Насаат Медиа (расмий канал)
Статистика✅ Расмий баракча 🔸 Илимий агартуу медиа портал 🔸 Устаздардын сабактары 🔸 @nasaatmedia_ru 🔸 Ютуб каналыбыз 👇👇👇 www.youtube.com/user/nasaatmedia/videos
- Последний пост
- 11:33
- Последнее чтение
- ещё не заходили
- Постов за неделю
- 10
- Всего постов
- 29
- Тип
- открытый
- Язык
- русский
- В каталоге с
- 13 авг.
- 1/24сутки в ленте
- 467
- 1/48двое суток
- 535
- 1/72трое суток
- 577
Оценка по просмотрам недавних постов: пост набирает почти всё за первые сутки.
Посты
без подписи
🤲 Зикрди көп айталы 📖 Пайгамбарыбыз алейхиссалам айтат Аллах Таала айтты дейт: "Эгерде пендем Мага бир карыш жакындаса, ага мен бир кулач жакындайм" дейт. "Эгерде пендем мага басып келе турган болсо, мен ага жүгүрүп барам" дейт. Бул деген сөз Кудайым, эгерде сенде кичине эле аракет боло турган болсо, калганын көбүрөөк кылып берем дейт. Кээде дуа кылабыз, жакшылык кылабыз анан биз ойлогондон көбүрөөк жакшылык келет. Анткени Кудай Таала дайыма бизге, урматтуу бир тууганым, көбүрөөк кылып берет деген сөз. ✨ Кудай Таала айтат дейт Пайгамбарыбыз айтат. "Пендем Мени эстеп эле турган болсо, пендем менен бирге болом" дейт. Эгерде сен бир иш кылып жатканда Кудай эстеп кыла турган болсоң, Кудай адаштырбайт сени. Бирөө менен келишим түзүп жатканда Кудайды эстеп бисмилла деп баштай турган болсоң, Кудай адаштырбайт. Базарга барганда, мазарга барганда, дүкөнгө барганда Кудайды эстеп, ошонун зикирин айтып, ошонун дуасын айтып жүрө турган болсоң, эч качан сенин барып келгениң зыянга кетпейт, урматтуу бир тууганым. Анткени Кудайым айтат: "Пендем мени эстесе, аны Мен эстеп турам, аны менен жанында болом" дейт. "Жана пендемдин оозу Мени эстеп кыймылдап жаткан болсо, анын жанынан эч бөлүнбөйм" дейт. 🗣 Ошондуктан дайыма Аллаху акбар, субханАллах деген зикирди дайыма айтып турушубуз керек. Эгерде оозубуз ошондон бош болбосо, анда башка нерсеге мүмкүнчүлүк болбой калат. Могу стакан бош, урматтуу бир тууганым. Буга ар нерсе куйсак болот деген сөз да. Эгерде бош болбой суу менен тура турган болсо, үстүнө башка нерсе куя албагандай эле. Эгерде ооз зикир менен толо болуп турган болсо, анда гыйбат, жалган айтуу, ушак, андан башка намимат ушуга окшош нерселердин бардыгы бизден, урматтуу бир туугандар, алыс болот. 🌿 Абдул ибн Бусрин деген сахабий айтат: "Бир адам келип Пайгамбардан сурады. Оо Кудайдын пайгамбары, шариат көп болуп кетти. Аны кылба, муну кылба. Бул болот, бул болбойт. Бул арам. Андай мындай шариат көп болуп кетти. Мага бир кабар бериңиз, бир нерсе айтыңыз. Ошону бекем карманып алайын. Эми шариат намаз окуп атамын, анча-мынча каза болуп калат. Зекет берем, кээде кем берип калышым мүмкүн. Кээде кыйкырып урушуп кетишим мүмкүн. Бирок бир нерсе айтыңыз мага ошону мен бекем карманайын дагы, калганын аткарам, бирок ошону эч таштабай турган болоюн" деп айтты. 