𝐑𝐔𝐒𝐋𝐀𝐍𝐎𝐕🇰🇬Поезия ырсаптар🕊️
Статистикаhttps://t.me/+SSJiMYQcYdE1YmEy Махабаттын тарыхы бир күн эмес, Сүйгөн жанды унутуу мүмкүн эмес. ❤️🕊️
- Последний пост
- 26 апр. 2024 г.
- Последнее чтение
- 13 авг.
- Постов за неделю
- 0
- Всего постов
- 20
- Тип
- открытый
- Язык
- und
- В каталоге с
- 13 авг.
- 1/24сутки в ленте
- —
- 1/48двое суток
- —
- 1/72трое суток
- —
Оценка по просмотрам недавних постов: пост набирает почти всё за первые сутки.
Посты
https://t.me/poeziyayrlary
Мен сени угуп эмес,карап сүйөм, Мамилеңди,амалыңды баалап сүйөм. Убактылуу арзууга азгырылбай, Үй-бүлө курайын деп самап сүйөм. Мен сени үйлөнгөн соң анык сүйөм, Мүнөзүңдү толук түрдө таанып сүйөм. Куру эле сөз менен эркелетпей, Кийиндирип,ичиндирип багып сүйөм. Мен сени колдоруңдан кармап сүйөм, Маанилүү сөздөрүмдү арнап сүйөм. Дилимдеги сезимдер токтоно албай, Деңиздей толкуп-ташып, кайнап сүйөм. Мен сени унутпастан ойлоп сүйөм, Муңга батсаң,сооротуп колдоп сүйөм. Карегиңден тамчы жаш агызбастан, Капа кылбай башкадан коргоп сүйөм. ❤️😍
Жанымда эмес,жүрөгүмдө барсың, Көз алдымда эмес,оюмда барсың. Күндө сени көрбөсөм да, Кудайга шүгүр дүйнөдө барсың. Сүйгүм келет мени сүйгөн адамды, Ыйык туткан чындык менен ыйманды. Ар убак колдоп дайым мени түшүнгөн, Сүйсөм дейм эң жөнөкөй бир жанды.
Бакыт бул байлык эмес үйүлгөн, Болбойт такыр ак сүйүүдөн түңүлгөн. Бул жашоонун ырахаты деп билем, Бир адамды сүйгөн жана сүйүлгөн. Жакшы сөзүн тынбай арнап күнү түн, Жандай күтүп жарк деп күлүшүн. Жада калса махабатка мас болуп, Жанымды да берет элем сүйүү үчүн.
Толуп кетти айтылбай армандарым, Туш келди шилтенип кадамдарым. Түңүлүп турам азыр тирүүлүктөн, Тепселеди ишенген адамдарым. Бактылуу күндөр өттү нечен деген, Бакытка биргеликте жетем дегем. Болгону жанымда колдоп турсаң, Бир сен үчүн өрттү да кечем дегем. Тандадык экөөбүз башка жолду, Кармаба мени да ташта болду. Бир кезде бакытка толгон көздөр, Эми мынтип мөлтүрөп жашка толду.
Жашоо чиркин жорголорун камчылап, Жазда келет,муздар ээрип тамчылап. Бирок жаным сен келбейсиң мен билем, Мезгил өтүп,алмашса да канча убак. Көөдөнүмдө аттиң арман кайгым бар, Кошулбады биздин жашоо такдырлар. Кеткен бойдон эки башка жол менен, Кезикпейбиз өтсө да сан жылдар. Кош ардагым кошкун эми кош болгуң, Кеткен жолуң бакыт менен коштолсун. Күндөр өтүп алмашса да мезгилдер, Күткөн менен сен кайрылбайт окшойсуң. 💔😔
Кыйналтып жанды оорутайынбы? Көңүлдүн шагын соолутайынбы? Көөнүмдү көзөп чок тиштеп алып, Коштошуу үчүн жолугайынбы? Кысылып кайнап эзилейинби? Кырчылып сынып кетилейинби? Көзүмдү оюп алгандай болуп, Көрүшпөс үчүн кезигейинби? Азаптын заарын төгүшөйүнбү? Армандын баарын бөлүшөйүнбү? Акылдын алсыз кулундай болуп, Акыркы жолу көрүшөйүнбү? Жүрөктүн дартын козготоюнбу? Жашоонун баарын токтотоюнбу? Жоолугуң үчүн, соолугуң үчүн, Жолугуп алып коштошоюнбу?..
