tgindex
ИСЛАМ ТААНУУ

ИСЛАМ ТААНУУ

Статистика

📜Ислам динин Куран-Сүннөттүн негизинде таанып билүүнү кааласаңыз бул канал сиз үчүн.

Последний пост
4 июл.
Последнее чтение
15 авг.
Постов за неделю
0
Всего постов
20
Тип
открытый
Язык
und
Категория
Религия
В каталоге с
13 авг.
Подписчики
2 685
−3 за 4 дн.
Сутки
−1
−0,04%
Неделя
 
Месяц
 
Просмотров на пост
1 627
20 постов
Вовлечённость
60,6%
к подписчикам
Постов в день
0,0
всего 20
Упоминаний
2
каналов
Охват размещения
оценка
1/24сутки в ленте
1/48двое суток
1/72трое суток

Оценка по просмотрам недавних постов: пост набирает почти всё за первые сутки.

Посты

  • 4 июл.863203

    без подписи

  • 24 июн.1 845132

    Абдуллах ибн Аббас (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын Элчиси ﷺ Мадина шаарына келгенде яхудийлердин Мухаррам айынын онунчу күнү болгон Ашура күнү орозо кармап жатканын көрдү. Анан алардан: "Бул кандай күн?" — деп сурады. Алар: "Бул улуу күн. Бул күнү Аллах Муса пайгамбарды жана анын коомун Фиръаундан куткарып, Фиръаунду жана анын коомун сууга чөктүргөн. Ошондуктан Муса пайгамбар Аллахка шүгүр кылып орозо кармаган", — дешти. Ошондо Аллахтын Элчиси ﷺ: "Биз Мусага силерден да жакыныраакпыз", — деп айтты да, өзү орозо кармады жана мусулмандарга да ушул күнү орозо кармоону буйруду. Бухари (2004), Муслим (1130). Ашура орозосун кармоодо яхудийлерге окшошпоо үчүн төмөнкү тартип менен кармоо сунушталат: Биринчи даражасы: Эң толук жана эң жакшысы мухаррам айынын 9, 10 жана 11-күндөрүн орозо кармоо. Бул үч күндү орозо тутуу менен Ашура орозосунун сообу алынат, яхудийлерден айырмалануу ишке ашат жана ай сайын үч күн орозо кармоонун сообуна да жетет. Экинчи даражасы: 9-жана 10-күндөрдү орозо кармоо. Бул Аллахтын Элчиси ﷺдин сөзүнө жана ниетине ылайык келгендиктен эң жакшы жана эң этияттуу түрү болуп эсептелет. Үчүнчү даражасы: 10-жана 11-күндөрдү орозо кармоо. Бул дагы яхудийлерден айырмалануу сүннөтүн ишке ашырат. Айрыкча 9-күнү орозо кармай албай калган адам үчүн жакшы амал. Төртүнчү даражасы: 10-күндү гана орозо кармоо. Бул уруксат берилген. Бирок ага бир күн мурунку же бир күн кийинки күндү кошуп кармоо жакшы. Быйыл 25-июнь (бейшемби) — Мухаррамдын 10- күнү (Ашура) 🖋Талас Артыкбаев 👉 t.me/islamtaanuu Башкалар менен бөлүшүп, соопко ортоктош болуңуз

