tgindex
Последний пост
18:09
Последнее чтение
22:00
Постов за неделю
5
Всего постов
23
Тип
открытый
Язык
русский
Категория
Религия (по похожим)
В каталоге с
13 авг.
Подписчики
11 306
−15 за 3 дн.
Сутки
0
0,00%
Неделя
 
Месяц
 
Просмотров на пост
2 282
22 постов
Вовлечённость
20,2%
к подписчикам
Постов в день
0,7
всего 23
Упоминаний
3
каналов
Охват размещения
оценка
1/24сутки в ленте
1 485
1/48двое суток
1 701
1/72трое суток
1 835

Оценка по просмотрам недавних постов: пост набирает почти всё за первые сутки.

Посты

  • 18:093923

    ➤➤ https://t.me/tilmech

  • 15 авг.1 0164

    🔴 САГА АРЗАНЧЫЛЫКТА ЫРЫСКЫ БЕРГЕН АЛЛАХ КЫМБАТЧЫЛЫКТА ДА ЫРЫСКЫ БЕРЕТ ⠀ Күндөрдүн биринде адамдар улуу аалым Саламат ибну Динарга келип: «Оо, Абу Хазим! Караңызчы, кымбатчылык болуп кетти го?» – деп айтышканда, ал: «Мунун эмнесине кабатыр болосуңар?! Бизге арзанчылыкта ырыскы берген Аллах кымбатчылыкта да ырыскы берет» – деп жооп берди. ("Хильятул Аулия", 3/239) ⠀ Бүткүл айып-кемчиликтерден аруу жана улук Аллах пенделерине ырыскы берүүнү Өз мойнуна алган. Жер бетинде кандай жандык болбосун, ага ырыскыны Аллах гана берет. Андыктан адам баласы үчүн ар бир ишинде Аллахка гана таянуу, Андан гана үмүт кылуу, ырыскысын Андан гана суроо милдет болуп эсептелет. Кайсы гана адам болбосун, ырыскысына толук жетмейин дүйнөдөн өтпөйт, ага жазылган ырыскы кандай жол менен болсо да, акыры ага келет. Ажал аны кандай кууса, анын ырыскысы да аны кууп жүрөт. Ал бешенесине жазылган ырыскыга сөзсүз жетет. Эгер ал нааразы болуп кайгырса, анда бул анын Аллахка болгон ишениминин алсыздыгынан кабар берет. ➤➤ https://t.me/tilmech

  • 13 авг.1 51612

    ​​🔴 УШУНДАЙ АДАМ БОЛ!   ● Сени көргөн адам «мен да ушул адамдай болсом экен» деп тилек кылгандай адам бол!     ● Сени билген адам «ушул адамга Аллахтын жакшылыгы болсун» деп дуба кыла тургандай адам бол!     ● Сен тууралуу укса «ушул адамга бир жолуксам экен» деп эңсей тургандай адам бол!     ● Сенин мүнөзүңдү, жүрүм-турумуңду көрүп «мен да ушул адамдай кулк-мүнөздүү болсом экен» деп өзүн оңдогонго себепчи болгондой адам бол!     ● Кайда жүрсөң да, ким менен болсоң да, дайым адамдарга туура жол көргөзгөн, ыйманга үндөгөн, калыс сөз сүйлөгөн үлгүлүү адам бол! ● Бүткүл абалда Аллах каалагандай адам бол, мына ошондо Аллах сенин каалооң менен болот.     ● Аллахка жүзүңдү бур, мына ошондо Аллах адамдардын жүрөгүн сага буруп коёт.     ● Аллахты жүрөгүңө киргиз, мына ошондо Аллах дүйнөнү колуңа салып коёт.     ● Аллахтын өкүм-буйругун аткар, мына ошондо Аллах өмүрүңө, ырыскыңа береке берет.     ● Аллах тыйгандан тыйыл, мына ошондо Аллах Сени Өз мээримине бөлөйт.    ● Аллах сени менен дайым бирге болушун кааласаң, анда сен дагы дайым Аны менен бирге бол.     ● Аллах аткар дегенди аткар, ташта дегенди ташта, мына ошондо Аллах сени менен бирге болот. Эгерде Аллах сени менен бирге болсо, анда сага ким зыян бере алат? Эч ким! А эгер Аллах сага каршы болсо, анда сени Аллахтын азабынан ким куткара алат. Эч ким!   Андыктан Аллах каалагандай адам бол, ошондо Аллах сенин ар бир каалооң менен болот, сенин ички жана сырткы дүйнөңдү оңдойт жана адамдардын жүрөгүн сага буруп коёт.  ТИЛМЕЧ |Эрланбек Кушчубек уулу ═════════ ➤➤ https://t.me/tilmech ➤➤ https://t.me/tilmech 💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз

