tgindex
СҮННӨТкө багыт

СҮННӨТкө багыт

Статистика

Динин билип кармаган мусулман болгуңуз келеби? Анда туура дарекке кайрылдыңыз. ― Куран жана Сүннөт; ― Алгачкы муундардын түшүнүгүндө; ― Ишенимдүү булактар; ― Ачык-айкын далилдер; Сунуш-пикирлер, суроолор үчүн: t.me/sunnotko_bagyt_admin

Последний пост
19 мар.
Последнее чтение
15 авг.
Постов за неделю
0
Всего постов
20
Тип
открытый
Язык
und
Категория
Религия (по похожим)
В каталоге с
13 авг.
Подписчики
842
−3 за 2 дн.
Сутки
0
0,00%
Неделя
 
Месяц
 
Просмотров на пост
1 245
20 постов
Вовлечённость
147,9%
к подписчикам
Постов в день
0,0
всего 20
Упоминаний
3
каналов
Охват размещения
оценка
1/24сутки в ленте
1/48двое суток
1/72трое суток

Оценка по просмотрам недавних постов: пост набирает почти всё за первые сутки.

Посты

  • 19 мар.5518из sunnotko_bagyt_admin

    АЙТ КҮНГӨ ТИЕШЕЛҮҮ ӨКҮМДӨР: 1. Айт күндүн түнүн (айттан мурунку түн) ибадат менен тирилтүү (өткөрүү) шариятта мустахаб амал деп эсептелет. Бул жөнүндө төрт мазхабда эскерилет жана имам Шафиъий менен имам Ахмаддан да келген. Абдуррахман ибн Асвад деген таабиъий аалым айт түнүн намаз окуп өткөрчү (Булак: Ибн Аби Шайба) 2. Эң жакшы кийим кийип жасануу, кооздонуу жана жыпар жыт, атыр колдонуу — да мустахаб, жакшы амал. Бул  жөнүндө төрт мазхабда тең эскерилген. Умар ибн Хаттаб бир жолу истабрактан (кездеменин түрү) тигилген кооз кийимди көрүп, аны пайгамбарга Айт күндөрү жана элчилерди тосууда кийип, жасансын деп сунуш кылган (Булак: Бухарий, Муслим). 3. Айт намазы — Исламдын эң чоң белгилеринин бири (Ибн Таймия) Умму Атыйя (Аллах андан ыраазы болсун) айткан: «Бизге Айт күнү (намазга) чыгуу буйрулган эле. Атүгүл этек кири келген аялдарды жана бой жеткен кыздарды да чыгара турган болчубуз». 4. Айт намазына жөө баруу — мустахаб амал. Бул төрт мазхабда айтылган. Умар ибн Хаттабдан (Аллах андан ыраазы болсун) да ушундай риваят келет (Ибн Мунзир). Ошондой эле Айт намазга бир жол менен барып, башка жол менен кайтуу да мустахаб. Бул да төрт мазхабда эскерилет. Жабир ибн Абдуллах айткан: «Пайгамбар Мухаммад (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Айт күнү бир жол менен чыгып, башка жол менен кайтып келчү» (Булак: Бухари). 5. Айт күнү: «Аллах бизден да, силерден да кабыл кылсын» - деп куттуктоо. (арабча айтылышы: Тақаббалаллааху миннаа ва минкум). Бул сахабалардан (Аллах алардан ыраазы болсун) келген (Ибн Хажар). 