  • 20 июн.1 708121

    Мухаррам айынын артыкчылыгы жана анда орозо кармоонун сообу Аллах Таала айлардын же күндөрдүн арасынан кээ бирин башкасынан артык кылып койгон. Ошол улуу айлардын бири — Мухаррам айы. Аллахтын Элчиси ﷺ: «Рамазандан кийинки эле эң жакшы орозо — Аллахтын айы болгон Мухаррам айындагы орозо», — деп айткан. 📚 Муслим (1163). Ошондуктан бул айда орозо кармоону көбөйтүү — мустахаб амалдардан болуп эсептелет. Мүмкүн болушунча орозону көбөйтүү керек. Жада калса кээ бир аалымдар бул айда толук орозо кармоо уруксат деп да айтышкан. Өзгөчө ушул айдын эң маанилүү күнү болгон Ашура — онунчу күн. Бул күнгө өзгөчө көңүл буруп, орозо тутуу керек. Ушул күн менен кошо тогузунчу күндү же он биринчи күндү кошуп орозо тутууну унутуп жиберип албаңыздар. Себеби, Абу Катада Аллах андан ыраазы болсун риваят кылган хадисте: Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: "Ашура күнүндөгү орозо үчүн Аллах өткөн бир жылдын күнөөлөрүн кечирет деп үмүт кыламын". деген. 📚 Муслим (1162). Эмне себептен орозо кармайбыз  жана ага далил барбы? Абдуллах ибн Аббас (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын Элчиси ﷺ Мадина шаарына келгенде яхудийлердин Мухаррам айынын онунчу күнү болгон Ашура күнү орозо кармап жатканын көрдү. Анан алардан: "Бул кандай күн?" — деп сурады. Алар: "Бул улуу күн. Бул күнү Аллах Муса пайгамбарды жана анын коомун Фиръаундан куткарып, Фиръаунду жана анын коомун сууга чөктүргөн. Ошондуктан Муса пайгамбар Аллахка шүгүр кылып орозо кармаган", — дешти. Ошондо Аллахтын Элчиси ﷺ: "Биз Мусага силерден да жакыныраакпыз", — деп айтты да, өзү орозо кармады жана мусулмандарга да ушул күнү орозо кармоону буйруду. 📚 Бухари (2004), Муслим (1130). Абуу Катада (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: "Ашура күнүндөгү орозо үчүн Аллах өткөн бир жылдын күнөөлөрүн кечирет деп үмүт кыламын". 📚 Муслим (1162). Абу Хурайрадан риваят: Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: "Рамазандан кийинки эң жакшы орозо — Аллахтын айы болгон Мухаррам айындагы орозо. Ал эми парз намаздардан кийинки эң жакшы намаз — түнкү намаз". Муслим (1163). Абдуллах ибн Аббастан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят: Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: "Яхудтарга каршы келгиле. Мухаррам айынын онунчу күнүн орозо тутуу менен бирге андан бир күн мурун же бир күн кийин да орозо кармагыла". 