Сездиң бекен Каплетен ниетим сага байланды, Бара-бара ак сүйүүгө айланды. Мурда жүрсөм эч нерседен бейкабар, Эми такыр таппай жүрөм айламды. Көз карашың бир өзүмө дем берет, Жылмайышың аба сыңдуу эң керек. Эмнегедир жолукканда мен сага, Билбей калам айтаарымды эмне деп. Ташмат Арыков
АШЫК БОЛДУМ Жүрөктөгү сезимдерим байкачы. Кош деген сөздү мага айтпачы. Сага деген таза тунук сезимим, Айта албай турганымды карчы. Көргүм келет күндө сенин көзүңдү, Калтырайм айта албай сөзүмдү. Кызганамын сени жаным башкадан, Уккум келет күндө сенин үнүндү. Ишен жаным сени кана сүйөмүн, Ошондуктан айланчыктап жүрөмүн. Кол кармашып түбөлүкө мен менен, Асыл кечим болчу менин түгөйүм. Кездешүүгө тез кел деп ашыктырам. Махабаттым жүзүмдөн чачып турам. Күнүнө 24 __саат болсо дагы, Мен сени 25 __саат ашык кылам. Автор: Мирхат💪
Ассалам алейкум Айтыныздар Маарек болсун🫶
Сагынды кара бала, Кел дагы садагала. Мен бүгүн ыр баштадым, Бул дагы сага гана. Сен болсо кырданасың, Шашпайсың ыргаласың. Ыр кылып жазам сени, Миң кылым ырдаласың. Көзүңөн жаш тамдырып, Көркүңдү асман кылып. Мен сени жазам бүгүн, Башкача дастан кылып. Кадырың ашкан кылам, Бардыгын баскан кылам. Поэма болбой калат, Мен сени дастан кылам.
КҮТҮҮ Күтөм сени эч нерсеге карабай. Жолуң карайм эртели кеч жадабай. Сүйөм деген жүрөктөгү сөзүмдү, Коштошоордо калгам сага айталбай. Ушул күндө сен кайдасын мен кайда. Жолугууга таба аламбы бир айла. Бир өзүңсүз үшүп турат жүрөгүм, Окшош болуп жалбыраксыз дарака. Мен жөнүндө ойлодуңбу сен дагы. Ал күндөрдү бирге жүргөн кыштагы Эсиңдеби таза көңүл ой менен, Жүрөкчөнү тартканыбыз ак каарга. Ал сүрөттөр каар кеттип ээриген. Жаз келгенде ылай болуп эзилген. Карга тарткан ошондогу сүрөттөр, Көңүлүмдө жашап жүрөт эрибей.
УШУЛ ЖАШОО Жашоонун канча түрлүү жолдору бар, Кээ бири абдан кенен, кээ бири таар. Адамга бир түз жолду тандаш кыйын, Себеби жаңылуу бар, адашуу бар. Жашоо бул байкап турсам өңдүү, дөңдүү, Кээдэ шаңдуу, кээдэ абдан өкүнүчтүү. Баардыгын башыбызга салып койот, Тагдырдын сынактары түрлүү,түрлүү Азыркы биздин заман жалган заман, Азыркы биздин заман алдоо заман. Баардыгы өзүн гана ойлоп турат, Түшүнбөйм биз жашаган кандай заман. Өкүнөбүз кылган ишке башты кармап, Жашайбыз жакшы нерсе күтүп самап. Кыйынчылык башыбызга түшкөн кезде, Жалынабыз биз кудайга көктү карап.
без подписи
𝐑𝐔𝐒𝐋𝐀𝐍𝐎𝐕🇰🇬Поезия ырсаптар🕊️ pinned «Ты любовь всей моей жизни ❤️ Кроме тебя не кто мне ненужен Это растение между нами ничего не значит потому что я тебя люблю и ты мне ❤️ Ещё чуть чуть 🥺 и мы встретимся ❤️»
Live stream started
без подписи
без подписи
без подписи
без подписи