6. Айт күнү кооздонуу — намазга чыгууда да, үйдө отурганда да бирдей. Бул аялдарга жана балдарга да тиешелүү. Имам Шафиъий: «Жаш балдар колунан келишинче эң жакшы кийимдерди кийишсин» (Ибн Ражаб). 7. Айт намазы окулуучу жайга барууда — таңкы намаздан кийин мечиттен баруу мустахаб. Бул имам Малик, имам Шафиъий жана имам Ахмад ибн Ханбалдардан келген. Абдуллах ибн Умардан (Аллах андан ыраазы болсун) ушундай риваят келген (Ибн Абу Шайба). 8. Айт намазына чейин да, андан кийин да нафил намаз жок. Пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) орозо айт күнү чыгып, эки рекет айт намазын гана окуган жана анын алдында да, андан кийин да (нафил) намаз окуган эмес. Бул — Абдуллах ибн Умардын сөзү. 9. Биринчи такбирден кийин башка намаздардагыдай эле: «Субхаанака» (истифтах дубасын) окуу мустахаб. Бул — имам Шафиъий жана имам Ахмад ибн Ханбалдын бир риваятындагы сөзү. Жана айт намазындагы кошумча такбирлерде кол көтөрүү да мустахаб. Бул имам Шафиъий жана имам Ахмад ибн Ханбалдын пикири, Ата ибн Аби Рабах, Аузаий сыяктуу ж.б. таабиъиндерден риваят кылынган. 10. Айт күнү жуунуу (гусул алуу) — мустахаб. Ибн Абдуль-Барр айткан: «Айт күнү жуунууну жакшы амал деп эсептөөдө фикх аалымдары бир пикирге келишкен. Бул амал Абдуллах ибн Умардан да риваят кылынган» (Аль Фарябий). 11. Орозо айтка чыгууну каалаган адамга — так санда (1, 3, 5...) курма жеп чыгуу мустахаб. Бул төрт мазхабда айтылган. Анас ибн Малик айткан: «Пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Орозо айт күнү (намазга) чыкканда сөзсүз түрдө бир нече курма жечү». 12. Айт намазга жөнөгөндөн баштап такбир айтып, аны намаз окуй турган жерге жетип, имам чыкканга чейин улантуу мустахаб. (Аллааху Акбар, Аллааху Акбар, Лаа илааха илла Аллаху, Аллааху Акбар, Аллааху Акбар, уа лиллаахил хамду). Бул Абдуллах ибн Умардан риваят кылынган (Булак: Аль-Фирябий, Даракутний) 13. Айт намазында эки такбирдин ортосунда Аллахты зикир кылуу — шариятта бар. Имам Шафиъий жана имам Ахмад ибн Ханбал ушундай деген. Бул Атаа ибн Аби Рабахдан риваят кылынган. Ал эми Ибн Таймия эки такбирдин ортосунда: «Аллахты мактап, пайгамбарга салават айтып, жана каалаган дубасын кылат» - деп айткан. 14. Аялдарга, оорулууларга жана сапарда жүргөндөргө Айт намазын өзүнчө (жамаатсыз) окууга уруксат берилет. Бул пикир Имам Шафиъийге таандык. Себеби айт намазды алар үчүн жамаат менен окуу — мустахаб, парз эмес.