📚Ахмад (2154) Байхаки (8406) Яхудийлер Мухаррам айынын онунчу күнүн гана орозо кармашкан. Аллахтын Элчиси ﷺ аларга каршы келүү үчүн онунчу күнгө тогузунчу же он биринчи күндү кошуп орозо кармоону буйруган. Ашура орозосун кармоодо яхудийлерге окшошпоо үчүн төмөнкү даражалар сунушталат: Биринчи даражасы: Эң толук жана эң жакшысы мухаррам айынын 9, 10 жана 11-күндөрүн орозо кармоо. Бул үч күндү орозо тутуу менен Ашура орозосунун сообу алынат, яхудийлерден айырмалануу ишке ашат жана ай сайын үч күн орозо кармоонун сообуна да жетет. Экинчи даражасы: 9-жана 10-күндөрдү орозо кармоо. Бул Аллахтын Элчиси ﷺдин сөзүнө жана ниетине ылайык келгендиктен эң жакшы жана эң этияттуу түрү болуп эсептелет. Үчүнчү даражасы: 10-жана 11-күндөрдү орозо кармоо. Бул дагы яхудийлерден айырмалануу сүннөтүн ишке ашырат. Айрыкча 9-күнү орозо кармай албай калган адам үчүн жакшы амал. Төртүнчү даражасы: 10-күндү гана орозо кармоо. Бул уруксат берилген. Бирок ага бир күн мурунку же бир күн кийинки күндү кошуп кармоо жакшы. 🖋Талас Артыкбаев 👉 t.me/islamtaanuu Башкалар менен бөлүшүп, соопко ортоктош болуңуз.

  • 4 июн.1 50596

    ЧАЧТЫ КАРА БОЁК МЕНЕН БОЁОНУН ӨКҮМҮ. Абдуллах ибн Аббас Аллах андан ыраазы болсун риваят кылат: Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: "Акыр заман жакындаганда ушундай бир коом чыгат. Алар чачтарын (же сакалдарын) көгүчкөндүн көкүрөгүндөй капкара түскө боёшот. Алар бейиштин жытын да сезишпейт". 📚 Абу Дауд (4212), Насаи (5075) Албани: Сахих сахих деген. Түшүндүрмө Бул хадисте Аллахтын Элчиси ﷺ акыр заманга жакын калганда айрым адамдар чачтарын жана сакалдарын өтө кара түскө боёп алышарын кабарлаган. Алардын чачтары көгүчкөндүн көкүрөгүндөй капкара болуп көрүнөт. "Алар бейиштин жытын да сезишпейт"- деген сөз капкара боёк менен боёонун өтө оор күнөө экенин билдирген катуу эскертүү болуп саналат. Аллахтын Элчиси ﷺ ак чачты өзгөртүүгө уруксат берген. Бирок аны хына жана башка кара эмес түстөр менен боёого үндөгөн. - Ал эми таза кара түскө боёодон кайтарган. Анткени анда жашты жашыруу, адамдарды жаңылтуу жана алдоо бар болгондуктан. 👉 t.me/islamtaanuu Башкалар менен бөлүшүп, соопко ортоктош болуңуз.