  • 11 авг.2 0076

    📌 БАРДЫК КҮНӨӨЛӨР ҮЧ НЕРСЕДЕН ПАЙДА БОЛОТ: ▷ Текеберленүүдөн, анткени текеберлик Иблисти Аллахтын каргышына алып келди. ▷ Напси каалоодон, анткени напси каалоону ээрчүү Адам атаны бейиштен чыгарды. ▷ Көрө албастыктан, анткени көрө албастык Адам атанын баласы өзүнүн бир тууганын өлтүрүүсүнө себеп болду. Кимде-ким мына ушул үч нерсенин жамандыгынан сактанган болсо, анда ал бүткүл жамандыктардан кутулат. — Каапырлык текеберликтен пайда болот. — Күнөөлөр напсинин каалоосунан пайда болот. — Зулумдук кылуу жана чектен чыгуу көрө албастыктан пайда болот. ═══════════════ ➤ https://t.me/tilmech ➤ https://t.me/tilmech

  • 11 авг.1 8344

    ➤➤ https://t.me/tilmech

  • 9 авг.2 23211

    ➤➤ https://t.me/tilmech

  • 8 авг.2 0785

    🔴 КЫЯМАТТА УШУНДАЙ АДАМДАРГА СЫЙ КӨРСӨТҮЛӨТ Имам Ибн Ражаб аль-Ханбали, рахимахуллах, айтты: «Алгачкы муундагы мусулмандардын биринин мындай дегени кабарланат: «Бизге мындай кабар жетти: кыямат күнү башка адамдарга сурак болуп жатканда сый дасторкон жайылып, анда көп орозо кармагандар тамактанып отурушат. Сурак берип жаткан адамдар айтат: «Оо, Раббибиз, биз сурак болуп жатканда, булар эмнеге тамактанып отурушат?». Ошондо аларга мындай жооп болот: «Алар ар дайым орозо кармашкан, а силер ошондо тамактанып жаткансыңар. Алар түнкү намаздарды окушкан, а силер уктап жаткансыңар». 📙 Латаиф аль-маъариф, 297 ═══════════════ ➤➤ https://t.me/tilmech ➤➤ https://t.me/tilmech

  • 8 авг.1 8975

    ➤➤ https://t.me/tilmech

  • 5 авг.3 05711

    🔴 ЧОҢ КҮНӨӨЛӨР ОН ЖЕТИ Абу Талиб аль-Маккий айтты: «Чоң күнөөлөр жалпысынан он жети: Төртөөсү жүрөккө тийиштүү: Аллахка ширк кылуу, Ага күнөө кылууну токтотпоо, Анын ырайымынан үмүт үзүү жана Анын азабынан өзүн коопсуз сезүү. Төртөөсү тилге тийиштүү: жалган күбөгө өтүү, абийири таза адамды жаманатты кылуу, сыйкырчылык кылуу жана жалган ант берүү (б.а. жалганды чындык же чындыкты жалган кылып көрсөтүү үчүн берилген ант). Үчөөсү курсакка тийиштүү: мас кылуучу ичимдиктерди ичүү, зулумдук кылып жетимдин мал-мүлкүн жеш жана билип туруп сүткорлук кылуу. Экөөсү жыныс мүчөгө тийиштүү: зына кылуу жана бачабаздык (гомосексуализм). Экөөсү колго тийиштүү: адам өлтүрүү жана уурулук кылуу. Бирөөсү бутка тийиштүү: согуш майданында душман менен беттеште артка качуу. Бирөөсү бардык денеге тийиштүү: ата-энени нааразы кылуу». 📕 “Аз-Заважир аън иктироф аль-Кабаир” ═════════ ➤➤ https://t.me/tilmech ➤➤ https://t.me/tilmech 💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз

