tgindex
Б

Бакай Мамбетказиев устаздын сабактары

Статистика
@BakayUstazрусский

🎙 "аль-Имам" Ислам университетинин (Эр-Рияд) бүтүрүүчүсү. 2002-2021-ж.ж. Сауд Арабиясында илим алган. 📹 www.youtube.com/@BakayUstaz tiktok.com/@bakayustaz instagram.com/bakayustaz t.me/BakayUstaz_shorts

Последний пост
15 июл.
Последнее чтение
ещё не заходили
Постов за неделю
0
Всего постов
33
Тип
открытый
Язык
русский
В каталоге с
13 авг.
Подписчики
1 304
−2 за 4 дн.
Сутки
0
0,00%
Неделя
 
Месяц
 
Просмотров на пост
2 319
33 постов
Вовлечённость
177,8%
к подписчикам
Постов в день
0,0
всего 33
Упоминаний
3
каналов
Охват размещения
оценка
1/24сутки в ленте
1/48двое суток
1/72трое суток

Оценка по просмотрам недавних постов: пост набирает почти всё за первые сутки.

Посты

  • 15 июл.1 247232

    без подписи

  • 23 июн.2 032155

    https://youtu.be/n1ZPdflR-ts?si=WkzWOUWIij74_t3H

  • 18 мая3 184185

    https://youtu.be/Py2d88_5T1g?si=s3RYTjWq5w0HqeAU

  • 15 апр.3 818223

    https://youtu.be/YaJ8amIS53M?si=NiZnOPd0YHlQwhq0

  • 13 апр.3 0703518

    Ибн аль-Каййим аль-Жаузия (Аллах аны ырайымына алсын) айткан: «Ырыскыны көбөйтчү төрт нерсе бар: ❶ Түнкү намаз (кыямул-лейл). ❷ Таңга жакын көп истигфар кылуу. ❸ Садаканы үзгүлтүксүз берүү. ❹ Эртең менен жана кечинде Аллахты зикир кылуу». Ал эми төрт нерсе ырыскыны азайтат: ❶ Таңкы уйку ❷ намаздын аздыгы, ❸ жалкоолук ❹ жана кыянаттык». (Булак: «Зад аль-Ма‘ад», 4/378)

  • 19 мар.2 595112

    https://youtu.be/Y9Kd7b-4Owk?si=pB4EPWIfcWN-dBHA

  • 19 мар.2 0762

    https://youtu.be/ilppJxB_0Vs?si=V8TsX9qSeJbN9dCn

  • 18 мар.2 893194

    Аллах Таала айткан: «Эй, ыйман келтиргендер! Аллага моюн сунгула, Элчиге моюн сунгула жана өзүңөрдөн болгон башчыларга (иш ээлерине). Эгер бир нерсе тууралуу талашып калсаңар, эгер силер Аллахка жана Акырет күнүнө ишенсеңер, аны Аллахка жана Элчиге кайтаргыла. Бул силер үчүн жакшы жана натыйжасы эң сонун». (Ниса сүрөөсү, 59-аят). Ошондой эле: «Силер талашкан ар бир нерсенин өкүмү — Аллахка таандык». (Шура сүрөөсү, 10-аят). Эгер бул маселени Аллахтын Китебине кайтарсак, Аллах: «Аллага моюн сунгула жана Элчиге моюн сунгула», — дейт. Ошондой эле: «Пайгамбар силерге эмнени берсе, аны алгыла, ал эми эмнеден тыйса, андан кайтыгыла», — деп буюрат. Жана дагы: «Анын (Пайгамбардын) буйругуна каршы чыккандар өздөрүнө бир балээ келишинен же жан ооруткан азап жетишинен сак болушсун», — дейт. Улуу жана Кудуреттүү Аллах айтат: «Жок, Раббиңе ант ичем! Алар өз ара талаштарында сени калыс кылып, андан соң сенин чыгарган өкүмүңө ичтеринде эч кандай кыжалаттык таппай, толук моюн сунмайынча ыймандуу боло алышпайт». Аллахтын Улуу Китебинде ушундай келген. Пайгамбарыбыз ﷺ жогорудагы хадистерде айткандай: «Айды көрмөйүнчө орозо кармабагыла жана айды көрмөйүнчө ооз ачпагыла, эгер күн бүркөө болсо, санын толуктагыла». Башка бир лафзда: «Айды көрмөйүнчө же санын толуктамайынча орозо кармабагыла. Айды көрмөйүнчө же санын толуктамайынча ооз ачпагыла. Эгер күн бүркөө болсо, санын толуктагыла.» — деп айтылган. Бул Пайгамбарыбыздын ﷺ эң ачык жана түшүнүктүү сөздөрү. Ошондуктан, буга карама-каршы келген нерселерге таянууга болбойт. Ийгилик Аллахтан. Булак: Шейх Ибн Баздын расмий сайты. Ютубда бул кыргызча видео. Ютубда бул видеонун орусчасы. Ютубда оригинал аудиосу (арабча). #рамазан #орозо #айды_кароо 📲 https://t.me/islamjolu/2981