  • 3 июн.1 28681

    📜Сабактын темасы: Кырк хадис китебинин он жетинчи хадиси: Аллах ар бир нерсени көркөм аткарууга буйруган, жада калса малды сойгондо да ага азап бербөөгө үндөгөн 👉 t.me/islamtaanuu Башкалар менен бөлүшүп, соопко ортоктош болуңуз.

  • 30 мая2 2321215

    📜Сабактын темасы: Кайгыны жана стрессти кетирүүнүн жолдору 👉 t.me/islamtaanuu Башкалар менен бөлүшүп, соопко ортоктош болуңуз.

  • 27 мая1 706181

    Урматтуу мусулман бир туугандар! Сиздерди "ИсламТаануу" каналы Курбан Айт майрамыңыздар менен куттуктайт! Аллах Таала бизден жана сиздерден салих амалдарды кабыл кылсын! t.me/islamtaanuu

  • 25 мая1 515184

    Урматтуу мусулман бир туугандар! Азыр биз жашап жаткан Зуль-Хижжа айынын эң улуу күндөрүнүн бири — Арафат күнү да келип калды. Быйыл Арафат күнү 26-майгага туура келет. Арафат күнү орозо кармоо — сүннөт амал болуп эсептелет. Пайгамбарыбыз соллоллооху алейхи уа саллам мындай деген: "Арафат күнү орозо кармоо мурунку жана кийинки бир жылдык күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот." Муслим 1162 👉 t.me/islamtaanuu Жакшылыкка себепчи болуп башкалар менен бөлүшүп койуңуз!

  • 20 мая1 571186из islamtaanuu

    Мүйүзү сынган же кулагы кесилген мал жарайбы? Эң жакшысы — малдын мүйүзү сынбаган, кулагы кесилбеген толук болгону. Бирок мүйүзү сынган же кулагы кесилген болсо, кулагынын же мүйүзүнүн жарымынан көбү бар болсо — ал мал курмандыкка жарайт. Курмандыкка союла турган малдын эң жакшы түсү кандай? Эң жакшысы — Пайгамбар (соллоллооху алайхи уа саллам) курмандыкка чалган малдын түсүндөй болуу. Ал — кара жана ак аралашкан, бирок басымдуу бөлүгү ак болгон түс. Төөнү же уйду жети адам биригип курмандыкка чалса болобу? Ооба, болот. Пайгамбар (соллоллооху алайхи уа саллам) жана анын сахабалары бир төөгө же бир уйга жети адамды шерик кылышкан. Ар бир шерик өзүнүн курмандыгын чалды деп эсептелет. Эң жакшы курмандык кайсы малдан болот? Башкалар менен шерик болбой өзү чалган курмандык. 1- жалгыз чалынган төө 2- жалгыз чалынган уй 3- кой 4- эчки 5- Жети адам биригип чалган төө 6- Жети адам биригип чалган уй Карызга акча алып курмандык кылса болобу? Ооба, эгер адамда курмандык күндөрү акчасы жок болуп, бирок кийин төлөй ала турган болсо — анда карызга акча алып, курмандык чалса болот. Бирок эгер төлөй албай калуу коркунучу болсо — анда карызга кирип курмандык чалуу туура эмес. Себеби, мүмкүнчүлүгү жок адамга бул милдет эмес. Курмандыкты өз колу менен чалуу шартпы? Жок, курмандыкты өз колу менен чалуу шарт эмес. Бирок мүмкүн болсо, өзү чалганы абзел. Эгер өзү чала албаса, башка бирөөнү өкүл кылып чалдырса да болот. Касапчыга курмандыктын эти же терисин берсе болобу? Касапчыга сойгону үчүн акча менен акы төлөнөт. Ал эми акысынын ордуна курмандыктын эти же териси берилбейт. Себеби, Аллах үчүн арналган малдан эч нерсе сатылбашы керек. Пайгамбарбыз (соллоллооху алайхи уа саллам) мындай кылуудан кайтарган. Бирок, эгер касапчыга жумуш акысынан тышкары эт же терисин белек же садака катары берсе— бул уруксат. Аял адам курмандык чала алабы? Ооба, аял мүмкүнчүлүгү болсо, курмандык чала алат. Эгер күйөөсү жок болсо, же күйөөсү бар болуп бирок курмандык чалбаса, анда аял өзү курмандык чала берет. Бирок эркектер сыяктуу эле, аял да Зул-Хижжа айынын алгачкы он күнүндө курмандык чалууну ниет кылган болсо, курмандык чалмайынча чачын, тырмагын жана терисин алуудан тыйылат. Курмандык чалуунун алдында эмне деп айтылат? Курмандык союунун алдында төмөнкү үч нерсеге көңүл бурулат. Биринчи: Ниет кылуу — бул шарт. Жүрөктөн: « Аллах үчүн курмандыкка чалам » деп тил менен эмес, жүрөктөн ниет кылат. Экинчи: Тили менен «(Бисмиллах» деп айтуусу уажиб. Бул айтылбаса, курмандыгы жараксыз болуп калат. Үчүнчү: Төмөнкү зикирлерди кошуп айтуусу — сүннөт. Бул сөздөрдү айтуусу уажиб эмес, бирок сүннөт болгондуктан айтылганы жакшы. بِسْمِ اللهِ، اللهُ أَكْبَرُ، اللَّهُمَّ هَذَا مِنْكَ وَلَكَ، اللَّهُمَّ هَذَا عَنِّي وَعَنْ أَهْلِ بَيْتِي Бисмиллах, Аллооху акбар, Аллахумма хаза минка уа лака, Аллахумма хаза 'аннии уа 'ан ахли байтии Аллахтын аты менен (муздаймын), Аллах Улук! Оо Аллах, бул мал Сенден келген жана Сен үчүн арналат. Оо Аллах, бул мал менден жана менин үй-бүлөмдөн 🖋Талас Артыкбаев 👉 t.me/islamtaanuu