📿 Дегенде Пайгамбарыбыз жооп берди. "لا يزال لسانك رطبا من ذكر الله". "Сенин тилиң Аллахты зикир кылгандан бош калбасын", деди. "Намаз оку, аракет кыл, колуңдан келишинче бардыгын кыл. Бирок эң бекем кармана турган нерсе тилиң дайыма Кудайды эстеп турсун" дейт. Ошон үчүн тилге көнүктүрүш керек Субхан Аллаһ, субхан Аллаһ, субхан Аллаһ, элхамдулиллаһ, элхамдулиллаһ, элхамдулиллаһ. Же Куран жаттаганда Куранды кайталап мисал үчүн. الحمد لله رب العالمين الرحمن الرحيم жаттаган аяттарды кайталап окуп мисал үчүн. Айтор, Кудайды эстеп тура турган болсо, анан беркиндей сүйлөшкөн учурда жүрөк зикир тарта турган болсо, кыймыл аракети Кудайды эстеп тура турган болсок дейт, анда дейт ошол сени куткара турган нерсе мына ушул дейт, урматтуу бир тууганым. ✍️ Устаз Шейх Чубак ажы Жалилов 📱 Насаат Медиа 📱 Насаат Медиа 📱 Насаат Медиа
✅ Альхамдулиллах😊👍🏻 😍 Кубанычтуу жарыя!!! 📆 18/08/2026. Шейшемби күнү 🕖 Шам намазынан кийин 📚 Устаз Акылбек Тагаев 🕌 “Имам Сарахси” Борбордук мечитинде 👳 Эркектерге сабак өтөт ⏰ сабактан соң суроо-жооп болот ——————————— 🔍 Дареги: 📍 Бишкек шаары, 🕌 “Имам Сарахси” Борбордук мечити 🛣 Жибек Жолу 264 ⛳️ https://maps.app.goo.gl/8WZPCEzRDhqCx3Kz6 ——————————— ☺️ P.S. Келип сабакка катышып, 🎁 эки дүйнөлүк пайда алыңыздар.👍 📲 Бул пайдалуу маалыматты ➡️ башкаларга жеткириниздер!
✅ Альхамдулиллах😊👍🏻 😍 Кубанычтуу жарыя!!! 📆 17/08/2026. Дүйшөмбү күнү 🕖 Шам намазынан кийин 📚 Устаз Акылбек Тагаев 📖 “Нуурул Якин” китебинен 💫 Пайгамбарыбыздын ﷺ өмүр таржымалынан 🕌 “Имам Сарахси” Борбордук мечитинде 👳 Эркектерге сабак өтөт ⏰ сабактан соң суроо-жооп болот ——————————— 🔍 Дареги: 📍 Бишкек шаары, 🕌 “Имам Сарахси” Борбордук мечити 🛣 Жибек Жолу 264 ⛳️ https://maps.app.goo.gl/8WZPCEzRDhqCx3Kz6 ——————————— ☺️ P.S. Келип сабакка катышып, 🎁 эки дүйнөлүк пайда алыңыздар.👍 📲 Бул пайдалуу маалыматты ➡️ башкаларга жеткириниздер!
без подписи
🤲 Күнөөнүн кечирилиши 📖 Азирети Пайгамбарыбыз алейхиссаламдан Азирети Абу Бакр ас-Сыддык айтат: «Кимде-ким истигфар айткан болсо, ошол күнөөгө дайыма жабышып туруп алды деген сөз болбойт» деди. Асарра деген сөз бул ошол күнөөнү дайыма аткарып атат деген сөз болот да. Бирок күнөө иш кылып алса, ошого истигфар айтса, ошол күнөө токтоду дегендик. Кайра кылса, бул жаңылды деген сөз болот. Ошон үчүн "мен эч күнөөдөн арыла албайтам" деген сөз, урматтуу бир туугандар, андай сөз жок дейт да. Кимде-ким истигфар айтса, ошол күнөөгө дамамат болуп уланып алды деген сөз жок деп жатат. 🗣 Эртең мененки сабакта бир эжекебиз суроо жазыптыр. Ушундай айтат: "Мен өзүм билбейм, курсагым ток, акчам бар, бирок уурулук қыла беремин" дейт да. Колум туткак, ошону билбейм дейт. Алгандан кийин дароо өкүнөм дейт. Бирок ошону билбей алып алам өзүм ушундай дейт да. Ушундай адамдар бар, жакшы адамдар бар, карылар, башкалар. бирок уурулук адаты бар. 