  • 📋 "ЗЕКЕТТИН ЭҢ ЗАРЫЛ ӨКҮМДӨРҮ" Жума хутбасы: которулган тексттик варианты. ⏰ 12 мин. ----------------------------------------- ↘️ Жакшылыкка себепчи болуп, бөлүшүп коюңуз! ▫️Telegram: t.me/sunnotko_bagyt ▫️WhatsApp: https://whatsapp.com/channel/0029VaBJBoVGU3BNNNOzkZ3a ▫️Онлайн окуу: https://goo.su/MWt2GuX ----------------------------------------- © Сүннөткө багыт

  • 25 февр.677131из BakayUstaz

    📌 Куранды толук хатым кылганда эмне кылуу керек? 1️⃣ Биринчиден – Эгер пенде Рамазанда же башка айларда Куранды толук окуп бүтүрсө: Ага балдарын (уул-кыздарын), үй-бүлөсүн жана каалаган адамдарын чогултуп, мүмкүн болушунча дуба кылуусу мустахаб (сооптуу амал) болуп саналат. Алар анын дубасына «Аамин» деп кошулушат. Анткени сахих түрдө Анас ибн Малик (Аллах андан ыраазы болсун) тууралуу риваят кылынган: «Ал Куранды хатым кылганда балдарын жана үй-бүлөсүн чогултуп, алар үчүн дуба кылчу». Бул кабарды Са‘ид ибн Мансур, ад-Дарими, Ибн Аби Шайба, Абу ‘Убайд жана башкалар риваят кылышкан. Анын сахих экенин ан-Навави, Ибн Хажар ал-Асқалани жана аль-Албани тастыкташкан. Ушуга окшош риваяттар сахабалардын шакирттери болгон көптөгөн табииндерден да келген. Мындан тышкары, ханафий, маликй, шафий, ханбалий мазхабдарынын бир топ факихтери да муну мустахаб деп айтышкан. Эгер балдарын же үй-бүлөсүн чогултуу мүмкүн болбосо, анда адам жалгыз өзү каалаган дубасын кылат — өзү, үй-бүлөсү жана андан башка кимге кааласа. ⸻ 2️⃣ Экинчиден – Сахабалардын шакирттери болгон айрым табииндер, мисалы, Мужахид жана Абда (Аллах аларга ырайым кылсын) айткан: Мындай деп айтылчу «Куран хатым кылынганда дуба кабыл болот, жана анын аягында ырайым түшөт». Бул риваяттарды Ибн Аби Шайба, ад-Дарими, ал-Фиряби, Абу ‘Убайд, Ибн ад-Дарис жана башкалар келтиришкен. Анын сахих экенин ан-Навави жана Ибн Хажар ал-Асқалани жана башкалар тастыкташкан. Мужахид (рахимахуллах) дагы мындай деген: «Алар Куран хатым болгондо чогулушчу жана: “Ырайым түшөт”, — дешчү». Бул риваятты Ибн Аби Дауд жана башкалар келтиришкен. Анын сахихтигин ан-Навави жана Ибн Хажар тастыкташкан. Ибн Таймия (рахимахуллах) айткан: «Салафтардын бир тобунан риваят кылынган: “Ар бир хатымда кабыл болуучу дуба бар”». Мухаммад Насируддин аль-Албани (рахимахуллах) мындай деген: «Бул — Куран хатымдан кийинки дубанын кабыл болуусу үмүт кылынарын билдирет. Бул тууралуу салафтардан көптөгөн асарлар келген». Ал эми имам Ахмаддын уулу Салих (рахимахума-Ллах) мындай деген: «Атам жума сайын Куранды хатым кылчу. Хатым кылганда дуба кылып, биз анын дубасына “Аамин” деп кошулчубуз». ⸻ 3️⃣ Үчүнчүдөн – Сахабалардын шакирти болгон Абдуррахман ибн ал-Асвад (рахимахуллах) мындай деген: «Биз: Куран хатым болгондо ага салават айтылат, — деп айтчубуз». Башкача айтканда, периштелер ага дуба кылышат. Бул риваятты Ибн Аби Шайба, Ибн ал-Мубарак, ал-Фиряби жана башкалар келтиришкен. Ушуга окшош кабарлар дагы көптөгөн салафтардан келген. ⸻ 4️⃣ Төртүнчүдөн – Эгер кимдир бирөө Куранды күндүз хатым кылгысы келсе, эң жакшы убакыт — күндүн башы. Күндүн башы — таң аткан убактан (фажр азанынан) башталат. Ал эми түндө хатым кылгысы келсе, эң жакшы убакыт — түндүн башы. Түндүн башы — күндүн батышынан (магриб азанынан) башталат. Мунун себеби: Периштелердин ага кылган дубасы узагыраак убакытка созулушу үчүн. Анткени табииндерден бир тобу мындай дешкен: «Эгер адам Куранды күндүз хатым кылса, периштелер ага кеч киргенге чейин дуба кылышат. Эгер түндө хатым кылса, периштелер ага таң атканга чейин дуба кылышат». Риваят кылгандар: ад-Дарими, Абу Убайд, Ибн ад-Дарис жана башкалар. Ошондой эле табиин Ибрахим ат-Таймий (рахимахуллах) айткан: «Айтылып жүрчү: эгер адам Куранды күндүн башында хатым кылса, периштелер күндүн калган бөлүгүндө ага дуба кылышат. Эгер түндүн башында хатым кылса, түндүн калган бөлүгүндө ага дуба кылышат. Ошондуктан алар күндүн башында же түндүн башында хатым кылууну жакшы көрүшчү» Риваят кылышкан: Абу Убайд, Ибн ад-Дарис жана башкалар ⸻ 5️⃣ Бешинчиден – Куран хатым болгондо окулуучу атайын белгилүү дуба Пайгамбар ﷺ дан да, сахабалардан да сахих түрдө келген эмес. Ошондуктан адам каалаган, жүрөгүнө келген дубасын кылат. 🚫Айрым мусхафтардын аягында же баракчаларда «Куран хатым дубасы» деп жазылган белгилүү тексттер бар. Бирок бул дубалар Пайгамбар ﷺ дан, анын сахабаларынан, салафтардан же алгачкы кылымдардагы белгилүү факихтерден, хадис аалымдарынан жана карылардан сахих түрдө жеткен эмес. ✏️ Жазган: Абдулкадир ал-Жунайд. https://t.me/aljounaid77