  • 20 мая1 10473из islamtaanuu

    Курмандык боюнча суроолор жана жооптор Курмандык чалуунун өкүмү кандай? Ханафи мазхабында: Курмандык чалуу — уажиб амал болуп эсептелет. Эгерде адамда мүмкүнчүлүк болуп туруп курмандык чалбаса, күнөөкөр болот. Малики, Шаафи жана Ханбали мазхабтарында: Курмандык — сүннөт муаккада, бекем сүннөт. Бул — Пайгамбарыбыз ﷺ дайыма аткарып жүргөн амал. Кимде мүмкүнчүлүк болуп туруп курмандык чалбаса, күнөөкөр болбойт, бирок чоң сооптон куру калат. Курмандык чалуунун хикматтары эмне? 1. Шүгүр келтирүү — Аллах Таала берген жашоо, ден соолук жана ырыскы үчүн ыраазычылык билдирүү. 2. Ибрахим алейхис-саламдын сүннөтүн жандандыруу — Аллахтын буйругу келгенде, уулу Исмаилди курмандыкка чалууга даяр болгон Ибрахим менен Исмаилдин баш ийүүсүн жана сабырын эскерүү, жана алардай Аллахка моюн сунууну жашообузда колдонуу. 3.Такыбалыкка жетүү — Курмандык чалуудагы негизги максат — эт эмес, Аллахка болгон такыбалыкка жетүү. 4. Кайрымдуулук кылуу — үй-бүлөсүнө кеңчилик кылуу, туугандар менен конокторго урмат-сый көрсөтүү, муктаждарга садака берүү аркылуу Ислам дининин мээримдүүлүккө негизделген дин экенин көрсөтүү Курмандык чалууну ниет кылган адам эмнелерден тыйылат? Курмандык чалууну ниет кылган адам үчүн Зул-хижжа айы киргенден тартып, малын курмандыкка чалганга чейин чачын, тырмагын же денесинен эч нерсе алууга болбойт — аларды алуу же кыскартуу арам болуп саналат. Бул өкүм курмандыкты чалууну ниет кылган жеке эркек же жеке аял болобу — ошого тиешелүү. Мисалы, үй-бүлөдөн эркек курмандык чалууну ниет кылса, анын жубайы, балдары чачын же тырмагын алса — аларга күнөө болбойт. Чачын же тырмагын унутуп алып алса эмне болот? Эгер адам унутуп чачын же тырмагын алып алса — ага күнөө жок. Ал курмандык чала берет. Чачын же тырмагын атайылап алса эмне кылат? Зул-хижжа айы киргенден кийин атайылап чачын же тырмагын алса — ал күнөөкөр болот. Ага тообо кылуу уажиб. Бирок бул анын курмандык чалуусуна тоскоол болбойт — курмандыгын чала берет. Курмандык качан сойулат? Курмандык Зул-хижжанын онунчу күнү, айт намазынан кийин сойулуп баштайт. Айт намазына чейин курмандык чала берсе болобу? Айт намазына чейин курмандык чалууга болбойт. Эгер андай кылса, ал курмандык эмес, жөн гана садака болуп калат. Курмандык чалуу канча күнгө чейин уланат? Курмандык чалуу төрт күнгө чейин созулат. 1. Курман айт күнү (10-Зул-хиджа). 2. 11-Зул-хиджа күнү. 3. 12-Зул-хиджа күнү. 4. 13-Зул-хижжа күнү. Курмандык кайсы малдардан союлат? Курмандык чалууга төмөнкү төрт түрдүү малдар жарактуу: 1. Төө 2. Уй 3. Кой 4. Эчки Бул малдар канча жашка толуусу керек? Курмандыкка арналган малдар төмөнкү жашка жеткен болушу шарт, ал жаштан төмөн болбошу керек. 1. Төө — 5 жаштан жогору 2. Уй — 2 жаштан жогору 3. Кой — 6 айдан жогору 4. Эчки — 1 жаштан жогору Курмандыкка жарабаган малдар кайсылар? 1. Сокур мал Эгер малдын көзү агып же сыртка чыгып калса же аппак болуп сокур экени билинип турса — мындай мал курмандыкка жарабайт. 2. Ачык-айкын оорулуу мал Эгер мал оорудан улам арыктап, алсыз болуп, ден соолугуна доо кетип, эт топтой албаса — мындай мал курмандыкка жарабайт. 3. Аксаган мал Эгер малдын бутунда аксактык болуп, саламат мал менен тең жүрө албай тургандай даражада аксап жатса — бул мал курмандыкка жарабайт. Себеби мындай мал жайытта жүрүүгө, чөп жешке кудуретсиз болуп, натыйжада арык болот. 4. Арык көтөрөм мал Эгер мал ушунчалык арыктап кетип, сөөктөрүндө майы калбай, ал тургай өз алдынча тура албай турган болсо — мындай мал да курмандыкка жарабайт. Бычылган мал курмандыкка жарайбы? Ооба, бычылган мал курмандыкка жарайт. Пайгамбар (соллоллооху алейхи уа саллам) өзү да бычылган эки кочкорду курмандыкка чалган. Аалымдардын басымдуу көпчүлүгү бычылган малды курмандыкка чалууга уруксат экенине макул болушкан. Этин кантип бөлүштүрүү керек? Үчкө бөлгөн мустахаб Бир бөлүгүн — өзү жана үй-бүлөсү жеш үчүн калтырат. Экинчисин — тууган-уруктарга, кошуналарга белек кылат же келген конокторго тамака салат. Үчүнчү бөлүгүн — муктаждарга, кедей-кембагалдарга, жетим-жесирлерге садака катары таратат. 🖋Талас Артыкбаев 👉 t.me/islamtaanuu