  • 18 мар.2 35396

    🌙 АЙДЫН КИРИШИНДЕ ЖАНА ЧЫГЫШЫНДА АСТРОНОМИЯЛЫК ЭСЕПТӨӨНҮН ӨКҮМҮ Орозонун башталышын жана аякташын календарь менен кароо уруксатпы? ❓ СУРОО. Кээ бир Ислам өлкөлөрүндө орозо айынын, Шавваль же Зул-хижжа айларынын башталышын аныктоодо айдын көрүнүүсүнө эмес, астрономиялык эсептөөгө таянышат. Бул тууралуу жарыя адатта ошол өлкөнүн фетва бөлүмдөрү же дин иштери боюнча мекемелери тарабынан жасалат. Мындай эсептөөгө таянса болобу жана аталган мекемелердин сөзү эсепке алынабы? Же айдын көрүнүүсүнө таянган өлкөлөрдүн радио-берүүлөрүнө кулак салуу керекпи? ❗️ ЖООП. Муфтий шейх Ибн Баз (рахимахуЛлах) айтты: Ажылыкта жана Рамазан айында айдын киргенин аныктоодо айды көрүү (ру'я) милдеттүү болуп саналат. Бул тууралуу Пайгамбар ﷺ мындай деген: «Айды көрүп орозо кармагыла жана айды көрүп ооз ачкыла. Эгер күн бүркөө болуп (ай көрүнбөй) калса, анда санын толуктагыла (отуз күн кылгыла)». Ошондой эле алайхис-солату вас-салам мындай деген: «Айды көрмөйүнчө орозо кармабагыла жана айды көрмөйүнчө ооз ачпагыла. Эгер күн бүркөө болсо, санын толуктагыла». Бул маанидеги сахих хадистер Бухари, Муслим жана башка хадис жыйнактарында Пайгамбардан ﷺ көп келген. Пайгамбар ﷺ айткан: «Биз жазууну жана эсептөөнү билбеген (уммий) үммөтпүз. Ай мынча, мынча жана мынча болот», — деп эки колунун манжалары менен үч жолу көрсөткөн, тактап айтканда «отуз күн» деген. Андан соң кайрадан көрсөтүп, үчүнчүсүндө баш бармагын бүгүп «жыйырма тогуз күн» экенин билдирген.Демек: «Айды көрүп орозо кармагыла, айды көрүп ооз ачкыла. Эгер күн бүркөө болсо, санын толуктагыла». Башка бир лафзда: «отузду толуктагыла», дагы биринде: «Шаабан айынын санын отуз кылып толуктагыла», үчүнчүсүндө: «отуз күн орозо кармагыла» деп келген. Пайгамбар ﷺ ушундайча ачык түшүндүргөн. Ал эми астрономиялык эсептөөгө (хисаб) таянууга болбойт жана ага ишенүүгө уруксат берилбейт. Биз бул тууралуу бир нече жолу эскертип, көптөгөн макалаларды жазганбыз. Шайхулислам Абуль-Аббас ибн Таймия (Аллах аны ырайымына алсын) айдын кирүүсүн аныктоодо эсептөөгө таянууга болбой тургандыгына аалымдар бир ооздон макул болушканын (ижмаъ) айткан. Негизги таяныч — айдын көрүнүүсү же айдын санын толуктоо. Мисалы, эгер Шаабанда ай каралып, жекшембиден дүйшөмбүгө түнү көрүнбөсө, анда дүйшөмбү күнү анын отузунчу күнү болот да, Шейшемби күнү орозо башталат. Эгер дүйшөмбүгө караган түнү ай көрүнбөсө, эсепчилер «ай дүйшөмбүдө кирет» десе да, алардын сөзүнө амал кылынбайт. Ошону менен бирге, эгер эсепчилер «ай шаршембиде гана кирет» дешсе да, ага көңүл бурулбайт. Биз Шаабандын санын отуз кылып толуктап, шейшемби күнү орозо кармай беребиз. Анткени ал жекшемби түнү кирген, ал эми дүйшөмбү түнү ай көрүнбөгөн соң, биз аны отузга толуктадык. Бул Пайгамбардын ﷺ: «Айды көрүп орозо кармагыла, айды көрүп ооз ачкыла, эгер күн бүркөө болсо, Шаабандын санын отуз кылып толуктагыла» — деген сөзүнө ылайык. Аллахка шүгүр, биз санды отузга толуктадык, иш ушундай. Демек, максат — эсептөөгө жана эсепчилердин сөзүнө таянууга болбойт. Негизги таяныч — айды көрүү. Пайгамбар ﷺ бизге ушуну кабарлаган, сахабалар (Аллах алардан ыраазы болсун) жана алардын жолун жолдоочулар ушул жол менен жүрүшкөн. Жогоруда аталган Шайхулислам ибн Таймия жана башка илим ээлери бул маселеде ижмаъ (бирдиктүү пикир) бар экенин жеткиришкен. Ал эми кийинки муундагылардан кимдир бирөө буга каршы чыкса, алардын сөзүнө көңүл бурулбайт. Алар канчалык залкар болушса да, канчалык аалым болушса да, анткени алар сүннөткө каршы чыгышкан.