  • 20 февр.2 343136

    Орозого байланыштуу кыскача макалалар топтому: 1. Орозо жөнүндө; 2. Рамазан айы киргенин кантип билебиз? 3. Орозо кимдерге парз болот жана анын парз болуусунун шарттары; 4. Орозонун туура болуусунун шарттары; 5. Орозодо үзүрлүү адамдар жана алардын өкүмдөрү; 6. Орозонун парзы жана сүннөттөрү; 7. Орозону бузуучу иштер; 8. Орозодо жеп-ичүүгө байланыштуу маселелер; 9. Орозодо жыныстык катнашка баруу жана бел суусунун чыгуусуна байланыштуу маселелер; 10. Орозону бузуучу иштерге байланыштуу кошумча маселелер; Жума хутбалары: 1. Рамазан айынын артыкчылыктары жана аны кантип тосуп алуу керек? 2. Орозону бузуучу иштер; 3. Фитр садакасынын өкүмдөрү; Окуу үчүн темасын басыңыз!

  • https://youtu.be/hIXkL_ygvFI?si=-u-GRzchy2wAD25k

  • 📋 "ЗУЛЬ-ХИЖЖА АЙЫНЫН АЛГАЧКЫ ОН КҮНДҮГҮ - ЖЫЛДЫН ЭҢ ЖАКШЫ КҮНДӨРҮ" Жума хутбасы: которулган тексттик варианты. ⏰ 12 мин. ----------------------------------------- ↘️ Жакшылыкка себепчи болуп, бөлүшүп коюңуз! ▫️Telegram: t.me/sunnotko_bagyt ▫️WhatsApp: https://chat.whatsapp.com/BWdsxhm8vnl2jwJV7MkNhb ▫️Онлайн окуу: https://goo.su/VwBL ----------------------------------------- © Сүннөткө багыт

  • без подписи

  • без подписи

  • 🌙 ЖАҢЫЛЫК Бүгүн Саудияда ай кароо жүрүп, Зуль-Хижжанын жаңырган айы көрүндү. Ага ылайык, Сауд Араб Падышалыгынын Жогорку соту, эртеңки (28-май, шаршемби) күндү Зуль-Хижжа айынын алгачкы күнү деп расмий түрдө жарыялады. 5-июнь – Арафат күнү; 6-июнь – Курбан айт; ----------------------------------------- ▫️Telegram: t.me/sunnotko_bagyt ----------------------------------------- © Сүннөткө багыт