  • https://youtu.be/AmXWDHlEiWI?si=gTPwr7sD5WMOQLUI

  • 18 мая1 1101510

    Зул -хижжа айында кылынучу ибадаттар Абдуллох ибн Аббастан риваят: Аллахтын Элчиси (соллоллооху алейхи уа саллам) айтты: "Зул-хижжа айынын алгачкы он күнүндө кылынган жакшы амалдар Аллахка башка күндөрү жасалган амалдардан да сүйүктүүрөөк. Сахабалар айтышты: «Оо, Аллахтын Элчиси, бул Зул-хижжадагы жасалган амалдар Аллах жолундагы жихаддан да жакшыбы?» – дешти. Аллахтын Элчиси: Ооба, Аллах жолундагы жихаддан да жакшы. Бирок бир адам өзүнүн жаны жана малы менен (жихадга) чыгып, Аллах жолунда малынан да, жанынан да ажырап, шахид болсо – мына ошол адамдын сообу гана ушул күндөрү кылынган амалдардан артык болот" деди. Тирмизи 757 Бухари969 Ибн Умардан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылынат: Аллахтын Элчиси (соллоллооху алейхи уа саллам) айтты: "Бул Зул-Хижжа айынын алгачкы он күнүнөн Аллахтын алдында улуу жана жасалган амалдары сүйүктүү болгон башка күндөр жок. Ошондуктан бул күндөрдө “лаа илааха иллаллаах”, “Аллаху акбар”, “алхамдулиллаах” деп, Аллахты көп эскергиле!» Ахмад 5446 Сахих деген аалымдар: Ахмад Шакир Шуъайыб Арнаут Урматтуу мусулман бир туугандар! Зул-Хижжа айынын алгачкы он күнү — жылдын эң берекелүү жана улуу күндөрүнөн. Бул күндөрдө кылынган соолих (жакшы) амалдардын сообу жылдын башка күндөрүндө жасалган амалдардан көбүрөөк жана Аллах Таалага сүйүктүүрөөк. Аалымдар айтышат: Зул-Хижжанын алгачкы он күнү — Рамазан айынын он күнүнөн да артык. Албетте, Рамазан айынын он түнү — бардык түндөрдүн эң улуусу, анткени анда Кадыр түні бар. Бирок бул жерде сөз түндөр эмес, күндөр тууралуу болуп жатат. Ошондуктан бул он күндүн ичинде колубуздан келген бардык жакшы амалдарды көбөйтүүгө аракет кылалы. Биринчи: Такбир айтууну көбөйтүү اللهُ أَكْبَرُ، اللهُ أَكْبَرُ، لَا إِلٰهَ إِلَّا اللهُ، اللهُ أَكْبَرُ، اللهُ أَكْبَرُ، وَلِله الْحَمْدُ Аллаху акбар, Аллаху акбар, лаа илааха иллаллааху, Аллаху акбар, Аллаху акбар, уа лиллахил-хамд. Бул такбирди базарда, үйдө, жолдо — кайсы жерде болбосун айтыла берет. Эркектер үнүн чыгарып, аялдар өздөрү уга тургандай үн менен айтышат. Такбир белгилүү бир санга чектелбейт жана Зул-ХиЗул-Хижжанын он үчүнчү күнүнүн шам намазына чейин уланат. Экинчи: Орозо кармоо Зул-Хижжанын биринчи күнүнөн тогузунчу күнүнө чейин орозо кармоо жакшы. "Ал эми Арафат күнү (тогузунчу күнү) орозо кармоо — мурунку жана кийинки бир жылдык күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот. "Бирок ажылыкка баргандар бул күнү орозо кармашпайт, себеби алар Арафа тоосунда дуба кылып, аруу ибадаттар менен алек болушат." Онунчу күнү" —Курман айт, бул күнү курбандык чалынат, орозо кармоо арам, башкача айтканда тыюу салынган. "Жана башка бардык соолих амалдарды көбөйтүү - Курбандык чалуу - Нафил намаз көбөйтүү - Садака берүү - Куран окуу - Истигфар айтуу - Ата-энеге жакшылык кылуу - Бир туугандарга жакшы мамиле жасоо Аллах Таала ушул берекелүү он күндү биз үчүн сооптуу кылып, жакшы иштерде жарышкан момун кулдарынан кылсын! 👉 t.me/islamtaanuu Башкалар менен бөлүшүп, соопко ортоктош болуңуз.

  • 17 мая1 214153

    Ассаламу алейкум уа рахматуллоохи уа баракатуху! Урматтуу туугандар! Сауд Арабиясынын Жогорку соту бүгүн Зул-хижжа айынын жаңы айы көрүнгөнүн жарыялады. Ошондуктан эртең, 18-май — Зул-хижжа айынын биринчи күнү болот. Ал эми орозо кармалуучу Арафа күнү — 26-май, ал эми Курман айт майрамы — 27-май күнү болот.

  • 16 мая1 175142

    Ассаламу алейкум уа рахматуллоохи уа баракатуху! Урматтуу туугандар! Сауд Арабиясынын Жогорку соту Зул-хижжа айынын киргенин аныктоо үчүн 2026-жылдын 17-майы, жекшемби күнү кечинде айды карашат. Эгер Зул-хижжа айынын жаңы айы көрүнсө, анда 18-май Зул-хижжа айынын биринчи күнү болуп эсептелет. 👉 t.me/islamtaanuu Башкалар менен бөлүшүп, соопко ортоктош болуңуз.