  • 18 мар.2 057114

    Шейх Ибн Бааз: Айдын киришин жана чыгышын астрономиялык жол менен аныктоо

  • 12 мар.1 614234

    Ибн Ражаб (Аллах аны ырайымына бөлөсүн) айткан: «Билгин: ыймандуу адам үчүн Рамазан айында өз нафсине каршы эки жихад (күрөш) биригет: • Күндүз – орозо кармоо менен жихад, • Түндө – түнкү намаз (кийам) менен жихад. Ким ушул эки жихадды бириктирсе, алардын акыларын толук аткарса жана аларга сабыр кылса — анын сообу эсепсиз толук берилет». [«Латаиф аль-Маариф», 306-бет]

  • 9 мар.1 551226

    https://youtu.be/SO1VoulmHwc?si=EatJhz-MofxHa_WT

  • 25 февр.3 5591612

    📌 Куранды толук хатым кылганда эмне кылуу керек? 1️⃣ Биринчиден – Эгер пенде Рамазанда же башка айларда Куранды толук окуп бүтүрсө: Ага балдарын (уул-кыздарын), үй-бүлөсүн жана каалаган адамдарын чогултуп, мүмкүн болушунча дуба кылуусу мустахаб (сооптуу амал) болуп саналат. Алар анын дубасына «Аамин» деп кошулушат. Анткени сахих түрдө Анас ибн Малик (Аллах андан ыраазы болсун) тууралуу риваят кылынган: «Ал Куранды хатым кылганда балдарын жана үй-бүлөсүн чогултуп, алар үчүн дуба кылчу». Бул кабарды Са‘ид ибн Мансур, ад-Дарими, Ибн Аби Шайба, Абу ‘Убайд жана башкалар риваят кылышкан. Анын сахих экенин ан-Навави, Ибн Хажар ал-Асқалани жана аль-Албани тастыкташкан. Ушуга окшош риваяттар сахабалардын шакирттери болгон көптөгөн табииндерден да келген. Мындан тышкары, ханафий, маликй, шафий, ханбалий мазхабдарынын бир топ факихтери да муну мустахаб деп айтышкан. Эгер балдарын же үй-бүлөсүн чогултуу мүмкүн болбосо, анда адам жалгыз өзү каалаган дубасын кылат — өзү, үй-бүлөсү жана андан башка кимге кааласа. ⸻ 2️⃣ Экинчиден – Сахабалардын шакирттери болгон айрым табииндер, мисалы, Мужахид жана Абда (Аллах аларга ырайым кылсын) айткан: Мындай деп айтылчу «Куран хатым кылынганда дуба кабыл болот, жана анын аягында ырайым түшөт». Бул риваяттарды Ибн Аби Шайба, ад-Дарими, ал-Фиряби, Абу ‘Убайд, Ибн ад-Дарис жана башкалар келтиришкен. Анын сахих экенин ан-Навави жана Ибн Хажар ал-Асқалани жана башкалар тастыкташкан. Мужахид (рахимахуллах) дагы мындай деген: «Алар Куран хатым болгондо чогулушчу жана: “Ырайым түшөт”, — дешчү». Бул риваятты Ибн Аби Дауд жана башкалар келтиришкен. Анын сахихтигин ан-Навави жана Ибн Хажар тастыкташкан. Ибн Таймия (рахимахуллах) айткан: «Салафтардын бир тобунан риваят кылынган: “Ар бир хатымда кабыл болуучу дуба бар”». Мухаммад Насируддин аль-Албани (рахимахуллах) мындай деген: «Бул — Куран хатымдан кийинки дубанын кабыл болуусу үмүт кылынарын билдирет. Бул тууралуу салафтардан көптөгөн асарлар келген». Ал эми имам Ахмаддын уулу Салих (рахимахума-Ллах) мындай деген: «Атам жума сайын Куранды хатым кылчу. Хатым кылганда дуба кылып, биз анын дубасына “Аамин” деп кошулчубуз». ⸻ 3️⃣ Үчүнчүдөн – Сахабалардын шакирти болгон Абдуррахман ибн ал-Асвад (рахимахуллах) мындай деген: «Биз: Куран хатым болгондо ага