💰 Бирөө бар иштейт экен ишкананада үч этаж үйү бар, цехтери бар, ишканадан уурдай берет. Уурдаганда көп деле уурдабайт он беш сом, жыйырма сом ашыкча жазат. Мен айттым да: "Сен өзүң байсың. Сен бир ишкананы багып кое турган кишисиң мисал үчүн. Анан ушу алганың эми, байыбайсың" десем, "ушу эми илгертен адат болуп қалған экен" дейт да. Болбосо берген жакшылыгы көп аябай, бирок адат болуп калган. Ошону токтотуш керек, урматтуу бир туугандар. 🤲 Эми ошондой болуп калган болсо, эмне кылыш керек? Утур истигфар айта берүү керек. Мунун пайдасы, урматтуу бир тууганым, айта берген сайын барып-барып жок болуп кетет деген сөз болот. Дайыма истигфар айта берсе, барып, барып ошонусу жок болуп кетет деген сөз болот. Бир күндө жетимиш жолу кайткан болсо дагы, жетимиш жолу күнөө кылып, жетимиш жолу истигфар айткан болсо дагы, жанагы иншаллах жок болуп кетет деген сөз. Дайыма истигфар айта берсе, ошол күнөөнү дайыма кылып атат деген болбойт. 🐪 Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи вассаллам айтат: «Пендеси тообо кылса, Кудайт Таала канчалык сүйүнөт. Эгерде бир адамдын ээн талаа, эрме чөлдө анын жалгыз төөсү бүт жүгүн жүктөгөн, бүтүндөй издеп тапкан байлыгынын бардыгы болгон - суусу болгон төөсү, уктап атып анан турса таң атканда төөсү жоголуп кеткен болсо, анан жарым күн өтүп-өтпөй төө кайра табылса адам қандай сүйүнөт? Кудай Таала пендеси тообо кылса, мына ушундан дагы көбүрөөк сүйүнөт» деген мына ушул осуят келет, урматтуу бир тууганым. 🌟 Азирети Анас ибн Малик радияллаху анху риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз алейхиссалам айтат: «Албетте, Аллах Таала тообо кылуучу жаш жигиттерди, жаш кыздарды жакшы көрөт» дейт. Жаштыгында тообо кылган, урматтуу бир тууганым, бул деген олуялыкка кадам койду. Бул деген Кудайдын сүйүктүү пенделеринин катарына кошулду деген маани. Карыганда ансыз деле зына кыла албайсың, ансыз деле уурулук кыла албайсың, ансыз деле алдай албайсың, үйдө отуруп каласың да. Бирок жаштыгыңда карууңду казык кылып, каныңды азык кыла турган, каның менен жер теше турган, тишиң менен таш чайнай турган убагыңда тообо кылып калсаң, мына ушул тообо Кудай Таалама жакшыраак, сүйүктүүрөөк, жакыныраак деди. ✍️ Устаз Шейх Чубак ажы Жалилов 📱 Насаат Медиа 📱 Насаат Медиа 📱 Насаат Медиа
без подписи