  • 16 мая1 2419из islamtaanuu

    Урматтуу мусулман бир туугандар! Эгер кимдир бирөө Зул-хижжа айында курмандык союуну ниет кылса, Зул-хижжа айы киргенден баштап, курмандык чалынмайынча ал киши чачынан, тырмагынан жана терисинен эч нерсе албашы керек. Бул — Пайгамбарыбыздын (соллоллооху алейхи уа саллам) буйругу. Бирок чачты тараса — боло берет. Чач өзү түшүп калса — күнөө жок. Бул өкүм курмандыкты өзү ниет кылган адамга гана тиешелүү. Ал эми үй-бүлө мүчөлөрүнө тиешелүү эмес, алар ала берсе болот. 👉 t.me/islamtaanuu Башкалар менен бөлүшүп, соопко ортоктош болуңуз.

  • 13 мая1 462104

    📜Сабактын темасы: Сабыр кылуунун даражалары 👉 t.me/islamtaanuu Башкалар менен бөлүшүп, соопко ортоктош болуңуз.

  • 12 мая1 60595

    📜Сабактын темасы: Кырк хадис китебинин он алтынчы хадиси: Ачуулануунун кесепети жана зыяны 👉 t.me/islamtaanuu Башкалар менен бөлүшүп, соопко ортоктош болуңуз.

  • 20 мар.3 8111910

    Шаууаль айында алты күн орозо тутуу Абу Аюуб Аль-Ансорийден (андан Аллах ыраазы болсун) риваят: "Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: "Кимде-ким Рамазан айында орозо кармап, андан кийин шаууаль айында алты күн артынан орозо кармаса - бир жыл орозо кармагандай болот." 📚Муслим 1164 ❓Өкүмү кандай? - Сүннөт. Ким кармаса бир жыл толук орозо кармагандай сооп алат. Ал эми ким таштаса күнөөкөр болбойт. ❓Качан кармоо керек? - Айт майрамынын эртеси, экинчи күнү эле кармап башталат ал эми Айт күнү орозо кармаганга болбойт. ❓Канча күн кармоо керек? - Алты күн орозо кармалат. ❓Бөлүп-бөлүп кармаса болобу? - Ооба. Шаууаль айынын башында, ортосунда, аягында бөлүп-бөлүп кармаса болот. ❓Кандай кармаганы жакшы? - Айттан кийин, Шаууаль айынын башында, бөлбөй жана катарынан кармаган жакшы. ❓Рамазандан карызы барлар кармай берсе болобу? - Рамазан айынан карызы барлар ошол казасын өтөп бермейинче кармаганга болбойт. Себеби хадисте Рамазанды кармап анан артынан алты күн кармаса деп айтылган. Ошол үчүн карызын шаууаль айында өтөп анан алты күнгө жетишсе, кармаса болот. ❓Баштаган адам бүтпөй калса күнөкөр болбойбу? - Жок. Мунун өкүмү - сүннөт. Колдон келишинче жакшы ниет менен кармай берүү керек. Бир себептерден улам толук бүтпөй калсаңыз күнөөкөр болбойсуз. Тескерисинче, эки же үч күн болсо дагы ал үчүн сооп аласыз. ❓Бул алты күндү кармаганда Рамазандагы карызымды да ниет кылып кармасам экөөн тең кутулууга болобу? - Жок, андай болбойт! Моюнуңузда парз орозо турганда сүннөт орозо менен алектенбеңиз, биринчи казаны бүтүрүп анан алты күндү кармаңыз, бешимдин парызы менен сүннөтүн кошуп бирге окуу мүмкүн болбогон сыяктуу эле болбойт, ал эми кээ бир адамдардын кошсо болот деген сөзүнө көңүл бурбаңыз, ал туура эмес. ❓Шаууаль деген эмне? - Шаууаль деген Рамазан айынан кийинки айдын аты. ❓Сообу кандай? - Бир жыл толук орозо кармагандай сооп берилет. 👉 //t.me/islamtaanuu

  • 20 мар.2 555253

    Урматтуу мусулман бир туугандар! Сиздерди "ИсламТаануу" каналы Орозо Айт майрамыңыздар менен куттуктайт! Аллах Таала бизден жана сиздерден салих амалдарды кабыл кылсын! t.me/islamtaanuu

  • 19 мар.2 2123

    без подписи