салават айтылат, — деп айтчубуз». Башкача айтканда, периштелер ага дуба кылышат. Бул риваятты Ибн Аби Шайба, Ибн ал-Мубарак, ал-Фиряби жана башкалар келтиришкен. Ушуга окшош кабарлар дагы көптөгөн салафтардан келген. ⸻ 4️⃣ Төртүнчүдөн – Эгер кимдир бирөө Куранды күндүз хатым кылгысы келсе, эң жакшы убакыт — күндүн башы. Күндүн башы — таң аткан убактан (фажр азанынан) башталат. Ал эми түндө хатым кылгысы келсе, эң жакшы убакыт — түндүн башы. Түндүн башы — күндүн батышынан (магриб азанынан) башталат. Мунун себеби: Периштелердин ага кылган дубасы узагыраак убакытка созулушу үчүн. Анткени табииндерден бир тобу мындай дешкен: «Эгер адам Куранды күндүз хатым кылса, периштелер ага кеч киргенге чейин дуба кылышат. Эгер түндө хатым кылса, периштелер ага таң атканга чейин дуба кылышат». Риваят кылгандар: ад-Дарими, Абу Убайд, Ибн ад-Дарис жана башкалар. Ошондой эле табиин Ибрахим ат-Таймий (рахимахуллах) айткан: «Айтылып жүрчү: эгер адам Куранды күндүн башында хатым кылса, периштелер күндүн калган бөлүгүндө ага дуба кылышат. Эгер түндүн башында хатым кылса, түндүн калган бөлүгүндө ага дуба кылышат. Ошондуктан алар күндүн башында же түндүн башында хатым кылууну жакшы көрүшчү» Риваят кылышкан: Абу Убайд, Ибн ад-Дарис жана башкалар ⸻ 5️⃣ Бешинчиден – Куран хатым болгондо окулуучу атайын белгилүү дуба Пайгамбар ﷺ дан да, сахабалардан да сахих түрдө келген эмес. Ошондуктан адам каалаган, жүрөгүнө келген дубасын кылат. 🚫Айрым мусхафтардын аягында же баракчаларда «Куран хатым дубасы» деп жазылган белгилүү тексттер бар. Бирок бул дубалар Пайгамбар ﷺ дан, анын сахабаларынан, салафтардан же алгачкы кылымдардагы белгилүү факихтерден, хадис аалымдарынан жана карылардан сахих түрдө жеткен эмес. ✏️ Жазган: Абдулкадир ал-Жунайд. https://t.me/BakayUstaz/1440

  • Орозого байланыштуу кыскача макалалар топтому: 1. Орозо жөнүндө; 2. Рамазан айы киргенин кантип билебиз? 3. Орозо кимдерге парз болот жана анын парз болуусунун шарттары; 4. Орозонун туура болуусунун шарттары; 5. Орозодо үзүрлүү адамдар жана алардын өкүмдөрү; 6. Орозонун парзы жана сүннөттөрү; 7. Орозону бузуучу иштер; 8. Орозодо жеп-ичүүгө байланыштуу маселелер; 9. Орозодо жыныстык катнашка баруу жана бел суусунун чыгуусуна байланыштуу маселелер; 10. Орозону бузуучу иштерге байланыштуу кошумча маселелер; Жума хутбалары: 1. Рамазан айынын артыкчылыктары жана аны кантип тосуп алуу керек? 2. Орозону бузуучу иштер; 3. Фитр садакасынын өкүмдөрү; Окуу үчүн темасын басыңыз!

  • 20 февр.1 69272

    https://youtu.be/zviyuAx17k0?si=QPpGvksPR0eqtm3r

  • 19 февр.1 62163

    https://youtu.be/eRAqgveOcvc?si=oHcmSxgE5MTxM270

  • 11 февр.2 10843

    https://youtu.be/hIXkL_ygvFI?si=w4kerruPrpEcCYh-

  • 11 февр.3 265362

    без подписи

  • 5 февр.2 287141

    https://youtu.be/4UWnl1ntCjM?si=_vc0vSGoj_RbDXzS

  • 5 февр.1 76071

    https://youtu.be/aMQD01WEo5k?si=-LEjWL0vVmfjuXjD