🛡 Душмандан сактануу ⚔️ Эгерде сиздин душмандарыңыз болуп, ошол душмандарыңыздан жеңилгенди каалабай, ошолордон сактанганды кааласаңыз, анда истигфар айтыңыз. Астагфируллаһ әл-азыйм, Роббигфирли, астагфируллаһ, астагфируллаһ деп дайыма истигфар айтып турсаңыз, Кудай Таала мына ушул душмандардан сизге калкан кылып берет. Андан сырткары истигфардын пайдасынын бири - адамдын жүрөгүнун күчтүү болуусуна мына ошол истигфар, урматуу бир тууганым, себеп болот. Эгерде жүрөгүңүз коркпой турган, жүрөгүңүз бекем боло турган, ар кандай кыйынчылыктарга дуушар боло турган жүрөк каалай турган болсоңуз, анда истигфар менен жүрөгүңүздү, урматуу бир тууганым, сиз баатырга айландырыңыз. 🤲 Андан кийинкиси, эгерде бир адам истигфарды тоодо, түздө, талаада, үйдө, көчөдө, бардык жерде, бардык жерде дайыма айтып тура турган болсо, анда ошол адамга истигфардын айтканына күбөлөрдүн көптүгү, демек, көп адамдар буларга күбө болот деген маани. 📿 Зикрлердин эң жакшысы кайсы деген маселе келсе, зекерлердин эң жакшысы ՝ субханәллаһи уал-хамду лиллаһи уаля илаһи иллаллаһу уаллаһу акбар. Мына ушул зикрлердин эң жакшысы, урматуу бир тууганым. Демек, истигфар мына ошол зикрлердин катарында турат. 📚 Башка бир китептен бул китеп, урматуу бир тууганым, "Мавсуат Назрату Наим", мына ушул жерде истигфардын пайдалары жөнүндө бир канча пайда келтириптир. Мына ушул пайдаларды сиздерге окуп, андан кийин ошонун маанисин айтып бергенге мен аракет кылайын. Истигфар айтуу адамдарга пайдалуу жамгырларды алып келет. Истигфар айтуу адамдарды бейишке киргизип, истигфар айтуу ошол бейиштеги дарыялардын боюнда орун алганга мүмкүнчүлүк берет. Бул деген сөз бейиштеги жакшы даражалар деген сөз. 🌿 Истигфар айткан адамдарга Кудай Тааланын жакшылыгы болот. Истигфар айтуу Кудайдын бере турган жакшылыгынын себеби болот. Ошол адамдын мал-мүлкүнүн көбөйүшүнө, ошол адамдын перзенттеринин, бала-чакасынын көбөйүшүнө себеп боло турган мына ушул жакшы сөз бул истигфар. Астагфируллаһ деп айтуу, урматуу бир туугандарым. ✨ Эгерде бир адам истигфарды көп айтса, бул адамга ибадаткар жеңил болот. "Мен намаз окуй албай жүрөм", "Мен орозо кармай албай жүрөм", "Мен жоолук салына албай жүрөм", "Мен канткенде ушактан тосулам", "Мен канткенде багымдатка турам" деген адамдарга истигфар айт. Истигфар айта турган болсоң, сага таат, ибадаткардын бардыгы жеңил болуп калат. Ошондой эле дубаң көп болуп, иншаллаһ, Кудай Таала сенин ырыскыңды жеңил кылат дейт. Ырыскыңды жеңил кылат дейт. ✍️ Устаз Шейх Чубак ажы Жалилов 📱 Насаат Медиа 📱 Насаат Медиа 📱 Насаат Медиа
✅ Альхамдулиллах😊👍🏻 😍 Кубанычтуу жарыя!!! 📆 14 / 08 / 2026 Жума күнү 🕖 Шам намазынан кийин 📚 Устаз Олжобай Алимбеков 🕌 "Имам Сарахси" Борбордук мечитинде 👳 Эркектерге сабак өтөт ⏰ сабактан соң суроо-жооп болот --------------------------------- 🔍 Дареги: 📍 Бишкек шаары, 🕌 "Имам Сарахси" Борбордук мечити 🛣 Жибек Жолу 264 ⛳️ https://maps.app.goo.gl/8WZPCEzRDhqCx3Kz6 --------------------------------- ☺️ P.S. Келип сабакка катышып, 🎁 эки дүйнөлүк пайда алыңыздар.👍 📲 Бул пайдалуу маалыматты ➡️ башкаларга жеткириниздер!