  • 5 авг.2 2695

    видео или голосовое, без подписи

  • 5 авг.2 3135

    ➤➤ https://t.me/tilmech

  • 3 авг.2 31320из dubazikir

    🎞 НАМАЗГА БЕКЕМ БОЛУУ ДУБАСЫ Бул дубаны айтуу менен адам намазга бекем болот. Бул дуба адамдын өзүнүн гана намазга бекем болушуна себеп болбостон, анын бала-чакасынын жана урпактарынын да намазга бекем болуусуна себепкер болот. Ошондуктан бул дубаны дайыма айтып жүрүү маанилүү. 📍 Дубаны сактаңыз, жаттаңыз жана башкалар менен бөлүшүңүз. ▷ t.me/dubazikir ▷ t.me/dubazikir ▷ t.me/dubazikir

  • 3 авг.2 1078

    🔴 НАМАЗ ОКУУ ЫРЫСКЫНЫ КӨБӨЙТӨТ ⠀ Аллах Таала айтты: “Үй-бүлөңдү намазга буюр жана намаз окууда сабыр кылгын. Биз сенден ырыскы сурабайбыз, ырыскыны сага Биз беребиз жана такыбалыктын акыбети кайтат”. (Таха сүрөөсү, 132-аят) ⠀ Ким талаптагыдай намаз окуса, асман менен жердин Раббиси анын ырыскысын көбөйтөт. Пайгамбар ﷺ жокчулук келгенде үй-бүлөсүн: “Оо, үй-бүлөм! Намазга тургула! Намазга тургула!” – деп намазга үндөгөн. (Ибн Абу Хатим риваяты) ⠀ ═══════════════ ➤ https://t.me/tilmech ➤ https://t.me/tilmech

  • 1 авг.2 5777

    ➤➤ https://t.me/tilmech

  • 31 июл.3 1785

    🔴 САДАКАНЫ ТУУГАНДАРЫҢДАН БАШТА ● Салман ибну Аамир, радыяллаху анху, риваят кылат: «Аллахтын элчиси ﷺ мындай деп айтканын уктум: «Кедейге берилген садакага садаканын сообу берилет. Ал эми тууганга берилген садакага эки эсе сооп берилет: садаканын жана туугандык катнашты бекемдөөнүн». | Тирмизи, 658 ● Анас ибну Малик, радыяллаху анху, айтат: «Абу Талха Мадинадагы ансарлардын арасынан курма багы көп эң бай адамдардан болгон. Ага байлыктарынын арасынан эң жагымдуусу Байруха деген курма багы болгон. Ал курма багы пайгамбардын ﷺ мечитине бет маңдай жайгашкан. Пайгамбар ﷺ кээде ал курма бакка кирип, таза суусунан ичип турчу эле. Анас, радыяллаху анху, айтты: «Качан гана Аллахтын: «Силер өзүңөр жакшы көргөн нерсени (Аллах жолунда) сарптамайынча жакшылыкка жете албайсыңар» – деген аяттары түшкөндө Абу Талха пайгамбарга ﷺ келип: «Оо, Аллахтын элчиси! Чындыгында Аллах таала: «Силер өзүңөр жакшы көргөн нерсени (Аллах жолунда) сарптамайынча жакшылыкка жете албайсыңар» – деп айтыптыр. Ал эми менин байлыгымдын арасынан мага эң жакканы – Байруха курма багым. Ал курма багым Аллах ыраазылыгы үчүн садака болсун! Ушул жакшы иш аркылуу (сооп) камдоону Аллахтан үмүт кылам. Абу Талха: «Оо, Аллахтын элчиси! Каалаганыңыздай иштете бериңиз. (Бул ишти) Аллах көрүп турат» – деп айтты. Ошондо пайгамбар ﷺ: «Кандай сонун! Бул байлык жакшы киреше алып келет, өтө кирешелүү байлык! Сен ушул (садаканы) тууган-туушкандарыңа бөлүп бергениңди туура көрүп турам» – деп айтты. Абу Талха: «Оо, Аллахтын элчиси! Сиз айткандай кылам» – деп айтты да, андан кийин Абу Талха туугандарына жана агаларынын балдарына бөлүп берди». |Сахих Бухари, 2769 ═══════════════ ➤ https://t.me/tilmech ➤ https://t.me/tilmech