  • ШАВВАЛ АЙЫНДА 6 КҮН ОРОЗО КАРМОО Пайгамбарыбыз ﷺ айтат: "Ким Рамазан айынын орозосун кармап, анын артынан Шаввал айында алты күн орозо кармаса, ал бир жыл орозо кармаганга барабар". 📗 (Муслим: 1164) Түшүндүрмө: Шаввал айы бул Рамазандан кийинки ай. Рамазан айы бүтүп, айт күнү өткөндөн кийин, Шаввал айында алты күн орозо кармоо сүннөт амал. Анын сообу, хадисте айтылгандай, бир жылдык орозонун сообуна барабар. Эң жакшысы, алты күндү айт өтөрү менен дароо катарынан кармоо. Ал эми, аны Шаввал айы чыкканга чейин бөлүп-бөлүп кармаса да, ошол соопко жетишет. 📗 (Ал-минхааж шарх сахиих муслим) Эскертүү: Кимдин Рамазандан казасы бар болсо, ал биринчи казасын кармоосу керек. Андан кийин алты күндүк нафил орозону кармаса болот. Анткени, парз орозодон казасы болуп туруп нафил орозо кармоого болбойт. Абу Хурайрадан бир киши: Менин орозодон карызым бар, эми он күн нафил орозо кармасам болобу? - деп сураганда, ал айтты: Жок, биринчи Аллахтын акысынан башта. Андан соң каалашыңча нафил орозо кармай бер - деп. 📗(Мусаннаф Абдураззак: 7715) ----------------------------------------- ↘️ Жакшылыкка себепчи болуп, бөлүшүп коюңуз! Telegram: https://t.me/sunnotko_bagyt WhatsApp: https://chat.whatsapp.com/FMHKlOWaMHRIF9oF1YFyLZ ----------------------------------------- © Сүннөткө багыт

  • Урматтуу мусулман бир туугандар! Орозо айт майрамыңыздар маарек болсун! تقبل الله منا ومنكم! Аллах Таала бизден да, сиздерден да кабыл кылсын!

  • без подписи

  • 🌙 ЖАНЫЛЫК! Саудиянын ай кароо боюнча комитеттеринин билдиришинче, бүгүн Шаввал айынын жаңырган айы өлкөнүн бир нече аймактарында көрүндү. Ага ылайык, Сауд Араб Падышалыгынын Жогорку соту, эртеңки (30-март, жекшемби) күндү Орозо айт - деп расмий түрдө жарыялады. Кармаган орозоңуздарды Аллах кабыл кылсын!

  • Орозого байланыштуу кыскача макалалар топтому: 1. Орозо жөнүндө; 2. Рамазан айы киргенин кантип билебиз? 3. Орозо кимдерге парз болот жана анын парз болуусунун шарттары; 4. Орозонун туура болуусунун шарттары; 5. Орозодо үзүрлүү адамдар жана алардын өкүмдөрү; 6. Орозонун парзы жана сүннөттөрү; 7. Орозону бузуучу иштер; 8. Орозодо жеп-ичүүгө байланыштуу маселелер; 9. Орозодо жыныстык катнашка баруу жана бел суусунун чыгуусуна байланыштуу маселелер; 10. Орозону бузуучу иштерге байланыштуу кошумча маселелер; Окуу үчүн темасын басыңыз!

  • 📋 "РАМАЗАН АЙЫНЫН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ ЖАНА АНЫ КАНТИП ТОСУП АЛУУ КЕРЕК?" Жума хутбасы: которулган тексттик варианты: ⏰ 10 мин. ----------------------------------------- ↘️ Жакшылыкка себепчи болуп, бөлүшүп коюңуз! ▫️Telegram: t.me/sunnotko_bagyt ▫️WhatsApp: https://chat.whatsapp.com/BWdsxhm8vnl2jwJV7MkNhb ▫️Онлайн окуу: https://goo.su/UqZns ----------------------------------------- © Сүннөткө багыт

  • 🌙 ЖАҢЫЛЫК! Бүгүн Саудияда ай кароо жүрүп, Рамазандын жаңырган айы Тумейр жана Судейр жерлеринде көрүндү. Ага ылайык, Сауд Араб Падышалыгынын Жогорку соту, эртеңки (ишемби) күндү Рамазан айынын алгачкы күнү - деп расмий түрдө жарыялады. Кирип келген Рамазан айыңыздар берекелүү болсун!

  • https://youtu.be/zwK9_2NouTU?feature=shared

  • https://youtu.be/k5kJkF6rT8Q?feature=shared

  • https://youtu.be/TWxDOXn-oig?feature=shared

  • https://youtu.be/n0iD5vtlu2c?feature=shared