без подписи
🤲 Тообого үлгүрүп кал 📖 Кудай Таала айтат: «Мен Өзүмдүн Улуулугум менен, Иззатым менен, Кадыр-барк, Сыйым менен жана Даражамдын бийиктиги менен касам ичип айтам сага пенделерим истигфар айтса эле, күнөөсүн кечире берем», - деди. Шайтанга жооп берди. "Истигфар айтса эле күнөөсүн кечире берем", - деди. Бирок истигфар айткан ким бар, урматтуу бир тууганым? Күнөө кылабыз анан эстен чыгып кете берет. Күнөө кылабыз эстен чыгып кете берет истигфар айтыбайт. Ошон үчүн Пайгамбарыбыз алейхиссалам намаздан кийин истигфар айткан да, урматтуу бир тууганым. Демек, дайыма истигфар айтканга өзүбүз аракет кылып көнүп алышыбыз керек. Имам Ахмад риваят кылат. 🚪 Айтат Азирети Сафван ибн Ассал айтат, Пайгамбар алейхиссалам айтты дейт. "Аллах Таала батыш тарапка бир эшик кылып койду дейт. Анын кенендиги жетимиш жылдык жол дейт. Тообо үчүн. Батыш тарапка бир эшик кылды. Анын кенендиги жетимиш жылдык жол. Бир күндүк жол отуз километр. Болжол менен эсептегенде. Эми жетимиш жылдык жол деген абдан кенен. Бул деген кенен деген сөз. Мен тообо кылып атсам, Кудай Таала тообомду кабыл кылабы же Эшматтыкын кабыл кылабы? Бүт молдолор тообо кылса, мен простой киши күнөөм көп тообом кантип кабыл кылынат? Жок, антип отурба. Бардыгын Кудай Таала кабыл кылат. Бул деген сөз адамдарга түшүндүрүү максатында Кудайга тообо кылганда очередь болуп, тообо деген тыгылып калып анан батпай калат деген сөз жок. Тообонун бардыгын Кудайым кабыл кыла берет деген маани. Ошол батыш тараптан күн чыкмайынча бул эшик жабылбайт дейт. Бул эшик жабылбайт дейт. ⚠️ Кудай Таала Курани Каримде айткан бир сөз бар. Ошол сөз мына ушул дейт. Бирөөлөр айтат экен да. Кудайдын бар экенин бизге Кудайым өзү келип, "мен бармын" деп айтып берсин. Же периштелер келип бизге биз Кудайдын элчисибиз деп айтып берсин. Же Кудайым бизге бир белги жөнөтсүн дейт экен. Дегенде ошол аят келип туруп, ‹Ушундай бир күн келет. Ошол күн келгенде сенин Роббуңдун жараткан Кудайыңдын кээ бир аят белгилери сага келет дейт. Ошондо мурдатан ыйман келтирбей, ошол убакта ыйман келтирген адамдын ыйманы жардам бербей калат дейт да. Анткени ошондо жанагы эшик жабылып, күн батыштан чыкканда Кудайдын бар экенин анык билесиң дейт да. Уже көрдүң, уже кеч болду дейт. 🕊 Анда ишенбегендин баары ишенет. Фираун алейхи ляна эмне болду эле? Ыйман келтирди бирок көргөн учурда. Кеч болуп калды. Мына ушундай аят келет сага дейт да. ✨ Урматтуу бир тууганым, Кудайдын аяты бар. Кудайдын аяты бар. Эгерде адамдын көзү тунук, көкүрөгү тунук боло турган болсо, ар бир нерседен Кудайдын аятын көрүп турат. Ошону көрө турган көз болуш керек. Анүчүн жүрөк таза болуп истигфар айтыш керек деген сөз болот. Акылдуу адамдар тегерегинин бардыгынан аятты, Кудайдын алааматын, Кудайдын бар экенин көрүп билип турат. Өзүнөн көрүп билип турат, урматтуу бир тууганым. Эми ошондой аны билбеген адамдар кор болуп жүрө берет. ✍️ Устаз Шейх Чубак ажы Жалилов 📱 Насаат Медиа 📱 Насаат Медиа 📱 Насаат Медиа
без подписи
