдер, ушунча көп поэзия бар.
"Кубатым" деген сөздү жазып жатып ичим ысый түштү. Памирлик кыргыздар бири-бирине ушинтип кайрылышат экен. Кандай сулуу, кандай жылуу сөз э. Кубатым. Тирегим.
Кызыктуу учур. Соц. тармактарга кирбей коюп, телефонумдун кубаты эки күнгө жетип жатат. Ал эми өзүмдүн кубатым жөнүндө айтпай эле коеюн.
Булуттардын көчүн карап отуруп мээм тазалангандай боло берет. Курттап, чирип бүткөн ашмалтай акылымдагы чырмалышкан арам ойлор булуттардын көчү менен чуурулуп чыгып кетип жаткансып, мээмдеги нейрондор экстаздан бир сыйра дирилдеп-дирилдеп алышат. Айылда чалкаңан көз айнекчен жатып алып, булуттардын парадын карап жаткандын ырахаты башка. Ошентип жатып уктап калган, шамалдын денеңе ары-бери сүйкөнгөнүнөн ойгонгон андан бетер бөлөк. Уктаганы жатсаң деле ошол булуттар, ойгонсоң деле ошол булуттар. Айылда булут түгөнмөк беле. Жамбашың жерге сайылгыча жатып алып, көзүң соолугуча карсаң деле түгөнбөйт. Түгөнбөгөнү менен, ар көз ирмелген сайын булуттарың өзгөргөндөн-өзгөргөн. Ал мурунку калыбына эч качан келбейт. Учур чактагы булуттун формасы миллион жылдагы жалгыз, кайталанбаган көрүнүш. Искусствону театрдан, музейден издейбиз. Булуттардын ар бир секунду кайталангыс искусство. Дарактын шуудураганы, шар дарыянын агымындагы көбүктөр, оттун жалындары, дарактан кулаган жалбырак жанабашка жанабашка. Орустарда "созерцание" деген сөз бар. Бир буюмду, нерсени, кубулушту узакка, терең маани берип кароо, ичине кирип көрүү, байкоо, сезүү, өзүңдөн өткөрүү дегенди түшүндүрөт. Кыргызча так котормосун таба албай койдум. Бул нерсе бизде, кыргыздарда, табигат менен таттуу мамиледе жашаган көчмөн эл катары каныбызга терең сиңген болсо керек. Бирок негедир тилибизде ошол түшүнүктү бир сөз менен колдонбойт экенбиз (балким мен эле таба албай койдум). Андан улам тилибизде жок нерсе дилибизде барбы деген ой жаралат. Балким, жайлоодо коюн жайып коюп, көк чөптө жамбаштап жаткан кыргыз үчүн булуттарды, көк шибердин жайкалганын "созерцать" этиштин деле кереги жоктур эле. Кино, китеп, контент, маалымат, инсайд, тренд дегенден талгак немедей көңүлүм айнып, көз жумуп, кулак жапырып жашаганга аракет кылам. Көнөк баш болуп калдым. Анан кээде ошентип пайдасы жок болсо да, зыяны жок деп, экрандан булуттарды ачып алып "созерцать" этип отурам. * Булуттар, булуттар, Жандап өтпөй, жалгыздыкты унуткар, (унуткар... унуткар... унуткар...) Жанды жууп сал жамгырыңа, булуттар.
https://www.youtube.com/watch?v=KaWjVszmKOI
https://youtu.be/WkRqC44u4SE?si=l2qMFhI2KQyD5Dhw
3 мүнөт убактыңарды сурайм. Араңарда уйкудан качкандар болсо, бул анкетаны толтуруп бергилечи. Досум маанилүү изилдөө жасап жаткан экен. 18-24 жаштагылардын жооптору керек болуп жатыптыр. Сурамжылоо анонимдүү, кабатырланбагыла. https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSd5qoo_5DBu16OwAqxpEiL86GXO7DDHEZu5k1bcBQVpxMRtVQ/viewform?usp=header&fbclid=PAZXh0bgNhZW0CMTEAc3J0YwZhcHBfaWQMMjU2MjgxMDQwNTU4AAGnAbq5IMiNDZo8Zv8ptzjUBib6nc6NCBTV_soAsfOg7hQNCvEX4QoayxwskBo_aem_usSFj2RYbYQMyKHgO4LjZQ
Шаркырап өткөн селдин артынан жээкке чыгып калган агынды сымал, кишилерге кошулбай, кийиктей болуп жашаган жагат. "Кийик болгудай башың мүйүздөн бекен" дешиңер мүмкүн. Башым мүйүздөн. Төбөмдө сөөмөйдүн учундай эки мүйүзүм бар. Күн сайын үйдөн чыгардан мурун, эки мүйүзүмдү түбүнөн эски жуушаң кайчынын мизине сала кыркып таштайм. Анан күн бою кадимки киши сымал көчө кыдырып жүрө берем. Кечке жуук мүйүздөрүмдүн тумшугу көрүнө баштаганда үйгө келем. Мүйүздөрүм түн ката кайра эле баягы сөөмөй учундай болуп өсүп чыгып, үрпөйгөн чачтарымдын арасынан оркоюп калат. Көчөдө ишим болсо, кайра кыркам. Ишим жок болсо, мүйүздүү башым менен чардаган бойдон эки бөлмөлүү батирде ары оонап бир иштеп, бери оонап бир уктап жүрө берем. Мага ушинтип үйдө эле ары оонап, бери оонап жашаган жагат. Анткени көчөгө чыгыш үчүн мүйүзүмдү кыркышым керек. А мүйүз кыркуу - тырмак алуудай оңой иш эмес, кулагыңды көзөткөндөй, же чочогуңду кестиргендей эле оору, түйшүк. Элестетсең. Кийик болуп жашаганымдын дагы бир себеби - мен коркокмун. Аны эки-үч жыл мурун эле билдим. Бирок апамдын айтуусу боюнча бала кезден бери коркок болчу экенмин. Айылга барган сайын, апам: "Эсиңдеби, баары мектепке кеткенде, мени ишке ээрчип алчусуң, үйдө жалгыз калгандан коркчусуң. Анан түштө эжелериң мектептен келгенде гана үйгө келип, кийинип алып мектепке кетер элең. Сабактан кайтып келгениңде эшиктин алдында эч ким жок болуп калса, үйдү айланып өтүп, бизге терезени тыкылдатып, "мени үйгө киргизип койгулачы" дейт элең. Коридордон биз отурган төркү үйгө өзүң басып киргенден да коркор элең",- деп тажабай кайталап айтып берет. А мен анын баарын унутуп койгон болуп, таң калган кишидей угуп отурам. Чынына келгенде деле анын баары эсимде жок. Эмнеге үйгө келип алып, "коридордон киргизип койгула" деп терезе такылдатчу экем? Коридордо бир дөө-пөө жашаган го. * тексттин ушул жеринен ары уланта албай койдум. ар дайымкыдай мааниси жок сезилди. Бала кездеги коркууларымды айтып келип, азыркы коркууларым менен бөлүшөм го деп ойлогом. Бирок кандай калыпка салып жазышты билбей койдум. ансыз деле мүйүз-пүйүз деп дөөдүрөп салдым го, ска. Аллегория эмне экенин билбеген дабдырлар чын эле мүйүзү бар экен деп, эртең төбөмдү чукулап жүрүшкөнүн көр анан.