  • 31 июл.2 14110
  • 31 июл.2 3114
  • 29 июл.2 9154

    ➤➤ https://t.me/tilmech

  • 28 июл.3 02911

    🔴 СҮННӨТТӨ КЕЛГЕН ЭҢ СОНУН ТАТЫМДАР Умар ибн Хаттаб, радыяллаху анхунун, риваятында Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: «Зайтундун майын (тамакка кошуп) жегиле жана денеңерге сүйкөгүлө. Анткени ал берекелүү дарактан». (Тирмизи) Жабир, радыяллаху анху, айтат: «Аллахтын Элчиси ﷺ үйүнө келип: «Жегенге бирдеме барбы?» – деп сурады. Үй-бүлөсү: «Бизде сиркеден (уксус) башка эчтеме жок» – деп айтышты. Анда аны дасторконго алып келип аны менен тамактанып жатып: «Сирке нанга кошулуп желүүчү сонун катык» – деп үч жолу айтты. Жабир, радыяллаху анху, айтат: «Пайгамбардын ﷺ бул сөзүн укканда сиркени нанга кошуп жегенди мен да жакшы көрүп калдым». Талха ибн Нафи айтат: «Пайгамбардын ﷺ бул сөзүн Жабир, радыяллаху анхудан, укканда сиркени нанга кошуп жегенди мен да жакшы көрүп калдым». (Муслим) Пайгамбарыбыздын ﷺ убагында уксус курмадан же жүзүмдөн жасалып нанга кошуп жегенге ылайыктуу болгон. ═══════════════ ➤➤ https://t.me/tilmech ➤➤ https://t.me/tilmech

  • 27 июл.2 7645

    ​​🔴 КӨЗ ТИЙҮҮГӨ БАЙЛАНЫШТУУ ТӨРТ НЕРСЕ   1) КӨЗ ТИЙҮҮ ЧЫНДЫК Пайгамбарыбыз ﷺ айтат: «Көз тийүүнүн бар экени чындык». (Сахих Муслим 5665) Ал эми башка хадисте айткан: «Көз тийүү адамды кабырга киргизет, төөнү казанга түшүрөт». (Сахих аль-Жаами 4144) Хадистеги «адамды кабырга киргизет» дегендин мааниси – эгер кайсы бир адамга катуу көз тийген болсо, анда ал адам ошол замат жан бериши ыктымал же кырсыкка кабылышы ыктымал же ал себептүү ооруга чалдыгып, ошол оору акыры аны өлтүрүп, кабырга киргизиши ыктымал. Ошол сыяктуу эле малга да көз тие турган болсо, ал мал сыягынан чыгып, ээси аны союп, казанга түшүшү ыктымал. Көз тийүү – бул бар нерсе. Бул туурасында көптөгөн хадистерде келген. 2) КӨЗ ТИЙҮҮ АЛЛАХТЫН КААЛООСУ МЕНЕН ГАНА БОЛОТ Көз тийүү чындык экенин билдик. Бирок көз тийүү Аллахтын каалоосу жана тагдыры менен гана болот. Пайгамбарыбыз ﷺ айтат: «Көз тийүү – бул акыйкат нерсе. Эгерде тагдырды озуп кете тургандай нерсе бар болгон болсо, анда аны көз тийүү озуп кетмек». (Сахих Муслим 5666) Мунун мааниси, адамга көз тийиши ыктымал, эгерде көз тийүү аны тагдырында жазылган болсо. Себеби адамдын жашоосундагы ар бир нерсе Аллахтын жазган тагдырына ылайык келген жолдо гана болот. 3) ДУБА КЫЛУУ КӨЗ ТИЙҮҮДӨН КОРГОЙТ Адам өзүн жана үй-бүлөсүн көз тийүүдөн дуба кылуу менен коргой алат. Аллахтан дайым жакшылыктарды тилеп, жамандыктардан коргоо сурап дуба кылуу керек. Пайгамбарыбыз ﷺ айткан: «Чындыгында дуба – адамдын башына түшкөн жана түшө элек бүткүл нерселерге пайдасын келтирет. Оо, Аллахтын пенделери! Ошондуктан дайым дуба кылгыла!» (Сахих ат-Таргыиб, 1634) 4) ЗИКИР КЫЛУУ КӨЗ ТИЙҮҮДӨН САКТАЙТ Адам шариятта келген жалпы зикирлерди айтуу менен өзүн көз тийүүдөн коргой алат. Айрыкча эртең мененки жана кечки зикирлерди калтырбай айтып жүрүүсү зарыл.   ТИЛМЕЧ |Эрланбек Кушчубек уулу ═════════ ➤➤ https://t.me/tilmech ➤➤ https://t.me/tilmech