🛡 Балээден сактануу 🤲 Келе турган ар кандай балээлерден мына ушул истигфардын себеби менен Кудай Таалам сактай турган болот. Асмандан келе турган балээлер, жерден келе турган балээлер, мына ушуга окшогон бардык балээлерден Кудай Таалам мына ушул касиеттүү истигфар келимесинин пайдасы менен, берекети менен, себеби менен бизди ошол балээлерден сактайт. Кудай таалам "Анфаль" сүрөсүнүн 33-аятында айтат. "Эгерде адамдар истигфар айтып эле турушкан болсо, Кудай Таалам аларды азаптабайт" дейт. Демек, биз дайыма адат кылып алып, оозубузду бош койбостон "астагфирулла, астагфирулла, астагфирулла, астагфирулла" деп айтып турган болсок, истигфар эле айтып турган болсок, Кудайдын азабы бизге келбейт. Анткени ар бир мөөнөттө Кудайдын ачуусун келтирип, азапка кириптер болуп калуу, дуушар болуп калуу коркунучу бар. Ошол коркунучтан биз дайыма истигфар айтуу менен сактанабыз. ✨ Андан кийинки тогузунчу пазилет истигфар айтуу ар бир пазилеттүү адамдын өзүнүн пазилетин өзүнө кайрып берет. Эгерде сиздин акыл-эсиңиз болсо, ошол акыл-эсиңизден туруктуу пайдаланасыз. Эгерде сиздин илимиңиз болсо, илимиңизден туруктуу пайдаланасыз. Кудай Таалам сизге кандай артыкчылык, пазилет берген болсо, ошол пазилетти истигфар аркылуу сиз өзүңүзгө кайтарып келе аласыз. Өзүңүздүн сакталуусуна сиз себеп болосуз. 🧎 Андан кийинки маселе адамдардын бардыгы, адамзаттын бардыгы истигфар айтууга эң көп муктаж. Бул ааламда айбандар, жаныбарлар, өсүмдүктөр бар, бирок ошолордун ичинен дагы эң көп истигфар айтууга адам муктаж. Анткени ошол жаратылган махлукаттардын ичинен эң көп күнөө келтиргендер дагы булар - инсандар. Биз эртели-кеч күнөө кылабыз. Эртең мененден кечке чейин, кечтен таң атканга чейин өзүбүз билбей гыйбат сүйлөйбүз, ушак айтабыз, башка бирөөлөрдүн гүпүрүн кылабыз, адамдарды ушактап барабыз. Айтор, көптөгөн пендечилик күнөөлөрдү кетиребиз. Мына ошол күнөлөрдү жууп кетирүү үчүн себеп боло турган, ошол күнөлөрдөн сактай турган бул касиеттүү сөз бул - истигфар "астагфирулла" деген, урматуу бир тууганым, сөз болот. 🌿 Андан кийинки маселе, урматуу бир тууганым, истигфар Аллах Тааланын ырайым, мээриминин түшүүсүнө себеп болот. Кудайдын мээрими качкан жерде шайтандар уялайт. Ал үйдө ырыскы болбойт. Ал үйдө ынтымак болбойт. Ал үйдө эркек менен аял урушуп, баласын атасы укпай, атасын уулу укпай, энесин кызы укпай, бир туугандар ажырашып, урушуп жүргөн жер мына ушул Аллахтын ырайымы качкан, кут качкан жер. Мына ушул куттун, Аллахтын ырайымынын түшүүсүнүн эң негизги себептеринин бири мына ушул истигфар, урматуу бир тууганым. ✍️ Устаз Шейх Чубак ажы Жалилов 📱 Насаат Медиа 📱 Насаат Медиа 📱 Насаат Медиа
без подписи
без подписи
🌟 Эң жакшы пенделер 📖 Азирети Абу Саид айтат: «Пайгамбарыбыз алейхиссаламдан сурашты. Пенделердин кайсынысы эң жакшы, абзел? Кайсынысы Кыямат Күнүндө даражасы бийик?». Молдо Сабыр кечээ уламалар кеңешинде айтат: Бул кыргызча тамгаларды оңдош керек болуп калыптыр, бизге қ анак к киргизиш керек, а, ә киргизиш керек дейт. Неге десең айтат. Мисалы үчүн мен китеп жазып атып, Аллахтын бәнделери деп жазсам, аны бирөө Аллахтын бандалары деп окуп алыптыр. 🗣 П деп жазбайсызбы десем. Жок, дейт, китептерде бизде бәнде деп жазылып жүрөт. Анын пикири экен да, ушунтип айтат да Молдо Сабырчы. Анын сыңарындай, бул жерде айтат, Аллахтын пенделеринин кайсынысы эң абзел, эң жакшысы, даражасы бийик Кыямат күнүндө? деп сураганда, "Аллах Таааланы көп зикр кылган эркектер жана көп зикр кылган аялдар" деди. 🤲 О Аллахтын элчиси, Кудай үчүн жолго чыккан, казатка чыкан, газаватка чыккан, мужахид болгон, газий болгон адамдан дагы бул жакшыбы? деп сурады. Эми бул кечке отуруп зикр кылат, басып-туруп зикр кылат. Амалы зикр, бардыгы фикир жакшы экен. Бирок бул Кудай жолунда чыгып, жихад кылып, мамлекеттин эгемендүүлүгүн, динибиздин эгемендүүлүгүн абийирди сактоо үчүн аракет кылып жатпайбы?! Ошондон дагы улук болуп кетеби? Бул кандай? деди. Ошол Кудай жолундагы мужахид, газий кылычы менен чаап, каапырлар, мушриктердин баары менен урушуп келип, кылычы сынып калды, ал эмес кылычы да өзү да канга боелуп калды дейт. Ошондой болсо дагы Кудайды зикр кылган адамдын даражасы андан жогору болуп, абзел болуп тура берет деди. ✨ Анткени Кудайды зикр кылат дегенде ал жерде нифак жок, урматтуу бир тууганым. Бирөө нифак кылып, зикр кылып атса эки жүздүү болуп, аны зикр деп айтпайбыз да. А бирок жихадка чыккандар көпчүлүгү айлык үчүн, акча үчүн, башка үчүн, баатыр деп айтсын деп деле чыга бериши толук түрдө ыктымалы бар, урматтуу бир тууганым. Анан Кудайды улук деп эстегенден улук дагы эмне болушу мүмкүн? Имам Ахмад, Имам Тирмизи риваят кылып, хадис гариб деп баа берет Имам Тирмизи. ✍️ Устаз Шейх Чубак ажы Жалилов 📱 Насаат Медиа 📱 Насаат Медиа 📱 Насаат Медиа
без подписи
🛡 Сыйкырды жок кылуу 🧵 Андан сырткары, эгерде бир адам сыйкырлаганын билип, кайсы жерге көмгөнүн билип калса, анда ошол көмгөн жерден сыйкырлап алган кагазды же жанагыдай жипти байлаганын же ийнени алып туруп, ошону ошол жерден жок кылыш керек. Ошондо сыйкыр жок болот. Үйгө келип, кээде эшиктин астына коюп, кээде бир башка бир жерлерге бекитип сыйкырлап койгон жип, ийнелери болсо алып туруп, «Бисмиллаһиррахманиррахим» деп туруп сындырып, майдалап өрттөп жок кылуу менен сыйкырдын бардыгы, урматуу бир туугандарым, кетип калган болот. ⚠️ Бирок эч качан сыйкырдан чыгуу үчүн сыйкырчыларга кайра барып, ширк кылып, ошолордун иштерине себепчи боло турган болсо Кудай Таала бул адамды чындап эле жаман абалга алып келип коюш ыктымалы толук түрдө бар. 🚫 Урматтуу бир туугандарым! Мына ушул сыйкырчылыктын арам экени, сыйкырчыга баруунун арам экени, анын катарында бакшылар, көз ачыктар, карта ачкандар, пал ачкандар, тамыр кармап тагдыр айтып бергендер, кечээ мындай болуптур, келечекте мындай болосуң дегендер. Ошолордун бардыгы, урматуу бир туугандарым, күнөөкөр болот. Ошондуктан аял кишилер курбуңуздарга айтыңыздар, дегиңиздер. ✍️ Устаз Шейх Чубак ажы Жалилов 📱 Насаат Медиа 📱 Насаат Медиа 📱 Насаат Медиа
➡️КУДАЙДЫ СЫНАБА, БИРОК СЫНООСУНА ДАЯР ТУР Күндөрдүн биринде наалаты болгур шайтан Иса алейхи салам пайгамбарга келип мындай дейт: ➖Силер чындап эле жалгыз Аллах тарабынан бешенеңерге жазылган тагдырга ишенесиңерби ? 💰Ооба, дал ошондой. ➖Андай болсо ушул аскадан өзүңдү ташта,-деп сунуштайт шайтан,- эгерде Аллах тагдырыңа аман каласың деп жазса, анда тирүү каласың да. Анда Иса алейхи салам мынтип жооп берет: 💰Эй, наалаты болгур, шайтан! Чындыгында Жараткан Аллах Таала Улуу, Даңазалуу Зат. Жана пендеси Жаратканды эмес, Жараткан гана өз пенделерин сынайт. ✍️Которгон : Нуриет Абдулазиз 📱 Насаат Медиа 📱 Насаат Медиа 📱 Насаат Медиа
без подписи